2017-жылы күзүндө Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде сакталган байыркы аялдын мумиясы Баткен жергесине кайра алынып барып, жерге көмүлгөн соң, кыргызстандык илимпоздор жана музей таануучулар гана эмес, жалпы кыргыз коомчулугу эл аралык чөйрөдө уятка калган. Бул мумияны ошол бойдон унутта калтыруу керекпи? Кантип өлкөдөгү археология жана антропология илим тармактарына колдоо көрсөтүү абзел? Тарыхчынын блогу.
Бакшылардын мумияны кайра көмүүсү жаңы олуттуу көйгөйдү жаратты
Ар бир айтылган жана жазылган ой – атылган окко барабар, деген кылымдар бою сакталып келген накыл кеп бар. Мындан жети жыл илгери (б.а. 2017-жылы) октябрдын ортосунан тартып Кыргызстандагы айдыңдар мумия чатагы жаатында чуру-чуу түшүп калышкан кезең алигиче эсибизде.
Кыргызстандын борборундагы Мамлекеттик тарых музейинин казынасында сакталып келген байыркы мумиянын өлкөнүн Маданият министрлигиндеги комиссиянын таң каларлык жана мыйзамга каршы чечимине ылайык шашылыш түрдө Баткенге жеткирилип, 2017-жылы 14-октябрда космостук тездик менен көмүлүшү – дүйнөлүк жана атамекендик илимге жана тарыхый мураска каршы олуттуу кылмыш окуясы болуп калган.
Сабатсыз талиптер Ооганстандагы Бамиян жергесинде кылымдар бою сакталып келген аска бетинде оюлган Будданын ири айкелин атайын замбиректен аткылап жатып кыйратышкан окуя төбө чачты тик көтөргөн эле. Бул – талиптик Ооганстанда жүзөгө ашкан.
Ал эми көөнө мумияны мыйзамсыз көөмп салуу жосунсуз окуясы түркөй динчилер бийликти басып алган Ооганстанда эмес – айдыңдык (секулярдык) мамлекетте, дин мамлекеттик башкаруудан ажыратылган өлкөдө, өз алдынча Улуттук Илимдер академиясы жана ондогон университеттери, барктуу академиктери жана профессорлору менен мактанган өлкөдө, мамлекет башчысы бир кездери Маскөөдөгү Серго Орджоникидзе атындагы башкаруу институтунда таалим алган жана (өз сөзүнө караганда) алгачкы капиталын китеп сатуу аркылуу топтогон өлкөдө орун алды. Бул өлкө – Кыргыз Республикасы эле.
Калыстык үчүн айталы. Бул окуяны актагандар да болду. Алардын бири – ошол кездеги башкаруучу партиянын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты, бир кездери “Эл сөзү”, “Форум” гезиттеринин баш редактору, "Фабула" гезитинин ээси да болгон, 2010-жылы Маданият министринин милдетин да аткарган Рыскелди Момбеков мырза эле.
2017-жылы 19-октябрда Момбеков мырза Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөп жатып, агынан жарылып: “Мумияны саткыла деп убагында акча дагы сунушташкан”, – деп да чыккан.
Момбеков мырзанын: “Мен дагы маданият министри болгонмун. 60 жыл ичинде бир да окумуштуу иликтебегенин билем. Эми көмгөндөн кийин иликтейт элек дешет. Убагында ага кардарлар чыгып, акча да сунушташкан”, – деген сөздөрү да эсте калды.
Эми жети жыл өтүптүр, ал кездеги бийликтеги саясатчылардын бир даары четинен абакка да жатып чыгышты, жабылуу аяк жабылуу бойдон калбайбы, дегендер да арабызда бар чыгаар.
Орус тамсилчиси Иван Андреевич Крылов 1814-жылы жазган “Ак куу, жаян балык жана чаян” деген тамсилдегидей, “арабадагы жүк ошол эле жерде кала берип жатканын” караңызчы!
