Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Ливандагы калаба: пейжерлер отуздан ашуун өмүрдү алды


Бейрутта 17-сентябрда пейжердик жардыруулардан набыт болгондор жерге берилди.
Бейрутта 17-сентябрда пейжердик жардыруулардан набыт болгондор жерге берилди.

Ливанда аралыктан жардыруунун экинчи толкуну кеминде 32 адамдын өмүрүн алды. Расмий маалыматка караганда, каза болгондор арасында АКШ, Израил жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган "Хезболла" радикал тобунун мүчөлөрү бар. Жардыруу жашы жете элек төрт баланын да өмүрүн алды.

Шаршемби күнү Бейрутта 17-сентябрда пейжердик жардыруулардан набыт болгондор жерге берилди.

Рейтер агенттиги жарыялаган видеодо "Хезболла" радикал тобунун мүчөлөрү жардыруудан өмүрү кыйылган төрт адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүп жатканын көрүүгө болот.

Ливандын Тегерандагы элчилигинин жанында тургузулган мемориал, 18-сентябрь, 2024-жыл.
Ливандын Тегерандагы элчилигинин жанында тургузулган мемориал, 18-сентябрь, 2024-жыл.

18-сентябрда Ливанда шейшемби күнкү жардыруудан каза болгондорун тажиясы өтүп жатканда аралыктан жардыруунун экинчи толкуну орун алды.

Бул жолу борбор калаа Бейрутта "Хезболла" жоочулар тобунун кеңсесинде топтун мүчөлөрү колдонуп жүргөн рациялар жарылганын, ушундай эле жарылуу өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарында катталганын күч органдарындагы булактар билдиришти.

Жардыруунун экинчи толкуну кеминде 30дан ашык кишинин өмүрүн алып, дагы 450дөйүн жарадар кылганын өлкөнүн расмий органдары ырастады. Каза болгондор арасында жашы жете элек балдар да бар.

Ливандагы эки күн ичинде болгон жардыруулардан 3 миңден ашуун адам жабыркап, алар Ливандагы ооруканаларга жайгаштырылып жаткан видеолор тарады.

Бейруттагы жарадарларды кабыл алып жаткан медициналык борбор. 18-сентябрь, 2024-жыл.
Бейруттагы жарадарларды кабыл алып жаткан медициналык борбор. 18-сентябрь, 2024-жыл.

Бейруттагы жарадарларды кабыл алып жаткан медициналык борбордун дарыгери Дания Эл Халлак буларды айтты:

"Жабыркагандар арасында жаштар, улгайгандар бар. Баарынын жарааты бирдей. Көбүнүн бети айрылып кеткен. Арасында колу-буту үзүлүп кеткендер да болду. Ички органдары, ичеги-карыны сыртка чыгып калгандарды да кабыл алдык. Көзүнүн кареги жарылган, сөөк-саагы сынгандар көп. Мен мындай учурларды биринчи жолу көрүшүм. Айрым жарааттарды дарыгер катары түшүндүрүп, айтып бере албайм".

Мындан бир күн мурда, 17-сентябрда Ливандын айрым аймактарында, айрыкча борбор калаа Бейрутта пейжерлер жарылып, кеминде 12 кишинин, арасында эки баланын өмүрү кыйылган, 3 миңдей киши жараат алган.

Ливандын тургуну Мустафа Сибай соңку эки күндөгү окуя жергиликтүү элдин үшүн алганын айтты:

"Албетте, балдарым, бир туугандарым баарыбыз коркуп жатабыз. Мындай кырдаалда ким өзүн коопсуз сезет? Бизде эки күн ичинде 5 миң адам жарадар болду. Бул арзыбаган маселе эмес, бул согуш. Азыр ким телефонун коргой алат? Кечээ болгон окуяны угуп телефонумду ыргытып, басып кеттим".

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш шаршемби күнү пейжер жардырууларынан кийин буларды айтты:

Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

"Менин оюмча, жарандык объектилерди куралдандыруу эмес, жарандык объектилерди эффективдүү көзөмөлдөө абдан маанилүү. Бул дүйнөнүн бардык жеринде өкмөттөр ишке ашыра алган эреже болушу керек. Ливанда болуп жаткандардын Газадагы окуяларга байланышы башынан эле көрүнүп турат".

Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобунун союздашы, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу эки күндөн берки тымызын чабуулдар үчүн Израилди айыптап, соңку кырдаал аймактагы туруктуулукка коркунуч туудуруп билдирди. Ливан өкмөтү да, "Хезболла" да Израилди айыпташты.

Израил эч кандай комментарий бере элек, соңку билдирүүлөрүнүн биринде ХАМАСка каршы согушунун максаттарын кеңейтип, "Хезболланы" да кошуп жатканын гана маалымдаган.

Ливандагы калаба: пейжер жалмаган өмүрлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00


18-сентябрда Израилдин коргоо министри Йоав Галант согуштун жаңы фазасы башталып жатканын, ал эрдикти, чечкиндүүлүктү талап кыларын айтып, Ливандагы окуялар тууралуу эч нерсе деген жок, бирок армиянын ишин мактап, “жыйынтыгы абдан таасирдүү болууда” деп белгиледи.

Ошол эле күнү "Хезболла" израилдик артиллерия турумдарына ракеталык сокку урганын жарыялаган. АКШ тараптарды кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө чакырууда.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып буларды айтты:

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби.

"Биз азыркы түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу кошумча аскерий операцияларды жүргүзүү деп эсептебейбиз".

Германиянын Эл аралык жана коопсуздук маселелери боюнча институтунун изилдөөчүсү Хамидреза Азизинин айтымында, соңку айларда Израил менен "Хезболланын" ортосунда “акырындык менен эскалациянын үлгүсү” байкалды.

"Кандайдыр бир убакта мунун баары көзөмөлдөн чыгып, толук масштабдуу согушка айланат", - деди Азизи.

Рейтер агенттиги жарылган пейжерлерди "Хезболла" соңку айда сырттан алып киргенин жазды.

"Баары жаңы моделдеги байланыш каражаты болчу. Бир нече киши жарылуу алдында пейжерлер ысып чыкканын байкаган. Би-Би-Си британ армиясынын мурдагы кызматкеринин айтканына таянып, пейжерлерге 10-20 граммга чейин күчтүү жардыргыч зат коюлган болушу ыктымал билдирди", - дейт аталган агенттик.

Жарылып кеткен пейжердин калдыгы.
Жарылып кеткен пейжердин калдыгы.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа тилкесинде чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана түндүк тилкесиндеги Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөгү "Хезболлага" каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG