Мугалимдерди ноутбук менен камсыз кылуудагы чыккан чырдын чоо-жайы кандай?
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, анын социалдык блок боюнча орун басары Эдил Байсалов жана билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыялады. Сөгүштү мындан тышкары билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева, Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары Жипариса Рысбекова жана ошол башкармалыктын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбеков да алышты.
25-ноябрь күнү президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматта аларга административдик жаза “жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбай, орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алгандыгы үчүн” чегерилгени белгиленген.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мугалимдерге ноутбук сатып алуу маселеси боюнча депутаттык иликтөө жүргүзүү талабын койду. Депутат бул тууралуу парламенттин 28-ноябрдагы отурумунда айтып, ноутбук сатып алуу боюнча документтер колуна тийгенин билдирди.
"Министрлер кабинетинин жарлыгы өзү туура эмес жазылган, ноутбуктар качан алынышы да көрсөтүлбөгөн. Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин жана башка бир катар министрликтердин каршылыгына карабай, бир топ алешемдиктер кетиптир. Бул акыр түбү баягы "аттиш операциясына" барып калмак экен. Президент өз учурунда туура, алдын алуучу жаза колдонду. Муну акыр аягына чыгарып, иликтеп коюшубуз керек. Коррупциялык схема түзүү менен алуу аракети болуп калганбы? Муну депутаттар дыкат карайлы", - деди Талиева.
Жогорудагы сөгүш президенттин өкмөт башчы баштаган аткаминерлерге берген алгачкы административдик жазасы. Өкмөт башчысы баш болгон жетекчилерди жазага тарткан жагдай кандай жаралды деген суроо кызыгуу туудурууда. Анткени президенттин сайтында “сапатсыз ноутбуктарды сатып алуудагы милдеттерди аткарбаган” деген түшүндүрмө берилди. Бирок мектеп мугалимдери үчүн ноутбук сатып алынганбы, алардын сапатында маселе жаралганбы же компьютерлерди сатып алуу кечиктирилгенби деген суроо турат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин чечими тууралуу “Кактус Медиа” басылмасына комментарий берип, коюлган талаптар дагы да жогорулаганына карабай, алар аткарыларын билдирген:
“Биз жетекчиликтин чечимин талкуулабайбыз. Бул салынган тартиптик чараны үнсүз-сөзсүз эле кабыл алабыз. Албетте, катаал жыйынтыктарды жасайбыз. Бул биз үчүн чоң сабак болду. Мугалимдерди ноутбук менен 100% камсыздоо анын чечими болчу. Биз болгону так илимдер мугалимдерин камсыздоону сунуштаганбыз. Ал жөн гана орточо деңгээлдеги жазуу машинкасы болбой, дагы да мыкты, эң кубаттуу компьютер болушун талап кылууда. Мугалимдер жакынкы айларда камсыздалат. Мөөнөтү дагы бир аз жылышы мүмкүн. Анткени президент планканы дагы бийик көтөрүп койбодубу”.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева учурда чет өлкөдө жүргөнүн айтып, ноутбук сатып алуу иштери тууралуу учкай гана жооп бергенге үлгүрдү:
“Сатып ала элекпиз. Ал деген сатып алынбайт, бул жерде чыгарылат. Мен эл аралык сапарда жүрөм, азыр байланыша албайм, учакка отуруп атам. Азыр Хорватиядамын”.
Президенттин тапшырмасы жана “Кыргызиндустриянын” даярдыгы
Министр 1-июлда президенттин билим берүүнү санариптештирүү боюнча кеңешмесине катышып жатып, жабдыктарды жеткиликтүү баада сатып алууну уюштуруу үчүн атайын Кытайга чейин барып келгенин, биринчи этабында 25 миңдей мугалимди ноутбук менен камсыздай турганын билдирген:
“Ноутбуктарды алыш үчүн мен өзүм баш болуп дүйнөлүк бренддерди чыгарган Кытайдагы алдыңкы өндүрүштү бүтүндөй информатик мугалимдери, адистер менен барып, жеринде көрдүк. Алардын бааларын жана конфигурация мүмкүнчүлүктөрүн аныктап келдик. Биз мына бул принциптерди тандадык: жеткиликтүү, сапаты абдан жакшы, баасы төмөн, тейлөө туруктуу болуш керек. Учурда республикалык бюджеттин эсебинен дээрлик 678,4 млн сом бөлүндү. Башкача айтканда, 24431 СТЕМ-мугалимдерине биз толугу менен ички өзөктүү өнүктүрүү маалыматтары менен камсыз кылабыз”.
Кендирбаеванын айтымында, сатып алуунун экинчи этабында Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы программаларынын алкагында 2025-жылы 60 миң ноутбук сатып алынат.
Ошол жыйындан кийин президенттик администрациянын маалымат кызматы “Кыргызиндустрия” акционердик коому менен жабдыктарды чогултуу келишими түзүлгөнүн жарыялаган.
5-июлда “Кыргызиндустрия” компаниясынын алдындагы “Кыргызэлектроника” ишканасы 80 миң ноутбукту чогултууга керектүү комплекттик тетиктерди сатып алууга сынак жарыялаган.
Ишкананын маалыматына ылайык, “Мекен” деп аталган ноутбуктар Тайвандагы жана Кытайдагы үч компаниядан импорттолгон тетиктердин негизинде куралат. “Кыргызиндустриянын” жетекчиси Жарасул Абдураимов министрлик сатып алына турган ноутбуктардын техникалык сыпаттамаларын берип, алдын ала даярдык иштери жүрүп жатканын билдирген.
Кытайдан кийин чукул өзгөргөн пландар
Арийне, министр Кендирбаева президенттин жыйынында Кытайга барып келгенден кийинки өзгөрүп жаткан пландары тууралуу толук айта албай калгандай.
Министрликтин кызматкерлери ноутбук темасында расмий маалымат берүүдөн баш тартышты.
Бирок мекеменин өкүлдөрүнүн билдирген бейрасмий маалыматына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева менен Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттин өкүлдөрү Кытайга барып келгенден кийин, ноутбуктарды ошол окуу жайдын "Технопаркынын" базасында чыгарууну макулдашышкан. План боюнча ноутбукка керектүү комплект тетиктер Кытайдан алынып келип, университеттин студенттеринин күчү менен чогултулмак.
Бул маалыматты “Кыргызэлектрониканын” өкүлдөрү да "24.kg" маалымат агенттигине ырастаган. Алардын айтымында, мугалимдер үчүн ноутбуктарды даярдоо иши Министрлер кабинетинин 2024-жыл, 28-октябрдагы №679-р тескемеси менен Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы “Технопаркка” тапшырылган. Бирок Министрлер кабинетинин расмий сайтында мындай номурлуу тескеме кездешпейт.
Министрликтин өкүлдөрү “сапатсыз ноутбук” деген сөздүн университетте жасалып жаткан ноутбуктарга тиешеси жок экендигине ишендирип жатышат. Бирок сөгүштүк жагдайды кайсы ноутбуктар жаратканын такташкан жок.
Буга чейинки маалыматтарга караганда, Билим берүү жана илим министрлиги 9-октябрда ноутбуктардын баасына мониторинг жүргүзүү үчүн коммерциялык сунуштамаларды кабыл алууну жарыялаган. Ал маалыматта 80 миң ноутбук сатып алуу планы бар экени жана жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү жазылган.
Сунуштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 14-октябрда аяктаган. Министрликтин сайтына андан кийинки чечимдер жана өндүрүүчү компания менен түзүлгөн келишимдер тууралуу маалымат чыккан эмес.
Ал эми “Технопарктын” жетекчиси Касымбек Келебаев "24.kg" маалымат агенттигине берген жообунда ишкана университеттер жана Билим берүү министрлигинин буйрутмасы менен иштей турганын, ноутбук чогултууну ушул жылы эле баштап, Техникалык университетке беришкенин айтып берген.
“Биз “Технопарктын” базасында чогултуу цехин ачтык, толук техникалык базанын бар экендиги тууралуу керектүү документтерди алдык. Азыр тетиктерди сатып алуу жана чогултуу процесси жүрүп жатат. Биз аларды келишим боюнча 2025-жылдын 1-февралына чейин тапшырабыз. Азырынча Билим берүү министрлигине эч нерсе бере элекпиз”, - деп айткан ал.
Келебаев мектептер үчүн 600 млн сомдон ашуун суммага 27 миң ноутбукту чогултуу келишими 31-октбярда түзүлгөнүн, жабдыктын ар бир даанасынын баасы 25 миң сомдой болорун кошумчалаган. Ошондой эле керектүү комплекттик тетиктерди Кытайдагы өнөктөштөрүнөн сатып алышарын, батарейкасы 50 күндүк алдын ала буйрутма менен даярдалгандыктан, ошолорду күтүп жатышканын айткан.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин алдында 2018-жылы түзүлгөн “Технопарк” мекемеси 2024-жылы 10-октябрда кайра каттоодон өткөн. Мурунку жылдарда активдүү ишмердик жүргүзгөн эмес. "Ачык бюджет" порталындагы маалыматка таянсак, үчүнчү өлкөдөн товар импорттогону үчүн быйыл 7-октябрда 275 миң жана 28-октябрда 20 миң сом бажы алымын төлөгөн.
Аталган университет акыркы жылдары кытай менен кызматташтыгын күчөтүүдө.
“Эмне үчүн өкмөт өзү түзгөн ишканадан өзү сатып албайт?”
“Кыргызэлектроника” ишканасы курап чыгарган жабдыктарды Билим берүү жана илим министрлиги сатып алууга ашыкпай жатканы жөнүндө сөз 12-сентябрда Жогорку Кеңеште да козголгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова сентябрь айында президенттин мугалимдерди ата мекендик ноутбуктар менен камсыздоо тапшырмасы аткарылбай жатканын айтып чыккан:
“Ал жерде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тарабынан ачык тоскоолдуктар болуп жатат. Ал тетиктерди “Медичи” деп аталган ортомчу компаниядан гана сатып алуу талабын коюп жатат. Бул жерде бизде суроо жаралат. Эмне үчүн ноутбуктар ата мекендик өндүрүшчүдөн сатып алынбай жатат? Эмне үчүн президенттин тапшырмасын элес албай жатышат? Кайсы негизде бизге белгисиз башка компаниялар алдыга сүрөлүп жатат? Мен түшүнө албай жатам, эгерде бүгүнкү күнү өлкө башчынын мектеп мугалимдерин улуттук өндүрүштөгү ноутбуктар менен камсыздоо боюнча тапшырмасын аткаруу үзгүлтүккө учураса, андан ары эмне болот?”
Буга чейин мектеп мугалимдери ноутбуктар менен 1-сентябрга карата камсыздалары жарыяланган. Кийин ал мөөнөттү экинчи чейректин башталышына жылдырышкан. Расмий маалымдалгандай, жабдыктар азыркы учурга карай дагы деле даяр боло элек.
Министр Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматы боюнча, мугалимдерге таратылуучу ноутбуктар Кыргызстандагы санариптик билим берүү ресурстары, электрондук китептер, 3D-слайддар, видео-сабактар, Cavendish системасы боюнча Сингапурда чыгарылган 32 китептин электрондук версиясы менен жабдылат. Мындан тышкары, окуучулардын билимин текшерген тесттер, 2500 PISA тектүү тапшырмалар төрт тилде жайгаштырылат.
Шерине