- Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министри болуп, 2023-жылы октябрь айында дайындалган. Ага чейин “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору, 2012-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.
- Догдуркүл айым, балдардын тамагына мурда күнүнө 20 сомдон бөлүнөт деген маалымат болгон. Азыр ал 14 сом деп чечилген экен, ушул каражат 2024-жылдын республикалык бюджетинде каралдыбы?
- Ооба, каражат каралды. Мындан мурда Жогорку Кеңеш өзүнүн протоколдук тапшырмасында күнүнө 20 сом деп киргизген. Жакында кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык балдарга күнүнө бир маал берилчү тамакка 14 сом, жалпысынан 1,4 млрд сом каралды.
Бул шашке тамак бардык мектептерде уюштурулат. Мындан тышкары жалпы мектептердин 87 пайызында эл аралык донорлордун жардамы менен жакшы шарттар түзүлгөн, калган мектептерде да жакын арада донорлордун жардамы менен жакшыртылган түзүмдөр ишке кирет.
Коңшу мамлекеттерде окуучуларга берилчү тамактын чыгымын ата-энелер көтөрө турганын айта кетели. Буга Кытай, Орусия, Өзбекстанды мисалга тартсак болот. Казакстан эми ишке киргизебиз деп жатат. Бизде болсо мамлекеттик колдоо ишке ашууда.
- Мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууга каршы мамлекеттик саясат жүрүп жатканы белгилүү, анын үзүрү кандай болуп жатты экен?
- Акча чогултуу толугу менен токтотулду. Анткени бардык чыгымдарды бийлик өз моюнуна алып жатат. Бул боюнча президенттин жарлыгы, Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Ушул багыттагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында казынадан эки айлык чыгымдар үчүн 50 млн сом которулду. Бул айылдардагы мектептердин керек-жарагы үчүн каралды.
Ал эми Бишкектеги мектептердин чыгымын шаар бийлиги өзүнө алган. Алар өз алдынча башкаруу бюджетинин алкагында акчасын берип жатат. Бул чыгымдарга мектепти кайтаруу, тазалоо сыяктуу чарбалык муктаждыктар кирет. Мыйзамда ар бир мектепте камкорчулардын иши каралган, азыр ал убактылуу токтотулду.
- Ошонун аркасында балдарды мектепти, класс ичин тазалоо жумуштарына тартуу токтоп жатабы же ал улантылабы?
Мектепти жууп-тазалоочу кызматкерлердин айлыгы аз экени белгилүү, азыр аны 7,5 миң сомдон 12 миңге көбөйтөлү деп жатабыз.
- Бул күнүмдүк керектелүүчү муктаждыктарга, кеңсе буюмдарына, санитардык талаптарды сактоого кете турган акча. Мектепти жууп-тазалоочу кызматкерлердин айлыгы аз экени белгилүү, азыр аны 7,5 миң сомдон 12 миңге көбөйтөлү деп жатабыз. Көпчүлүк мектептерде азыр окуучулар класста дежур болуп жатат, бул мурда да практикаланып келген.
Алар партанын чаңын сүртүп, гүлгө суу куюшат. Азыр мурдагыдай эшиктен суу ташыган мектептердин саны аз, колдорун сууга салбай, атайын швабраны колдонушса болот.
Бул эми жууп-тазалаган техничкалардын кудурети жетпей жатат дегенди түшүндүрбөйт. Бул баланы эмгекке үйрөтүү, жоопкерчиликке тарбиялоо жолу. Бирөөнүн эмгегин баалап, өзүнө милдет алып, анын өтөөсүнө чыгууга үйрөнүшү керек. Баланы өмүр бою эч ким коштоп жүрбөйт эмеспи, андыктан ал өзүн карап, тейлөө көндүмдөрүнө каныгышы керек.
- Бир миллиондой мекендешибиз миграцияда жүрөт. Сиз буга чейин берген маалыматтарда 100 миң баланын ата-энесинин экөө тең, ал эми 300 миң баланын же атасы, же апасы миграция жүрөт деп айтылган. Сиз ошол ата-энелер менен бул жакта калган баланын окуусуна, жүрүм-турумуна байланыштуу келишим түзөлү деген демилге көтөргөн экенсиз. Анын мааниси эмнеде болуп жатат?
- Бул сандарды Бириккен Улуттар Уюмунун балдар менен иштеген түзүмдөрү аныктап чыккан. Биз Конституция баштаган мыйзамдарды жетекчиликке алып, мугалим эмнеге милдеттүү, эмнеге укуктуу экенин тактап, ата-энелердин укуктарынан тышкары милдеттери да болушу керек деген жобо иштеп чыктык. Аны биз Юстиция министрлиги, Башкы прокуратура сыяктуу бул маселеге тиешеси бар тараптар менен макулдашып, жаздык. Мындан тышкары эне-ата эмнеге акча төлөйт, эмнеге төлөбөшү керек деген нерселер такталып, көрсөтүлдү.
Бул жобо жакында биздин министрликтин интернет сайтына коомдук талкууга коюлат. Кабыл алынгандан кийин ар бир ата-эне менен макулдашып, кол коюлат. Эгер эне-ата миграцияда болсо, баланы карап жаткан жакындары же тараптар кол коюшу керек. Мындан тышкары мигранттардын дагы бир өтүнүчүнүн негизинде кийинки жылы Бишкектеги № 5 мектептин базасында майыптыгы бар балдарга онлайн билим берүүнү киргизели деп жатабыз.
- Окуучулардын билим деңгээлин текшере турган эл аралык PISA сынагы бар эмеспи, ага Кыргызстан быйыл катышабы?
- Биз 2025-жылы катышууну максат койдук. Ал үчүн 27 миң мугалим ушул багытта атайын даярдыктан өттү, алар PISA боюнча терең билим, тажрыйба алышты. Бала мыкты болуш үчүн ага билим берип жаткан мугалимдердин билим сапаты жогорку деңгээлде болууга тийиш. Жыл сайын өтүп келаткан PISA сынагынын быйылкы жыйынтыктары күтүүсүз натыйжаларды берди.
Акчаны көп жумшаган мамлекеттер деле жакшы көрсөткүчкө жетпептир. Эң негизгиси жакшы деңгээлди үч фактор камсыздайт экен: биринчиден, бул баланы билимге багыттаган үй-бүлөдөгү жагдай, экинчиден, мыкты билимге багыттаган мугалим, үчүнчүдөн, социалдык макамына карабай бирдей шартта окуткан система. Мына ушундай үч фактору тегиз иштеген мамлекеттер бул ирет алдыга чыгышты. Көп нерсе акчага көз каранды эмес, натыйжа кайсы жерде мугалим менен ата-эне биргелешип бир багыт үчүн кызматташкан жерде болот экен.
- Быйыл жаңы билим берүү мыйзамы кабыл алынып, ага ылайык ваучердик система киргизилмечи. Бул жаңы система ошол PISA сынагына өзүнүн оң таасирин тийгизеби?
Азыркы тапта 26,4 пайыз гана балдар бала бакчага барат, бала бакчага дагы 780 миң бала каттай албай турат.
- Түз таасирин тийгизет деп айта албайм. Ваучердик система билим берүүнү монополдоштуруудан, борборлоштуруудан алыстатуу, рыноктук механизмдерди киргизүү максатын көздөйт. PISAда сап башына чыккан мамлекеттерде ваучердик система жок. Биз алгач мектепке чейинки билим берүү системасында ваучерди колдонууну ойлоп жатабыз. Себеби, азыркы тапта 26,4 пайыз гана балдар бала бакчага барат, бала бакчага дагы 780 миң бала каттай албай турат. Биз Казакстандын, Орусиянын жана бул жаатта алдыга кеткен Өзбекстандан тажрыйба алалы деп турабыз. Азыркы тапта Дүйнөлүк банк, ЮНИСЕФ менен бирге биздин министрликтин кызматкерлери теңдештирүү коэффициенттерин аныктоо үстүндө иштеп жатышат.
- Акыркы суроом мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билимин аныктоого байланыштуу. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллы өзгөрөбү же мурдагы абалында калабы?
- Биз бул маселени да талкуулап жатабыз. Ага чейин мугалимдердин жетишкендиктерин баалоо, предмет боюнча, психологиялык, педагогикалык компетенттүүлүгүн текшерүү максатында жалпы республикалык тесттин үстүнөн иштеп жатабыз.
Максат – мугалимдерди жазалоо эмес, аларга жардам берүү. Ал эми ЖРТнын босого ченемин “Алтын тамга”, “Алтын сертификаттарды” эске алуу менен чечебиз. Балким, педагогикалык кесиптерге талапты жогорулатабыз, анткени өтпөй калган бала барып кайра мугалим болбой, тескерисинче, алдыңкылар келечек муунга татыктуу билим бериши керек.
- Маегиңизге ыракмат.