Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:41
Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө учуру.
Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө учуру.

Чаткал: кар көчкүдө калган алты адамдын тең сөөгү табылды

20:52 18.10.2024
Чаткал: Көчкү баскан үч кишинин сөөгү табылды, үч адам дайынсыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

10:27 19.10.2024

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө иши кайра башталганын кабарлады. Маалыматка караганда, 19-октябрда жети кишиден турган куткаруучулардын биринчи тобу кар көчкү алдында калгандарды издөө үчүн саат 07:30да жөнөп кеткен. Алардын экөө кар көчкү боюнча адистер.

Ошондой эле саат 08:34тө издөө иштерин улантуу үчүн министрликтин Airbus H145 тик учагы куткаруучулар жана кар көчкү станциясынын кызматкерлери менен Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кетти.

12:36 19.10.2024

Чаткалдагы кар көчкү алдында калган акыркы үч адамдын да сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай аймагында болгон кар көчкү окуясында дайынсыз болгон акыркы үч адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бүгүн саат 10:30да куткаруучулар акыркы үч адамдын сөөгүн табышты. Бир күн мурда, 18-октябрда дагы үч адамдын сөөгү табылып, Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген.

Бүгүн эрте менен саат 07:30да жети кишиден турган куткаруучулардын биринчи тобу жөнөп кеткен. Кийинчерээк, саат 08:34тө Airbus H145 тик учагы кошумча куткаруучуларды жана кар көчкү станциясынын кызматкерлерин алып учуп кеткен. Көп өтпөй дагы кошумча 16 куткаруучу жиберилген.

Трагедиялык окуянын жыйынтыгында алты адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табылган сөөктөрдү ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп берүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Бул окуя Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарындагы кар көчкү коркунучун дагы бир жолу эске салды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды тоолуу аймактарга барганда сак болууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырган.

XS
SM
MD
LG