Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

Жетим-Тоо менен Кызыл-Омполду ким иштетет?


Жетим-Тоо.
Жетим-Тоо.

Кыргыз өкмөтү Жетим-Тоо, Кызыл-Омпол баштаган ири кендер иштетилерин жана каржы булактары аныкталганын жарыялады. Ал кендер качан жана кандай тартипте иштетилет?

Жакынкы мезгилдерде Кызыл-Омпол, Куттуу-Сай II, Үңкүр-Таш, Тоголок, Жетим-Тоо, Талды-Булак кендерин казуу иштери башталат. Мындан тышкары Ак-Түз, Боорду, Кашка, Делбек-Түтөк сейрек кездешүүчү кендери чалгындалып жатат.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештеги отчеттук баяндамасында кендерди иштетүү боюнча инвестициялык булактар аныкталып бүтүп калганын билдирди:

“Эмдиги жылдары Ак-Түз, Боорду, Кашка, Делбек-Түтөк кендеринде сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындап, запаска коёбуз. Кызыл-Омпол, Кутессай-2, Үңкүр-Таш, Тоголок, Жетим, Талды-Булак сыяктуу кендерди да иштетүүгө чоң ишеним жана финансылык булактар аныкталып жатат. Бул ири долбоорлор иштей башташы менен 100 миңден ашык туруктуу жумуш оруну түзүлөт. Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетиттен тышкары фосфор, цирконий, торий жана уран бар. Уран болгону 0,0015% түзөт. Титаномагнетиттин 13-14 млн тонналык запасы бар деп атат. Титаномагнетит өзү абдан катуу, бирок темирден жеңил. Мисалы, ошол эле Айфон 15тин корпустары титаномагнетиттен жасалып атат. Титаномагнетит ири көлөмдө Кытай менен Орусияда эле чыгат экен. Эки өлкө менен тең сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул медицинада, аэрокосмостук өндүрүшкө колдонулат экен. Биз да өндүрсөк, дүйнө жүзүнө экспорттой алабыз. Келечекте титан губкасын чыгарсак, анын тоннасы эле 8000 доллардан кем болбойт экен. Эсептик анализдин негизинде көп минералдуу жана металлдуу комплекстүү Кызыл-Омпол кенинин потенциалы 80 млрд доллардан кем эмес болуп турат”.

Аталган кендерди иштетүүдө каржы булагы кайдан келери жана канча көлөмдө тартылары так айтылган жок. Кандайдыр бир инвестициялык келишимдер тууралуу маалыматтар да жарыялана элек.

Жапаров “Кыргызгеология” ишканасы Жетим темир кенин чалгындап жатканын, алдыда Кыргызстан өзүн темир менен камсыздоого жетишерин кошумчалады. Айтымында, тоо-кендерди өздөштүрүүдө өлкөнүн экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары корголуп жатат.

Мамлекет тоо-кен тармагынан ири кирешелерди алууга кызыкдар

Расмий кабарлангандай, соңку жылдары иштетилбей келген 195 лицензия мамлекетке кайтарылган. 2024-жылы 22-январда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” жарлык чыгарган.

Анын негизинде 2024-жылы геология тармагын өнүктүрүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнгөн. Өкмөт аны жаңы кендерди ачууга, геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, атайын техникаларды сатып алууга, адистерди окутууга, пайдалуу минералдарды издөөгө, чалгындоого жана баалоого жумшай турганын билдирген. Өлкөдөгү кен байлыктарды иштетүүдө 30% кем эмес мамлекеттин үлүшүн камсыздоо милдеттендирилип, “Кыргызалтын”, “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызгеология” ишканаларына лицензиялар берилген.

Учурда “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын колунда 31 лицензия бар. Аны Министрлер кабинети өзүнүн токтому менен сынаксыз, түз берген. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сомдун жарымынан көбүрөөгүнө (592 млн сом) “Кыргызгеология” Орусия менен Кытайдан тоо-кен тармагына керектүү атайын техникаларды сатып алган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Нарынбек Сатыбалдиев геологиялык чалгындоолорду сапаттуу жүргүзүп, кендерди ачууну тездетүү үчүн “Кыргызгеология” жогорку квалификациялуу адистер менен техникалык каражаттардан аксап жатканын билдирди:

“Биз азыр геологияга муктажбыз. Мына, 1 млрд сом бөлүп жатышат. Бирок негизи азыркы экономиканын шарттарында 1 млрд сом - бир орточо же андан кичинекей кенди чалгындоого дагы жетпеген каражат. Себеби дүйнөдө чоң тоо-кен компаниялары геологияга млрд сом эмес, млрд долларларды бөлүп, иш алып барышат. Бир күндө бардыгын оңдош мүмкүн эмес экен да, кадр жок, техника жок. Анан эми 1 млрд дагы – бул эми орус тили менен айтканда “первая ласточка” деп эсептейли. Ушуну өздөштүрүп, бир жыйынтык берип, анан чоңураак суммаларга, чоңураак жумуштарга бел байласак деген жакшы ой да”.

Минфиндин сайтын карасак, 2024-2025-жылдардын бюджетинде изилдөө жана жаңы кен байлыктарды ачуу үчүн геология тармагына 1 млрддан башка инвестициялык каражат бөлүнгөн жок.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева “Кыргызгеология” өз тармагында жасай турган геологиялык изилдөө жана кен иштетүү иштери боюнча “Жол картасын” иштеп чыгып, керектүү каражатты негиздүү аргументтер менен сураса, аны берүүгө бюджетте мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Бирок дымактуу “Жол картасы” азыркыга чейин жок болгондуктан, тармакты каржылоо да батыл болбой жатканын кыйытты:

“Кыргызгеология” ишканасы менен да түз иш алып барганбыз. Бюджеттик кодекс боюнча “бул өздөштүрүлөбү, өздөштүрүлбөйбү” деген финансылык эсептин негизинде болуш керек. Он миллиардды жөн эле алып коюп, анан башка тармактар калып калбашы керек да. Ошон үчүн буларга “Жол картасын” түзгүлө деп айтканбыз. “Кайсы жерде кандай иштерди кылууну болжоп жатабыз” деп бизге келиши керек. Биз башталышына деп болжолдуу эсеп менен миллиардды берип жатабыз. Булар аны өздөштүрүп, андан ары “жол картасын” алып келсе, ошого жараша карайбыз да. Алдыда бүт аймактарда кандай чалгындоолор болору тууралуу документти мен көрө элекмин”.

Жетим темир кенин чалгындоо жана казуу лицензиясы 2023-жылдын соңунда “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына берилген. Ишкана 7-ноябрда кенди геологиялык чалгындоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүү үчүн инвесторлорго сынак жарыялады. Талап боюнча сынак бир айга созулат, биргелешкен ишканада мамлекеттин үлүшү 30% кем эмес болот. Сынактын документине ылайык, биргелешкен ишмердик геологиялык чалгындоо иштеринин долбоору, рекультивациялоо долбоору, комплекстүү геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, сынамык жыйноо, лабораториялык иштер, руданын корун эсептеген отчетту жазуу жана кенди иштетүүдөн турат.

“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору Эламан Муратов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комплекси комитетинин октябрдын башындагы жыйынында маалымат берип жатып, Жетим-Тоо кени боюнча геологиялык чалгындоо иштери башталганы жатканын билдирди:

“Жетим-Тоо боюнча долбоорду жакында экспертизага киргизебиз. Кийинки жылы сезон башталганда, кудай буюрса, геолого-чалгындоо жумуштарды баштайбыз. Бүгүнкү күндө “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына лицензия берилген. Биздин өзүбүздө турат, өзүбүздүн күчүбүз жетет. Азыр каражаттын көлөмүн, технологиялык ыкмалардын бардыгын иштеп чыгып жатабыз. Бекитсек, экспертизага киргизебиз. Чалгындап бүткөндөн кийин биз КГСке (Кыргыз геологиялык кызматы) өткөрүп беребиз. Ал жерде сынак, аукцион деген бар. Корун бекитип беребиз. Анан булар же аукционго коёт же инвесторлор менен сүйлөшүп, булардын колуна өтөт. Бүгүнкү күндө 34 минерал боюнча карап атабыз. Бизде илимий-техникалык кеңеш бар, ал жерде геофизиктер, геологдор, минералогдор отурат. Ошонун негизинде жыйынтык чыгарабыз. Кайсы кендер бүгүнкү күндө экономикага керек, ошону сунуштап жатабыз. Ошол сунуштаган кендерден мына Кызыл-Омпол, кудай буюрса, “Кыргызалтын” менен кетип атат. Ак-Түз боюнча да иштер жүрүп жатат. Экономикага пайдасы тийе турган дагы ушундай долбоорлор бар”.

Жетим-Тоо жана экология

Жетим-Тоо кени алгачкы жолу 1956-жылы ачылган. Бул Нарын менен Ысык-Көл облусунун аймагында 70 чакырымдай узундукта жана 10 чакырымдай кеңдикте созулуп жаткан тоо кыркалары. Данги, Туюк-Суу, Айран-Суу, Молдобашы, Телеке жана Күрмөнтү деген алты тилкеден турат. Аймакты чалгындоо 2005-жылдары башталган. Чалгындоонун маалыматтары боюнча, Жетим-Тоодо темирдин кору болжол менен 1,5 млрд тоннага жетет.

Бирок темирге бай тоону казуу ишинде экологиялык кесепеттери оор болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. Кыргызстанда коруктарда же өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан кендерди геологиялык чалгындоого жана өндүрүштүк иштерди жүргүзүүгө мыйзамдык тыюу бар. Мындай беш жаратылыш аймагы бар. Алар:

- “Беш-Арал” мамлекеттик коругундагы Сандалаш чайкама алтын кени;

- “Беш-Таш” улуттук жаратылыш паркындагы Жамгыр алтын кени;

- “Чоң-Кемин” улуттук жаратылыш паркындагы Куран-Жайлоо, Каматор, Лагерная, Куттуу-Сай II жана Калесай алтын кендери;

- “Нарын” мамлекеттик коругундагы Жетим-Тоо темир кени;

- “Саймалуу-Таш” улуттук жаратылыш паркындагы Миң-Теке, Көк-Кыя көмүр кендери менен Кылдоо алтын кени.

Окумуштуулар темир казуу иши “Нарын” коругуна коркунуч келтирет деп коңгуроо кагып келет. Илимий негиздер боюнча, темирди казуу иши коруктун эле эмес, ага жакын аймактардын да гидрологиялык режимин бузат. Анткени Чоң жана Кичи Нарынга куйган өзөндөрдүн башаты Жетим-Тоонун чокуларынан агып келет. Маселен, Чоң Нарын дарыясына “Нарын” коругунан агып келип кошулган жети өзөндүн суусунун жылдык көлөмү 63 млн кубдан ашат.

Геолог Дүйшөнбек Камчыбеков кенди иштетүүдө анын айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирин эл аралык тажрыйбалуу жана бейтарап компанияны жалдап изилдетсе, кийин-соңунда адистерде да, элде да күмөн жаралбагандай жагдай түзүлөт деп эсептейт:

“Акыркы жылдардагы Кумтөр маселеси менен практикага айланып кеткен биздин мамлекеттик структуралар “иштетсе болот” деген чечим чыгарып койгондун негизинде, биз жыйынтыгында “Кумтөр” кени жайгашкан мөңгүлөрүбүздү отвал менен аралаштырып, зыяндуу бир учурларга дуушар болгонубуз белгилүү нерсе да. Аны эч ким тана албайт. Ошондой сыяктуу нерселерге кабылып калбашыбыз үчүн, ошондой көйгөйлүү, “кандай чечим чыгарсак болот” деген маселеге такалып калган учурларда дүйнөлүк аброю бар бир компанияны жалдап, ошого экспертизасын, биринчи кезекте экологиялык экспертизасын жасатышса. Алар болсо үч эле суроо коёт, “иштетсеңер болот, эч кандай зыян жок” десе, экинчи суроого “иштетсеңер болот экен, бирок момундай көйгөйлүү маселелер бар экен, ошолорду параллелдүү чечип кетишиңер керек” десе, үчүнчүсүнө “иштеткенге болбойт” деген жыйынтык чыгарып берсе, уруксат берилет. Анда биздеги бул маселе менен алектенип аткан компания болобу, мамлекеттик ишкана болобу ошол үч жыйынтыктын бирөөнө таянып туруп, иш алып барса”.

Кыргыз кендерин кытайлыктар гана казабы?

Эксперттер баамдагандай, Кыргызстандын тоо-кен тармагына инвестиция салууда Кытай компанияларынын үлүшү басымдуулук кылат. Мындан улам, алдыда казыла турган Жетим-Тоо, Кызыл-Омпол сыяктуу кендер дагы кытай инвесторлоруна берилет деген түкшүмөл талкуулар жүрүп турат. Мындай талкууга жем таштаган себептер да жок эмес.

2010-жылы ноябрь айында Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Азия өнүктүрүү банкы үчүн “Айлана-чөйрөгө таасирлер боюнча баяндамасын” жолдогон. Жарыяланган баяндамада Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруунун шарттары тууралуу жазылган.

“2010-жылдын сентябрь айына карата үч өлкө темир жолду курууну макулдашты. Каржылоонун сунушталган схемасы боюнча “ресурстар инвестицияга алмаштырылат”. Ага ылайык, Кытай курулушка каражат берип, ордуна пайдалуу кендерди алат. Кытай фирмаларына Жалал-Абаддагы Тереккан, Ашуу алтын кендерин, Нарын облусунун Сандык аймагындагы Чесекти алюминий кенин жана Жетим-Тоо аймагындагы Данги темир кенин казууга лицензиялар берилет”, - деп жазылган Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин баяндамасында.

Андан бери арадан 15 жылдай мезгил өттү. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ушундай өңүттөгү иштешүүлөр азыр да күчүндөбү же шарттар өзгөргөнбү – белгисиз.

Тармактагы адистер Кытай менен “инвестицияга рерсурстарды алмашуу” принцибинде кызматташуунун бир мисалы катары бакиевдик мезгилде Кыргызстандын түштүк аймагында жол салып бергени үчүн кытайлык компанияга Иштамберди алтын кенин иштетүүгө бергенин айтышат.

Садыр Жапаров да 2020-жылы бийликке жаңы келген учурда Жетим-Тоонун темирин казып, Кытайга карыз ордуна берсек болот деген пикирин айткан. Мындан улам коомдо талкуу күчөп, Бишкек менен Нарында бир катар митингдер болуп өткөн. Жетим-Тоону коргоо кыймылы да түзүлгөн. 2011-жылы сентябрда Нарында өткөн митингдердин биринде Сандык менен Жетим-Тоону сатууну токтотуу, пайдалуу кен байлыктарга лицензия берүүгө тыюу салуу, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууга макулдук бербөө талаптары айтылган.

Мындан улам бийлик темир кенин мамлекет өзү гана иштетерин билдирип келет. Арийне, кийин кабыл алынган жобо боюнча кендерди чалгындоодо жана иштетүүдө мамлекеттин катышы 30% кем эмес болуп, калган бөлүгүн инвестордун үлүшү менен иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ысык-Көлдөн Кытайдын Ак-Суу аймагына түз ачылган Бедел жолу курулганда бир катар талдоочулар анын потенциалы Кытай компанияларынын Кыргызстандан ресурс ташууга керектелет деген божомолдорун айтышкан.

Саясат талдоочу Чынара Эсенгул Кытай менен кызматташууда Кыргызстан ресурстарын да, алган карызын да берип, жайдак кала бере турган жагдайлар болуп жатат деген пикирин билдирди:

“Адамзат акчанын, экономиканын күчү ойноп турган доордо жашап жаткандыктан, экономика көп эле ролду ойноп, керек болсо саясатты да чечип коёт. Жанагы КППлардын пайда болгону, биздин көп ресурстардын Кытай жакка чыгып кетип жаткандыгы, биздин транзиттик потенциалын колдонуп жанагыдай темир жолдорду салабыз деп жаткандыгы. Аны салганда дагы Кытайдын өзүнө эң пайдалуу да. Аны деле биз каржылашыбыз керек болуп жатат. Жанагы Түркмөнстанды айтып кеткендей, Кытайга газ керек, бирок Кытайдан карызга акчаны алып туруп, анан Кытайга газды берип жатат түркмөндөр. Иши кылып, Кытай - өзүнүн саясатын жүргүзгөндө өз кызыкчылыгын эч качан уттурбаган мамлекет. Менимче, Кыргызстан менен деле ошондой эле болуп жатат. Анткени сүйлөшүүлөргө келгенде кипкичинекей мамлекет болгондуктан, инвестиция кыла турган башка өлкөлөр деле аз болгондуктан, ушундай болуп калууда. Натыйжалары бир тараптуураак болуп калып атат”.

Кызыл-Омполдун титанын ким иштетет?

Кызыл-Омпол кенин чалгындоо жана казуу лицензиясы “Кыргызалтын” компаниясына тапшырылган. Компания өз сайтында аны Таш-Булак кени деп атап, аянты 42,4 миң гектар экенин жазган. Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына жакын жерде жайгашкан, бир бөлүгү Нарындын Кочкор районунда турат. Кен Таш-Булак, Баке, Узун-Сай, Оттук, Түндүк деген тилкелерден туруп, аларда уран, торий, циркон, титаномагнетит жана фосфор минералдары бар. Тилкелердин арасынан Таш-Булак тилкеси толук изилденип, казууга даярдалган. Анда титаномагнетиттин 14 млн тонна кору бар деп айтылат. Кен “Кыргызалтындын” сайтында инвестициялык долбоорлордун тизмесинде жарыяланган.

Быйыл жыл ортосунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясы Кытайдын Хами шаарына барып, ал жердеги Xinjiang Xiangsheng New Materials Technology компаниясы менен Кыргызстанда титаномагнетитти кайра иштетүү заводун ачуу боюнча меморандум түзүп келген.

Сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенин казууга мезгил кутучасын салды. Ошол эле тушта Хами шаарынан кытай компаниясынын делегациясы Бишкекке келип, “Кыргызалтындын” жетекчилиги менен кызматташууну талкуулады. Кызматташуунун шарттары кандай болору эч жерде ачык айтылган жок.

Инвестиция боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу тоо-кен тармагындагы иштерге толук жоопкерчиликти мамлекет өз мойнуна алганын айтат. Андыктан тармактагы ачык-айкындуулук, натыйжалуулук, коррупция жана экологиялык зыяндар боюнча суроонун баары мамлекеттик бийликтин жана андагы чечим кабыл алган адамдардын дарегине багытталарын белгиледи:

“Кытай ишкерлери айрыкча инвестицияда көбүнчө тоо-кен тармагына акча салышат. Мунун негизги масаты – өндүрүшкө керектүү сырьену чийки бойдон алып кетүү. Же минималдуу түрдө иштетсе иштетип, болбосо чийки түрүндө алып кетүүгө кызыкдар. Өнүккөн өлкөлөрдө тоо-кен тармагында негизги басым кайра иштетүүгө жасалат. Колдон келишинче чийки зат бизде калып, бизде кайра иштетилип, даяр продукция чыгарылса экен деген талапты коюшат. Ошондо баары такалып келип эле мамлекет өзүнүн функциясын өлкөнүн байлыгын, ресурстарын туура колдонуп, ошол эле учурда экологияны, элдин жашоо-шартын эске алып, мындай бир туура тыянак менен иштесе, анда жакшы эле жыйынтыктар болот. Бул жакта жоопкерчиликтин баары мамлекетте болот. Себеби бүгүнкү күндө ошол лицензияны берүү, ошону туура иштетүү – ошонун баары мамлекеттин колунда болуп атат. Өзүңөр билесиңер, кээ бир тоо-кен тармагындагы лицензияларды такыр бербей, мамлекет эле иштетет деген позицияда болуп жатат. Демек, жоопкерчиликтин баары айланып келип ошол мамлекет органдарда жана акыркы чечим кабыл алган кишилерде болот. Коррупция дагы, ачык-айкындуулук дагы, эффективдүүлүк, экологияга болгон зыян – баары айланып келип ошонун колунда. Ошондуктан кеп жоопкерчиликте. Бүгүнкү күндө жоопкерчиликти Конституция боюнча бир киши алган, бир ууч топ алган. Ошолор жоопкерчиликти алышты. Эми күтө туралы, жыйынтык кандай болот”.

Кыргызстанда жалпысынан эки миңден ашуун ар түркүн багыттагы кен бар. Алардын бир бөлүгү коргоого алынган коруктар менен жаратылыш парктарында жайгашкандыктан, кыргыз өкмөтү соңку жылдары андай кендерди корголгон аймактардан чыгаруу документтерин кабыл алуу менен алек болууда. Экологдор коомчулугу мындай чечимдин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири оор болорун тынбай эскертип келет.

Өкмөт иштетүүгө киришип жаткан калган кендер алтын, коргошун жана сейрек кездешүүчү минералдар болуп эсептелет.

Үңкүр-Таш алтын кени Ала-Бука районунда жайгашкан. Үңкүр-Таш, Сары-Дөбө, Кара-Дөбө деген участоктордон турат. Алтындын такталган кору (С1+С2) 90,1 тонна, ал эми күмүш 88,5 тонна чыгат. Кенди иштетүү лицензиясына 2024-жылдын июнь айынан бери “Кыргызалтын” компаниясы ээлик кылат.

Тоголок кенин “Кумтөр” оперейтинг компани” чалгындоодо. Ал эми Ала-Бука районундагы Талды-Булак кенинде алтын менен жез бар. Өкмөт чоң үмүт менен түзгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине 2042-жылга чейин лицензия берилген. Бирок холдинг кийин жоюлуп кеткен.

“Куттуу-Сай II” жана “Калесай” кендеринде сейрек кездешүүчү элементтер менен бериллий, молибден, висмут, коргошун минералдарынын кору бар. Аны иштетүү лицензиясы дагы “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине 2042-жылга чейинки мөөнөткө берилген. Кен Чоң-Кемин улуттук жаратылыш паркынын аймагында жайгашкандыктан, бийлик аны корголгон аймактан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Кемин районундагы Боорду жана Кашка алтын кендерин иштетүү лицензиясына “Боорду” компаниясы ээлик кылып келген. Кашка кенине берилген лицензия 2020-жылы жокко чыгарылган. “Боорду” кенин болсо июль айында Улуттук коопсуздук комитети “кен мыйзамсыз берилген” деген кине менен мамлекетке кайтарып алган. Мамлекеттик реестрдеги маалымат боюнча, ал жерде алтындан тышкары коргошун, цинк жана күмүш да бар.

Реестр боюнча Баткен районундагы Делбек-Түтөк кенинде сейрек кездешүүчү элементтер, тантал жана ниобий минералы бар. Кенди иштетүү лицензиясы 2024-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилге “Баткен тоо байлыгы” фирмасына берилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG