Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

“Кумтөр” алтын өндүрүү убактылуу азайып жатканын билдирди


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Кумтөрдөн казылган тоотекте алтындын үлүшү төмөн болгондуктан кенден алтын өндүрүү быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болорун билдирди.

4-октябрда ишкананын сайтына чыккан маалыматта бул тоо-кен өндүрүшүндө кадыресе көрүнүш экени, алтын өндүрүүдөгү мындай өйдө-ылдый абал Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгону айтылат.

“Кумтөр” компаниясы ага үч мисал келтирген. Маалыматка ылайык, 2002-жылы Кумтөрдөн 20 тонна 860 кг алтын өндүрүү пландалып, иш жүзүндө 16 тонна 439 кг болгон. Ортодогу айырма 4 тонна 421 кг. 2006-жылы 14 тонна 336 кг өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 9 тонна 442 кг алтын алынган. Айырма 4 тонна 894 кг. Ал эми 2012-жылы 19 тонна 286 кг алтын өндүрүү каралып, 9 тонна 805 кг алтын өндүрүлгөн. Ортодогу айырма 9 тонна 481 кг түзөт.

“Адистердин эсебинде рудадагы алтындын аз өлчөмү дагы бир аз убакытка созулушу мүмкүн. Андан ары акырындык менен өсүү темпи башталат. Мындан тышкары, жер астынан алтын казуу, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу менен жылына 17-18 тонна алтын өндүрүү пландалууда”, - деп айтылат “Кумтөр” тараткан билдирүүдө.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2024-жылы 12,5 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Компания ушул тапта алтын казуу иши белгиленген график менен жүрүп жатканын, жыл жыйынтыгы боюнча бардык маалыматтар 2025-жылдын I кварталында жарыялана турганын билдирди. Бирок быйыл алтын коюлган пландан канчага аз өндүрүлөрүн тактаган жок.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл сентябрь айында Кумтөр кенинде алтындын жаңы кору табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG