Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Израилдин Ливандагы кандуу соккусу, жаңы согуш коркунучу


"Хезболланын" согушкерлери. 18-сентябрь, 2024-жыл. Бейрут.
"Хезболланын" согушкерлери. 18-сентябрь, 2024-жыл. Бейрут.

Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди. Мерт болгондордун 90дон ашууну балдар жана аялдар.

Израил армиясы “Хезболла” террордук тобунун курал-жабдык жашырган жайларын бутага алганын, чабуул алдында ливандыктарга эскертүү бергенин белгиледи. "Хезболла" эмне уюм? Ал Ливанда канчалык таасирдүү? Чөлкөмдөгү соңку чыңалуунун себеби эмнеде?

Ливан бийлиги белгилегендей, 23-сентябрь - соңку он жылдыктагы өлкө тарыхындагы эң кандуу күн болуп калды.

2020-жылкы Бейруттун портундагы кампада болгон жардырууда 218дей адам мүрт кетип, алты миңдейи жабыркаган.

Бул жолу набыт болгон 500дөй адамдын 35и бала экенин Ливандын саламаттык сактоо министри билдирди.

"2006-жылкы согушта 10-11 миңдей киши жараат алган. Ал эми бул жолу бир жумага жетпеген убакыт ичинде жарадар болгондордун саны беш миңден ашты. Бул душмандын зулум аракеттеринин олуттуулугун жана ыкчамдыгын айгинелейт", - дейт Фирасс Абиад.

Ал өлкө түштүгүндөгү аймактарда жана чыгышындагы Бека өрөөнүндө жайгашкан ооруканаларга кайрылып, "Израилдин Ливанга каршы күчөп жаткан агрессиясына" байланыштуу шашылыш эмес операциялардын баарын жылдырып, жарадарларды кабыл алууга чакырды.

Израил армиясы Ливандагы “Хезболла” террордук тобуна караштуу 1600дөй жайды, анын ичинде “башкаруучу пункттарды, террордук инфратүзүмдөрдү, ракета учуруучу обьектилерди” бутага алганын билдирди.

ЦАХАЛ набыт болгондордун арасында “Хезболланын” террорчулары дагы арбын экенин белгилеп, өз өлкөсүн коргоо үчүн мындай кадамга аргасыз болгонун жүйө кылды. Ал эми Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ливандыктарга атайын видео кайрылуу жасады.

"Ливан элине айтарым, Израил силер менен эмес, “Хезболла” менен согушуп жатат. “Хезболла” силерди тирүү калкан катары узак убакыт колдонуп келди. Ал ракеталарын төркү үйүңөргө, сарайларыңарга катып койгон. Бул ракета менен снаряддар биздин шаарларыбызга, жарандарыбызга багытталган. Элибизди “Хезболланын” соккуларынан коргош үчүн бул курал-жабдыкты жок кылышыбыз керек", - деген Нетаньяху ливандыктарды ЦАХАЛдын эскертүүлөрүнө олуттуу мамиле кылууга жана коопсуз жайларга кетүүгө чакырды.

Айтылгандай эле, чабуулдардын алдында ливандыктардын телефондордуна "Хезболлага" караштуу жайлардан оолак болууга чакырган кат келген. Мындан улам Ливандын түштүгүндөгү миңдеген адам коопсуз жактарга чыгып кетүүгө ашыгышты. Учурда баш калаа Бейрутка барчу кан жолдогу тыгындын аягы көрүнбөйт.

Ливандын бийлиги Израилди калкка "психологиялык басым жасап жатат" деп күнөөлөдү.

Террордук топ курал-жабдыгын карапайым тургундар жашаган аймактарга жакын жайгаштырбаганын айтууда. Эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Буга чейин расмий Тель-Авив Израилдин түндүгүндөгү жарандары өз үйлөрүнө аман-эсен кайтмайынча Ливандагы "Хезболлага" каршы аскердик операциясын уланта берерин эскерткен. Бул аймактын тургундары Газада согуш башталгандан бери уланып жаткан "Хезболланын" аткылоосунан улам башка жактарга чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Эки тараптын тынымсыз чабуулдарынан улам Ливандын Израил менен чектешкен жагындагы айыл-кыштактардын тургундары да коопсуз жактарга айла жоктон чыгып кетишкен.

Израил армиясынын аба соккусунун кесепети. Акбия айылы. 24-сентябрь, 2024-жыл.
Израил армиясынын аба соккусунун кесепети. Акбия айылы. 24-сентябрь, 2024-жыл.

"Кеңири масштабдагы согуштун босогосунда турабыз"

Өткөн жумадан бери уланып жаткан Израил армиясынын соккулары аймакта кеңири масштабдагы согуш тутануу тобокелчилигин дагы жогорулатты. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Израил менен "Хезболланын" тиреши күчөп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Вашингтон аймактагы чыңалууну басаңдатуунун бирден-бир жолу Израил менен Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп табылган) тобунун ортосунда тынчтык макулдашуусун түзүү деп эсептейт.

"Бул маселени тез жана дипломатиялык жолдор менен чечүү баардык тараптын кызыкчылыгында", - деди Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш өз маалымат катчысы аркылуу тараткан билдирүүсүндө: "Израил менен Ливандын чек аралаш аймагындагы кырдаалдын курчушуна, өзгөчө карапайым тургундардын арасындагы жоготууларга жана миңдеген адамдын жер которууга аргасыз болуп жатканына тынчсызданып жатам", - деп айтты.

Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел кырдаал элестеткенден курч экенин билдирди.

"Чыңалуу абдан кооптуу жана тынчсыздандырууда. Учурда биз кеңири масштабдагы согуштун босогосунда турганыбызды айткым келет",-деп ал тараптарды демин басууга чакырды.

“Хезболла” жооп катары Израил тарапка ондогон ракеталарды учуруп, аскердик базаларды бутага алганын билдирди. Расмий Тель-Авив Хайфа порт шаарында сиреналар узак убакытка жаңырганын маалымдап, ракеталардын көбү абадан жок кылынганын кошумчалады.

"Алланын партиясы" же "Хезболла" эмне деген уюм?

“Хезболла” 1982-жылы Ливандагы жарандык согуш маалында негизделген уюм. Шийи мусулмандарынан турган бул кыймыл Иранга ыктаган Каршылык көрсөтүү тобунун негизги мүчөсү. Топ ошондой эле Газаны көзөмөлдөгөн, АКШ менен Евробиримдик террордук деп эсептеген ХАМАС уюмуна жан тартып келет.

Аны "Ливандын бийлиги" деп коюшат. Куралдуу топ өлкөнүн көмүскө экономикасын тейлейт, өзүнүн армиясы жана ракеталык арсеналы бар. Алтургай Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөнүн тышкы саясатын да тескейт.

“Хезболла” тобу 1992-жылдан бери Ливандагы шайлоого катышып келет жана өкмөттө, парламентте өкүлдөрү бар.

“Хезболла” дүйнөдөгү эң ири мамлекеттик эмес куралдуу кыймылдардын бири. Анын жетекчиси Хасан Насралланын айтымында, топтун курамында учурда 100 миңдей согушкер бар. Көз карандысыз булактар 20-50 миңдин тегерегинде деп эсептешет.

Алардын көбү абдан жакшы даярдыктан өткөн жана Сириядагы жарандык согушка катышканы маалым.

Эл аралык стратегиялык иликтөөлөр борборунун эсептөөсү боюнча “Хезболлада” 120 миңден 200 миң даанага чейин ракета жана снаряд бар.

Арсеналынын көбү “жер-жер” классындагы артиллериялык ракеталардан турат. Андан тышкары зениттик, кемелерге каршы колдонулчу, башкарылуучу ракеталар да бардыгы маалымдалып келет.

Израилдин Хаифа аймагындагы "Хезболланын" ракетасы түшкөн жер. 22-сентябрь, 2024-жыл.
Израилдин Хаифа аймагындагы "Хезболланын" ракетасы түшкөн жер. 22-сентябрь, 2024-жыл.

Аталышы араб тилинен которгондо “Алланын партиясы” дегенди билдирет. Анткен менен топтун позициясы 2022-жылдагы шайлоодон кийин өлкө ичинде кыйла алсырай түштү. Буга Ливандагы экономикалык абалдын начарлашы түрткү болду. Көпчүлүк өлкөдөгү жакырчылык үчүн жана 2020-жылкы портто болгон жарылуу үчүн дал ушул топту күнөөлөшөт.

Ливандын 6 миллионго жетпеген калкынын көп бөлүгү жакыр жашайт. Өлкөнүн тышкы карызы 90 миллиард долларга жеткен.

"Хезболланын" өзүнүн ооруканалары, телеканалдары, мектептери бар. Куралдуу топтун аскердик канаты көп мамлекеттерде, анын ичинде АКШ, Британия, Германия, Австралия, Египет, Израил жана башкаларда террордук деп таанылган.

Орусия "Хезболла" Ливанда саясий партия экенин жүйө кылып "кара тизмеге" киргизе элек.

XS
SM
MD
LG