(“...Да только воз и ныне там”. – Караңыз: Крылов И.А. Полное собрание сочинений: в 3 томах / Редакция Д.Д.Благого; Подготовка текста и примечания Н.Л.Степанова (басни), Г.А.Гуковского (стихотворения), С.М.Бабинцева (письма). — Москва: Гос. изд-во худож. лит., 1946. — Т. 3. [Басни. Стихотворения. Письма]. — С. 85.)
Бул көйгөй чечилбей калса эле, азыркы бийликтер үчүн ал жокко чыгат дешке эч болбойт. Демек, бул көйгөй чечилбесе, анда ал азыркылардын да бетине чиркөө бойдон кала бермекчи. Ошондуктан ал азыркы тапта дагы ургаалдуу.
Албетте, мумиянын кайра көмдүрүлгөнүнө өзгөчө сүйүнгөндөр да болду. Тээ 2015-жылы (б.а. мумия кайра көмүлөөрдөн 1 жыл мурда) Би-Би-Си Кыргыз кызматынын маалымдашынча, өзүн экстрасенс деп санаган Таалайгүл Норсек кызынын айтымында, Кыргызстанда байкалган ар кандай жамандыктар ушул мумиянын жерге берилбей жатканынан болуп жаткан имиш.
Ал эми Мелис Арып-Бек ысымдуу замандашыбыздын оюнча, “мумиядагы сөөк – Аменхотеп аттуу фараондун жубайы Анфисанын, башкача айтканда Баткен канышасынын мумиясы” имиш. М.Арып-Бек дагы Кыргызстандагы ар кандай жамандыктар ушул мумиянын кайра көмүлбөй жаткандыгынан улам орун алып жатат, деген “санааркоосун” билдирген. (Б.з.ч. XVI–XIV кылымдарда жашаган байыркы египеттик Аменхотеп ысымдуу фараондордун кимиси болсо да б.з. V кылымда Баткенде жашаган “канышага” үйлөнүп, мезгил айырмасын жеңип, “эрдик кылышкан” экен!)
Мамлекеттик тарых музейинин директорунун ошол таптагы орун басары Касым Оморов болсо бул жоромолдорду четке кагып, мумиянын абдан баалуу экспонат экенин Би-Би-Си Кыргыз кызматына чечмелеп айткан эле. (Караңыз: Кыргыз жеринен табылган мумия тууралуу талаштар // Би-Би-Си Кыргыз кызматы. 03.7.2015.)
Тарыхчылардын мумиянын мыйзамсыз кайра көмүлүшү жаатындагы туруму
Албетте, кыргыз тарыхчыларынын жоон тобу күтүүсүздөн чарт этип жарылган чагылгандай болгон бул жагымсыз окуяга жана анын жактоочуларына каршы 2017-жылы 25-октябрда интернеттеги коомдук барактар аркылуу жамааттык ачык каяша кат жарыялашкандыгы да маалым.
Бул орток жооптун айрым түйүндүү өңүттөрүн азыр дагы чечмелеп айта кетүү алгылыктуу.
Оболу ушул даңазалуу мумияны ачкан археолог Юрий Дмитриевич Баруздин (28.10.1926 – 21.06.1963) жөнүндө учкай эскере кетели.
Ал Орусиянын Тверь облусунун чыгышындагы Кесовогорский районуна караштуу Красный Холм жергесинде (башка вариантта: Ново-Введенское кыштагында) 1926-жылы 28-октябрда жарык дүйнөгө келген. (Демек, эки жылдан кийин анын 100 жылдык мааракеси белгиленет).
Ал Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, жаракат алган. Андан соң Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетинде “археология” адистиги боюнча таалим алган. Анын окутуучусу – айтылуу тарыхчы жана археолог, кыргыз таануучу, профессор Александр Натанович Бернштам (1910–1956) болгон. Бул устатты 1950-жылдардын башында “кыргыз улутчулу” катары кинелешкен учурлар да маалым.
1950-жылдары Юрий Баруздин Ош облустук чөлкөм таануу музейинде ага илимий кызматкер болуп иштеп калат да, 1954-жылдан тартып (ал кезде Ош облусуна караштуу) Баткендеги Кара-Булак жергесиндеги байыркы мүрзөлөрдү казуу иштерин баштаган. 900дөй коргондун 136сын казууга жетишкен.
1957-жылдан тартып ал Кыргызстан ИАсынын Тарых институтундагы археология жана этнография бөлүмчөсүндө (секторунда) илимий кызматкер болуп иштеп калган.
Кара-Булак көрүстөнүндөгү ири ачылыштары (анын ичинде 1956-жылы көөнө мумияны табуусу) аны дареметтүү кыргызстандык археолог катары кеңири илим чөйрөсүнө тааныткан.
Ал СССР ИАсынын Ленинград бөлүмүндөгү Археология институтуна аспирантурага тапшырган. Окуусун аяктагандан кийин ал кайрадан өзү үчүн сүйүктүү болуп калган Түштүк Кыргызстанга кайтып келген.
1963-жылы 21-июнда ал бийик тоолуу Памир жергесинде автоунаа кырсыгынын айынан мерт тапкан кезде болгону 36 жашта эле...
Дегиңкиси, мумияны ачкан маркум Юрий Баруздин “орусиялык антрополог” эмес, биздин кыргызстандык археологубуз экенин баса белгилейбиз.
Р.Момбеков, бакшылар, молдо чалыштар жана башкалар дин тарыхы жаатында да калпыс маалыматка ээ экендиги айгинеленди.
Маселен, Баткенде табылган мумия – б.з. V кылымда байырлаган аялдын сөөгү эле. Ал кылымда ислам дининин өзү жарала элек болчу.
Мавераннахрга, анын ичинде Фергананын айрым аймактарына ислам дини VIII кылымда аскер кылычынын күчү менен таңууланган. Теңир-тоолук түрк элдеринин ак сөөктөрү болсо Караханийлер доорунда (X кылымда) гана исламды ыктыярдуу кабыл алышкан.
Демек, V кылымга таандык каапыр аялдын сөөгүн жаназа окуп, кайра көмүүнүн өзү ислам дининин жоболорун билбестикке жатат. Хадиске караганда, Мукамбет пайгамбар өз күйөө баласы Алиге каапыр атасын акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө барып катышууга уруксат кылган, бирок “атаңдын сөөгүнө жаназа окубагын” деп катуу тапшырган.
Айтмакчы, кыргыздардын бир бөлүгү гана 840-жылдагы окуялардан кийин Энесай менен Ички Азиядан Теңир-Тоого жана Фергананын тоолуу чыгыш аймактарына журт которушуп, X–XII кылымдар аралыгында ислам динин кабыл алышкан, бирок Энесай, Кең Алтай жана Түндүк Монголияда калган кыргыздар ислам динин кабыл алышкан эмес.
Кийин дагы КЭРдин тарыхый Манчжурия (азыркы Хэлуңжаң) аймагындагы фу-йү кыргыздары жана Энесай менен Алтайда башка тектеш элдерге жуурулушкан кыргыз уруулары шаманчылык ишенимдерин сактап калышкан. Айрымдары бутпарас (буддизм) динин кабыл алышкан. Маселен, Тарбагатай кыргыздары бутпарас дининин лама тарыкатын жолдошот.
Мындан улам, кыргыздардын бардыгын эле мусулман деп кароо туура эмес.
Баткендин Кара-Булак жергесинен табылган мумия, демек, б.з. VI кылымга чейин байырлаган, дини ислам болбогон, теги байыркы кыргыз болбогон көөнө этноско таандык. Албетте, бул этностун урпактары кийин бардык эле борбордук азиялык улуттарга жуурулушуп кеткени анык.
Демек, Кара-Булак мумиясы – жалпы Борбордук Азия калктарынын этностук тарыхын изилдөө үчүн өзгөчө баалуу болгон орток артефакт, орток мурас болуп саналат. Аны изилдөө жалпы Түркстан чөлкөмүбүздүн этностук-маданий тарыхынын барактарын кылдат калыбына келтирүүгө көмөк берет.
Коңшу өлкөлөр канчалык кыргыз тарыхына да тийешеси бар орток мурастарды сакташса, биз да ошончолук өз аймагыбыздагы орток мурастарды көз карегиндей сактоого милдеттүүбүз.
Ал эми ар кандай артефактты, экспонатты, жазма жана архивдик булакты, алардын ичинде аталган мумияны жок кылуу аркылуу Кыргызстан өзүнүн жергиликтүү, чөлкөмдүк жана эл аралык милдеттенмелерине кыянаттык кылып калаарын аңдообуз зарыл.
Маселен, “исламга чейинки доордун эстелиги турбайбы!” деп эми Саймалы-Таштагы аска бетиндеги сүрөттөрдү, Кыргызстанда табылган теңирчилик (анын ичинде шамандык), заратуштралык, манихейлик, бутпарастык, тарсалык (несториандык), согдулук жана башка исламга чейинки маданий эстеликтерди оогандык талиптердин жосунсуз жолоюна салып ойрон кыла беришибиз керекпи?
Баткен мумиясы кайсы доордогу кишинин сөөгү болгонуна карабастан таберик мурас катары сакталууга тийиш.
Мумияны кайра көмдүрүп салгандардын “сүйүктүү” шылтоосу – “буга чейин эмне үчүн илимпоздор бул мумияга астейдил көңүл бөлүп изилдей алышкан эмес”, деген күлкү келтирчү кинеге байланыштуу.
Эми, азыркы мусулмандык Египетте “мумияларыбызды заманбап деңгээлде изилдөөгө шарт болбой жатат”, деген шылтоо менен андагы мумияларды өрттөп же кайра көөмп салышкан жок да.
Башкача деле салыштырсак, тигил же бул кеселди операция кылыш үчүн заманбап хирургдук бычак (скалпел) жок экен, башыбызды эч оорутпастан бул кеселди жөн эле өлтүрө берсекчи, дегендей эле осол сунуш айтылууда.
Быйыл күздө араң онкологиялык ооруларга так диагноз коюуга жарамдуу заманбап диагностикалык лаборатория ачылды. Анын сыңарындай, Кыргыз Өкмөтү, эл аралык кайрымдуулук уюмдары жана жеке демөөрчүлөр колдоп беришсе, кийинки жылдары деле археологдор, антропологдор, генетиктер, биологдор ж.б. орток самап турган илимий лабораториянын жабдуулары сатып алынышы ажеп эмес.
Мындай заманбап лаборатория жабдуусу өзүбүздө жок шартта эл аралык кызматташтык аркылуу чет өлкөлөрдөгү лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн деле колдонууга мүмкүн. Демек, мумияны алигиче астейдил изилдебегендиктин сыры – мумия иликтөөчү илимпоздордун аздыгына жана айрым сейрек адистиктер боюнча илимпоздордун таптакыр жоктугуна гана байланыштуу болбостон, бийликтердин кайдыгерлигине да барып такалат.
Баса, ошол 2017-жылдын күзүндөгү депутат Р.Момбековдун “мурда эмне үчүн мумия жакшылыктуу изилденген эмес” деген кинесине жооп кылып, тарыхчылар өткөн кылымда Илимдер академиясында жана университеттерде интернет, вай-фай жоктугун, ДНКнын генетикалык изилденишинин жармачтыгын мындай коёлу, ал түгүл бул мекемелерде жарытылуу компүтерлер да болбогонун эскертишти.
Кытайда, Египетте жана башка аймактарда сакталып жеткен эстеликтерди “болочокто технологиялык мүмкүнчүлүктөр өскөндө тереңирээк изилдейли”, деген үмүт менен узак мезгилдер бою сары майдай сактап келишкенин да айта кетели.
Бул технологиялык көйгөйдү чечпестен, тескерисинче, 2017-жылы мумияны бакшыларга тарттырып жиберүү окуясы – түздөн-түз ошондогу бийликтегилердин түркөйлүгүн жана жармачтыгын көрсөткөн кейиштүү окуя болду.
Айтмакчы, Кыргыз Өкмөтү менен Жогорку Кеңештин өзү буга чейин кабыл алынып калган далай мыйзамдарды жана жарлыктарды кыйшаюусуз аткарган чакта (маселен, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамы, 2015-жылы кабыл алынган “Музей жана музей фонду жөнүндө” мыйзам ж.б.), мумия түгүл кыпындай көлөмдөгү зергердик буюм же кайсы бир көркөм сүрөт да эч бир музейдин чегинен сырткары уурдалып кетмек эмес жана эстелик жайларды мыйзамсыз казып жаткан “кара археологдорго” каршы олуттуу бөгөт түзүлмөк.
Көйгөй чечүү жолдору арбын
Биз жогоруда жөн гана каныйлап жазып чектелген жокпуз. Көйгөйдү чечүүнүн айрым илимий жана мыйзамдык аргаларын дагы атай кеттик.
Маселен, мумия сыяктуу сөөктөрдү жана башка артефакттарды өз ара ширелтилген бир нече илимий тармакта биргелешип иликтөөгө мүмкүндүк жаратчу комплекстүү лаборатория түзүү зарылдыгы бар. (Ал лаборатория кылмыштуулукту изилдөө боюнча азыркы айрым иш-аракеттерге жана башка маселелерди чечүүгө деле огожо боло алат).
Бери дегенде башкы музейлерде (анын ичинде Мамлекеттик тарых музейинде) артефакттарды туруктуу сактоонун жана көрүүчүлөргө көрсөтүүнүн жаңы технологиясы орнотулушу керек.
Музейлердеги артефакттын же башка баалуу эстеликтин (маселен, балбалдын же көркөм сүрөттүн) тагдырын жалгыз гана Маданият министрлигинин дөө-шаалары чечип салгандай азыркы кырдаалга жол койбоо үчүн жоопкерчилик механизмдерин мыйзамдарда таасын чагылдыруу керек.
Жаңы мыйзамда ар бир тарыхый эстелик Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы адамзат үчүн да баалуу мурас болоору баса белгиленип, бийлик бутактарынын жана жергиликтүү бийликтердин аны сактоодогу жоопкерчиликтерин күчөтүү зарыл.
Ошондо мамлекеттик бийликтин өзү мумия сыяктуу артефакттардын сакталышынын башкы кепилдигин мойнуна чындап алат.
Айрым замандаштарыбыз “эми бул мумия биротоло бузулуп калды го, кечиктик го” деген шылтоолорду шыпшынып айтышууда.
Менимче, азыркы заманбап өлүкканаларда (моргдордо) сөөктү буздурбай сактоонун ыкмалары узактан бери байсалдуу колдонулуп жатат.
Атайын мамлекеттик комиссия түзүп (ага дарыгерлер, биологдор, генетиктер, археологдор, палеоантропологдор, музейчилер ж.б. адистер кириши керек), Кара-Булактагы бул мумияны кайрадан каздырып алып, атайын лабораториялык кутуда (капсулда) сактоого берүү керек.
Баса, деги ошол көмүлгөн сөөк V кылымга таандыкпы же башка сөөккө алмыштырылып салынганбы? деген кошумча көйгөй да жүрөк өйүтүп келет.
Ошол 2017-жылы мумияны бакшыларга тарттырып жиберген музей башчысы азыр дагы жетекчиликтеги бир кызматта деп уккан элем.
Негизи, Мамлекеттик тарых музейине жетекчиликке иши кылып кайсы бир жумушсуз калган аткаминерди эмес, чыныгы тарыхчы жана музейчи адисти алып келүү керек.
Университеттердин археология адистигин окуткан бөлүмдөрүндө нанотехнология, генетика, антропология, краниология, этнология сабактарын өтүү, артефакттарды так илимдердин көмөгү менен иликтөө боюнча лабораториялар куруу, чет жактан сейрек адистерди чакырып дарстар уюштуруу сыяктуу иш-чаралар да зарыл. Албетте, болочокку археолог эне тилинен тышкары англис ж.б. тилдерди өздөштүргөн полиглот да болушу абзел.
Жалаң гана ДНКнын маалыматтарына таянып алып, өз элин “маймылдардан да байыркыраак” көрсөтүү үчүн бир беткей фолк-хистори жоромолдорун жарыялап жүргөндөр четтен чыгат.
Бир нече илимий тармактын өкүлдөрүнүн орток изилдөөлөрүн күчөтүү абзел. Албетте, эл аралык илимий кызматташтык буга жакшы мүмкүнчүлүк ача алат. Нанотехнологияны, магниттик-резонанстык диагностиканы, радиокөмүртек анализин жана башка заманбап илимий ыкмаларды ийгиликтүү жүзөгө ашырып жаткан чет элдик археологиялык ж.б. борборлор деле Кыргызстандагы илимий борборлор менен шериктеш болуп, алака жүргүзүүгө ынтызар деп ойлойм. Анткени илимдин орток изилдөө бутасы – жалпы адамзат тарыхы жана маданияты.
Баткендин Кара-Булак жергесиндеги мыйзамсыз көмүлгөн жерден кайра алынып келип, убактылуу лабораториялык кутуда сакталчу бул мумияны болочокто Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине (ал тургай жумуриятыбыздагы башка музейлерге, мисалы, Оштогу Сулайман-Тоо музей комплексине же Баткендин өзүнө курулчу заманбап чөлкөм таануу музейине деле) кайтарып берүү маселеси көңүл чордонуна коюлушу абзел. Бул милдет өлкөнүн жаңы өкмөттүк курамы тарабынан кечиктирилбестен каралат жана чечилет, деп ишенебиз.
Бул тарыхый эстеликтин эл аралык жана жергиликтүү мааниси олуттуу болгондуктан, ал таберик эстелик өзү сакталчу музейдин жана өлкөбүздүн жалпы дүйнө коомчулугу үчүн баркын гана көтөрмөк.
Азыркы тапта тарыхчы, археолог жана музейчи адистер зор көлөмдөгү инвестицияга ашыкча умтулуунун айынан айрым тарыхый мурастардан айрылып калуу коркунучу да жаралганына тынчсызданышууда.
Тарых, археология, антропология сыяктуу гуманитардык илим тармактары так илимдерге, технологиялык жетишкендиктерге өзгөчө муктаж болгон жаңы доор мындан ары ого бетер күчөй бермекчи. Муну Кыргызстандагы илимдеги аткаминерлер гана эмес, бийликтин бардык бутактары дагы аңдоого тийиш.
Эми кошумча тема болгон суроого кайрылалы: “Баткен мумиясы кимден өч алып жатат?”
Бул мумияны бакшыларга тарттырып жиберген маалдагы президент, өкмөт башчы жана башка төбөлдөр деле жыргап кетишкен жок. Мурдагы президент А.Атамбаев алиги мумиянын кайра көмүлүп салынышы үчүн өкүнгөнүн калайыкка айтканы эсимде, бирок эгерде ал саал ишаара кылып койсо эле, өзү түптөгөн жарым авторитардык режимдин көшөкөрлөрү көз ирмемде мумияны кайра казып, артка жеткирүүгө даяр болушчу. Каапырдын сөөгүнө жаназа окуган чала сабаттар деле салабаттуу диниятчылардын сынына кабылышкан.
Негизи, азырынча Кара-Булактагы мумия заманбап илим жаатындагы түркөйлүгүбүз, мажүрөөлүгүбүз жана кайдыгерлигибиз үчүн бардыгыбыздан тең өч алып жатат...
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине