Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

"Мугалимдер эркин иштегенде коом өнүгөт"


Дүйшөн Шаматов.
Дүйшөн Шаматов.

Кыргызстан акыркы жылдары билим берүү жаатында бир катар өзгөрүүлөргө кадам таштап жатат. Алар канчалык жемишин берүүдө?

Биз бүгүн Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору, изилдөөчү Дүйшөн Шаматов менен "Азаттыктын" студиясында билим берүүдөгү реформалар, өксүктөр, гуманизм тууралуу маектештик.

ЖРТ эмне үчүн керек?

Сөздү адегенде жакында эле жыйынтыгы чыккан Жалпы республикалык тестирлөөдөн баштасак. Коомдун бир тарабы бул эң жакшы, калыс ыкма экенин айтса, ошол эле маалда тестирлөө - бул билимдин чыныгы көрсөткүчү эмес деген пикирди кармангандар да бар. Сиздин оюңузча, "алтын ортолукту" кантип тапса болот?

- Жалпы республикалык тестирлөөнү он жылдан бери изилдеп, макалаларды жазып келем. Ачыгын айтуу керек, ЖРТ - билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчү эмес. Муну ЖРТ өткөргөн борбор дайыма айтып келет. Бул бүтүрүүчү класстардын окуучуларын ЖОЖго тандоо, аларга гранттык орундарды бөлүштүрүү үчүн гана колдонулчу. Кийинчерээк контракт менен окуй турган орундарга да ошондой ыкма менен алып калышты.

- ЖРТдан кээде жакшы окуган окуучу төмөн, начар окуган окуучу жогору балл алган учурлар тууралуу угуп калабыз. Бул билимге болгон ишенимди төмөндөтүп, балдардын көңүлүн калтырбайбы?

- Негизи тест жөнүндө айтсак, Probability theory деген бар. Эч нерсе окубаган бала катышса деле тесттен 25 пайыз жообу туура чыгып калышы мүмкүн. Мектепте жакшы окуган окуучу төмөн, начар окуганы жогору балл алган учурлар бар. Бул мектеп менен ЖРТнын баалаган көндүмдөрү көбүнчө дал келбегенден улам болушу мүмкүн. Бирок мен жүргүзгөн изилдөөдө аныкталгандай, мурдагы Советтер Союзуна кирген бир катар өлкөлөргө караганда Кыргызстандын системасы кыйла алдыда. Ошол эле Казакстанда ЖРТнын аналогун Билим берүү министрлигинин астындагы тест борбору жүргүзөт. Кыргызстанда бул ишти көз карандысыз борбор аткарып жатат. Бул жакшы, анткени эч ким өйдө жактан чалып, “менин баламдын баллын жогору кылып кой” дей албайт. Экинчиден, ЖРТнын суроолору сынчыл ойлом жана логикалык жактан ойлонууга негизделген. Бизде кээ бир мектептерде эски программа, эски усулдар менен окутат. Мындайда балдардын билими жаттама болуп, тесттен төмөн балл алышы мүмкүн.

Күчтүү мугалимдер кантип чыгат?

- Акыркы жылдары Кыргызстанда так илимдерге көңүл бурулуп, тийиштүү сабактарды өткөн мугалимдердин айлыгы жогорулады. Ошол эле маалда 10-20 жылдык тажрыйбасы бар адабият же тарых мугалимдеринин “Кечээ окууну бүткөн студент менден көп алып жатат” деп нааразы болгонун угуп калабыз. Бул көйгөйдү кантип чечсе болот?

- Бул эми дүйнөлүк көйгөй. PISA системасын же ошол эле ЖРТны караңыз. Математика баштаган так илимдерге гана көңүл бурулуп калууда. Көркөм табитти калыптандырган сабактарга анча маани берилбей жатат. Бирок алардын да орду бар. Жакында эле Энди Харгривз менен Денис Ширлинин англис тилинен кыргызчага которулуп чыккан “Төртүнчү жол” китебинде Финляндиянын мисалы жакшы берилген. Адам санын эсептей келгенде дирижерлордун көбү ушул өлкөдө экен. Адамдар жалаң эле байлык куубай, бактылуу, бакубат да болушу керек да. Жыл сайын ЮНИСЕФтин бактылуулук индекси боюнча рейтингинде Финляндия алдыга чыгат. Ошол эле маалда экономикасы дүркүрөп жаткан өлкөлөрдө андай эмес. Ата-эне баласына англис тилин же математиканы жакшы оку дегенден мурда, өзүнө "балам мектепке сүйүнүп барабы, достору барбы, кечинде үйгө кубанып келеби?" деген суроолорду берсе туура болмок.

- Жалаң гана так илимдерге басым кылган тажрыйбалардын мүчүлүштүктөрү бар дейсизби?

- Айталы, технология, экономиканы камтыган STEM сабактары. Экономика күчтүү болсо, өндүрүш, аны иштеткен көндүмдөр да жакшы болот. Ал баарыбызга жакшы. Качанкыга чейин башка мамлекеттердин өнүмдөрүн колдонобуз, өзүбүз деле жасайлы да. Бирок кийин STEM сабактарынан маселе чыгып, STEАM болуп өзгөрүп кетти. Мурда science - илим, technology - технология, engeneеrig - инженерия, math - математика болсо, кийин art деп искусствону да кошуп коюшту. Эсеп чыгарып, компьютерди жакшы билген бир. Бирок жаш муун роботко окшобой, алган билимин адамзаттын келечегине, коомдун өсүшүнө, Кыргызстан эле эмес, дүйнөнүн өнүгүшүнө да салым кошкон атуул болушу керек. Азыр климат өзгөрүп, ар кандай табият кырсыктары көбөйдү. Анын алдын алууга же кесепеттерин жоюуга биздин адистер даярбы? Коронавирус пандемиясы күч алганда колубуздан эч нерсе келбей калды го. Ошого окшогон апаат дагы кайталанбасын десек, адистерди даярдашыбыз керек. Вакцинаны эмнеге өзүбүз ойлоп таап, маселени чечүү жолун эмнеге өзүбүз иштеп чыкпайбыз? Билим берүүгө көңүл буруп, туура реформа кылсак, келечекте Кыргызстанда дагы күчтүү адистер чыкмак.

Гумандуу коом кантип жаралат?

- Гуманизм тууралуу айтып калдыңыз. Жазында Бишкекте индиялык жана пакистандык студенттерге кол салган тополоң болду. Бир топ жаштар кармалды. Муну билим берүүнүн өксүгү катары кабылдасак болобу? Анткени көпчүлүк мектептерде балдардын билимине гана басым жасалып, тарбия иштерине анчейин көңүл бурулбайт эмеспи?

- Мурдагы союзга кирген өлкөлөрдө этношовинизмдин элементтери пайда болду. Ар бири өз тарыхын, улуулугун даңазалап, “байыркыбыз” деп атаандашып, кыйындыгын тастыктаганга аракет кылып атат. Ырас, тарыхка кызыккан жакшы, кайдан келгенибизди, ким экенибизди билүү зарыл. Бирок биз кошуна мамлекеттер, дүйнө менен бир экенибизди унутпайлы. Дүйнө жүзүнүн дагы атуулу болууга умутулушубуз керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда эле эмес, кошуна мамлекеттерде дагы андай болбой жатат. Ар бири өзүн өзгөчө сезет. Ошол себептүү чек ара маселелери чыгып, "биз гана улуубуз, кыйынбыз" деген кастык тили курчуп жатат. Антропологияда othering деген түшүнүк бар, адамды түсүнө, жытына карап өгөйлөө, өзүңдү аларды жогору коюу десек болот. Бул тенденция эч качан жакшылыкка алып барбайт. Кыргызда "өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло" дешет го. Глобалдык дүйнө бизди жаман жагыбыздан тааныбай, жакшы жагыбыздан үлгү алгыдай болсо дейм.

- Дагы бир маселе биздин коомго адам укугун урматтоо, гуманизм, сынчыл ой жүгүртүү, табиятты сактоо деген баалуулуктар жетпей жатканы айтылып келет. Балким, буларды мектептен, балким бала бакчадан эле окутуу маанилүү чыгаар? Атайын сабак катары киргизүү керектир?

- Ал үчүн билим берүү системасында олуттуу өзгөрүүлөр болушу керек да. Мектепте иштеген мугалимдер кандай болушу керек деген изилдөөлөр жүрүшү абзел. Сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтүү үчүн да көндүмдөр керек. Тилекке каршы, ЖРТдан жогору баа алган балдар педагогикага барбай жатат. Ушул көйгөйгө системалуу карап, талдап, оңдошубуз керек. Мектепти мыкты бүткөн балдар мугалим болом десе, аларга заманбап билим берип, 90-жылдагы окуу программаларын өзгөртөлү. Билим берүүнүн эң жаңы теорияларын, изилдөөлөрдү үйрөтсөк, жаш адистерге эң жогорку айлык коюп берип, колдосок, ошондо гана туруктуу, күчтүү реформа жүрөт. Ар кайсы жерден чолуп алып, реформа кылганыбыз менен, алар аягына чыкпай жатабы дейм. Окууну өзгөрткөнүң менен, баалоо системаң жаңырбаса, бардык эмгегиң текке кетет да. Ошол себептүү бул маселеге системалуу мамиле кылыш керек.

Бейбаш баланы урушуу туурабы?

- Жакында эле Энди Харгривз менен Денис Ширлинин "Төртүнчү жол" аттуу китеби кыргыз тилине которулуп, жарык көрдү. Анда өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүүдөгү катачылыктары да талданган экен. Биздеги айрым тенденциялар ошол катачылыктарды эске салгандай болду.

- Эптеп эле PISAдан алдыга жылабыз деп, балдарды тестке даярдаган Азиядагы анчейин демократиялуу эмес мамлекеттердин жыйынтыгы жакшы болуп кете берет. Бирок тесттин жыйынтыгы рахаттанып, билим алууга дал келбей калган учурлар да болот экен.

Говард Гарднер деген илимпоз балдардын жөндөмүн жалгыз акыл көрсөткүчү менен эсептеген туура эмес экенин айткан. Классыңызда отуз бала болсо, алар ар кыл жөндөмгө ээ. Математика жана логиканы жакшы билгендерди гана акылдуу деп баалап, таланттуу балдарды көңүл сыртында калтырбаш керек. Бизде мектепте тынчы жок, бейбаш балдар көбүрөөк жазаланат. Аларды “тынч отур” деп урушабыз, бирок тынч отура албай жатса эмне кылсын? Бул алардын кинестетикалык өзгөчөлүгү. Алар денесин башкара алып, ийкемдүү келгендиктен, келечекте мыкты акробат, гимнаст, спортчу болушу мүмкүн экен. Аларды жемелөө ордуна сабак учурунда секиртип, ойнотуп, анан тапшырма берсе, сүйүнүп, балким жакшы окуп кетишмек. Билим берүүдөгү чыгармачылык деген ушундай нерселерди да эске алат.

- “Төртүнчү жол” китебинде Лондондогу бир мектептин мисалы келтирилген экен. Келгиндер жашаган райондогу бул мектеп саналуу жылдар аралыгында эң мыкты билим берүү жайына айланыптыр. Себебин изилдеп көрүшсө, ал жерде ата-энелер, диний коомчулук мугалимдерге жапа тырмак жардам берип, агартуу ишине катышкан экен. Биздин коомдо да ушундай иш-аракеттерди кылса болобу?

- Албетте. Тилекке каршы, биздин коомдо ажырым күч. Ата-эненин мектептин билим берүүгө кызыкпаганы союздан калган адат. Бизде ата-эне кайсы учурда мектепке келет? Класстык чогулушка, окуу жылы башталып же аяктаган учурларда гана. Ийгиликтүү системада ата-эне мектепке өнөктөш катары каралышы керек. Бизде чектөөлөр көп, ошон үчүн кызматташтык болбойт. Динзарлар деле илим-билимдин баа-баркын коомчулукка жеткирүүгө көмөктөшсө болот. Чектен чыккан, "меники гана туура" деген көз караштар басымдуу болсо, тынч жашай албайбыз, толеранттуу, бири-биринин ишенимин сыйлаган коом түптөшүбүз керек.

Мугалимди кантип колдоо керек?

- Китепте автократия, технократия билим берүүнүн башкы душманы катары сүрөттөлгөн экен. Мугалимдер эркин иштеши керектиги айтылыптыр. Бирок ага биздин коом, мугалимдер даярбы?

- "Эркин иштөөгө даяр эмеспиз, кыргызга демократия жарашпайт, катуу камчы керек" дешет. Бирок бул туура эмес. Африкада "убунту" деген түшүнүк бар, "Сиз бар болгон үчүн мен бармын" дегенди билдирет. Кыргызда ал илгертеден бар да. Конок келсе, үйгө киргизип, курсагын тойгузат. Азыр эми шайлоо системабызды жолго койсок, ошого ар бирибиз жоопкер экенибизди сезсек эле, алга жылмакпыз. Бирок ушу КМШ өлкөлөрүнүн жарандары күтүү менен жашайт экенбиз да. Керемет адам келсе, анан ал баарын өзгөртсө деп. Ар бир жарандын коомду өзгөртүүгө тиешеси бар. Ал үчүн депутат болуп, саясатка баруунун деле кажети жок.

Экинчиден, китепте Финляндия мугалимдерге эркиндик, чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бергени жазылган. Эл агартуучуларды сыйлап, ишеним көргөзгөн коомдо жылыш болот экен да. Мугалимдин эң ыйык иши - 45 мүнөттүк сабагы. Ага ар кандай буйрук берип, мектепке тиешеси жок иш-чараларга тартууга болбойт. Мисалы, Казакстанда үч-төрт жыл мурда эле педагогдун статусун коргой турган жаңы мыйзам иштелип чыкты. Эгер мугалим өз кесибине тиешеси жок багытта иштетилсе, администрация жоопко тартылат. Бизде да мугалимде массовкага катышпай койсом, мени мыйзам, система коргойт деп ишеним болушу керек.

- Жакында мугалимдердин оорусуна байланыштуу бир токтом долбоору артка кайтарылды. Анда жугуштуу эмес, кан аркылуу жугуучу оорулардын да тизмеси жүрөт. Бул мугалимдерди кодулоо катары кабыл алынып, коомдо сынга да кабылды.

- Казакстанда айрым мектеп менчиктерге мугалим боло турган адам психикалык жактан оорулары жокпу, педофил эмеспи деп сөзсүз текшерүүдөн өтөт. Бул өтө маанилүү. Бирок элге зыяны жок оорусу бар адистерди кодулоого жол берилбеши керек. Инклюзивдүү билим берүү деген бар. Ошол эле Даун синдрому бар бала мектепке келиши керек. Аны окутканга мектеп, система даярбы, ага да көңүл буруу кажет. Назарбаев университетинде бир студенттин демилгеси менен ачылган социалдык ашкана бар. Ал жерде психикалык жактан жабыркаган улан-кыздар иштейт. Алар элди тейлөө маалында жаңылып калышы мүмкүн, бирок бул үчүн аларды эч ким урушпайт. Аларга дагы иштеп, жанын багууга, коомго аралашууга мүмкүнчүлүк берилген. Кыргызстанда ушул күндө да дефектолог деген адис бар. Дүйнө андан эчак арылган. Дефектологияда нормага жооп берет, нормадан төмөн деген түшүнүк бар экен. Антип бөлүүгө болбойт, анткени ар бир адам ар башка артыкчылык, жөндөм менен төрөлөт.

Казакстанда кандай реформалар жүрүп атат?

- Сиз Казакстандагы Назарбаев университетинин профессорусуз. Коңшу өлкөдөгү билим берүүдө азыр кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

- Жогорку билим берүү деген жакшы факультет бар. Болочок билим берүү башкаруу адистерин, реформаторлорун даярдайбыз. Келечекте ошолор изилдөөнүн негизинде реформа жүргүзүшү керек. Ал жерде Кыргызстандан да барып окуган улан-кыздар бар. Бизде да ошондой факультеттер ачылышы керек.

Казакстанда азыр Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен мугалимдерди кайра даярдоо деген реформа башталды. Өтө алдыңкы тажрыйбаларды алып келишүүдө. ЖОЖдоруна акырындык менен автономия берип атат. Бара-бара дүйнөлүк педагогикалык билимден да артта калбай Кыргызстан дагы ошол иштерди жасашы керек. Анан булар коркпой эле PhD деген илимий даражаны системасына киргизип, аспирантураны жоюп салышты. Бизде болсо өнөктөш өлкөлөрдүн көзүн карап, анте албай жатабыз.

Кантип кесип тандоо керек?

- Кыргызстанда жакында ЖОЖдордун рейтинги чыкпадыбы. Ал тууралуу ар кандай сын пикирлер да айтылды. ЖОЖду тандоодо рейтинг маанилүүбү? Абитуриенттер окууга тапшырганда кайсы критерийлерге көңүл бурушу керек?

- Менин ал рейтинг тууралуу анча кабарым жок экен. Ошон үчүн айта албайм. Бирок эгер мен абитуриент болсом, университеттин сайтына кирип, профессорлордун курамын карамакмын. Менин багытым боюнча кайсы илимпоздор бар, кимдер сабак берет деп талдоо жүргүзмөкмүн. Экинчиден, ошол ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү кайда иштеп жатканына көңүл бурмакмын. Үчүнчүдөн, иш берүүчүлөр ушул университет даярдаган кадрларды кандай баалап жатат деген суроого кызыгат элем. Материалдык-техникалык, окуу базасына, китепканасы бар-жогуна да маани бермекмин. Кээде шарты, окутуучулары жок туруп деле ЖОЖ ачкандар болгон да. Төлөгөн акчага жараша билим алып жатасызбы деп башка студенттерден сурап көрмөкмүн.

- Азыр ЖОЖдорго кабыл алуу башталды. Ар бир мектепти бүткөн адамда кайсы кесипти тандайм деген суроо туулса керек. Дегеле кесипти кантип тандоо керек деп кеңеш бересиз?

- Тилекке каршы, көпчүлүк балдар ЖРТнын жыйынтыгы чыкканда кесип тандайт экен. Бул туура эмес. Кесипти эрте эле, 5-6-класста тандоого багыт берген жакшы. Менин 11 жаштагы кызым кристалл таштарга кызыгып, чогултуп атат. Келечекте ошол жаатта билим алат окшойт деп, керектүү китептерди, таштарды алып бердим. Эң бактысыз адамдар, кесипти туура эмес тандагандар экени изилдөөдө аныкталган. Ата-эне өзү окубай калган кесипти балага таңуулабай, өз эркине коюш керек. Өткөндө айылга барсам, бир апа өтө капа болуп алыптыр. Себебин сурасам, уулу ашпоз болом деген экен, "эркек балага ашпоз болгон жарашпайт" дейт. Мен эркек баланын тамак жасаганы уят эмес экенин, керек болсо дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты ашпоздор бар экенин айттым. Кээде айрым ата-энелер өз доорунун көз карашы менен калып, балдарын түшүнбөй кыйнай беришет. Кесипке даярдоо боюнча да мектептерде олуттуу өзгөрүүлөр болушу керек.

XS
SM
MD
LG