Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Бейит эстеликтери да бабалардын элесин жана арбагын эскерүүгө арналган


Махса Амининин бейити. 21.5.2023.
Ирандагы Махса Амининин бейитиндеги сүрөт. 21.5.2023.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдөгү мусулмандарды көрүстөндөрдөгү бейиттерге эстелик койбоого чакырды. Аны жапырт колдоого алган калайык өкүлдөрүнүн ойлорун УТРКнын “Ала-Тоо-24” программасы илгиртпей чагылдырды. Бул оош-кыйыштуу маселе боюнча тарыхчынын жеке блогун сунуштайбыз.

Тарыхка кылчайсак...

Исламга чейинки байыркы доорлордо түрк элдери (анын ичинде кыргыздар) бабаларынын урматына балбалдар тиккен жана башка эскерүү жөрөлгөлөрүн жасашкан, эпостор, дастандар, санжыралык уламыштар аркылуу да эскерип келишкен.

Ата-бабаларды эскерүү жөрөлгөлөрү Карахандар каганатынын доорунан тартып сунний ханафий мусулман түрк элдеринде (анын ичинде теңир-тоолук кыргыздарда) көрүстөндөргө күмбөз куруу менен коштолгон.

Орто кылымдардагы айрым доорлордо эски көрүстөнгө же күмбөзгө ким коюлгандыгы аныкталбай калып, бара-бара тигил же бул күмбөз эпостук каармандарга таандык катары эскерилип калган учурлар деле бар.

Маселен, Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы айтылуу “Кырк чоронун күмбөзү”, чын чынында, Манастын кырк чоросуна эч таандык эмес. Археолог адистер бул күмбөздөр XVII кылымда жана андан кийин куругандыгын белгилешет.

Манастын күмбөзү. 16.5.2021.
Талас өрөөнүндөгү Манастын күмбөзү. Кыргызстан. 16.5.2021.

Талас өрөөнүндөгү айтылуу Манастын күмбөзүнүн кимге таандыктыгы деле талаш-тартыштуу экендиги шексиз.

Чыгыш Теңир-Тоодо орто кылымдардын соңундагы сопу-кожолорго арналган күмбөздөрдү кийинчерээк башка кишиге таандык деп санап калган учурлар кездешет.

Маселен, ойротторго жана цин-манчжуларга каршы күрөшкөн кожолордун биринин Опол кыштагындагы күмбөзүн 1980-жылдары эле Махмуд Кашгари Барсканиге таандык деп бурмалап чыгышкан учур да эсте.

Кандай болсо да, күмбөз тургузуу аркылуу ханафий ата-бабаларыбыз өздөрүнүн кайсы бир аталарынын арбагын сыйлап курушкандыгы шексиз.

Бул жөрөлгө XX кылымда жаңы шартта андан ары өнүктүрүлүп, бейиттерге эстелик тургузуу салты менен коштолду.

Башка жакка барбай туруп, Бишкектеги даңазалуу инсандар түбөлүк жайга берилген “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү эстеликтерди мисалга алалык.

Бул сыяктуу эстеликтерди тургузган урпактарга алкыш айтуудан башка эч сөзүм жок.

Президенттик сунуш

Акыркы он жылдыктарда Кыргызстандагы айрым саясатчылар өздөрү да байкабастан ваххабий жана салафий агымдарынын кыйыр таасирине кабылып, бейитке эстелик орнотуу жөрөлгөлөрүнө каршы чыга башташты.

Ошол агымдын күүсүнө азыркы мамлекет башчыбыз да түшкөндүгү мен үчүн өтө өкүнүчтүү жагдай болду.

Албетте, президент Садыр Жапаровдун маркумду акыркы сапарга узатуу маалында ашыкча ысырапчылыкка жол койбоо чакырыгы өзгөчө орундуу. Бирок бул чакырыкта дагы ар башка өрөөндөрдүн климаттык, географиялык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу керектиги көңүл борборунда турушу керек.

Оболу президент С.Жапаровдун 2024-жылдын 12-июлундагы сөзү камтылган тасманы сунуштай кетелик.

Тасма. Президент С.Жапаров бейиттерге эстелик койбоого чакырды. “Ала-Тоо 24”. 12.7.2024.

Президент С.Жапаров УТРКнын (мурдагы КТРКнын) “Ала-Тоо 24” жаңылыктар программасына берген маегинде өлкөдө түз жер 6% экенин, сөөк коюлган жерлер кийин кайрадан иштетилиши керектигин айткан.

С.Жапаров Ысык-Көлдүн Түп районундагы чоң ата, чоң энесинин сөөгү коюлган жерлерди көрсөтүп, мурун аларга да эстелик койгонун айткан. Бирок атасы 1990-жылдардын аягында ажыга барып келгенден кийин шарият боюнча эстелик коюуга болбой турганын айтып, эстеликтерди алып койгонун кошумчалай кеткен:

“Мен президент башым менен кылбагандан кийин ошол айылдагы кара чай, кара нан жеп отурган үй-бүлө дагы кылбашы керек да!” – деп президент С.Жапаров баса белгилегендигин жогорудагы даректүү тасмадан көрө аласыздар.

Албетте, УТРКнын салты эмеспи, ушул эле 12-июль күнү анын “Ала-Тоо 24” жаңылыктар программасы мамлекет башчынын оюн гана колдогон пикирлердин топтомун дароо шардана кылды.

Тасма. Айрым кыргызстандыктар президент С.Жапаровдун бейитке эстелик койбоо чакырыгын колдошту. “Ала-Тоо 24”. 12.7.2024.

Бул тасмада сүйлөгөн замандаштарыбыз “мамлекет башчынын чакырыгы абдан туура” деп колдоп чыгышты. Ал тасмалардын этегиндеги пикирлердин көпчүлүгү да ошондой колдогон мааниде болду.

Ошол пикирлердин биринде: “Атам откон менин. Жон эле темирге аты ФИО жазып эле кагып койгонбуз. Кээде келип куран окуганда таппай калбоо учун. Негизи жоголуп кетсе деле эчтеке болбойт. Куранды Мексикада туруп деле окусан жетет” деген ой чагылдырылган.

Башка бир замандашыбыз: “Эн туура Садыр Нуркожоевич, эл сиз менен, откон адамга толька дуа отот и динибизде да жок мурзого кладка облицовка ур и сварщик барып иштеши шарт эмес, жонокой кумду уйуп дончо кылып койуу керек”, – деп жазган.

(Бул пикирлердин тексттери кандай жазылган болсо, дээрлик ошол калыбында берилди).

Бул даректүү тасмаларга шилтемелер интернеттеги “Фейсбук” сыяктуу коомдук тармактарга байма-бай жайылтылды.

Жогорудагы “You Tube” ж.б. интернеттик тармактар аркылуу элге жеткен тасмаларга жана алардын этегиндеги пикирлерге шилтеме кылуунун көмөгү менен биз дагы президенттин сунушун колдогон тараптардын оюн чагылдыра алдык деп санайбыз.

Жеке пикирибиз: эстеликтер да керек

Негизги ойлордун бирин кайрадан баса айталык. Албетте, мамлекет башчы туура белгилегендей, сөөк коюу жөрөлгөлөрү маалындагы ыксыз ысырапчылыкка жол коюуга болбойт.

Мал-жандуу же чоң кызматтагы айрым кишилерге атаандашып, көп жылкы союп, ого бетер карызга батып, ал түгүл “итке минип” калган замандаштарыбыз арабызда жок эмес.

Ал эми маркум сөөгү түбөлүккө жашырылган бейитке эстелик орнотобу, күмбөз курдурабы, же мал жөөлөп сындырып кеткиче, ордунда убактылуу тура турган шыргыйды жөн гана сайып коёбу – бул маселени азыркы айдыңдык (секулярдык, орусча “светский”) мамлекетибизде маркумдун жакындары (сөөк ээлери) өздөрү гана чечкени оң.

Демек, өлүк ээси бейитке таш эстелик же төбөсүндөгү айчыгы алтындан болгон күмбөз орнотсо, эч ким ага каршы болбошу керек.

Мусулман өлкөсү болгон Иранда жана Түркияда деле XX кылымдан тартып көп сандаган мүрзөлөргө эстеликтер коюлуп келет.

Албетте, айрым ирандык көрүстөндөрдө эси жок бейбаштар же таптакыр эскиче диний көз караштагы чала сабат кишилер мындай бейит эстеликтериндеги кишинин сүрөтүн атайылап бузуп кеткен варвардык (жапайылык) окуялар дагы орун алып келет.

Кыргызстан Карахандар каганатынын доорунан бери сабырдуу болгон ханафийлик жолдун (мазхабдын) салттуу өлкөсү болуп келет.

Айрым ваххабийер жана салафийлер жана алардын кыйыр жактоочулары каршы болушкандыгына карабастан, маселен, азыркы тапта көптөгөн кыргыздар маркумду узатуу жөрөлгөлөрү катары өкүрүп барууну, кошок кошууну, ошондой эле, сөөктү “жылуу кезинде” дароо көрүстөнгө ала чуркабастан, алыскы өлкөлөргө кеткен мигрант туугандарынын жетип келиши үчүн эки-үч күн күтө туруу салтын алигиче сактап келишет.

Урматтуу президент С.Жапаров айдоо жерлерди көрүстөнгө тарттырып жибербөө тууралуу жакшы ойду айткан экен.

Бирок көптөгөн айдоо жерлер жана бак-дарактуу жер тилкелери (маселен, Бишкектеги Ататүрк паркы жана борбор шаардын түштүк магистралынын тоо тарабындагы токойлуу тилкелер) XXI кылымдын башынан бери көрүстөндөргө эмес, аткаминерлердин хан сарайларына жана тоо желин бууп салган көп кабаттуу элиталык үйлөрдү куруучу компаниялардын кожоюндарына тарттырылып кетти.

Ал эми көрүстөндөрдү бабаларыбыз адатта айдоо жерлерге эмес, адырларга жайгаштырып келишчү. Азыр дагы көптөгөн кыштактарда (маселен, Нарын облусунда) көрүстөндөр суу жетпеген, эгин эгилбеген адырларда жайгашкан.

Куршабдагы Кекилик-Учар дөбөсү 25.7.2023.
Сталиндик доордогу репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жашыруун көмүлгөн деп жоромол кылынган Кекилик-Учар дөбөсү. Куршаб жергеси, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргызстан. Видео тасмадан үзүндү. “МедиаХаб”. 25.7.2023.

Дегиңкиси, көрүстөндөрдү жакшылап бапестен кароо жагын мусулмандар башка диндеги замандаштардан үйрөнүшүбүз керек. Ала-Тоодо айрым көрүстөндөр жакшы каралган, отоо чөпкө басырылган эмес. Алар жыйнактуу, таза келип, гүлдөр өсүп турат.

Бейитти кыйратып, дың жер өздөштүрөбүз деп жатып, 1950–60-жылдары Кыргызстанда өзгөчө баалуу тарыхый жайлардын урандыларын, шаар чалдыбарларын ойрон кылып алганбыз.

Сулайман-Тоонун бетинде турган Бабурдун үжүрөсүн да ошол эле доордо бузуп салышкан.

Ошол эле доордо Чүйдөгү бир катар шаар чалдыбарларынын айланасын, Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылында карахандык Кочкор-Башы шаар чалдыбарынын кыйла бөлүгүн ж.б. айдоо жерге жана мал жайылчу жайга айлантышкан.

Андан бери 70 жылдан саал азыраак эле мезгил өттү.

Эми болсо ваххабийлик жана салафийлик таризге өтүп, көрүстөндөрдөгү эстеликтерге чабуул коё баштаганыбыз өтө өкүнүчтүү.

Ваххабийдер бийлеп жаткан Сауд Арабстан өлкөсүндө XX кылымдын этегинен тартып көөнө эстеликтер (анын ичинде Мукамбет пайгамбардан кийинки халифтердин доорунан бери сакталып келе жаткан көөнө имараттар, Осмон султандыгы дооруна таандык тарыхый таберик чептер ж.б.) ырайымсыздык менен буздурулду.

Бутпарастык айкелдин орду. Бамиян, Оогастан. 30.8.2023.
Бамиянда 2001-жылы март айында талиптер тарабынан ойрон кылынган бутпарастык айкелдин орду. Оогастан. 30.8.2023.

Ооганстандагы талиптер болсо дүйнөлүк цивилизациянын айырмалуу эстеликтеринен болгон Бамияндагы бутпарастык айкелди замбирек менен аткылап, жардыргыч зат колдонуп талкалашкандан бери дээрлик чейрек кылымдай эле болду.

Мурдагы президент А.Атамбаевдин тушунда чала сабат динчилер Бишкектеги мамлекеттик тарых музейиндеги өтө баалуу мумияны (исламга чейинки доордон калган аялдын сөөгүн) жаназа окуп туруп, Баткендеги бир жерге көмүүгө жетишти.

Ислам тарыхын билгендердин төбө чачы тик турду. Мукамбет пайгамбар өзү күйөө баласы (кийин халиф болгон) Алиге каапыр атасын (Абуталипти) акыркы сапарга узатууга катышуу үчүн уруксат берген, бирок “ал каапыр атаңдын жаназасын окубагын”, деп эскерткен эмеспи. Бизде болсо исламга чейинки доордогу аялдын сөөгүнө жаназа окушту!

“Ата Бейит” эскерүү жайы. 08.11.2017.
"Сталиндик репрессиянын күнөөсүз курмандыктары элдин эсинде" деген эл аралык илимий жыйын өткөн соң, анын катышуучулары “Ата Бейит” эскерүү жайына зыярат кылышты. 08.11.2017.

“Ата-Бейиттеги” бабаларга жана азыркы каармандарга карата сый-урматтын түрүн карапайым жарандарыбыз өз жакындарына да көрсөтүүсүнө эгерим каршы болбойлу. Алар бейитке эстелик тургузуу үчүн өкмөттүк бүжөттөн кокон тыйын да алышпайт.

Айтор, салафийлик эскичил жолго байкабастан түшүп албайлы, урматтуу ханафий туугандар! Эстеликтер жана күмбөздөр дагы – бабаларыбыздын арбактарын эскерүүнүн адамзаттык заманбап аргаларынын бири.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG