Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

12 жылдык окуу эмнеге керек? Министр Догдуркүл Кендирбаева менен маек


Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева

Кыргызстанда кезектеги жолу билим берүү тармагын реформалоо демилгеси көтөрүлдү. Анын алкагында 12 жылдык окутуу системасы сунушталды. Бул программанын өзгөчөлүгү эмнеде? Буга чейинки реформалоо аракеттери сыяктуу ара жолдо калбайбы?

Бул суроолорго билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Азаттыкка» курган маегинде жооп берди.

"Азаттык": Эки күн мурда Билим берүү министрлиги жаңы “Алтын Казык” деген билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, реформалоо боюнча программаны сунуш кылды. Бул долбоордо билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү, андан сырткары он эки жылдык билим берүү системасына өтүү сыяктуу бир нече өзгөрүүлөр камтылган экен. Кыргызстан эгемендик алгандан тарта эле билим берүү тармагы улам бир реформаны башынан өткөрүп, ийгилиги менен катар кемчиликтери болду. Реформалардын жыйынтыгы күтүлгөндөй болбой, билим берүүнүн сапаты начарлап бара жатат деген сындар дагы көп. Бул жолку реформанын ишке ашарына кантип ишенсек болот? Анын өзгөчөлүгү эмнеде? Эмне үчүн “Алтын казык”?

Догдуркүл Кендирбаева: Алгач аталышын түшүндүрсөк, "Алтын казык" –“түндүк жылдызы” деп аталат. Ал эч качан ордунан жылбайт. Башка жылдыздар Алтын казыктын айланасында тегеренет. Ал адашкан адамдарга багыт болот. Ошондой багыт берүүчү жылдыз. Үй-бүлөдөн баштап, бардык планета баланын тегергинде айланат. Ата-энеси, мугалими, мектеп, коом, мамлекет дегендей. Бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшү -окуучунун билиминин сапатына байланган.

Сиз дагы туура айтып өттүңүз. Президент дагы “Ишке ашпаган, жөн эле аты эле күчтүү реформа болуп калбасын” деп абдан туура белгиледи. Буга чейин деле изденүү, аракеттенүү болгон. Бирок аягына чейин жетпей, көпчүлүк учурда донордук уюмдардын демилгеси менен болуп келген. Башкача айтканда, ар бир жаңылык тамырлабай кала берген. Ошондуктан, биз түп-тамырынан бери өзгөртүүгө барып жатабыз. Эмне үчүн ушуга бардык? 2006-жылы биздин окуучулар PISA сынагын тапшырган учурда ага катышкан 56 өлкөнүн ичинен акыркы болуп калды, 2009-жылы болсо 67 өлкөнүн ичинен 67-орунда болуп калдык. Бирок биз эң кубаттуу өлкөлөр катышкан сынакка катыштык. Ал эми Кыргызстанда 2023-жылы жүргүзүлгөн билимдин сапаты боюнча улуттук баалоодо окуучулардын 64 пайызы дээрлик математиканы билбейт, ал эми 42 пайызы болсо эмне окуганын түшүнбөйт деген жыйынтык чыкты. Демек, креативдүү, жасалма интеллект эмгек рыногун ээлеп турганда дал ушул шартка жооп берген билим бере албайбыз деген жыйынтыкты көрсөтүп турат. Ошондуктан түп-тамырынан бери өзгөрүүгө барууну чечтик.

"Азаттык": Бирок бул программа эмнеси менен өзгөчөлөнөт? “Аты улук, супарасы курук” программа болуп калбашы үчүн эмнеси менен бүгүнкү күндө билим берүү сапатын өзгөртөт? Эмнеге ишенсек болот?

Догдуркүл Кендирбаева: Биринчиден, биз он эки жылдык билим берүү системасына өтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Бириккен Улуттар Уюмунун курамына кирген 197 өлкөнүн 150 өлкөсүндө он эки жылдык билим берүү. Башкача айтканда, биздин окуучуларыбыз 150 өлкөнүн эмгек жана билим рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Эмне үчүн он эки жылдык билим керек? Эгерде сиздин балаңыз бала бакчага барган болсо, сан менен тамганы тааныйт. Бала бакчанын жогорку тайпаларында окуганды билип келет. Нөлүнчү класска келгенде тамганы таанып жатабыз. Биринчи класска келгенде дагы кайрадан тамганы таанытып, “Алиппе” майрамын өткөрүп, “Биз биринчи классты бүттүк” деп жарыя салып жатабыз.

Бүгүнкү күндө эмгек рыногунун талаптары абдан катуу, өтө конкуренттүү. Эл аралык эмгек рыногу жалаң STEM илимдерине байланды. Ошондуктан он эки жылдык билим берүү системасына өткөндөн коркпош керек. Мурун туура түшүндүрүлбөгөндүктөн, элдин каршылык көрсөтүү агымы болгон. Жогорку Кеңеште дагы эки жолу “Кайрадан он жылдык системага келишибиз керек” деген пикирлер болгон. Андай болбойт. Баланын жашы өзгөрбөйт. Алты жаштан “нөлүнчү класс” деп аталбайт, биринчи класс деп эле аталат. Ал эми балдарды мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. Ошондо 1-5-класс башталгыч класс, андан соң 6-9-класс, андан кийин 10-12-класста болсо, кесипке багыт берүү иштери башталат. Айрымдар "материалдык-техникалык база жок, кантип муну ишке ашырасыңар" деп айтып жатат. Муну уюштурса болот. Мисалы, бүгүн эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өлкөдөгү мектептердин 82 пайызында жакшыртылган мектеп ашканасы уюштурулган. Ал жерде идиш-аяктан баштап тамак бышырчу мештерге чейин бар. Быйыл Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын колдоосу менен калган мектептерде да ачылып, дээрлик 90 пайызында ашкана болот. Азыр ар бир экинчи үйдө кафе-ресторан уюштурулуп, бул жаатта адистерге муктаждык бар. Мына ушул маселени мектептен чечип, ар бир окуучу мектептен атайын кесипке ээ болуп чыкса болот. Мындан сырткары учурда 400дөн ашуун мектепте кийим тигүү машинелери бар. Биз ошолорду жакшыртуу аркылуу тигүү тармагына керектүү адистерди мектептен эле даярдасак болот. Кыргызстан тигүү тармагында атын жасап, жеңил өнөр жайда алдыңкы сапта жүрөт, бирок иштей турган адам таппай жатышат. Мындан сырткары кесиптик-техникалык окуу жайлар менен биргелишип, балким ширетүүчү, курулушчу деген кесиптерге мектеп үйрөтө баштасак болот. Аны практикалык көндүмдөрүн үйрөтө алабыз. Буга кошумча экинчи процесс бар. Муну таанып-билиш үчүн билим берүүдөгү ийгиликтерин сунуштаган Лондондогу билим берүү жармаңкесине бардык, Сингапурга бардык. Сингапур окуучулардын жетишкендигин баалаган PISA сынагында чемпион болуп келе жатат. Ошондой эле Малайзиянын билим берүү жаатындагы тажрыйбасын, дымагын, касиетин талдадык. Бул жерде окуучуну жаттама көндүмдөрдөн кетип, өз алдынча ой жүгүртүү, чечим кабыл алуусуна багытташат экен. Ошондуктан, Сингапурдун Cavendish системасына негизделген окуу китептерин алалы деп чечтик. Алар бул жерге келип, презентация кылышты. Алардын 47 аталыштагы табыгий-математикалык багыттагы окуу китептерин алабыз. Башталгыч класстан жогорку класска чейин англис тилиндеги китептерди алабыз.

"Азаттык": Сиз айтып жактан жалпы функционалдык системаны түп- тамырынан берүү өзгөртүп, эң мыкты тажрыйбаларды алуу аракети жакшы. Мисалы, Сингапурдун окуу китептери менен, программаларын көчүрүп... Бирок бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын шартындагы мектеп, мугалимдер ага даярбы? Себеби, соңку учурларда айтып келе жаткандай, педогогикалык багыттагы кесипке мектептеги даярдыгы эң начар окуучулар барат, абитуренттер тапшырат. Андан сырткары Бишкек шаарын эске алганда мектептеги окуучулар үчүн орундар жетпей жатса, материалдык-техникалык база начар болуп жатса, он эки жылдык окуу системасына өтүү техникалык гана чечим болуп калбайбы?

Догдуркүл Кендирбаева: Бул боюнча буга чейин дагы Билим берүү министрлиги тарабынан сапаттуу кадрларды тартуу боюнча ырааттуу иш жүргүзүлүп келген. Педагогикалык окуу жайларга тандоодо баллдар жогорулатылган. Бүгүнкү күндө Жалпы республикалык тестирлөө боюнча орточо 160 баллды түзөт. Андан сырткары, биринчи курста 1000 сом, экинчи курста 2000 сом, үчүнчү курста 3000 сом, төртүнчү курста 4000 сом жөлөк пул алышат. Каалоочулардын саны жогорулап бара жатат.

Мугалимдердин айлык акысы жогорулаганга чейин 3000-4000 мугалим жетпесе, бүгүнкү күндө 600дүн тегерегинде орус тилиндеги STEM сабактары боюнча мугалим жетпейт. Демек, мугалимдик кесипке болгон кызыгуу бар жана жогорулап жатат десек болот. Мектептердин материалдык техникалык базасы боюнча бүгүнкү күндө Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоору менен 47 000 мугалим STEM жана ЕКТ технологияларынын негизинде мамлекеттин тапшырмасы менен окуп жатат. Санариптик толук транформация жасаганда, бүтүндөй STEM сабактары жеткиликтүү. Бүт окуу техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгы иштелип жатат. Онлайн платформада болот.

"Азаттык": Билим берүүнүн реформасы тууралуу кеп кылып, абдан дымактуу өзгөрүүлөр жөнүндө айтып жатасыз. Бирок ошол эле учурда, жакынкы убактагы кырдаалды айта турган болсок, окуу куралдары боюнча кризис болду. Сизге чейинки министр дал ушул чырдын айынан кетти. Акыркы 13-марттагы жыйын учурунда деле президент ушул жаатта окуу куралдары боюнча маселе толугу менен чечиле элек экендигин, кырдаалдын начардыгын айтты. Учурда окуу куралдарынын маселеси чечилип жатабы? Канча окуу куралы жетпейт? 5 миллион окуу куралы жетпейт деген маалымат болду эле. Аны кантип чечип жатасыздар?

Догдуркүл Кендирбаева: Эгерде акыркы маалыматтар менен тактасак, бүгүнкү күндө толугу менен жаңы муундагы китептин стандарттары менен камсыз кылуу 17 миллион 400 миң китепти түзөт. Башкача айтканда, бир окуучуга 12 комплект деп коет. Чындыкты ачык эле айтыш керек. Анткени биз үчүн керек. Бул 8 миллиард 700 миллион сом болот. Ошону камсыз кылуу үчүн жылына 152 миллион сом бөлүнөт. 152 миллион сом менен 60 жылдын ичинде камсыз кылабыз.

Жаңы стандарт дегенде түп-тамырынан окуу китебин жок кылбайт. Айрым элементтер кошулат. Айрыкча так илимдер боюнча негизги өзөктүү маалыматтар өзгөрүлбөйт. Ал этап, этабы менен кошумчаланып, толукталат. Ошону чечүү максатында президент толугу менен 47 наамдагы Кэмбриж системасы менен Сингапур китебин алууга тапшырма берди.

Азия өнүктүрүү банкынын жетекчиси менен кездешип, каражат таап берүү маселесин Каржы министрлиги койду. Ошонун үстүндө өтө интенсивдүү иштеп, 3 жылдын ичинде толугу менен камсыз кылабыз.

"Азаттык": Парламент 14-мартта “чет өлкөлүк агент” же болбосо коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгу мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Анда чет элден каржыланды деген бейөкмөт, коомдук уюмдар мындан ары “чет өлкөлүк өкүл” катары таанылат деп жатат. Мыйзам долбоору талкууланып жатканда билим, илим тармагындагы уюмдар дагы кирип калбайбы? Эгер кирип кала турган болсо, билим берүү тармагына өзүнүн кедергиси тийгизиши мүмкүн деген чочулоолор айтылган. Сиз министр катары көз карашыңыз кандай? Кирип келе жатып, эл аралык уюмдар, институттар менен жолугушканыңызды көрдүк. Кыргызстан эгемендик алганы окуу китептеринен баштап, тамак-ашка чейин чет элден бөлүнгөн акча менен кайсы бир деңгээлде кармалып келе жатты.

Догдуркүл Кендирбаева: “Сапат” жана жеке менчик мектептердин уставдарын карасаңар, “коммерциялык эмес” уюм деп жазылган. Бирок ошол мыйзамда “эгер саясий иш алып барбасаң” деген жери бар. Булар саясий эмес, билим берүү кызматын көрсөткөндүгү үчүн ал категорияга кирбейт деген ишеничим бар. Бизде бул жөнүндө кооптонуу болду.

Борбор Азиядагы Америка университети, инновациялык коллеж, “Сапат” бар. Жеке менчик мектептердин баарынын уставдарында “коммерциялык эмес” уюм деп жазылган. Эгерде отчет берүүдө эмне кайсы жакка жумшалып жаткандыгы таза, ачык көрсөтүлсө, мыйзам менен деле иштешсе болот. Албетте, чектөө болот. Ар кандай диний, чет өлкөлүктөр түзгөн мектептер бар. Эми алар толук маалымат бергенге милдеттүү болуп калат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG