Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Садыр Жапаров Акылбек Жапаров баштаган бир катар жетекчилерге сөгүш берди


Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. Архив.
Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Президенттин администрациясынын кызматкерлерине сөгүш жарыялады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берилди. Буга мугалимдерге сапатсыз ноутбуктар берилгени негиз болгон.

Андан тышкары Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага, эксперт Медербек Өмүрбековго да сөгүш жарыяланды.

Садыр Жапаров июль айында Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берген.

Догдуркүл Кендирбаева биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбук менен камсыздаларын билдирген.

Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%, кийинки окуу жылы 100% ноутбук менен камсыздалары айтылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG