"Медресеге келин издеп келишет"
Өзгөн районундагы Мырзаке айылында “Абдирайим кары” медресесинде 200дөй кыз билим алат. Мында алар негизинен Куран жатташат. Медреседе сабак бергендер кыздарга сүрөөлөрдүн маанисин түшүндүрүү үчүн кошумча сабактар керек экенин айтышты.
“Азыр кыздар арабчасын окуп, жаттап, үйрөнөт. Ошол сүрөөлөрдүн маанисин тафсир илими аркылуу окушат. Тафсир үч жылдык медресенин программасына камтылбайт. Араб тилинин грамматикасын аябай жаттап, Курандын түшүндүрмөсүн үйрөнүшөт. Азыр бул жерде тафсир илими өтүлбөйт”, - деди медреседе сабак берген мугалим Ибадат Можуева.
Тафсир - ислам теологиясынын Куран жана Сүннөттү чечмелеген багыты.
Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүү кошумча сабак катары киргенин медресенин окуучусу Робия Орозалиевадан уктук.
“Биринчи курста биздин мугалим эжекебиз Word, Power Point, Excelди үйрөтүп кетти. Экинчи базасында графикалык дизайнды окудук. Практикада идишке сүрөт чыгарганды өздөштүрдук. Диплом, грамоталарды, резюме, сүрөт чыгарганды үйрөндүк”.
Медреседе кесиптик билим катары кулинария, кол өнөрчүлүк кирген. Кыздар кийим бычып, аны колдо же машинада тиккенди үйрөнүшөт.
Айылда Куран жаттап, тикмечилик, ашпоздукту үйрөнүп жаткан кыздар келечекте тың, ыймандуу келин болот дегендер бар.
Медресе мугалими Фатима Абдираимова кээде жуучулар сабакка чейин келерин айтты:
“Сырттан көп эжелер “бул жерде кыздар окушат экен, таанышсак болобу, көрсөк болобу” деп келет. Медреседе мугалимдер арасында эреже кабыл алганбыз: чоочундарга кыздар тууралуу маалымат бере албайбыз. Тааныштырбайбыз. Үй-бүлөсүнөн, туугандарынан, коңшуларынан сурагыла деп артка кайтарабыз”.
Медресе жетекчилиги спортко кызыккан кыздарга атайын аянтча ачып берген. Бирок “Абдирайим кары” медресесинин мүдүрү Абдирахман Атабаев медреседе светтик билимди толук окутууга мүмкүн эмес экенин айтты:
"9-классты бүтүп келишет. Муфтиятыбыз түзүп берген программанын негизинде диний сабактарды өтөбүз. Медресебиз Куран жаттоого багытталгандыктан, ушул жагына басым жасайбыз. Калган диний сабактар дагы өз деңгээлинде жеңил окутулат. Тогузунчу класстан кийин кыздар билимин улантуу үчүн жаныбыздагы мектепте 10-11-класста окушат дагы, аттестат алышат. ЖРТ тапшырып, ЖОЖго кеткен кыздарыбыз да бар".
- Кыздардын бул жерде бош убактысы деле болбойт экен. Мектепке барганга качан үлгүрүшөт?
"Бизде жатакана болгондуктан, кыздардын убактысы кеңири. Адегенде мектепти окуп келип алып, андан кийин медреседе окуй беришет".
Абдирахман Атабаев кыздар медресесин 2017-жылы түптөгөн. Өзү убагында жергиликтүү мектепте ыйман сабагынан мугалим болгонун айтууда. Медреседе кыздардын билим алуусуна жана жатаканасына акы алынбайт, тамактануусуна ар бир студент жыл сайын 5 миң сомдун тегерегинде төлөп турат. Ал медресенин ишмердигине колдоо көрсөткөндөр бар экенин айтты:
“Биринчи эле демилгени биздин эл-журтубуз көтөргөн. Бул жерден аттуу-баштуу демөөрчү болом деген жигиттер чыкты, аксакалдар чыкты. Ар түрдүү колунан келген кызматтарын кылып отуруп, бүгүнкү деңгээлге жеттик. Бирок өзүнчө чоң демөөрчүбүз жок”.
"Медресе жакшы жубай болууну окутабы?"
Жалпысынан Ош облусу боюнча алты ислам институту, 35 медресе расмий катталган. Анын ичинен 15и - кыздар медреселери. Ош шаарындагы "Сайида-Хадича" медресесин түптөгөн Жанара Максутова кыздарга диний билим бергенине 20 жылга чамалап калды.
“Сайида-Хадича” медресеси 2005-жылы түптөлгөн. Бул жакта кыздар төрт жыл окуйт. Окуучуларды 9-класстан кийин кабыл алат. Кыздарга Куран жаттаганды үйрөтүшөт.
“Ата-энесин сыйлаган кыздарды тарбиялайлы, ыймандуу жар тарбиялайлы, анан коомго мекенин сүйгөн, жакшы бир инсандарды алып келе турган энелерди сапаттуу диний билим аркылуу тарбиялайлы деген максатыбыз бар”, - деди “Сайида-Хадича” медресесинин мүдүрү Жанара Максутова.
Бул жакка тапшырган кыздар жылына 25 миң сом контракт төлөшүп, тамактануусуна 6,5 миң сомдон сарпташат. Медреседе билим алган кыздардын бири Адина Даниярбек кызы кыялдары менен бөлүштү:
“Куран жаттап, иншаллах, кыямат кайымда адамдар өзүнүн терине тумчугуп аткан күнү биз ата-энебизге Аллахтын ыраазычылыгынан болгон, нурдан таажыны кийгизсек. Биз коомдун жарымын ээлейбиз. Коомдун калган жарымын тарбиялай турган аял болобуз. Башка кыздарды тарбиялаганга устаза болуп чыгабыз, иншаллах”.
Медреседе төрт жыл билим алгандан кийин бүтүрүүчүлөргө диплом берилет. Шарият илимдеринин негизин окутуучусу деген адистикке ээ болушат. Мындай диплом менен диний окуу жайлардын, диний мекемелердин ичинде гана жумуш таба алат. Документти мамлекеттик мекемелер тааныбайт. Мунун айынан көпчүлүк медресе бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калышат.
Диний окуу жайга тапшырган кыздардын саны арбын болгону менен, баары эле аягына чыгарышпайт. Медресе жетекчилеринин айтымында, төрт жыл ичинде бири турмушка чыгып кетсе, дагы бири жумуш издеп, башкасы окууну өздөштүрө албай, таштап кеткендери арбын болот.
Кыргызстанда медреселер эки түргө бөлүнөт. Бири Куран жаттоого гана басым жасаса, экинчиси илимий багыттагы билим берет. Алардын бири - Бишкектин чет жакасында жайгашкан “Курманжан” медресеси. 2017-жылы түптөлгөн диний окуу жайда азыр 800дөй кыз билим алат.
“Курманжан” медресесине кыздар келип-кетип билим алышат. Жатаканасы жок.
Медресе мүдүрү Нурбек Назаралиев 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алып, бир гана Куранды жаттатпастан, анын маани-маңызын дагы түшүндүрө турганын айтты.
“Биринчи курста араб тилинин грамматикасын, экинчи курста ислам таалимин, үчүнчү курста фикх (намаз, даарат ж.б. эрежелерин) окушат. Төртүнчү курста Куран, хадис, тафсир окушат. Башка жактарда Куран окуганда жатташат. Бул жерде анын түшүндүрмсүн окушат”.
Медреселердеги билим, ишсиз калган кыздар
Кыргызстанда соңку жылдары мечитке каттап, медреседе билим алган балдардын маселеси байма-бай көтөрүлүүдө. Адистер 16 жашка толгонго чейин балдарга диний билим берүүнү туура эмес деп эсептешет. Алар илимге басым жасап, баланы кесип тандоого шыктандыруу зарыл экенин белгилешет.
Конституцияга, "Балдар кодексине" жана "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, ар бир бала мектепте 9-классты бүткөнгө чейин милдеттүү билим алууга тийиш.
Айрым ата-энелер бала ата-бабалары тутунган ишенимди эртелеп үйрөнгөнү дурус деген пикирди карманышат. Дин тармагы боюнча эксперттер Кыргызстанда медреселердин саны арбын болгону менен, сапаты жагынан аксап жатканын айтышууда.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев медреселердин саны сапатына туура келбей жатканын айтты:
“Медреселердеги билим берүүнүн сапатын текшерген киши жок. Мусулмандар дин башкармалыгы деле ал жагын караганын кудай билет. Медреселер бизде өтө эле көп. 7 миллион калкы бар Кыргызстанга анча медресенин кереги жок. Ар бир облуска бирден медресе болсо эле жетет. Жайнаган медреселер бар, сапаты жок. Билим берүүнүн деңгээли төмөн. Жакшы түшүнбөгөн чаласабаттары эле (билимдүүлөрү деле бар арасында) - ошолор окутуп атышат. Чала молдо дин бузат деген ушул. Өзүңүздөр көрдүңүздөр Кыргызстан Сирияга кеткен аялдарды ташып түгөтө албай атат. “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат” дейт кыргыз. Көзөмөл болбосо, мамлекеттик диний саясат жакшы деңгээлде жүрбөсө, каалаганын ушинтип кыла берет.
Диний окуу борборлорундагы билим берүүнүн сапатына кызыгып, медреселерди кыдырып, маалымат топтогон уюмдар дагы бар. Алардын бири - “Энсан-Диамонд” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамиля Капарова.
2023-жылы Сузактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, активисттер, демилгелүү аялдар менен биргеликте медреселердин абалы менен таанышып чыккан.
“Медресе деп коюшат, бирок документин карасак, араб тили боюнча курстар болуп чыгат. Барганыбызда көп келишпестиктер чыкты. Мисалы, бир тил курсуна барсак, эки күн иштейбиз деп калышты. Анткени беш күн кыздар мектепке сабакка барышы керек. “Биз ишемби-жекшемби күндөрү иштейбиз” дешти. Бирок биз сүйлөшкөндө кыздар "бир жумада үч-төрт жолу барабыз" деп айтышты. Ушул сымал дал келбестиктер болду. Төлөм жөнүндө дагы сурасак, эжекелер “төлөм албайбыз, жөн эле иштеп жатабыз, канча сом берсе, ошону алып коёбуз” деп айтышты, кыздар тескерисинче “айына 600 сом төлөйбүз” дешти. Тагыраагы, бекитилген төлөмү бар болуп чыкты”, - деди “Энсан-Диамонд” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамиля Капарова.
Жамиля Капарова айрым учурларда медреселерде пландан сырткары тарбиялык сааттар киргизилет, ошондуктан анын мазмуну күмөн жаратат дейт:
“2021-жылы Кара-Суу районуна, Мады айыл өкмөтүндөгү кыздар мектептерине барганбыз. Сабактардын планында бир мазмун жазылган, бирок ичине кирип, отуруп, таанышканыбызда сабакта такыр башка нерселерди айтып турушкан. Сузакка барганыбызда дагы тарбиялык саат дегенди устазалар өтөт экен. Көбүнчө кыздарга келечекте кандай келин, кандай аял болосуң, кайын-журтуңа кандай кызмат кыласың деп тарбиялашат окшойт, менимче”.
Эң негизгиси, медреседе билим алып жаткан окуучулардын светтик билими башка балдардан артта калып жатат. Бул тууралуу мусулман аялдардын “Мутакаллим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы дагы белгиледи. Ал медреселер диний жана кесиптик билим берүү менен гана чектелбестен, светтик предметтер дагы берилсе, жакшы болмок деди:
“Албетте, кесиптик билим жакшы. Бирок тигүүчү, ашпозчу деп эле киргизе беребиз да. Кыздар үчүн айти, программист, физика, математика деген кошумча сабактар болушу керек. Албетте, медреселерге биз светтик сабактарды киргизишибиз керек. Өзгөчө ошол кыргыз жараны деген эмне, жарандуулук деген эмне, мамлекет деген эмне экенин жакшы түшүрдүрүү зарыл. Биз жарандуулук боюнча дагы пилоттук кылып, 12 медресеге киргизгенбиз. Бирок долбоор токтоп калгандан кийин кээ бир медреселер алып кетти, кээ биринде калып калды да. Мамлекеттүүлүктү дагы өзүнчө бир сабак катары киргизип, ар бир балага жеткирүүгө аракет кылышыбыз керек деп ойлойм”, - деди Жамал Фронтбек кызы.
Өз кезегинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы медреселердеги билим берүүнүн сапатын арттыруу үчүн теология коллеждерин ачууга белсенип жатканы маалым болду.
“Теология коллежин ачыш үчүн документтер, атайын талаптар бар. Ошолор боюнча сүйлөшүү жүргүзүп атабыз. Алар кандай шарт койсо, биз ошол шарттарды аткара алабызбы же жокпу, аткара алсак, окуу жайлардын кайсынысы жооп берет экен деп сүйлөшүүлөр болуп атат”, - деди Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Усманов.
2019-жылы Булан институту Кыргызстандагы исламий диний билим берүүнү реформалоо боюнча баяндама жасап, мамлекеттин көз кырынан чыгып калган маселелер бар экенин билдирген. Медреселердеги окуу программасын байытып, ар тармактуу билим алууга шарт түзүүгө чакырып, Кыргызстандагы башка кесиптик лицейлердей эле бул медреселерде да 10-11-класстардагы светтик предметтерди окутууну; аларды методологиясы бар, системалуу иш алып барган, пландуу иш жүргүзгөн окуу жайга айландырууну, материалдык-техникалык базаны бир стандартка салып, талапка ылайык жабдуу сунушун беришкен:
“Булан институту окутуучулардын эки дипломдуу болушун колдойт. Учурда окутуучулар жетишпейт. Бирок медреселер диплому бар теологдорду да мугалим катары тарта башташы керек. Окутуучуларга карата талаптын күчөтүлүшү, эки дипломдуу болушу керек жана бир диплому светтик билим болушу зарыл деген талап жаш муундун терең билим алып чыгышына өбөлгө болот”.
“Программасын түзүп алып өз алдынча иштеп жүргөндөрү бар. Муфтияттан барып сурасаңар, канча медресе бар деп. Дин иштери боюнча комиссияга келет, каттоодон өтөт, уставын көрсөтөт, ошол бойдон барды, кетти, оокатын кылып атат - көзөмөл жок. Бир аябай нес кылган окуя болгон: Сирияда согуш болуп аткан кезде, облусту айтпай эле коёюн, ошол жерде медреседе сабак берген мугалим аялдын баласы Сирияда каза болсо, жамаатты чакырып алып, той бериптир, “менин балам бейишке чыгыптыр, шейит болуптур” деп. Ушундай адамдар окутуп жатпайбы. Аттестация деген жок, ким окутканын караган деле киши жок болуп атпайбы”, - дейт Орозбек Молдалиев.
Кыргызстандагы диний уюмдарды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия көзөмөлдөйт. Аталган комиссия каттоосу жок диний ишмердик жүргүзгөн уюмдарды, окуу жайларды тизгиндеп турушу керек. Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрү соңку жылдары укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик менен биргеликте байма-бай мониторинг жасап турушарын билдиришти.
2023-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору, ИИМ, УКМК менен биргеликте өлкө боюнча мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 43 диний окуу жайда түрдүү мүчүлүштүктөр табылган. Бул санга башка диндердин окуу жайлары да камтылат.
“Тазалык, санитардык жактан, өрт коопсуздугу жагынан кичине кемчиликтер болду. Аларга дагы комиссиялар мүчөлөрү тарабынан жазуу түрүндө эле айтылып, жоюуга убакыт берилди. Биздин маалымат боюнча, 43 окуу жайдын бардыгы аныкталган кемчиликтерди жоюшуп, ишмердигин жүргүзүп келет”, - дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Кожомбердиев.
Диний окуу жайлар жылына бир жолу ишмердиги боюнча отчет берип турууга милдеттүү. Эгер кайсы биринде билим берүү туура эмес багытка бурулуп жатса, дароо эле билинип калат дейт Замир Кожомбердиев:
“Ал медреселерде биздин инилерибиз, карындаштарыбыз окуйт. Ар бирибиздин медреседе жок дегенде бирден таанышыбыз бар. Ошол жактан сүйлөшкөндө, бир-эки суроо берип, кайсы сабактарды, кайсы китептерди окуп атасыңар дегенде эле дароо билинип калат. Ооба, диний билим берүү бүгүнкү күндө актуалдуу маселелердин бири болууда.
Бекитилген программалардан аша чаап же башкача бир деструктивдүү чакырыктарды, идеологияларды камтып бараткан болсо, андай сөзсүз сигналдар келет. Анткени ошол медреселерде, окуу борборлордо иштеп аткан эжекелерибиз, байкелерибиз, алар деле Кыргызстандын жарандары, алар деле патриот. Алар ачык эле дароо айтышат.
Административдик кодекстин 142-беренесинин 4 пункттан турган ченемдери бар. Ошонун алкагында биринчи кезекте айып салынат. Андан кийин тийиштүү органдар чара көрүшөт”, - деди Замир Кожомбердиев.
Кыргызстанда медреселер Куран жаттоо жана илимий болуп, эки түргө бөлүнөт. Алар кыздарды 9-11-класстан кийин кабыл алышып, үч-төрт жылдык билим беришет. Медреселерде тигүүчүлүк, ашпозчулук, компьютердик сабактар гана кошумча берилип, башка светтик предметтерди киргизүүгө мүмкүн болбой келет. Диний окуу жайларды аяктаган кыздар алган дипломдору менен диний уюмдарда гана иштей алат. Медреселерге кыздар арбын тапшырганы менен, басымдуу бөлүгү окууну аяктабайт. Турмушка чыгып же болбосо жумуш издеп кетет.