Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Ливан бийлиги 500гө чукул киши набыт болгонун кабарлады


Ливандын түштүгүндөгү Заита аймагына Изриал армиясы сокку урду, 2-сентбярь, 2024-жыл
Ливандын түштүгүндөгү Заита аймагына Изриал армиясы сокку урду, 2-сентбярь, 2024-жыл

23-сентябрдын таңында израил армиясынын Ливандын түштүгүнө жасаган аба соккуларынан 500гө чукул кишинин өмүрү кыйылганын расмий Бейрут кабарлады. Маалыматка караганда, 1500дөн ашуун адам жараат алды. ЦАХАЛ "Хезболла" террордук тобуна тийиштүү курал-жабдык сакталган жайларды бутага алганын билдирди. 

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 23-сентябрдын таңында жасалган израил армиясынын (ЦАХАЛ) чабуулунан өлгөндөрдүн саны 500гө чукулдады. Мекеме бардык ооруканалардан жараат алгандарды кабыл алууну талап кылган билдирүү жарыялады.

Бул былтыр октябрда Газа тилкесинде жаңжал башталгандан берки Ливандагы өлгөндөрдүн саны боюнча эң чоң көрсөткүч.

Өткөн жумада пейжерлер менен рациялардын жарылуусунан улам кырдаал курчуп кеткенге чейин, Ливанда ЦАХАЛдын соккуларынан набыт кеткендердин саны 600дүн тегерегинде болчу. Алардын көбү "Хезболла" террордук тобунун жоочулары, ал эми 100дөйү карапайым тургундар эле.

ЦАХАЛ 23-сентябрда Ливандын түштүгүндөгү "Хезболла" курал-жабдыктарын каткан жайларды бутага алганын социалдык тармактар аркылуу билдирди. Израил армиясынын маалымат катчы Даниел Хагарин жалпы террордук топко караштуу делген 800дөй жай жок кылынганын айтты.

Чабуулдун алдында ливандыктар "Хезболланын" курал-жабдыктары катылган жайлардан бир чакырымдай оолак болууну эскерткен аудио жана жазуу түрүндөгү билдирүүлөрдү алышкан.

Ливандагы мамлекеттик Ogero телекоммуникациялык компаниясынын башчысы Имад Крейдие "Франс-Пресс" агенттигине кабарлагандай, алар Израил тараптан келген бардык каттарды блоктошкону менен Тель-Авив башка бир өлкөнүн кодун пайдаланып, бул чектөөнү айланып өтүүдө.

ЦАХАЛдын максаты эмне?

22-сентябрда “Хезболла” Израилдин түндүгүнө ракеталык чабуул койгон. ЦАХАЛ 100дөн ашуун ракетанын көбү атып түшүрүлгөнүн кабарлап, ушул эле күнү Ливандын түштүгүнө кайрадан абадан жапырт сокку урду.

“Хезболла” Израилге былтыр октябрдан тартып, Газада согуш башталгандан көп өтпөй эле чабуул коё баштаган. Ошондон бери атышуулар дээрлик күн сайын болуп келген.

Мындан улам Израилде чек аралаш аймактан он миңдеген тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту. Расмий Тель-Авив дал ошол израилдиктер аман-эсен үйлөрүнө кайтмайынча Ливанга сокку урууну улантарын билдирди.

"Биз Ливандагы чабуулдарыбызды күчөтүүдөбүз. Аскердик операциянын ыргагы өлкө түндүгүндөгү тургундарды аман-эсен үйлөрүнө кайтаруу максатыбызга жетмейинче улантат", - деди Израилдин коргонуу министри Йоав Галлант.

Кырдаал өткөн жумада курчуп кетти. Апта башында Ливандын ар кайсы бөлүгүндө террордук топтун мүчөлөрү колдонгон пейжерлер, рациялар жапырт жарылып, 40ка чукул адамдын өмүрү кыйылган. Миңдеген киши жараат алган. Ал үчүн Ливан Израилди күнөөлөгөнү менен расмий Тель-Авив дооматты четке каккан да эмес, жоопкерчиликти мойнуна алган да эмес. Андан бери тараптар атышууларын күчөттү.

Ливан тараптан атылган ракетанын кесепети. Израил, Кирят Биалик. 22-сентябрь, 2024-жыл.
Ливан тараптан атылган ракетанын кесепети. Израил, Кирят Биалик. 22-сентябрь, 2024-жыл.

Жума күнкү жөөт армиясынын соккусунан “Хезболланын” жогорку даражалуу командирлеринин бири мүрт кетти.

АКШ аймакта кеңири масштабдагы согуш тутанып кетпеши үчүн тараптарды сабырдуулукка чакырды.

22-сентябрда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби ABC телеканалына сүйлөгөндө "Согуш, эскалация, "Хезболлага" каршы Ливан менен чек арада экинчи фронт ачкандан көрө өлкө түндүгүндөгү израилдиктерди үйлөрүнө аман-эсен кайтарып, ал жактагылардын коопсуздугун камсыздоонун башка жакшыраак жолдору бар деп ишенебиз" - деди.

Быйыл апрель айында да Израил менен Иран аз жерден согушуп кете жаздаган. Буга Израилдин Тегерандын Дамасктагы консулдугуна сокку урганы түрткү болгон. Анда Иран бийлиги өч алуу максатында Израилдин аймагына 300дөй ракета, учкучсуз аппарат менен абадан чабуул койгон.

Британия, АКШ, Иорданиянын абадан коргонуу системалары Израилдин аймагын аба чабуулдан коргоп калган.

Андан кийин Тегеранда ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) саясий лидери Исмаил Хания жана Бейрутта "Хезболла" террордук тобунун аскердик командачысы өлтүрүлгөн соң радикал кыймыл Тель-Авивден "өч аларын" эскерткен. Анда да талдоочулар аймакта кеңири масштабдагы согуш тутанып кетүү коркунучу бар экенин эскертишкен.

"Хезболла" - Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС радикал уюмунун жакын өнөктөшү.

Ливандын баш калаасы Бейрутка жакын жерге жасалган израил армиясынын чабуулунун кесепети. 20-сентябрь, 2024-жыл.
Ливандын баш калаасы Бейрутка жакын жерге жасалган израил армиясынын чабуулунун кесепети. 20-сентябрь, 2024-жыл.

"Хезболла" эмне деген уюм?

"Хезболла" уюму 1982-жылы Ливандагы жарандык согуш маалында негизделген. Анын баштапкы максаттарынын бири Ливандын түштүгүн Израилдин оккупациялоосун токтотуу болчу. Буга радикал уюм 2000-жылы гана жетише алды.

Шийи мусулмандары кирген кыймыл Иран колдогон фракциялардын жана өкмөттөрдүн катарына кирет.

Алгачкы жылдары топ АКШга караштуу гана жайларга кол салгандыктан Вашингтон аны террордук уюмдардын катарына киргизген.

"Ирандын колдоосу менен "Хезболла" Ливандагы эң кубаттуу саясий күчкө алынап, өз позициясын бекемдеп, Жакынкы Чыгыштагы Иран колдогон кубаттуу аскердик оюнчуга айланды", - дейт Лондондо жайгашкан SOAS Жакынкы Чыгыш боюнча институттун башчысы Лина Хатиб.

2006-жылы "Хезболланын" жоочулары эки израилдик аскерди барымтага алып, эки тараптын ортосунда бир айга созулган согуш болгон. Израил "Хезболланы" жок кылуу максатында кеңири масштабда абадан жана жерден чабуул баштаган. Бирок өз мүдөөсүнө жеткен эмес.

Израил армиясынын бомбалоосунан улам Ливандын түштүгүндөгү бир катар аймактар жер менен жексен болгон. "Хезболла" Израилдин аймагын көздөй миңдеген ракета учурган.

Андагы куралдуу жаңжал 1200дөй ливандыктын жана 160тай израилдиктин, негизинен аскерлердин өмүрүн алган.

Ливан: «Хезболланы» бутага алган пейжер чабуулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

XS
SM
MD
LG