Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Өзбекстандан шыпаа издеген тажик бейтаптары


Өзбекстан медициналык туризмди өнүктүрүүнү алгылыктуу тармак деп жарнамалайт
Өзбекстан медициналык туризмди өнүктүрүүнү алгылыктуу тармак деп жарнамалайт

Өзбекстан сапаттуу жана кыйла арзан дарыланууну каалаган борборазиялыктар үчүн медициналык туризмдин негизги багытына айланды.

Расмий маалымат боюнча, январь-август айларында Тажикстандын дээрлик 60 миңдей жараны коңшу Өзбекстанга шыпаа издеп барган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп.

Тажик жараны Ранохон Бурхонова көзүн тунарткан катарактадан арылуу үчүн Ташкентте операция жасаткандан соң саламаттыгы калыбына келип баратканын айтат.

Тажикстанда да мындай операцияны жасаган ооруканалар көп. Бирок өлкөнүн түндүгүндөгү Согд облусунда жашаган, 59 жаштагы мурдагы медайым операция жасатуу үчүн коңшу Өзбекстанга барган.

"Сентябрдын аягында мен Ташкентте жасалган операцияга 800 доллар төлөдүм, - дейт Ранохон. - Тажикстан менен Өзбекстанда баалар болжол менен бирдей. Бирок мен үчүн эң негизгиси көрсөтүлгөн кызматтын сапаты болду".

Бурхонова диагноздун туура эмес коюлушу сыяктуу катачылыктар жөнүндө көп укканына байланыштуу өз мекениндеги дарыгерлерге "ишенимин жоготконун" жашырбайт.

"Мен Тажикстанда жакшы дарыгерлерибиз жок деп айтуудан алысмын, бирок көзүмдү айыктыруу керек болгондуктан, тобокел кылгым келген жок", - дейт Ранохон Бурхонова.

Ал алты жумадан кийин кайра Ташкенттеги ооруканага барып, дагы бир жолу текшерүүдөн өтө турганын кошумчалады.

Өзбекстан орточо киреше тапкан көптөгөн тажикстандыктар жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү сапаттуу жана арзан дарыланууну каалаган бейтаптар үчүн медициналык туризмдин негизги борборуна айланды. Айрымдары өз өлкөсүндө адистештирилген медициналык жардам жетишсиз болгону үчүн Өзбекстанга багыт алышат.

Расмий сайттардан алынган сүрөт.
Расмий сайттардан алынган сүрөт.

Өзбек өкмөтүнүн расмий статистикасына ылайык, январь-август айларында Тажикстандын 57 380 жараны Өзбекстанга медициналык жардам алуу үчүн барган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп. Башкача айтканда, былтыр 28 миң 600дөй тажикстандык Өзбекстанга шыпаа издеп барган.

2018-жылы Ташкент коңшулаш өлкөлөргө үч айлык визасыз режим киргизгенден кийин тажик бейтаптары Өзбекстандагы жеке менчик ооруканаларда дарыланууга кызыга баштаган.

Медициналык туризм коронавирус пандемиясы учурунда жабылып, кайра чек аралар ачылгандан кийин жанданган.

Өзбекстанда ижара акынын, тамак-аштын арзандыгы жана бюрократиялык тоскоолдуктардын жоктугу чет элдик бейтаптарды кызыктырып турат.

Коңшу өлкөдөн дартына даба издеген тажикстандыктардын көбү - бир канча жолу Өзбекстандагы ооруканага консультацияга барып келүүгө чама-чаркы жеткен орто катмардын өкүлдөрү.

Ал эми колунда барлар көбүнчө Кытай, Иран жана Орусиядагы оорукана, клиникаларды тандашат.

Өзүн Назокат деп тааныштырган 48 жаштагы тажикстандык бейтап өзбекстандык дарыгери анын саламаттыгын текшерүү үчүн үч айда бир жолу Ташкентке чакырып турарын айтат.

Ага ноябрда Өзбекстандагы ооруканада "боордун фиброзунун төртүнчү стадиясы" деген диагноз коюлган. Назокат Тажикстандагы оорукана болсо анын С гепатитин жуктуруп алгандан кийинки так дарттын аныктай албай койгонун айтат.

"Тажикстанда мен алты ай дарыландым, бирок өзүмдү кайра эле начар сезе бердим. Туугандарым Ташкенттеги дарыгерлерге көрүнүүнү сунушташты", — деди ал "Азаттыктын" тажик кызматына.

"Ошентип, алар менин өмүрүмдү сактап калышты. Кечигип баратканымды эми гана түшүндүм. Менин илдетим циррозго айланып кете жаздаптыр", - дейт Назокат.

Дүйшөмбү Ташкенттин статистикасына капа

Тажик бийлиги чет өлкөдө дарылануу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн жарандарынын саны тынымсыз өсүп жатканын ишарат кылган Өзбекстандын медициналык туризм тууралуу статистикасына такыр макул эмес.

Былтыр расмий Ташкент медициналык кызмат алуу максатында Өзбекстанга кирген тажиктердин санын 43 200гө жакын экенин билдирген. Дүйшөмбү мындай болушу "мүмкүн эмес" деп жооп берген.

Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода.
Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода.

Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода өзбек бийлигинин билдирүүсүнө жооп берип: "Бул көрсөткүч чындыкты чагылдырбайт. Бул сандар чек ара бекеттериндеги каттоодон гана алынган", - деген.

Абдуллозода тажик жарандарынын көбү чек арадан өтүп баратканда, ашыкча суроолордон качуу үчүн "дарыланууга" жөнөгөнүн айтышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Ошондой эле тажик аткаминери өлкөсүндө саламаттык сактоо тармагы тийиштүү деңгээлде экенин, 2023-жылы Тажикстанда 896 600 бейтап ооруканага жаткырылганын, алардын 314 800гө жакынына операция жасалганын айткан.

Деген менен тажикстандыктардын көбү адистердин жетишсиздигине нааразы. Соңку жылдары миңдеген тажик дарыгерлери жакшыраак маяна издеп, Орусияга миграцияга кетишкен.

Аймактык хаб

Өзбекстандын өкмөтү туризм индустриясынын бир бөлүгү катары медициналык туризмди алга сүрөп жатат.

2019-жылы Ташкент чет элдиктер үчүн медициналык виза алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизген жана чет элдик бейтаптарды тартуу үчүн туристтик сайттарда Өзбекстандын ооруканалары менен санаторийлерин утур-утур жарнамалап турат.

Өзбекстандын расмий сайттарынан алынган сүрөт.
Өзбекстандын расмий сайттарынан алынган сүрөт.

Чет элдик бейтаптардын басымдуу бөлүгүн түзгөн тажикстандыктардан тышкары Өзбекстанга миңдеген казак, кыргыз, түркмөн жана орус жарандары медициналык жардам сурап кайрылышат.

Өзбек өкмөтүнүн маалыматы боюнча, январь-август айларында Өзбекстанга 8542 казакстандык, 6704 кыргызстандык, 1299 орусиялык жана 672 түркмөнстандык жаран дарыланууга барган.

Бул статистика былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бейтаптардын саны кыйла өскөндүгүн көрсөтүп турат.

Өткөн жылы Өзбекстанга дарылануу үчүн 7200 казакстандык жана 800 орусиялык бейтап барган. Ал эми Кыргызстан менен Түркмөнстандан барган медициналык туристтердин саны эки эсеге өскөнү байкалат.

XS
SM
MD
LG