Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Эне тилге камкордук: Заманбап чехтер менен украиндердин жаңы сөздөрү


“Тил – миң жылдыктын мурасы” деген жарнак. Львов, Украина, 15.8.12.
Украина менен Чехиянын футбол боюнча жолдоштук беттешинде “Тил – миң жылдыктын мурасы” деген жарнак илинген. Анда киевдик княз Владимирдин, гетман Иван Мазепанын жана Степан Бандеранын сүрөттөрү тартылган. Львов, Украина, 15.8.2012.

Ар бир заманбап тилде сүйлөгөн элдер өзүнүнү эне тилин өнүктүрүүнүн улам жаңы аргаларын издеп келишет. Чехтер менен украиндердин эне тилдериндеги айрым жаңы терминдер жана алардын тил таануудагы сабактары тууралуу блогду сунуштайбыз.

XXI кылымдын башына чейин өзүн сактоого жетишкен ар кандай улут өз эне тилин андан ары сактоо жана өнүктүрүү үчүн алектенээри айдан ачык.

Дүйнөлөшүү жүрүмү маалында алардын өз эне тили жана көөнөргүс маданияты үчүн күрөшү ого бетер курчуду.

Биз индоевропалык тилдердин ичинен славян тилдерине кирген эки тилдин – чех жана украин тилдеринин XX кылым – XXI кылымдын башындагы кээ бир жаңы терминдери (неологизмдери) жөнүндө гана учкай сөз кылмакчыбыз.

Бул терминдер жөн жерден жаралышкан жок. Алар – эне тилдин сакталып калышы жана улуттук маданияттын асыл-нарктары үчүн жалпы талыкпаган айдыңдык аракеттердин мөмөлөрү.

Чехтердин жаңы терминдери

Албетте, чехтер деле XIX кылымда асманга көкөлөгөн унаага – учактарга ээ болушкан эмес.

Мурдагы Чехословакияда алгачкы жолу абага 1919-жылы 27-апрелде көтөрүлгөн туңгуч чех учагы “Bohemia B-5” деп аталган эки орундуу учак болгон. Луи Блериот тарабынан жасалган долбоорго ылайык Плзен шаарында өндүрүлгөн бул учак азыр дагы Прага шаарындагы музейлердин биринде сакталууда.

Петр Кокайсл менен Амирбек Усмановдун чехче китебинин мукабасы.
Петр Кокайсл менен Амирбек Усмановдун "Кыргызстан тарыхы күбөлөрдүн көзү менен" аттуу чех тилиндеги китебинин мукабасы.

Чехтер оболу “аэроплан” деген терминди колдонушкан. Кийинчерээк алар “учак” сөзү үчүн “летадло” (“letadlo”) терминин, ал эми “аба майданы” сөзү үчүн “летиште” (“letište”) сөзүн ойлоп табышты. Демек, чехтер эне тилинин сөз жаратуудагы ички мүмкүнчүлүктөрүн ийкемдүү пайдаланышты.

Поюз унаасы Чехияда азыр да арбын колдонулат. Чехтер “поюз” сөзүн “влак” (“vlak”) деп аташат. Ар кандай поюз вагону чехче “влаковый вууз” (“vlakový vůz”) деп берилет.

Албетте, айрым терминдер чех тилине ыңгайлаштырылып кыска-нуска түрдө жаратылган учурлар арбын. Велосипедди чехтер кыска гана “коло” (“kolo”) деп коюшат. Ал “дөңгөлөк” маанисин берет. Учурда көп колдонулчу “автоунаа” сөзү чех тилинде “ауто” (“auto”) деп гана берилет.

Антонина украин тили боюнча окуу китеби менен. Николаев облусунун Покровськ (Покровск) кыштагы. 01.9.2022.
9 жашар Антонина украин тили боюнча окуу китеби менен. Миколаїв (Николаев) облусунун Покровськ (Покровск) кыштагы, Украина. 01.9.2022. Ал онлайн окуп жатканда алыстан аткылоолор доошу угулуп турду.

Ай аталыштары толук чех тилинде гана колдонулат.

Кыш мезгилиндеги айларды эле алсак, бештин айы (декабр), үчтүн айы (январ) жана бирдин айы (феврал) сөздөрү үчүн “просинец” (“prosinec”), “лэдэн” (“leden”) жана “уунор” (“únor”) терминдери колдонулат.

Мындагы “просинец” сөзүнүн келип чыгышы (этимологиясы) жаатында ар кыл жоромолдор бар. Аны чехче “синий” (“siný”) – “көк” деген түс менен байланыштыргандар бар. Балким, ал кишинин ызгаар сууктан көгөрүп чыккан абалына же көк музга байланыштуу болгондур.

Чехиядагы китеп жармаңкесинен. 24.9.2021.
Чехиядагы китеп жармаңкесинен. Прага шаары. 24.9.2021.

Көөнө слвяндык чиркөө тилинде жана жылсанагында “просиници” (“prosinĭcĭ”) деп үчтүн айын (январды) аташчу экен. (Ал эми Балкандагы македондук эски славян тилинде кыштын алгачкы айын “снежник” – “snežnik” деп коюшчу).

Жыл башындагы алгачкы айдын чехче аталышы болгон “лэдэн” сөзү “муз” (“лэд” – “Led”) деген сөздөн келип чыккан.

Ал эми алгачкы тыбышка басым жасалган “уунор” сөзү “муздун жарылышы” (“nořit”) деген чехче этиштен жаралган. Чехиянын Ала-Тоого салыштырмалуу мелүүн климат шарттарынын өзгөчөлүгү да ушул сөздөн байкалат.

Баш оона (август) айы “с[ы]рпен” (“srpen”) деп которулат. Бул славянча “орок” сөзүнөн алынган. Мындан улам чех дыйканчылыгы тууралуу да түшүнүк ала алабыз.

Эми маалымат технологиясынын дүйнөсүнө келели.

“Компүтер” сөзүн чехтер “почитач” (“počítač”) деп которуп алышкан. Бул сөз “эсептегич”, “эсепкер” деген гана маанини берет. Чындыгында да, ар кандай компүтер – бул киши баласы түзгөн эсептөө программаларына ылайык ар кыл маалымат топтомдорун санаган, маалыматты сактаган жана бизге өткөрүп берген санак аспабы эмеспи!

Албетте, “вай-фай” (“wi-fi”) сөзү да чехче колдонулат, бирок аны англисче “вай-фай” деп кайталап айтып отурбастан, өз эне тилине ылайыктап тамгалай түрдө “вифи” деп окушат жана айтышат.

Айтор, чехтер заманбап технологиялык, чарбалык, маданий жана башка терминдерди чыгармачылык менен жаратып келишет.

Украиндердин жаңы терминдери

Эми украин тилинин заманбап сөз кампасын башка өңүттөн карайлы.

Эгерде 1950–60-жылдардагы кирил жазмасындагы кыргыз орфография эрежелерине тигил же бул термин орусча кандай жазылса, кыргыз тилинде да ошондой жазылышы керек, деген оторчул эреже кирип кеткен болсо, украиндер (алар өздөрү деле чыгыш славян элдеринен болгондугуна карабастан) мындай үстөмдүкчүл, “маскөөчүл” эрежеден жаа бою качышкан.

Ар бир украинче жаңы сөз өз эне тилин өз алдынча жана ийкемдүү тил катары сактоо далаалатына жараша жасалган.

Маселен, “учак” сөзү заманбап украинче "літак" (“литак”, б.а. “учуучу унаа”) деп которулган. Кыргыз тилине 1950–80-жылдары таңууланган орусча “самолёт” сөзүн украиндер өз эне тилинде колдонушпайт.

Кызык, аба майданын туюнтчу жаңы украин сөзү – “летовище” (аны чехче “летиште” сөзүнө жакындатсак болот).

(Сөз жаратуу ыкмасы боюнча дагы бир салыштырууну айта кетелик: “жайыт” сөзү азыркы орусча “пастбище” делет эмеспи, мал жайытына байланыштуу бул сөздү украиндер “пасовище” деп айтышат. Демек, “-ище” куранды мүчөсү азыр да жигердүү колдонулууда).

“Учкуч” сөзүн алар украиндештирип “льотчик” деп беришет. Кремлден эч ким келип, аларды колго чаап, орус тилиндегидей “лётчик” деп жазгыла, деп опузалашкан эмес (антишсе да, балким, украин тилчилери “тил албай” коюшкандыр?)

Украиндер “Аалам” сөзүн “Всесвіт” деп которушкан. Ал эми “космос кемеси” сөзүн алар “космічний корабель” дешет, мында да “кеме” сөзү так орус тилиндегидей “корабль” деп берилген эмес.

Кыш мезгилинин айлары болгон бештин айы (декабр), үчтүн айы (январ) жана бирдин айы (феврал) украинче “грудень” (“тоң кыртыш” жана “кар тогологу” сөзүнөн), “січень” (“майдалап кесүү”; “тызылдаткан ызгаар” сөзүнөн), “лютий” (“каардуу”, “кыжырданган” сөзүнөн) делген эски чыгыш славянча сөздөрдөн алынып берилген.

Саясий терминдерге келсек, кыргыздар “СССР” деген шарттуу кыскартылган аталышты кыргызча тексттерде да орусчасындай жазышса, украиндер “СРСР” деп өз эне тилине ылайыктап жазышчу.

Совет доорундагы барктуу термин болгон “”КПССтин курултайы (съезди)” сөзүн украин тилинде “З'їзд КПРС (З'їзд Комуністичної Партії Радянського Союзу)” деп жазышчу.

Ал эми “Кеңештер Биримдиги” сөзүн украиндер “Радянський Союз” (“Кеңештик Биримдик”) деп аташса, биз аны кыргыз тилинде орусчасынан “Советтер Союзу” деп аташыбыз керек болгон (б.а. орусча терминди эч өзгөртпөстөн, ага кыргызча куранды мүчөнү гана жалгаштырышыбыз талап кылынган).

(1991-жылы июнда – кулжа айында Өфө шаарына келгенимде, Башкортостандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кабинетинин каалгасындагы “Башкортостан Республикасының Верховный Советиниң Президиумунун Председатели” деген көрнөктү окуп, абдан кейиген элем. Башкыр тили дагы, негизи, өтө бай тилдерден эмеспи! Чыгаан башкыр тилчилери репрессияланган же бозгунга кеткен соң, алар дагы 1940–50-жылдардагы оторчул тилчилердин таз кейпин кийишкен экен).

Украиндерге эч ким Маскөөдөн келип “Радянський Союз” деп жазбагыла, “Советський Союз” деп жазгыла, деп талап кылчу эмес.

Азыр арбын сөздүн темасы болуп жаткан Орусиядагы “Курск облусу” деген аталышты украиндер “Курська область” деп аташат. Курск шаарын украиндер “Курськ” деп жазышат.

(Украин сөздөрүндө ичкертүү белгиси орус тилиндеги ордунан “жылышып” кеткенин же орусчада жок болсо да бул белги коюла бергендигин байкаган чыгаарсыздар).

Маалымат технологиясы жаатында дагы украин терминдеринде орус тилине салыштырмалуу өз алдынчалык бар.

Мисалы, жогорудагы “компүтер” сөзүн украиндер “комп'ютер” дешет. Демек, аларда бул термин орусча кандайча жазылса, ошондой кылып (“компьютер” деп) берүү керек, деген талап жок.

Демек, азыркы украин тили көөнө салттарын ырааттуу сактап жана заманга ылайык улам жашарып, улам жанданып келет.

Корутунду. Бизге керек сабактар

Борбордук жана Чыгыш Европадагы славян элдеринин өкүлдөрү болгон чех жана украин улуттары өз эне тилин сактоо жана өнүктүрүү жаатында бизге да өрнөк болчудай салттарга жана тажрыйбаларга ээ.

Жогорудагы өрнөктөр “уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук” деге накыл кептин илебинде сунушталды.

Кыргызстанда азыркы тапта заманбап кыргыз тили үчүн кирил жазмасы расмий колдонулуп келет.

1989-жылы 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил катары кыргыз тилин гана тааныган даңазалуу мыйзам кабыл алынган. Бул – зор саясий жана маданий утуш эле.

Арийне, азыркы тапта да кирил жазмасындагы кыргыз орфографиялык эрежелери тээ 1950–60-жылдарда таңууланган турумдан анчейин оолактай элек.

Кирил жазмасынын өзү да кыргыз тили үчүн реформаланышы, ага каткалаң қ, ғ сыяктуу кошумча тамгалар киргизилиши, кыргызча текст жазганда орус тилине таандык ё, ю, я, щ, ь, ъ, ц тамгаларынан баш тартуу абзел деп санайбыз (аларды тийешелүү чет тилдеги сөздү чагылдыруу үчүн илимий максатта колдонууга бүгүнкү компүтерлерде жана уюкфондордо толук мүмкүнчүлүк бар).

Кыргыз тилине йоттошкон тамгалардын (Ё, Ю, Я) эч зарылчылыгы жок. Мисалы, эне тилибизде өйүү, ийүү деп туура жазабыз да, негедир кыргызча “ойуу”, “айоо”, дайар” сөздөрүн “оюу”, “аёо”, даяр” деп милдеттүү түрдө жазабыз.

Андан тышкары Е тамгасын кыргызча жалаң гана ачык Э тыбышы катары айтууну талап кылышыбыз алгылыктуу. Ошондо Европа деп жазылган сөздү Эвропа деп (б.а. Иевропа эмес), айтышыбыз керек.

Же болбосо кыргызча Э тамгасын бардык учурларда колдонуп (мисалы, эжэ, энэ, эрмэк, эсэп, ж.б.) ал эми Е тыбышын чет элдик терминдерге гана калтырууга болот).

Кыргыздар сүйлөгөндө ичкертүү белгисин эч колдонушпайт (лагер, медал), бирок текстте орусча кандай колдонулса, ошондой кылып колдонууга (лагерь, медаль) милдеттүү.

Эми, бүгүнкү дүйнөлөшүү жүрүмүнүн кырдаалында көп тилдерди мыкты өздөштүргөн тилчи жана башка кыргыз таануучу адистердин жаңы мууну калыптанган чакта, эски оторчул орфографиялык ж.б. талаптардан баш тартып, эне тилибизге төп сөз казынасын жана орфографиялык жаңы эрежени түптөөнүн заманбап сересине чыгууга мезгил жетти, деп санайбыз.

Баса, кыргыз улутунун “Манас” эпосунда сакталып калган бир олуттуу сөз залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун (1928–2008) романы аркылуу кыргыз тилинен дүйнөдөгү көптөгөн тилдерге (анын ичинде чех жана украин тилдерине да) жаңы сөз (неологизм) катары өздөштүрүлгөн. Ал – “маңкурт / манкурт” сөзү. Бул сөз бардык эле калктардын азыркы муундары үчүн өзүнүн ургаалдуу маңызынан ажырай элек.

Эмесе, манкурт болбой, тил казынабызды көз карегиндей сактайлы жана ырааттуу байыталы.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG