Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Кыргызстанда сөөк чучугун алмаштырууга даярдык башталды


Өзөктүк клетка чогултуу процедурасына даярдык. 2-октябрь, 2024-жыл.
Өзөктүк клетка чогултуу процедурасына даярдык. 2-октябрь, 2024-жыл.

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда кыргыз медицинасынын тарыхында биринчи жолу сөөк чучугун алмаштыруу үчүн өзөктүк клеткалар алынды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

2-октябрда аталган борбордо Ходжкин лимфомасы же без шишигинен жабыркаган 14 жаштагы бейтап кыздан өзөктүк клеткалар алынган. Бул сөөк чучугун аутологиялык алмаштырууга даярдык болуп саналат.

"Сөөк чучугун аутологиялык алмаштырууда адамдын өзүнүн өзөктүк клеткалары колдонулат. Бул иммунологиялык жактан тобокелдиктин алдын алып, дарылоонун таасирин жогорулатат. Беш курс химиотерапия алган бейтап бул маанилүү операцияга даяр жана бул процедура сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Шайырбек Сулайманов трансплатация 2-августта башталганын, бирок бейтаптын башка оорусу күчөп кеткендиктен дарылоо жылдырылганын билдирген.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин белгилешинче, рак оорусуна чалдыккан балдардын операциясы акысыз жүрүп, дары-дармекти "Кыргызфармация" ишканасы берет.

Балдар онкологиясы бөлүмү Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборуна 2021-жылы көчүп барган. Дарыгерлердин айтымында, балдар онкологиясын бул борборго которуу балдар арасындагы рак ооруларын тез жана так аныктоого аныктоого мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгилешет. (ST)

XS
SM
MD
LG