15-ноябрда түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 5…7° жылуу болот.
Дагы караңыз
Шерине