Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:43
Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө учуру.
Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө учуру.

Чаткал: кар көчкүдө калган алты адамдын тең сөөгү табылды

13:24 18.10.2024

Чаткалда кар көчкү алдында калгандардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөк саат 12:45те кар көчкү түшкөн аймактан тик учак менен штаб жайгашкан Кумбел тилкесине алып келинди.

18-октябрда Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылган.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

15:36 18.10.2024

Чаткалдагы кар көчкүнүн алдында калган дагы үч кишинин сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошону менен жалпы үч кишинин сөөгү табылып, дагы үчөөнү издөө иштери уланууда.

Башкы-Терек айылынын башчысы Кубанычбек Орозбаевдин “Азаттыкка” сөөгү табылган эки киши ага-ини экенин билдирди.

“Алгач куткаруучулар Кийикбаев Кайырбектин сөөгүн таап, айылга жеткиришкен. Алар көчкү болгон жайга кайра барганча Кийикбаев Канатбектин сөөгүн табышкан. Аны да айылга алып келишип, жерге бергенге даярдык көрүлүп жатат. Алардын көчкүдө аман калган иниси Чынарбек куткаруучулар менен чогуу болуп, кайсы жерде болушканын көрсөтүп жүрөт”, - деди Орозбаев.

18-октябрда Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылган.

17:40 18.10.2024

Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө иши аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө эртең, 19-октябрда уланат.

18-октябрдагы издөө иштеринде Ак-Сай аймагында көчкү алдында калган үч кишинин сөөгү табылып, тик учак менен Кумбелдеги штабга жеткирилген. Дагы үч киши дайынсыз болууда.

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак 18-октябрда тартылган.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

19:11 18.10.2024

Чаткал районунун Беш-Терек айылынын башчысы Кубанычбек Орозалиев
сөөгү табылган үчүнчү жаран Жаңы-Базар айылынын тургуну экенин, сөөк айылына жеткирилгенин айтты.

Кырсык болгон жерде Каныш-Кыя айыл аймагынын 13 тургуну жана бир кытай жараны болгону айтылып жатат. Алар 9-октябрда эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга чыгып кеткен. Көчкү баскан жерде 12 адам болcо экөө башка коктуда жүргөн. Дал ошол экөөнүн бири Субанов Рустамдын атасы Шаанбек Субанов “Азаттыкка” буларды айтты:

“Көчкүдө калган балдар бөлөк балдар. Тигилер дагы бир кокту ашып кетишкен. Булар көп болгон. 16 ат болгон. Алардын салмагын элестетсең. Булар кабаттап өтүп баратканда көчкү жүргөн. Бирден-бирден өткөндө аман калышат эле”.

Кырсыктан аман калган алты жарандын абалы жакшы экени кабарланды.Алардын бири Жаныбек уулу Марстын апасы уулунун абалы тууралуу мындай деди: “Абалы жакшы эле. Башым деп атат. Уколун алдырып, молдого окутуп маңдайында отурам”.

Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору
Махмаджунус уулу Өмүрбек Чаткалда тоодогу каргашадан кийин алты киши дарыгерлерге кайрылганын, алардын үчөө ооруканага жаткырылганын "Азаттыкка" бейшембиде билдирген.

Чаткалда эндик казганы кеткен 14 адамдын дайыны чыкпай жатканы, алар келе жаткан жолдо көчкү жүргөнү 16-октябрда белгилүү болгон. Ошондон бери окуя болгон Ак-Сай ашуусу тарапта аба ырайы жакшы болбой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы 18-октябрда барды. Ал жерге автоунаа бара албайт, ат менен бир күндүк жол экени айтылып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG