Мумияланган муз кишинин эмне тамак жегени аныкталды
Окумуштуулар микроскопия ыкмасы менен Эци деп аталган мумиянын организминен уулуу папоротниктин, жапайы малдын жаңы союлган же кургатылган этинин, дан өсүмдүктөрүнүн калдыктарын табышкан.
”Бийик жана суук чөйрө кишинин физиологиясы үчүн өзгөчө катаал болгондуктан, тез эле ачка болуп калбаш үчүн жана күч-кубатын (энергияны) жоготпош үчүн азык болчу заттар менен оптималдуу камсыздоону талап кылат. Муз киши, сыягы, малдын майы энергиянын мыкты булагы экенин жакшы түшүнгөн,” - дейт италиялык окумуштуу Алберт Цинк (Albert Zink, Eurac Research Institute for Mummy Studies in Bolzano).
Муздагы мумиянын курсагындагы калган тамак-аштын калдыктарынын анализи көрсөткөнгө караганда, анын рационунун 46-50% малдын майы түзгөн. (Бул бүгүнкү кишилердин орточо диетасындагыдан дээрлик 6-10% көп). Эци акыркы жолу ошондой эле эчки менен бугунун этин, жапайы буудай жеген, бирок да ашказанында уулуу заттан калган так да калган деп эсептейт доктор Фрэнк Майкснер (Dr Frank Maixner).
Илимпоздордун жазганы боюнча, Эци акыркы жолу өлөрүнөн 30 мүнөттөн 2 саатка чейин убакыт мурда тамак жеген. Окумуштуулар ал 45-46 жаш курагында эки күндүк айкаштын натыйжасында курман болгон, бою 159 см болчу деп бүтүм чыгарышкан.
Халколит дооруна таандык кишинин муздагы мумиясын 1991-жылы Альпы тоолорунан немис туристтер тапкан жана ал дүйнөдөгү эң байыркы мумиялардын бири болуп эсептелет. 5300 жылдык мумия Эцтал өрөөнүнөн табылгандыктан аны Эци деп атап коюшкан.
Эцинин ашказанында уулуу заттын бөлүкчөлөрү болгондуктан "балким ичеги-карын трактында дарты болушу мүмкүн жана дарыланыш үчүн папоротниктин жалбырагын жеп алгандыр" деп боолгонот.
Д-р Майкснер жана анын кесиптештери оболу Эцинин ашказанын табышкан эмес. 2009-жылы мумия кайрадан сканерлөө жолу менен изилденгенде анын ашказаны табылып, илимпоздор ошондон кийин ашказандагы заттарды талдоо аракетин баштаган.
Муздагы мумия кишинин ашказананын ар тараптуу изилдөө Жез доорундагы адамдардын тамактануу адаттарын, тамак-ашынын курамын жана тамак-ашты даярдоо (камдоо) ыкмаларын билгенге жол ачат.
Эцинин мумияланган денеси ушу чакта Түштүк Тирол археологиялык музейинде (Италия) өзгөчө дизайн менен атайын жасалган сактагычта сакталууда. Сактагычтагы температура такай -6°C.
Мумия кишини музейге келгендер айнек дарчадан көрө алышат. Голландиялык сүрөтчүлөр Альфон жана Адри Кеннис (Alfons & Adrie Kennis) Эцинин скелетин жана соттук-медициналык технологияны пайдаланып, анын үч өлчөмдөгү келбетин жасашкан.
(Булагы: https://www.cell.com, https://www.sciencedaily.com)
Юпитердин жандоочторуна дагы 12си кошулду
Астрономдор газ формасындагы Юпитердин 12 жандоочу бар экенин аныкташкан. Алардын он бирин окумуштуулар кадимки сырткы жандоочко окшош деп табышты. Ал эми Валетудо (Valetudo) деп аталган бирөөсү кадиктүү экенин жана коңшулары менен миллиард жылдын арасында кагылышуусу ыктымал экенин эскертишкен. Себеби, 11 жандооч бир багытта айланса, Валетудо жандоочу тескери жакка тегеренет.
“Ал автобанда жолдун туура эмес жагы менен жүрөт”, - деп түшүндүрдү илимий ачылыштын жетекчиси, Вашингтондогу Карнеги илим институтунун окумуштуусу Скотт Шеппард (Scott Sheppard of the Carnegie Institution for Science). Илимий топ береги жандоочторду 2017-жылы Чилидеги 4 метрлик Виктор Бланко телескобу менен Нептундун орбитасынан сырт жакта болушу ыктымал Тогузунчу планетага байкоо жүргүзүп жатып таап алышкан. Анткени Юпитер ааламдын дал астрономдор издеп жаткан бөлүгүнөн көрүнгөн. Окумуштуулар Юпитерди айланган сыяктуу эле ылдамдыкта Күндү да 12 объект тегеренип жүргөнүн аныкташкан.
Кийинки байкоо эки ички жандооч Юпитердин жандоочтору тейде бир багытта айланганын, ал эми тогуз сырткы жандооч планетанын огунан тескери багытта айланганын жана бир жандооч кадиктүү экенин тастыктаган. Бул жандоочторго Юпитерди толук айланып чыкканга эки жылга жакын убакыт кетет.
Астрономдор акыркы кадиктүү жандоочту эсепке албаганда юниан жандоочтору үчүн алардын берегидей кыймылы нормалдуу экенин айтышат. Азыр юниан жандоочторунун саны 79.
Газдан жана чаңдан жаралган ички жандоочтор Юпитердин орбитасында жашоосун эми гана баштоодо, ал эми Күндүн тегерегиндеги планеталар да ушинтип калыптанган, деп боолгошот илимпоздор.
Тышкы жандоочтор, астрономдордун айтымында, эркин учуп жүргөн космостук нерселер болушу ыктымал жана алар Юпитерге өтө жакын келгенде анын орбитасынан чыга албай калган болушу мүмкүн.
Байыркы римдиктердин ден соолук жана гигиена кудайы Валетудонун ысымы менен аталган жандоочтун чоңдугу «тырмактай» эле: туурасы 1 чакырымдай болот. Скотт Шеппарддын баамында Валетудо бир нече жандооч менен кагышкандай быркырып сынган чоң объектинин акыркы калдыгы болушу ыктымал. Ал коллегалары менен Юпитердин жанында диаметри бир чакырымга жетпеген 100дөй жандоочу бар деп ойлошот.
“Юпитердин орбитасында абал туруктуу эмес. Алар бир бирине бетме-бет келсе, жарылып чаңга айланып кетет”, -деп кошумчалады Шеппард. (Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.nationalgeographic.com)
Аттын бышкырганы - жакшы маанайынын жышаанасы
Жылкы жаныбардын ыңгайы келип турганда көп бышкырганы жашоосуна канааттанганын же жыргал турмушта жашаганын билдирет. Муну француз изилдөөчүсү Матилда Стомптун (Mathilde Stomp, Université de Rennes) жана анын кызматташтарынын изилдөөсү көрсөттү.
Айбанаттардын оң эмоциясын баалай билүү алардын жашоо жагдайын жакшыртыш үчүн абдан маанилүү. Бирок буга чейин эмоцияны билдирген ишенимдүү көрсөткүчтү табуу кыйын болуп жаткан. Себеби психологиялык маркерлер көпчүлүк учурда карама-каршылыктуу натыйжа берсе, аттын жүрүм-турумуна карап бир өңчөй жыйынтык чыгаруу кыйын. Деген менен кээ бир изилдөөлөрдө жылкы жакшы жагдайды бышкырары тастыкталган.
Матилда Стомп жана шериктери чабандестер мектебинин атканада жеке-жеке багылган аттары менен жайытта жүргөн бир үйүр жылкы болуп, 48 аттын кандай шартта бышкырганын изилдешкен. Аттардын бышкыруусу көбүн эсе жакшы жагдайга жана ички абалына байланыштуу экенин алардын кулагын тикчийтип алганы да көрсөтөт. Алсак, чабандестер мектебинин аттары жайытта жайылып жүргөндө атканада тургандагыдан эки эсе көп бышкырган. Андан тышкары табиятта жашаган жылкылар чабандестер мектебинин жылкыларына салыштырганда алда канча көп бышкырган. Изилдөөнүн жыйынтыгы: бышкыруу жылкынын оң эмоциясын жышааналаган ишенимдүү көрсөткүч экенин ырастады.
“Бышкырык үн чыгарганда пайда болгон добуш эмес, аны аттын таноолору аркылуу өткөн аба жаратат. Ал жайытта оттоп жатканда жана аттын кулагы алдыга тикчийип тургандагы позитивдүү абалы менен байланышкан. Бирок, начар шартта аттар аз бышкырат. Бул изилдөөнүн натыйжасы-бышкыруу аттардын абалын аныктоого көмөктөшчү позитивдүү көрсөткүч катары кызмат кылчу абдан баалуу каражат экенин тастыктады,” - дейт д-р Стомп.
(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://neurosciencenews.com)
Кытайлардын лазердик мылтык жарагы
Кытайдын Оптика жана жогорку тактыктагы механика институтунда иштелип чыккан ZKZM-500 моделиндеги бул мылтык дээрлик 1 чакырым алыстагы бутаны жок кылат. Анын нуру тийген кишинин тери бөлүгү жана ткандары “көз ачып жумганча күйүп күлгө” айланат, ал эми киши денеси күйгөнүн сезбей да калат, дешет кытайлык илимпоздор.
"South China Morning Post" (Гонконг) гезитинин лазердик курал боюнча адиске шилтеп маалымдаганы боюнча, “ZKZM-500 мылтык жарагы “кийимди бир нече секундда күйгүзүп жиберген... Эгер кездеме от алса, киши өрттөнүп кетет”.
Лазердик мылтык жарактын салмагы 3 кг же орустардын АК-47 автоматындай эле. Ал литий батареядан дүрмөттөлүп, бир дүрмөтү 1000 жолу атканга жетет. Бир жолку лазер нурун атканга 2 секундадан ашпаган убакыт жумшайт.
Кытай окумуштууларынын сөзүнө караганда, жаңы жарактын лазердик нуру абада көрүнбөгөндүктөн жана үн чыгарбагандыктан, чабуулдун кайдан коюлганы билинбейт. Жарадар болгон киши бир саамга акыл-эсин жоготуп коёт. Автокөлүктүн бензин челегине же аэродромдун май сакталган цистернасына тийсе, өрт чыгып кетет. Ал эми күйбөс тончон аскер тирүүлөй шишкебекке айланып калат.
Мындай мылтык жаракты ар кандай аскердик көлүккө, кайыкка жана учактын түрлөрүнө орнотсо болот.
Учурда лазер “өлтүрбөчү же өлүмгө алып келбечү” деп классификцияланат. Бирок 800 метр диапозондо бутага таамай тийгени - эң чоң артыкчылыгы деп сыпатталууда. Жаңы жарактын өлчөмү чакан болгондуктан азыр эле ал массалык өндүрүшкө койгонго даяр экени; ар бир лазердик каруу-шайман 100 миң юань же 15 миң доллар чамасында турары айтылат.
БУУнун 1998-жылы 105 мамлекет тарабынан кол коюлган протоколу кишини сокур кылып салчу ZKZM-500 мылтыгы өңдүү каруу-шаймандарды жасаганга тыюу салат.
(Булагы: https://www.scmp.com, https://www.news.com.au)