Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Иран iPhone жаңы моделине тыюу салган чечимин жокко чыгарды


Иран.
Иран.

Иранда iPhone жаңы моделин сатып алууга тыюу салынган чечим дээрлик 1,5 жылдан кийин жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн 30-октябрда өлкөнүн телекоммуникация министри Сатар Хашеми билдирди.

"iPhone импортуна байланыштуу тагыраак маалымат жана эрежелер жакынкы арада жарыяланат",- деп жазды ал Х социалдык түйүнүнө.

Министр андан башка маалымат берген жок, болгону, мындай чечимди президент Масуд Пезешкиан колдогонун айтты.

Өзөктүк программасынын айынан катаал экономикалык санкциялар алдында жашап жаткан Иранда чет өлкөлүк валютага буюм сатып алууну чектеген, iPhone 14 жана iPhone 15 сериясындагы телефон сатып алууга, аларды өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салган чечим 2023-жылдын февраль айында кабыл алынган. Каалоочулар iPhone 13 же андан эскирээк моделдерди гана сатып ала алышчу.

Байкоочулар белгилегендей, Apple компаниясынын кандай гана болбосун каражатын алып жүрүү бул өлкөдө жарандын кадыр-баркынын белгиси катары бааланат. Тыюу салынганга чейин смартфон көтөргөн үч кишинин биринде iPhone экени аныкталган.

Иранда америкалык Apple алдыңкы технологиялык компаниясынын расмий өкүлчүлүгү жок, анткени АКШнын санкцияларынан улам ал жакта иштөөгө уруксат берилген эмес.

Дүйнөлүк державалардын (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ + Германия) Иран менен анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталып, 2015-жылы JCPOA деп аталган орчундуу келишим кабыл алынган. Ага ылайык, Тегеран санкциялардан арылуу үчүн өзөктүк программасын чектемей болгон. Бирок АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын чечими менен Кошмо Штаттар бул келишимден чыгып, 2018-жылы кайрадан Иранга каршы санкциялар жарыяланган. Натыйжада Иран өзөктүк программасын кеңейтип, МАГАТЭнин инспекцияларына чектөө койгон.

Президенттик кызматты 2021-жылдан бери аркалап келген Эбрахим Раиси быйыл жазында каза болуп, анын ордуна реформачыл көз карашты карманган 69 жаштагы Масуд Пезешкиан шайланган.(RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG