Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Израил Ливанга сокку урду, "Хезболла" жүздөгөн ракета учурду


Израилдин аба соккуларынан кийинки Ливандын аймагындагы кырдаал, 25-август 2024-жыл.
Израилдин аба соккуларынан кийинки Ливандын аймагындагы кырдаал, 25-август 2024-жыл.

Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" тобунун позицияларына абадан сокку урду. Аны улай Иран колдогон шийи согушкерлеринен турган бул топ Израилди көздөй жүздөгөн ракеталарды учурду.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 25-августка караган түнү Ливандын түштүгүндөгү бир катар аймактарга абадан сокку урду. Расмий Тель-Авив бул чабуулдарды Ливандагы "Хезболла" радикал тобуна каршы "алдын алуучу сокку" деп мүнөздөп, бул топ Израилге чабуул коюуга камданып жатканын билдирди.

“Бир аз мурда Израилдин куралдуу күчтөрү “Хезболла” террорчул уюму Израилдин аймагына ракеталарды атууга камданып жатканын аныктады. Өзүн-өзү коргоо, бул коркунучтарды жок кылуу үчүн ЦАХАЛ Ливандагы террордук позицияларга сокку урууда. Бул жайлардан “Хезболла” израилдик жайкын тургундарга чабуул коюуну пландаган”, - деп айтты Израилдин армиясынын басма сөз катчысы Даниэл Хагари.

Аны улай "Хезболла" тобу жогорку командирлеринин бири Фуад Шукрдун өткөн айда өлтүрүлүшүнө жооп иретинде жүздөгөн ракеталарды жана дрондорду Израилдин түндүгүн көздөй учурганын маалымдады. Иран колдогон шийилерден турган бул топ Израилди бутага алган кеңири чабуулдарынын "биринчи стадиясын" баштаганын белгиледи.

Израилдин куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, жекшемби күнү 100дөй израилдик аскердик учактар "Хезболланын" 40тан ашык позициясын бутага алып, ракеталарды учуруучу миңдеген жабдыктарын жок кылды.

Израилдин аскердик учактары, 25-август, 2024-жыл.
Израилдин аскердик учактары, 25-август, 2024-жыл.

"Хезболла" болсо Израилди көздөй 320 "Катюша" ракеталарын жана дрондорду учурганын, алар ондон ашуун аскердик жайды бутага алганын маалымдады.

"Биздин бүгүнкү аскердик операциябыз аягына чыкты жана максатына жетти", - деп айтылат радикал топтун билдирүүсүндө.

Азырынча мындай соккулардын кесепети тууралуу толук маалымат жок. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин чабуулдарынан үч кишинин өмүрү кыйылганын маалымдады. Израилдин армиясы “Хезболланын” ракеталары анчалык чоң зыян алып келбегенин белгиледи.

Израилдин Коргоо министрлиги өлкөнүн бардык аймагында жекшембинин таңынан тарта 48 сааттык өзгөчө абал жарыялады. Аба чабуулдары жүрүп жаткан маалда Тель-Авивдеги негизги аэропортто айрым аба каттамдары убактылуу токтотулуп, кайсы биринин багыты өзгөргөн. Бир канча сааттан кийин каттамдар кайра калыбына келгени белгилүү болду.

Соңку чабуулдарга байланыштуу Ливандын өкмөтү да чукул жыйын өткөрдү. Ливандын экономика министри Амин Салам чөлкөмдөгү кырдаал Газадагы согушту токтотуу боюнча Каирде башталып жаткан соңку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша болорун айтты.

“Кырдаалга көз салып жаткан негизги оюнчулар – булар француздар, америкалыктар, катарлыктар, Египет жана башкалар сыяктуу бир нече араб мамлекеттери. Бүгүнкү окуялардан кийин [биздин] элчилерге байланышка чыккандар болду. Каирде бүгүн жана эртең боло турган аракеттерге ишеним артылып жаткандай көрүнөт. Алдыңкы 24 сааттын ичинде таң эрте болгон окуяларды улай оң багытка түшөбүз деп ишенем. Өлкөнүн жана элдин бейпилдиги үчүн ошондой аракет болот деп үмүттөнөм”, - деди Амин Салам.

АКШнын президенти Жо Байден америкалык расмий жетекчилерге Израил тарап менен жакындан байланышта болуу жана израилдиктердин өзүн-өзү коргоо аракетине колдоо көрсөтүүнү улантуу тапшырмасын бергени белгилүү болду.

Газадагы согуштун эпкини

Жекшембинин түнү башталып, таңга чейин уланган аба соккулары басаңдаганы менен Израил-Ливан чегиндеги соңку кырдаал Жакынкы Чыгышта Газадагы согушту улай кеңири масштабдагы куралдуу кармаш чыгып кетпейби деген тынчсызданууларга кайрадан жол ачты.

"Хезболланын" ракеталарынын бири атып түшүрүлгөн учур, 25-август 2024-жыл.
"Хезболланын" ракеталарынын бири атып түшүрүлгөн учур, 25-август 2024-жыл.

Ливан менен Израилдин чек арасында кырдаал 2023-жылдын октябрь айында “Хезболланын” Газа тилкесиндеги союздашы ХАМАС радикал тобу (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) Израилге кол салып, ЦАХАЛ бул топко каршы Газадагы чабуулдарын баштагандан бери чыңалып турат. Андан бери Иран колдогон “Хезболла” менен Израилдин армиясынын ортосунда чек аралаш аймактарда дээрлик күн сайын ракета соккулары катталып жатат.

Июль айынын соңунда ХАМАС радикал тобунун саясий лидери Исмаил Ханиянын Тегеранда, “Хезболланын” командири Фуад Шукрдун Бейрутта өлтүрүлүшүнөн кийин кырдаал ого бетер чыңалган.

ХАМАСка жана “Хезболлага” колдоо көрсөткөн Иран Ханиянын өлүмү үчүн Израилди күнөөлөп, катаал жооп кайтарууну убада кылган. Бирок “Хезболланын” жекшембидеги чабуулдарына Иран катышпаганы кабарланып жатат.

Израилдин армиясы менен “Хезболланын” жекшембидеги аба чабуулдары Каирде Газадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жаткан учурга туш келди.

АКШ, Египет, Катар сыяктуу өлкөлөрдүн Газада ок атышууну токтотууну, барымтадагыларды бошотууну көздөгөн дипломатиялык аракеттери үмүт жаратканы кабарланганы менен азырынча мындай макулдашуулардан толук майнап чыга элек.

ХАМАСтын 7-октябрда Израилдин түштүгүндөгү чабуулунан 1200дөй адамдын өмүрү кыйылган. Радикал топ 240тан ашуун адамды барымтага алып кеткен. Алардын бир бөлүгү бошотулганы менен айрымдары каза таап, кайсы биринин дайыны белгисиз бойдон.

Израилдин ХАМАСтын чабуулуна жооп катары Газа тилкесинде баштаган операцияларынан, Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 40 миңден ашуун палестиндердин өмүрү кыйылды. Алардын канчасы ХАМАСтын согушкерлери экени белгисиз.

Бириккен Улуттар Уюму набыт болгондордун көбү аялдар менен балдар экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG