Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

"Ойноп жаткан балам ооруп калды". Рак тооруган балалык


Балдар онкологиясы бөлүмүндөгү палаталардын бири. Бишкек. 2024-жыл.
Балдар онкологиясы бөлүмүндөгү палаталардын бири. Бишкек. 2024-жыл.

Кыргызстанда соңку жылдары рак илдетине чалдыккан балдар үчүн жардам чогулткан жарнамалар көбөйдү. Мындан улам коомчулукта “балдар арасында рак илдети жайылууда” деген пикирлер арбын. Бирок бул маалымат чындыкка жакынбы? Көйгөй тууралуу "Сергек жашоо" подкастында кеп кылабыз.

Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборундагы балдар онкологиясы жана онкологиялык гематология бөлүмүнө зарылдык болбосо жөн киши кире албайт. Журналист экенимди укканда, кире бериште отурган күзөтчү колума дароо бахила менен беткап карматты. Ичкери киргенде, медайым халат жамынып алышымды эскертти.

Көрсө, химия терапия алгандан кийин балдардын организми алсырап калгандыктан, кокус сырттан инфекция кирсе, көтөрө албай калышы мүмкүн деп чочулашат экен.

Каалгасы ачык палаталардын биринде эне уктап жаткан баласын карап жаткан экен. Анын жанындагы керебетте төрт-беш жаштагы эркек бала ойноп отуруптур. Ал улам терезеге кылчактап, тыштагы балдар аянтчасын карап жатты.

Айтмакчы, оорукана менен кошо курулган бул балдар аянтчасы дээрлик күн бою ээн турат. Догдурлар дарт чалган наристелерди чаңдан, күндөн коруп, сыртка чыгып ойноого уруксат беришпейт экен.

Балдар онкологиясы бөлүмүнүн алдындагы оюн аянтчасы. 2024-жыл.
Балдар онкологиясы бөлүмүнүн алдындагы оюн аянтчасы. 2024-жыл.

Мага дагы палатага киришиме уруксат беришкен жок. Коопсуздук эрежелеринен улам балдардын энелерин дарыгердин иш бөлмөсүнө чакырып, сүйлөштүк.

"Ичи бир жума ооруган"

“Жума күнү бала бакчадан алдым. Үйгө келгенде “ичим” деп жатып калды. Дүкөнгө барам эле дей берчү. Алаксыйбы деп ал жакка алып барсак да болгон жок. Ишемби күнү тура албай калды. “Малыш” деген жеке ооруканага барсак, бизде хирург жок деп №3 балдар ооруканасына жиберишти. Ал жакка барсак, урологу да, хирургу да диагноз коё албай койду. Эки жолу УЗИден, рентгенден өттүк. Анан бул жакка келдик. Султан Амангелдиевич (дарыгер - ред.) көрүп, дароо эле “жаткыла” деди, ошондон бери ушул жердебиз, бир ай мурда операция болдук. Бөйрөктүн залалдуу шишигин алып салышып, органды сактап калышты”, - деди Динара аттуу келин.

Ал беш жаштагы кызы менен бул ооруканага май айында келген. Кызы оор дартка чалдыкканын адеп укканда бут алдында жер көчүп кеткендей болгонун айтып отурду:

“Кабыл алуу оор болду. Кантип эле рак болуп калды деп ишенбедик. Бир көрөлүчү деп, Орусияга чейин алып бардык. Ал жактан деле ушул диагнозду айтышты. Кызым ооругандан бери чыргоо болуп калды. Бала химия алгандан кийин эч нерсени жактырбай калат экен. Бир туугандарын сагынды. Жайында үйгө барганда көчөгө чыгарган жокпуз, күн тийген жерде жүргөнгө болбойт экен”, - деди Динара.

Динаранын курбалдашы Айзат төрт жаштагы уулу оор илдетке чалдыкканын Москвада иштеп жүрүп уккан. Жалгыз бой эне суук кабарды кулагы чалары менен баарын таштап, учуп келген:

“Жолдошум менен эки башка жолго түшкөнбүз. Баламды кайненеме таштап, Москвага иштегени кеткен элем. Апабыз “ичим” дегенинен ар кайсы ооруканага алып барган экен. Диагноз коё албай, бири аллергия дептир, бири ичегисинде курт бар дептир. Бир жумадан кийин ракка чалдыкканын билдик. Угарым менен дароо учуп келдим. Бул жерге 30-майда жатканбыз. Беш курс химия алдык. Азыр операцияга даярданып жатабыз”.

Онкология бөлүмүндөгү палаталардын бири. 2024-жыл.
Онкология бөлүмүндөгү палаталардын бири. 2024-жыл.

Айзаттын уулуна дарыгерлер нефробластома, жөнөкөй тил менен айтканда, бөйрөктүн залалдуу шишиги деген диагноз коюшкан.

“Мен рак оорусу бар экенин билчүмүн. Бирок мунун түрү көп турбайбы. Алар тууралуу уккан эмесмин”, - деди Айзат.

Ал эми Динарада балдардын рак илдети тууралуу дээрлик маалымат болгон эмес.

“Генден дешет. Бирок чоң ата, чоң энеси таза. Мындай дарты жок. Кайдан жүрүп мындай болуп калды? Балаңан илдет чыкканда жаман болот экенсиң. Догдурларга рахмат. Операциядан кийин "бөйрөктү сактап калдык" дегенди укканда бир башкача болот экенсиң”, - деп жашыды эне.

Балдардын рак илдети көбөйдүбү?

Эне жана баланы коргоо борборундагы балдар онкологиясы бөлүмү мындан үч жыл мурда, тагыраагы, 2021-жылы сентябрда ачылган. Ошондон бери өлкөнүн туш-тарабынан ооруп келген балдарды кабыл алат. Аталган бөлүмдүн жетекчиси, онколог Султан Стамбеков менен балдардын рак оорусу жана анын чыгуу себептери тууралуу сүйлөштүк.

Балдар онкологиясы бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков. 2024-жыл.
Балдар онкологиясы бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков. 2024-жыл.

- Соңку жылдары коомчулукта “рак балдар арасында жайылууда” деген пикир бар. Чындап эле ошондойбу?

- Бизде соңку кезде оору көп аныктала баштады. Илимий жактан далилденген, балдар арасындагы рак оорусу бардык өлкөлөрдө бирдей кездешет экен. Ар бир 100 миң балага жылына 12-18 ооруган бала туура келет. Бизде мурда бул көрсөткүч 6-8 болчу.

Кийин биздин жетекчилик бөлүмдү чоңойтуп, жаңы адистерди алды. Биздин бөлүмдү Жалдагы балдар ооруканасына которуу абдан туура чечим болду деп ойлойм. Анткени бул ооруканага республиканын бардык аймактарынан ооруган балдар келет. Түшүнүксүз диагноз болгондо эле бара калып, дартты аныктап жатабыз. Мурда жылына 100-120 учур катталса, азыр 180ден ашып кетти. Менимче, оорунун саны мындан да көп болушу мүмкүн. Өзүңөр билгендей, миллионго чукул кыргыз жараны Орусияда жүрөт. Алардын арасында ооругандар биздин көзөмөлдө эмес.

Экинчиден, ракты дарылоо ыкмалары жакшырды. Технология жаңыланып жатат, ооруну өтүштүрбөй кармап калса болот. Ушундан улам дарты 4-стадияга жеткен балдарды да ата-энелери чет өлкөдө дарылатууга жетишип калууда.

Бирок коомчулукта “биздин медицина чабал, догдурлар иштебейт, рак көбөйдү” деген сөздөр айтылып жатат. Бул жаңылыш пикир. Болгону акыркы он жылдан бери ооруну көп көп аныктай баштадык. Бул биздин иштеп жатканыбыздын үзүрү.

Кайсы бир жылы чала молдокелер төөнүн заарасы менен сүттү аралаштырып бере баштаган. Бизден да ошолорго дарылатабыз деп беш-алты бейтапты алып кетишкен. Бирөө да сакайган жок, баары чарчап калды.

- Демек, балдар арасындагы рак илдети күчөдү деген жаңылыш пикир экен да?

- Оору көбөйдү деп айтууга эрте. Анткени бул дартты аныктоо өтө татаал. Кээ бир ата-энелер балдарын догдурга убагында алып барбай калат, кээде диагноз коюлбай калат. Онкология менен көп оорунун белгилери окшош. Бала бизге жетпей эле чарчап калышы мүмкүн. Сепсис деген бар, кан ириңдеп кетет. Ак кан ошол сепсиске алып барат. Ракка чалдыккан баланы табыпка сүйрөгөн ата-энелер бар. Кайсы бир жылы чала молдокелер төөнүн заарасы менен сүттү аралаштырып бере баштаган. Бизден да ошолорго дарылатабыз деп беш-алты бейтапты алып кетишкен. Бирөө да сакайган жок, баары чарчап калды. Табыпка алып барганбыз деп баланы өтө оор абалда алып келгендер бар. Оорусу өтүшүп кеткенде, биз эч нерсе кыла албай калабыз.

- Маалыматтардан карап көрсөм, дүйнөдө балдар арасында ак канга (лейкоз), мээнин залалдуу шишигине чалдыккандар көп экен. Бизде да ошондойбу?

- Бүткүл дүйнөдө бул оорунун көрсөткүчү жана анын структурасы бирдей. 100 пайыз бейтапты алсак, анын 40 пайызын Америка болсун, Жапония болсун, Африка болсун, бардык өлкөлөрдө ак кан түзөт. 15% мээнин залалдуу шишигине чалдыккандар. Үчүнчү орунда лимфома же без шишиги турат. Мурда бизде мээнин шишиги 2-5% эле аныкталчу. 2021-жылы Эне жана баланы коргоо борборуна которулдук. 2022-жылы биринчи жолу 15% мээнин шишигин каттадык. Анткени балдар ооруканасында нейрохирургия бөлүмү бар, чукул кырдаал болгондо бизди чакыра калышат.

Жал кичи районундагы 2021-жылы ачылган Балдар онкологиясы жана онкологиялык гематология бөлүмү. Бишкек. 2024-жыл.
Жал кичи районундагы 2021-жылы ачылган Балдар онкологиясы жана онкологиялык гематология бөлүмү. Бишкек. 2024-жыл.

- Сиздер тараткан маалыматтардын биринен Нарын облусунда балдардын рак оорусуна чалдыккандар көбүрөөк катталып жатканын окуп калдым.

- Биз беш жылдык маалыматты изилдеп көргөнбүз. Эң көп оору Бишкекте, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында деп чыкты. Бирок биз бул маалыматты туура эмес деп эсептедик. Анткени бул аймактарда элдин саны көп, ошого жараша оору да көп катталат. Андан кийин элдин, аймактагы балдардын санына карата бөлүп чыктык. Ошондо Нарындагы сан дүйнөлүк көрсөткүчкө жакын болуп чыкты. Эмнеге мындай? Бул Нарында педиатрлар ооруну убагында билип, бейтапты борборго жөнөтүп жатканын билдирет. Ооруну аныктоо иши жакшы жүргүзүлүп жатат. Нарын менен элинин саны бирдей эле Таласта бул көрсөткүч эки-үч эсе аз. Бирок бул облус Казакстан менен чектеш экенин унутпашыбыз керек, бейтаптар ошол жакка кетиши мүмкүн. Ошол эле Баткен Тажикстан, Өзбекстанга жакын, ал жактан дарыланып жаткандар болушу ыктымал. Мен жергиликтүү педиатрларды окутсак, билимин күчөтсөк, статистика дагы өзгөрөт деп ойлойм.

"Ген чоң роль ойнойт"

- Балдардын ракка чалдыгуусуна эмне себеп болот - экология, тамак-аш таасир этеби?

- Балдар онкологиясы көбүнчө генетикалык өзгөрүүгө байланыштуу. Генетикалык өзгөрүү эмнеден пайда болорун илим азырынча аныктай элек. Бала эненин курсагында тогуз ай жатат. Тогуз айда эне кола ичиши мүмкүн, боёк кошулган момпосуй жеши мүмкүн, сасык тумоо менен оорушу мүмкүн. Кыскасы, генди өзгөртүп жиберчү өтө көп факторлор кездешет. Аны сиз таба албайсыз. Андан тышкары генетикалык өзгөрүү бар. Генден клеткалар бөлүнүп жатканда хромосомалар экиге бөлүнөт, бири-бирине тартып кетиши мүмкүн. Анын себебин да биле албайсыз. АКШда, Жапонияда мунун алдын алуу максатында ар кандай программалар түзүлгөн, миллиондогон доллар бөлүнгөн. Бирөө дагы натыйжа берген эмес. Демек балдар онкологиясы сырттан эмес, ичинен пайда болчу нерсе да. Гендер аралашканда кандайдыр бир өзгөрүүгө алып келиши мүмкүн.

- Дарыгерлер тамактануу маданияты бузулганын, зыяндуу азыктар ооруларды козгошу мүмкүн экенин айтып келишет го.

- Анын таасирин 10-20 жылдан кийин билебиз. Чоңдордуку билинип жатат. Кыргызстанда жылына 5 миңден ашуун адам рак менен катталат. Ошонун жарымынан көбү 3-4-стадия болгондо келет кечигип. Туура эмес жашоо образынын кесепети ошол. Балдарга алардын гени менен өтүшү мүмкүн. Азырынча балдар арасында аллергиялык оорулар көбөйгөнүн, бөйрөк иштебей калганын көрүп жатабыз.

- Кээде чуркап жүргөн эле бала күтүүсүз ооруп калганын угуп калабыз. Демек, дарт тукум кууйт турбайбы?

Гендеги мутациялар биринен бирине өтүп, балдар оорушу мүмкүн. 2010-жылдары бизге бир бейтап түшкөн. Кийин анын туугандары да түштү. Сураштырсак, жакын туугандар үйлөнгөн экен.

- Гендеги мутациялар биринен бирине өтүп, балдар оорушу мүмкүн. 2010-жылдары бизге бир бейтап түшкөн. Кийин анын туугандары да түштү. Сураштырсак, жакын туугандар үйлөнгөн экен. Демек бирөөндө онкологияны пайда кылган ген болгон, ал үйлөнгөндө балдарына өткөн. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кан жаңыртуу керектигин айтканбыз. Түркияда талассемия деген генетикалык оору бар. Бул онкологиялык дарт эмес, бирок жилик чучугун алмаштыруу жолу менен дарыланат. Алардын дарыгерлери менден "силерде талассемия менен ооруган канча бейтап бар?" деп сурашкан. Мен "үч-төрт жылда бир чыгышы мүмкүн, бирок дээрлик катталбайт" десем, аябай таң калышкан. Көрсө ал жакта жакын туугандар никеге турган учурлары көп экен. Соңку жылдары бул көрүнүшкө каршы мамлекеттик деңгээлде күрөшүп жатышат. Никеге турганы жаткан жаштар бири-биринен генетикалык анализдин жыйынтыгын сурай башташыптыр. Көп оорулардын козголушуна ген да себепчи болушу мүмкүн.

"Балдар рагын айыктырса болот"

- Ракка чалдыккан балдарда чоңдорго караганда айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору дешет?

- Бул чын. Мен он жыл чоңдордун онкологиясында иштегем. Балдар химиотерапияны жакшы кабыл алат. Дарт 4-стадияга өтүп кетсе да баланын өмүрү үчүн күрөшсө болот. Менин тажрыйбамда рактан какыс айыгып кеткен балдар бар. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бардык онкологиялык ооруларды карап, сакайып кетүү көрсөткүчүн карасаңыз, 80% жетип калган. Бизде 50дөн төмөн. Бирок бул статистика, аны каалагандай чечмелесе болот. 50% ичинде дарыланып жатып кетип калгандар, дарыланбай койгондор, догдурга кайрылбай койгондор бар дегендей.

Эгер бизде дарыланып, толугу менен айыкты деген көрсөткүчкө карасаңыз, 60% ашат. Ошол эле лимфобласттык лейкоздон толук айыгуу мүмкүнчүлүгү биз эсептегенде 75% болгон. Турмуш экен, кээ бир балдардын чоң ата, чоң энелери кийлигишип, "химиотерапия зыян" деп чыгарып кетишет. Химиотерапия бүткөндөн кийин 14 күндөн кийин келгиле десең, 20 күндөн кийин алып келгендер бар. Айрым ата-энелер бизге айтпай, балага ар кандай БАКтарды берип коюшат. Аларды ичкенде шишик биздин дарыларды тоготпой калат.

- Сиз бизде айыккандар бар деп жатасыз. Бирок чет өлкөдө дарылатабыз деп балдар үчүн жардам сураган жарнамалар көбөйдү го?

- Мен да аларды көрүп калам. 20% кыргыз дарыгерлерине ишенбейбиз, четке барабыз дегендер. 80% татаал операцияга муктаждар. Мисалы, лейкозду дарылап, айыктырдыңыз. Бирок айрымдарда оору кайсы бир учурда кайра пайда болуп калат. Бул дүйнөдө боло жүргөн көрүнүш, себебин аныктоо кыйын. Ошондой кырдаалда жилик чучугун алмаштыруу керек. Ал операция чет өлкөдө жасалганы үчүн элден акча топтоого туура келет. Бизде бул операция жакында жасалганы турат. Сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясын баштаганбыз, эгер жыйынтык жакшы болсо, аллогендик (бир адамды башкага донор кылган) операцияны улантабыз.

"Мээнин шишиги - оор дарт"

- Биологияда кан жиликтин башынан бөлүнүп чыгат деп окудук эле. Ошондо чучукту алмаштыруу кан бөлүнүп чыгышы үчүн керекпи?

- Эгер адамга өтө жогору дозада химия берсе, залалдуу шишиктин клеткалары жок болот. Бирок аны менен кошо сөөктүн чучугу да жок болуп кетет. Чучук жок болгондон кийин кан бөлүнүп чыкпай, адам каза табат. Буга байланыштуу окумуштуулар бир ыкма ойлоп табышкан. Химиотерапиянын алдында сөөктүн чучугун топтоп, жыйнап алышат. Онкологиялык клеткалар өлүп, көрсөткүчтөр нөлгө түшкөндө, баягы чучук же башка адамдын сөөк чучугу кайра куюлат да, жиликтен кан бөлүнүп чыга баштайт. Аллогендик операция өтө татаал жана кымбат турат. Жакынкы өлкөлөрдө 100-200 миң доллар турса, Батышта 200-300 миң долларга чейин барат.

- Ал эми мээнин залалдуу шишигичи, ага да операция жасайсыздарбы?

- Мээнин залалдуу шишиги - эң оор дарт. Дүйнө жүзүндө да бул оорунун көрсөткүчү жакшы эмес. Мээде шишик болгондо биринчи операция жасоо керек, анан химиотерапия берилет, андан кийин нур менен дарылашат. Мээге операция Кыргызстанда деле жасалат, бирок бизде жабдыктар толук эмес. Мен чет өлкөдө нейрохирургиянын ичинде томографиялык аппараттар турганын көргөм. Ал жерде нейронавигация деген система да бар. Шишикти алып жаткан хирурга “оңго бир сантиметр жылсаң, адамдын колу-буту иштебей калат” деп айтып турат. Андан тышкары операция бүттү дегенде шишик толук алындыбы же жокпу деп томограмма кылышат. Ошондой жабдыктар болсо, биздикилер деле оор операцияларды жасамак. Андан тышкары бейтаптар нурга (радиотерапия-ред.) какталат. Бизде Кумтөрдүн акчасына алынган линиялык тездеткич бар. Бирок мээнин шишигин дарылоо үчүн башка дагы аппараттар керек. Жакынкы жылдары мамлекет аларды да сатып берет деп ойлойм.

- Жабдыкты сатып алса болот экен, ал эми адистерчи? Балдар онкологдору жетиштүүбү?

- Балдар онкологдору аз. Биздин жумуш татаал, оор болгондуктан эч кимдин келгиси келбейт. Баласы ооруган ата-энелер стресс абалында болгондуктан алар менен сүйлөшкөндү билиш керек. Балдар дарыланып жатып чарчап калса, бизге да оор, кайгырабыз. Кичине балага дарыны (химиотерапия) эсептеп бергенди билиш керек, ал оңой жумуш эмес. Өзүбүз күзөт түзүп алганбыз, бир дарыгер айына үч-төрт жолу түнкүсүн дежур болот. Бизге көбүнчө жаш энтузиасттар эле келет. Мисалы, биздин бөлүмдө эң улуу дарыгер менмин, калгандары 30дун тегерегинде.

Балдар рагынын белгилери кандай?

- Балада онкологиялык дарт пайда болгонун кантип билсе болот? Белгилери кандай?

- Ата-эне ал белгини биле албайт. Анткени ракты дароо аныктоо кыйын. Балдар онкологиясын үчкө бөлсө болот. Биринчиси - ак кан (лейкоз). Бала аны менен ооруганда алсыз болуп калат. Өзү кубарып, боору, көк боору чоңоёт. Мурду канайт. Тиши канап, бүйлө шишийт. Бул белгилер башка ооруларда да кездешет. Андыктан аныкталгыча рак деп диагноз коё албайсың. Экинчиси - денеде шишик пайда болот. Аны ата-энелер кокусунан байкап калат. Мисалы, бөйрөк рагын баласын жуунтуп жатып байкап калгандар бар. Үчүнчүсү - мээнин шишиги. Мында бала токтобой кусат. Эгер тамактан болсо, адам кускандан кийин жеңилдеп калат. Бирок мээде шишик пайда болгондо, кускандан кийин да абалы жеңилдебейт. Андан кийинки белгилери - бети кыйшаят, колу иштебей калат ж.б.

- Сабаттуу коомдо ракты жеңсе болот дешет. Ата-энелер балдарын оору-сыркоодон сактоо үчүн сабаттуу болууга тийиш турбайбы?

- Албетте, адам билимдүү болууга тийиш. Андан тышкары ата-эне дарыгерге ишениши керек. Азыр "вакцина зыян" деп балдарын эмдетпей коюп жатышат. Бала тумоолоп калса, маани бербей койдун майдын сүйкөп коюшат. Бизде педиатрлар бар, андыктан бала ооруганда кечиктирбей догдурга алып баруу зарыл.

Маектин аудиосун бул жерден уга аласыз.

XS
SM
MD
LG