Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Билим берүү: Мугалимге гүлдесте берип, аны алкоо менен чектелбейли


Бишкектеги №82 орто мектепте. 01.9.2012.
Жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы сабак. Бишкектеги №82 орто мектеп. 01.09.2012.

Жер жүзүндөгү жүздөн ашуун мамлекетте 5-октябрда Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү расмий белгиленет. Кыргызстанда да бул майрамга өзгөчө аздектөө менен мамиле кылышат. Ар бир эрезеге жеткен инсанда тигил же бул өрнөктүү агай-эжейине карата жылуу сезим болбой койбойт. Арийне, алардын көйгөйлөрүн да чечүү зарыл. Тарыхчынын блогу.

Мугалимдердин эл аралык майрамы

Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү (англисче: World Teachers' Day, французча: Journée modiale des enseignants) майрамы 1994-жылы ЮНЕСКО (UNESCO) тарабынан негизделген.

Агартуучуларга алкыш айтылып келе жаткан бул өзгөчө майрам дүйнөдөгү 100дөн ашуун өлкөдө ар жылы 5-октябрда белгиленип келет.

Майрамдын датасын аныктоодо 1966-жылдын 5-октябрындагы окуяга негизденишкен. Дал ошол күнү ЮНЕСКО менен Эл аралык эмгек уюму биргелешип “Мугалимдердин акыбалы жөнүндө” деген сунуштаманы кабыл алышкан. Бул мугалимдердин эмгек шарттарын жөнгө салууга багытталган алгачкы эл аралык документ болуп калган.

Ынтымак айылындагы мектепте.. Д.Үмүтбайдын сүрөтү. 25.5.2013.
Ош облусунун Каракулжа районуна караштуу Ынтымак айылындагы мектептеги "акыркы коңгуроо" аземи. Дастан Үмүтбайдын сүрөтү. 25.5.2013.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дагы ушул майрамды өзүнүн расмий каттоосундагы майрамдардын тизмесине киргизген.

Албетте, эл аралык уюмдар тигил же бул майрамды шаан-шөкөт үчүн гана белгилешпейт эмеспи.

Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү – дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү мугалимдердин коомдогу абалына, алардын билим берүүдөгү жана коомдук өнүгүүдөгү ролуна көңүл бурууга, тигил же бул өлкөдө мугалимдер тушугуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулоого багытталган.

Демек, бул күндү тек гана агай-эжейлерге гүл берип коюу менен өткөрүп койбостон, алардын саламаттыгы, бакыбат турмуш-тиричилиги, адистик өркүндөөсү, коопсуздугу, аларга көрсөтүлчү жеңилдиктер жаатында да ачык сүйлөп, даана чечимдерди кабыл алууга далаалат жасалат.

2024-жылдагы (быйылкы) майрамды белгилөө “Мугалимдердин үнүн баалоо: билим берүү үчүн жаңы коомдук келишимге карай багыт” (“Valuing teacher voices: towards a new social contract for education”) деген ураандын астында өтүүдө.

Быйылкы тема мугалимдердин алдында турган ар кыл көйгөйлөрдү чечүү үчүн алар менен кызматташууну көңүл чордонуна коёт.

Бул кызматташтык мугалимдердин кесипкөйлүгү менен адистик салымдарын калыс баалоону жана аларды коомдогу бул алгылыктуу ишмердиги үчүн бапестөөнү да, алардын билими менен турмуштук жана адистик тажрыйбасын коом үчүн мындан ары да байсалдуу пайдаланууну да камтыйт.

Мугалимдер мурда да кадырланышкан

Ар бир инсандын өзүнүн аздектеген мугалимдери бар. Бирөө үчүн ал эжей болсо, башка бирөө үчүн – агай болушу мүмкүн.

Албетте, Кыргызстандагы кыйла бакыбат коомдо жашап жаткандардын айрымдары азыркы тапта Ооганстанда эжейлер (мугалим айымдар) “мугалим” укугунан ажыратылып жатышкандыгын, талиптик режим мугалим айымдарга иштөөгө тыюу салып жаткандыгын биле беришпейт.

Демек, оогандык эжейлер паранжа тагынууга гана милдеттенбестен, өздөрүнүн адистигин колдонуу укуктарынан да ажыратылып жатышат.

"Ооган аялдарынын биримдиги жана тилектештиги" кыймылынын мүчөлөрү . Кабул. 09.7.2023.
"Ооган аялдарынын биримдиги жана тилектештиги" кыймылынын мүчөлөрү талиптер аялдарды коомдук турмуштун көпчүлүк бөлүгүнөн четтетип салганына нааразылык билдиришти жана дүйнө өлкөлөрүн талиптердин режимин тааныбоого чакырышты. Кабул. 09.7.2023.

Кыргызстанда дагы кыз-келиндердин окуусуна каршы болгон ата-энелер көпчүлүктү түзгөн түркөй үй-бүлөлөр басымдуулук кылган караңгылык доору болгон.

Ошондо да алдыңкы ата-энелер кыздарын окутууга умтулушкан.

Байыркы кыргыздар өлкөсүндө, ошондой эле Энесай Кыргыз каганатында жана башка түрк каганаттарында айымдар канчалык сабаттуу болгондугу тууралуу маалымат азырынча жок. Бирок кыргыздарда жана башка түрк элдеринде “битик” (орхон-энесай руна сымал) жазмасы жана башка жазмалар колдонулгандыгы анык. Демек, битикчи мугалимдер катмары да болгондугу түшүнүктүү.

(Кыстара кетсек, ушул тапта кыргыздардын битик жазмасындагы эстеликтерин азыркы тапта түрколог Нурдин Усеев, Назикбек Кыдырмышев (Элери Битикчи) ж.б. иликтөөдө (ага чейин аларды маркум Четин Жумагулов изилдеп келген). Ал эми Бахтияр Шаршеев болсо бул жазмадагы текстти көз ачып-жумгуча кирил, латын жазмаларына оодарып берүүчү программа даярдаган).

Арап саякатчысы Абу Дулаф (X к.) кыргыздардын өздөрүнүн калеми бар (демек, жазма аспабы, жазма маданияты бар) деп кызыктуу маалымат калтырган. Менимче, ал битик жазмасы тууралуу туюнтса керек.

Мурдагы блогдорумда учкай көрсөткөнүмдөй, Чыгыштагы мусулман калктуу өлкөлөрдө деле орто кылымдарда сабаттуу эркектер эле эмес, сабаттуу айымдар да арбын болгон.

Алардын айрымдары мамлекет башкарууга жетишкендигин түркиялык илимпоз, илим доктору Бахрийе Үчок (Bahriye Üçok; 1919 – 06.10.1990) айым жазып чыккан.

(Караңыз: Üçok, Bahriye (1965). İslâm devletlerinde Türk nâibeler ve kadın hükümdarlar (3. bas.). Bilge Kültür Sanat. – 2011-жылы бул китеп дагы бир ирет басылып чыкты.)

Бир ооз сөз айта кетишибиз керек болгон даңазалуу айдың – бул Улукбек (Мухаммед Тарагай). Анын толук ысымы – Мырза Мухаммед ибн Шахрух ибн Тимур Улугбек Көрөгөн (22.3.1394, Түндүк Иран, Зенжан вилайети, Султания ш. – 27.10.1449, Самаркандга жакын жер). Ал айтылуу эмир Темирдин небереси жана эмирзаада Шахрухтун уулу болгон. Өзү да Тимурийлер мамлекетинин султаны (1409-49) катары Мавераннахрда өкүм жүргүзгөн.

Эмирзаада (бул сөздөн кийин “мырза” сөзү келип чыккан) жана илимпоз Улукбек Тарагай Самаркандагы даңазалуу медресесинин (ошол доордогу алдыңкы университеттин) каалгасына мусулман эркектер жана мусулман айымдар билим алууга милдеттүү экенин эскертип жаздырып койгон.

Түркөйлөрдүн доорунун кайтып келиши

Улукбекти азыркы талиптер сыяктуу эскичил агымды колдогон түркөйлөр саясий күрөштүн шары менен өлтүрүп тынышкан жана анын Самаркандагы илимий борбору менен дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы астрономиялык маалыматтарды тартуулаган жылдызканасын (обсерватория) толук кыйратышкан.

Борбордук Азияда XVI–XIX кылымдарда илим-билимди терең үйрөтпөстөн (б.а. так илимдерди жерип), тек гана Куранды эжелеп жаттоо жана көркөм чыгарма жаратуу ыкмасына көчкөндөрдүн доораны сүргөн.

Албетте, кийинки доорлордо деле Борбордук Азияда анча-мынча айымдар сабаттуу болушканы менен, аялдардын басымдуу көпчүлүгү караңгылыкта кармалган.

Татыктуу билим берүү үчүн күрөш

XIX кылымдын акыры – XX кылымдын башында реформачы агартуучулар – жадитчилер падышалык оторчулуктун таман астында калган кыргыздардын жана башка мусулман түрк калктарынын таалим алуусунун жаңы бийиктигин сунушташкан: жаңы усулдагы мектептерде Куранды жаттоо менен чектелбестен, эсеп (математика), жаарапия (география), тарых жана башка сабактар өткөрүлө баштаган.

Жадитчилер кыймылынын өкүлдөрү кыздарды да жигердүү окута башташкан.

Мугалимдерге урматтоо менен “молдоке” деп кайрылышкан. Нур Молдо, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо жана башка ардактаган киши аттары пайда болгон.

Маселен, Нарын өрөөнүндөгү Эчки-Башы айылында Сулайман Молдо, Усуп Молдо (Жусуп Иманалиев) деген жергиликтүү даңазалуу мугалимдер бар эле.

Ал эми мурдагы совет доорунун артыкчылыктарынын бири – Советтер Биримдигинде бир партиянын үстөмдүгү астындагы тоталитардык түзүлүш орнотулгандыгына карабастан, мамлекеттик бийлик айдыңдык (секулярдык, орусча “светский”) түзүлүштү жана эркек менен аялдын тең укугун жактап чыккандыгын алгылыктуу жагдай катары адилет жана таасын белгилөөгө тийишпиз.

Албетте, бул талап – жалаң гана болшевиктердин эмес, дүйнөдөгү жалпы гуманисттик коомчулуктун кылымдар бою айтылып келе жаткан талаптарынан болчу.

Кыргызстанда экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин коомдук көз караш да олуттуу өзгөрүп, “кыздарга сөзсүз билим бериш керек экен” деген түшүнүк басымдуулук кыла баштаган.

Ылайым дал ушул түшүнүктөн айрылбайлык!

Эчки-Башы кыштагынын орто мектебинин мугалимдеринин тобу. 1970.
Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу Он-Арча айылынын Эчки-Башы кыштагынын орто мектебинде иштеген мугалимдердин тобу. Алдыда ортодо отурган – мектеп деректири Самүдүн Шайкыев. 1970-жылдын башы. Кыргызстан.

Агай-эжейлеримдин жаркын элестери ар дайым көкүрөгүмдө

Мага таалим берген айрым агай-эжейлеримдин көзү өттү, айрымлары азыр дагы арабызда.

Аларга учураганда же аларды эстегенимде азыр дагы өзүмдү мектептеги окуучудай же университеттеги студенттей сезип кетем.

Бул – агай-эжейлердин ата-энеден кем эмес таалимчи, тарбиячы болгонунда.

Айылдагы биринчи мугалимим – Өмүр Абдыкадыров агайым, 4–8-класстагы класс жетекчим Күлүйпа Жамантаева эжекем, физикадан берген Исмаил Оморов, музыкадан берген композитор Сайыргазы Түркмөнов, биологиядан берген Кочкорбай Жумаев жана башкалар өз сабактарын мыкты билишчү жана чыгармачылык менен түшүндүрүшчү.

Жусуп Иманалиев (1900 - 1974).
Жусуп Иманалиев (12.3.1900 - 27.10.1974), совет доорундагы Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылынын алгачкы агартуучуларынын бири.

Ал эми Нарын шаарында №1 Токктогул атындагы орто мектепте 9–10-класстагы класс жетекчим, физика мугалими Төрөкан Орозалиева (Нарын шаарында спартакиада маалында футболдон жаракат алып, ооруканага жатып калганымда, атайын мага келип ал-акыбалымды сураганын, эжелик мээримин эч унутпайм), тарыхтан жана коом таануудан берген Нуржан Жунушалиева жана башка агайларым менен эжекелерим да терең билим берген устаттарым болушту.

Кийинчерээк Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинде жана Ташкендеги Өзбекстан ИАсынын Чыгыш таануу институтундагы аспирантурада да далай мыкты окумуштуу агай-эжейлерим унутулгус таалим беришти.

Алардын ар бири өзүнчө алкоо ырын (ода) арноого татыктуу деп санайм.

Кыргызстанды өнүктүрүүчүлөр – мугалимдер

Эгемен Кыргызстан быйыл күзүндө өтмүштөгү тарыхый окуялардын бирин – мурдагы Советтер Биримдигинин курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөөдө. Мамлекеттүүлүк үчүн жасалган ушул олуттуу кадам дагы билимдүү атуулдар тарабынан жүзөгө ашырылган.

1916-жылы эгемен хандык түзүүгө далаалат жасашкан Канаат хан Ыбыке уулу, Мөкүш Шабдан уулу жана башкалар, Алаш-Ордо автономиясын түзүүнү колдогон Эшенаалы Арабай уулу, ар кыл советтик мамлекеттүүлүктүн баштапкы баскычтары үчүн байсалдуу күрөш жүргүзгөн Төрөкул Жанузаков (1893–1921), Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев жана башкалар, Кыргызстандын СССРден чыгып кетүүгө укугу бар экендигин илимпоз катары ачык жазган профессор Кубанычбек Нурбеков, кийинки эгеменчи КДКчылар – булардын бардыгы тең өз учурунда тийешелүү мугалимдин тарбиясын алышкан.

Агай-эжейлердин талбаган жаратмандык ишмердигисиз жана жарандык тарбиясысыз жалпы эле коомубуз караңгылыкка кептелмек.

Мындан ары дагы жарандык коомубузду андан ары телчитүүгө, өлкөбүздү жаркын келечекке багыттоого зарыл кыймылдаткыч күч – мугалимдер деп санайбыз.

Азыркы агай-эжейлерди (анын ичинде аракеттеги жана ардагер мугалимдердин бардыгын) Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү менен ак дилден куттуктайбыз.

Сиздердин жеке жана кесиптик көйгөйлөрүңүздөр – жалпы коомдук деңгээлде чечилүүгө тийиш болгон олуттуу орток маселе экендигин ылайым бардык эле окуучуларыңыздар аңдашса экен!

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG