Рим папасы Франциск 21-апрелде 88 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ватикандын расмий өкүлү, кардинал Кевин Фаррелл жарыялады.
“Бүгүн эртең менен, саат 7:35те Римдин епискобу Франциск дүйнөдөн өттү. Анын бүтүндөй өмүрү кудайга жана чиркөөгө кызмат кылууга арналган”, — деди Фаррелл.
Аргентиналык Хорхе Марио Бергольо 2013-жылдын 13-мартында Рим папасы болуп шайланган. Бул чечим күтүүсүз болгон, анткени жакырларга камкордугу менен таанылган дин кызматкерге көбү ишеним арткан эмес.
Ал Рим католик чиркөөсүнүн башкарган биринчи латын америкалык болуп калды.
Понтифик февраль айынын ортосунда Жемелли клиникасына дем алуу органдарынын жугуштуу инфекциясына чалдыккандан кийин түшкөн. Айрым маалыматтарда ал кайсы бир убакка чейин өлүм алдында жаткан. Дээрлик бир айдан кийин саламаттыгы жакшырып, ооруканадан чыккан.
Апрель айынын башында биринчи жолу эл алдына чыгып, кайрылуу жасаган.
Шерине