Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23
Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө учуру.
Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө учуру.

Чаткал: кар көчкүдө калган алты адамдын тең сөөгү табылды

17:40 18.10.2024

Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө иши аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө эртең, 19-октябрда уланат.

18-октябрдагы издөө иштеринде Ак-Сай аймагында көчкү алдында калган үч кишинин сөөгү табылып, тик учак менен Кумбелдеги штабга жеткирилген. Дагы үч киши дайынсыз болууда.

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак 18-октябрда тартылган.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

15:36 18.10.2024

Чаткалдагы кар көчкүнүн алдында калган дагы үч кишинин сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошону менен жалпы үч кишинин сөөгү табылып, дагы үчөөнү издөө иштери уланууда.

Башкы-Терек айылынын башчысы Кубанычбек Орозбаевдин “Азаттыкка” сөөгү табылган эки киши ага-ини экенин билдирди.

“Алгач куткаруучулар Кийикбаев Кайырбектин сөөгүн таап, айылга жеткиришкен. Алар көчкү болгон жайга кайра барганча Кийикбаев Канатбектин сөөгүн табышкан. Аны да айылга алып келишип, жерге бергенге даярдык көрүлүп жатат. Алардын көчкүдө аман калган иниси Чынарбек куткаруучулар менен чогуу болуп, кайсы жерде болушканын көрсөтүп жүрөт”, - деди Орозбаев.

18-октябрда Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылган.

13:24 18.10.2024

Чаткалда кар көчкү алдында калгандардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөк саат 12:45те кар көчкү түшкөн аймактан тик учак менен штаб жайгашкан Кумбел тилкесине алып келинди.

18-октябрда Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылган.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

10:34 18.10.2024

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, тик учакты куткаруу иштерине тартууга министр Бообек Ажикеев буйрук берген. Тик учак бүгүн, 18-октябрда, саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG