Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Өкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлө баштаарын билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Кызыл-Омпол кени. 2024-жыл, 25-сентябрь.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Кызыл-Омпол кени. 2024-жыл, 25-сентябрь.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун салууга катышты. Ал титаномагнетитти өндүрүү ишин мамлекет колго алат жана долбоорду каржылоо булактары аныкталат деп айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлер кабинетинин төрагасы титаномагнетитти алууда уран, торийди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын жана бул элементтер эл аралык коопсуздук талаптарын сактоо менен ташыларын билдирген.

“Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан - медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулуучу баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет”, - деди Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

Бул окуялардан кийин бийлик Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Документти Жогорку Кеңеш 13-июнда кабыл алып, Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда айтылгандай, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.

2019-жылы жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)

XS
SM
MD
LG