Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Иранда саясий камоолорго каршы чыккан активист өз жанын кыйды


Киануш Санжари.
Киануш Санжари.

Иранда журналист, активист жана мурдагы саясий туткун Киануш Санжари өз жанын өзү кыйганын 13-ноябрда "Азаттыктын" иран кызматы кабарлады. Маркумдун жакындары, достору ал каза болгонун тастыкташты.

Мындай кадамга ал мекениндеги саясий активисттердин улам бири кайрадан кайра суракка чакырылып, камакка алынып жатканына нааразылыгын билдирүү үчүн барганы белгиленди.

2015-жылы улгайган апасына каралашуу үчүн Тегеранга кайтып баргандан бери Санжарини Ирандын чалгын мекемесинин кызматкерлери бир нече жолу суракка алып, кармап кетип, камакта кармашкан.

Өлөрүнөн бир нече саат мурда ал X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) эгер Иран өкмөтү төрт активистти жана журналистти тез арада абактан бошотпосо өз өмүрүнө кол саларын эскертип жазган.

"Менин жашоом ушул твиттен кийин бүтөт. Бирок өлүмгө эмес, жашоого болгон сүйүү үчүн өлөрүбүздү унутпагыла. Бир күнү ирандыктар ойгонуп, кулчулукту жеңип чыгышын каалайм", - деп жазган эле ал.

Санжари 2000-жылы 17 жаш кезинде бийликке каршы нааразылык акциясына катышканы үчүн бир нече ай жалгыз камерада отуруп чыккан. Андан кийин да кеминде тогуз жолу кармалган. 2008-жылы өлкөдөн чыгып кетип, сегиз жылдан кийин АКШдан мекенине кайтып барган.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини аттуу ирандык студент кыз полиция бөлүмүндө көз жумгандан кийин жалпы Иранда 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан берки эң ири нааразылык акциялары тутанган. Жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган. «Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG