Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Добружадагы түрк тилдүү этностордун тагдырына учкай кылчайып...


Татар ыр–бий фестивалы. Константа, Румыния. 04.9.2016.
XXII кырым татар ыр–бий фестивалы. Константа шаары, Румыния. 04.9.2016.

Дунайдын түндүк-чыгышындагы түрк тилдүү этностор топтошуп байырлап жаткан Добружа аймагы учурда Румыния менен Болгарияга таандык. Бул этностордун бабалары – түрк тилдүү беченектер, булгарлар, уздар, кыпчактар, татарлар, нойгойлор жана осмон түрктөрү. Азыр да алар Добружаны өз атажурту катары кадырлашат. Тарыхчынын блогу.

Адатта, биз түрк тилдүү калктар жөнүндө сөз кылганыбызда Евразиянын ичинен Чыгыш, Борбордук жана Кичи Азияны, Шибер менен Алтайды, Орол менен Эдилди, Кавказ менен Кырым жарым аралын көбүрөөк эске алабыз.

Ал эми түрк тилдүү калктардын өкүлдөрү бери дегенде б.з. I миң жылдыкта эле Чыгыш жана Борбордук Европага, Балкан аймагына сүңгүп келе башташкан. Алардын айрымдары Добружаны кылымдап бою жердеп калышкан.

Кара деңиз аймагынын картасы.
Жалпы Кара деңиз аймагынын картасы.

Добружа аймагы жана “добружа” сөзүнүн теги

Добружа аймагы – азыркы Болгария менен Румыниянын Кара деңиз жээгиндеги Дунай дарыясынын чектеш оодандарын бириктирген тарыхый-географиялык аймак.

Бул аймактын аталышын туюнткан “Добружа” сөзү болгарча Добруджа (латын арибинде: Dobrudzha же Dobrudža), румынча Dobrogea (“Доброжеа”), түркчө Dobruca Добружа) деп аталат. Ал эми украиндер бул аймакты “Задунав'я” (“Дунайдын аркы өйүзү”) деп коюшат.

Румыния менен Болгариянын азыркы картасындагы Добружа аймагы. 18.4.2005.
Румыния менен Болгариянын азыркы картасындагы Добружа аймагы. Мында Түндүк Добружа кызгылт-сары түстө, ал эми Түштүк Добружа сары түстө боёлгон.

Румынияга караштуу Түндүк Добружа төмөнкү Дунай дарыясы менен Кара деңиздин аралыгында жайгашкан жана ал түштүгүндө Болгариянын бир бөлүгү болгон Түштүк Добружа менен чектешет.

Түндүк Добружада румындардын Константа (Констанца) жана Тулчеа деген эки ооданы түзүлгөн.

Түштүк Добружада (болгарча “Южна Добруджа”) болгардык Добрич жана Силистра облустары негизделген.

Добрич облусунун борбору Добрич шаары оболу Биринчи Болгар падышалыгы маалында негизделген. Ал эми Осмон султандыгы доорунда ал Хажыоглу Пазаржык (Hacıoğlu Pazarcık) шаары катары белгилүү болчу. Коммунисттик доордо ал советтик маршал Фёдор Толбухиндин ысымын да алып жүрдү. 1990-жылы 19-сентябрда Толбухин шаарына Добрич деген тарыхый аталышы кайтарылган.

Силистра облусуна таандык Тутракан шаары мурда Осмон султандыгынын Туртукайа (Turtukaya) чеби катары маалым болгон.

Бул Добружа аймагынын эки бөлүгүндө тең түрк тилдүү этностордун азганактай сандагы өкүлдөрү румындар, болгарлар, немистер, ромалар (сыгаандар) жана башка этностор менен бирге байырлашат.

Добрич шаарындагы (Болгария) өкүмдар Добротицанын айкели. 28.11.2005.
Болгарлашкан түрк тектүү өкүмдар Добротицанын айкели. Добрич шаары, Болгария. 28.11.2005.

“Добружа” сөзү, илимпоздордун бир даарынын пкирине караганда, славяндык жана түркчө бөлүктөрдөн турат. Анын славяндык бөлүгү XIV кылымда бул аймакты башкарган Добротица (Dobrotitsa; бийликтеги жылдары: 1347–1386) деген тарыхый инсандын ысымы менен бйланыштуу. Анын теги Болгарияда бийлик жүргүзгөн жана славяндашкан кыпчактардын Тертер сулалесине барып такалат.

Добротицаны христиандашкан түрк болчу деп санагандар да жок эмес.

Айрым румын илимпоздору Добротицаны румындардын жана молдовалардын орто кылымдардагы бабаларынын бири катары жоромолдошот.

Бул сөздү болгарча “добриче” (“dobrice”) – “таштак кыртыш” деген сөзгө байлаган да жоромол бар.

Айтор, бул Добротица деген киши атына же жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жер аталышын Осмон султандыгынын түрктөрү жана башка түрктөр жеңилдетип “Добружа” деп атап алышкан жана тарыхый-географиялык илимге да ушул термин кирген.

“Огуз-наме” дастанынын XV кылымга таандык кол жазмасында “Добружа эли” (“Dobruja-éli”) топоними учурайт.

Кыскача тарыхый экскурс

Байыркы түрк тилдүү хун элинин бир бөлүгү “гун” аталышы менен Батыш Европага чейин журт которгону дүйнөлүк тарыхта маалым.

Өзүнө башка этностордун (анын ичинде көөнө угорлордун жана башкалардын) өкүлдөрүн да камтыган гундар айтылуу Аттиланын (бийликтеги жылдары: 434—453) тушунда Рим империясына олуттуу коркунуч туудургандыгы да белгилүү. Анын мамлекетинин чордондук аймагы Борбордук Европадагы тарыхый Паннонияда (азыркы Венгрияны жана башка айрым чектеш аймактарды камтыган чөлкөмдө) жайгашкан.

Гундардын жортуулунан соң VI кылымда бул аймакка чыгыштан түрк тилдүү кутригурлар (кутур угурлары) жана аварлар (апар) да басып киришкен.

Аттиланын мамлекети ыдырап кеткенден кийин пайда болгон мамлекеттердин бири – Кара деңиздин түндүгү менен Каспий деңизинин аралыгын ээлеген Улуу Булгария мамлекети болгон.

Эдил боюндагы Болгар шаарынын калдыгы. 20.5.2021.
Эдил боюндагы Болгар шаарынын калдыгы. Татарстан, Орусия. 20.5.2021. (Мында Болгарияга көчкөн булгарлардын тектештери кийинчерээк кубаттуу Булгар хандыгынын ордосун негиздешкен).

Түрк тилдүү булгарлардын бул өлкөсүнүн башчыларынын бири Кубрат деген хандын (605-жылы туулган; бийлеген жылдары: 632 — 665) өлүмүнөн соң, анын мамлекети саясий жактан ыдырайт да, Кубраттын үчүнчү уулу Аспарух (бийлеген жылдары: 640—700) хазарлардын кысымына туруштук бере албастан, батышка – Дунай жээги тарапка журт которуп, 679-жылы тарыхый Добружа аймагын Византиядан тартып алган.

Аспарух хан 681-жылы Чыгыш Европада Биринчи Болгар падышалыгын негиздеген. Ал чыгышта хазарлардын соккуларын майтарып, түштүк-батышта ортодокс христиандардын дөөлөтү болгон Византиядан алым алып турууга да жетишкен.

Демек, VII кылымда Дунайдын Добружа жана башка чектеш аймактарындагы негизги калайыгы – славяндардан жана айрым латын тилдүү этностордон куралган көп этностуу мамлекетти негиздеген сулаленин саясий каймагын Түндүк Кара деңиз жээгинен жортуул жасап келген түрк тилдүү булгарлар (анын ичинен оногурлар) түзгөн.

Орто кылымдардын эрте мезгилинде Балкандын бир катар башка аймактарына көзөмөл жүргүзгөн Византия империясы ар кыл чыгыш европалык түрк этносторунун кошуундарына таянган кезеңдер арбын болгон.

IX кылымдын экинчи жарымында Кара деңиздин түндүгүнөн жана Эдилдин түштүк аймагынан журт которгон мажарлар (венгрлер) тарыхый Паннонияга чейин сүңгүп келишкен. Мажарлардын көп этностуу аскеринин курамында да чыгыш европалык түрк этностору арбын болгон.

(Айтмакчы, Чыгыш Европадагы журт которуулардын алдында, тээ 840-жылдары, Энесай Кыргыз каганаты Ички Азиядагы Уйгур каганатын ойрон кылып, анын натыйжасында Шибер, Алтай, Ички жана Борбордук Азияда дагы түрк элдеринин ири журт которуулары башталган болчу. Элдердин ири көчү менен байланыштуу бул тарыхый окуяларды өз ара байланышта кароого мезгил жетти).

Ал эми византиялык император жана тарыхчы Константин Порфирегеннит (905–959) өзүнүн “Дөөлөттү (империяны) башкаруу” деген эмгегинде азыркы европалык мекенине келген мажарларды “түрк” этноними менен белгилеген. Чынында да заманбап генетикалык изилдөөлөр салттык түрдө фин-угор тилдерине кирген мажарлардын IX кылымдагы бабалары менен азыркы эдилдик татарлардын жана башкырлардын тыгыз этностук байланыштары дагы болгондугун тастыктоодо.

Чыгыш Европага жана Балканга чейин жортуул жасаган башка түрк элдеринин арасында беченектер, хазарлар, ал эми XI кылымдан тартып – кыпчактар да болгон. Эгерде чыгыш славяндар кыпчактарды “половец / половцы” (“талаалык” [көчмөн]” деп аташса, латын тилдүү адабиятта “коман” (“куман”) деп аташкан.

Айтмакчы, кыпчактардан калган латынча этнонимдеги “куу-” компоненти азыркы тапта да Алтайдагы чалкан (куу-кижи) эли катары өздөрүн алтайлыктардан айырмалаган бир туугандарыбыздын арасында куманды, куу-кижи (куу-киши) түрүндө кездешет.

Чыгыш Европада Алтын Ордо доорунда жана ал ыдырагандан кийинки кылымдарда да Балкан аймагы менен Түндүк Кара деңиз аймагынын, Кырым жарым аралынын калктары тыгыз этностук-маданий жана соода-чарбалык байланышта болушкан.

XIV кылымдын башында жаралган “Кыпчак жыйнагы” (латынча: “Codex Cumanicus)” аттуу эмгекте кыпчак тилиндеги сөздөр латын жана немис тилдеринде таржымаланган. Бул көөнөргүс кол жазманын бир жеринде “бул – татар тили” (“Bu tatar til”) деген сүйлөм бар. Мында “татар” сөзүн кырым татар жана кыпчак тилдери катары аңдоо керек.

Дал ушул тилдерде сүйлөгөн этностук топтор Добружада дагы түрк тилдүү калктардын басымдуу бөлүгүн түзгөн, деп айта алабыз.

Ал эми Евразия жана Түндүк Африка тарыхында “Пакс Оттомана” (“Pax Ottomana”) деп аталып калган доор (XV к. акыры — XVIII к. башы) огуз (селжук) түрктөрү негиздеген Осмон султандыгынын Жакынкы Чыгышты жана Балкан аймагын кыйла узак убакыт бою бийлеп, ири мейкиндикте салыштырма тынч турмушту таңуулаган мезгил эле.

Дал ушул доордо көп этностуу Балкандагы бир катар аймактар сыяктуу эле анын түндүк өңүрүн түзгөн тарыхый Добружа аймагына мусулман осмон түрктөрүнүн өкүлдөрү агылып келген.

Иштван Мандоки Коңурдун “Чыгыштан көчкөн келгиндер” китебинин мукабасы. 2017.
Иштван Мандоки Коңурдун “Чыгыштан көчкөн келгиндер” чыгармалар жыйнагынын англисче котормосунун мукабасы. Бишкек. 18.5.2017.

Кийинчерээк Осмон султандыгы бул Добружа аймагын колдон чыгарган чакта деле осмон түрктөрү жана башка түрк этностору аймактагы болгарлар менен румындарга эриш-аркак жашап кала беришти.

Айтылуу Кавказ согушунан (1817—1864) кийин Түндүк Кавказдагы бир катар кыпчак тектүү мусулман түрк элдеринин миңдеген өкүлдөрү да падышалык орусиялык кысымдын айынан Добружага аргасыз журт которуп келишкен.

Сопунун күмбөзү. Бабадаг, Добружа, Румыния. 1998.
Сунний сопунун эски күмбөзү. Бабадаг, Добружа, Румыния. 1998-ж.

Добружадагы осмон (огуз) түрктөрү менен жергиликтүү (кыпчак, ногой ж.б.) түрктөр ислам динин тутушса, болгарлар ортодокс христиан динин, румындар – негизинен ортодокс христиан, азыраак бөлүгү – католик христиан динин тутушкан.

Албетте, түрк этносторунун айрым бөлүктөрү христиан динине өткөн учурлар да Борбордук Европада катталган (маселен, Венгриядагы кыпчактар жана Молдовадагы гагауздар).

Айрым добружалык кырым татарлары гагауздарга барып кошулган учурлар да болгон.

1930-жылдардын соңунда Добружадагы айрым осмон түрк тектүү тургундар Түркия жумуриятына ыктыяры менен көчүп кеткен. Президент Исмет Инөнүнүн (1984–1973) өкмөтү да бул көчкө тилектеш болгон.

Добружалык кырым татарлары Молдовада. 1917.
Добружалык кырым татарларынын өкүлдөрү Молдова аймагында. 1917.-жыл

XX кылымдагы тоталитардык доордо

Өткөн кылымдын экинчи жарымында Добружа аймагынын эки бөлүгүнүн тең калктары коммунисттик тоталитардык кезеңди баштан кечиришти.

Ошол доордо Болгарияда дагы, Румынияда дагы түрк тилдүү этносторго карата ар кыл кысымдар жүзөгө ашырылган.

Маселен, Болгарияда 1970-жылдардын башында “Кайра жаралуу жүрүмү” (“Възродителен процес”) деп аталган саясий өнөктүк жүргүзүлө баштаган. 1980-жылдардын этегинде гана токтотулган бул өнөктүк маалында болгариялык түрктөрдүн ысымдарындагы арапча (мусулманча) жана түркчө варианттар бүт күчтөп болгарлаштырылган. (1980-жылдары дээрлик 850 миңдей мусулмандык ысым алмаштырылып салынган).

Аларга мусулмандык диний ишенимдери үчүн ар кыл түрдө ыдык көрсөтүлгөн. Болгар мусулмандарынын арасынан миңдей киши абакка салынган, 29дай киши набыт кеткен.

(Кыргызстанда деле 1980-жылдардын ортосунда кайтыш болгон ата-энесине же жакынына куран окутуп койгондугу үчүн айрым төбөлдөр кызматтарынан кол жууган же сөгүш алган учурлар кездешкен эмеспи).

Коммунисттик өлкөлөрдүн жогорку төбөлдөрү. Сочи, Крым, СССР. 01.6.1973.
Коммунисттик өлкөлөрдүн жогорку төбөлдөрү СССРдин лидери Леонид Брежневдин (оңдон төртүнчү) чакыруусуна ылайык жолугушту. Солдон: Болгариянын лидери Тодор Живков (1962—71, 71—89), Румыниянын президенти Николае Чаушеску (1974—89), ж.б. Сочи, Украина, СССР. 01.6.1973.

Болгариянын коммунисттик жетекчилиги болгариялык түрк тектүү этносторду (анын ичинде татарлар менен ногойлорду да) “Осмон дөөлөтү маалында зомбулук менен ислам динине киргиздирилген христиан болгарлар” деп санаган. Албетте, болгарлар, румындар менен жергиликтүү ромалардын арасында дагы ислам динин кабыл алгандар болгону чындык. Бирок түрк тектүү этностор Болгарияда Осмон султандыгынын дооруна чейин деле байырлап келишкен.

Теги кырым татар Тодор (оңдо). Стамбул, Түркия. 08.3.2014.
Теги кырым татар Тодор (оңдо) 1944-жылы сталиндик режимдин кырым татарларын депортациялоосу маалында Болгарияга качкан. Андан соң ал Түркияга көчүп келген. Мында ал кырым татарлары Стамбулда өткөргөн нааразылык жыйынына катышууда. 08.3.2014.

Тодор Живков башында болго улутчул болгар жетекчилигин чочулаткан жагдайлардын бири – түрк этносторунун айдыңдарынын арасында коммунисттердин “элдердин өз тагдырын өзү чечүү укугу” идеясына таянып, өз этносунун автономиясын түзүү талабы айтыла баштагандыгы болгон.

1989-жылы 29-майда Түркия Болгариядагы мусулман түрктөр үчүн өз каалгасын убактылуу ачкан соң, 22-августка чейин 300 миңден ашуун түрк тектүү болгар жараны Түркияга ыктыярдуу көчүп кеткен. (Алардын жарымы, 150 миңдейи, Болгарияда коммунисттик режим кулаган соң, он жыл ичинде Болгарияга кайта көчүп келген).

Болгария өлкөсү боюнча ушундай жалпы этностук саясат Түштүк Добружадагы калайык турмушу үчүн да мүнөздүү болгон.

Ал эми Румынияга таандык Түндүк Добружа аймагына келсек, мындагы комунисттик режим маалында этностук азчылыкты түзгөн түрктөр (осмон түрктөрүнүн өкүлдөрү) менен татарлар (б.а. кыпчак, кырым татар, ногой сыяктуу этностордун калдыктары) жана түрктөшкөн ромалар да улуттук кысымдарга дуушар болушкан.

Аларды мындагы коммунисттер румындардан айырмалуу өз алдынча этнос катары расмий таанышкан эмес.

XXI Татар ыр–бий фестивалы. Константа, Румыния. 29.08.2015.
XXI кырым татар ыр–бий фестивалы. Константа шаары, Румыния. 29.08.2015.

Добружадагы түрк этностору азыркы тапта

Ал эми коммунисттик режимдер Болгария менен Румынияда тарых архивинде калган соң, 1990-жылдары түрк этносторуна каршы мурдагы расмий саясат жокко чыгарылды.

Бул эки өлкө тең XXI кылымдын башында, 2007-жылы, Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алынышып, алардагы (анын ичинде тарыхый Добружа аймагындагы) этностор аралык мамилелер демократиячыл калыпта өнүгүп келет.

Азыркы тапта Добружа аймагындагы түрк тилдүү этностор жалпысынан эки топко бөлүнөт. Алардын бири өздөрүн Осмон султандыгы доорунда көчүп келген жана теги боюнча огуз түрктөрүнүн бутагы катары санашса, калган тобу осмон түрктөрүнө эч тийешеси болбогон жана теги жагынан орто кылымдардагы беченек, кыпчак, кырым татары жана ногойлор сыяктуу этносторго барып такалаарын таасын аңдаган этностордон куралган.

Узак кылымдык чогуу-чаран тиричилик кылуу маалында Добружа калайыгынын ичинен кош тилдүү (кыпчак – осмон түрк, болгар – түрк, рома – түрк жана румын – түрк, ж.у.с.) үй-бүлөлөр да келип чыккандыгын эске алуу керек.

Эгерде мурдагы осмон түрктөрүнүн Добружадагы калган-каткан бөлүгү үчүн өз эне тилинде окуу китептептерин табуу азыркы Түркиянын көмөгү менен алда канча жеңил болсо, ал эми кыпчак, кырым татар, ногой тектүүлөр үчүн өз эне тилинде таалим алуу маселеси азыркы тапта дагы эле орчун көйгөй болуп саналат.

Болгариялык рома тегиндеги аялдар. Маглиж шаарчасы. 25.9.2012.
Рома тегиндеги жана дини христиан аялдар Софиядан 260 чакырымдай чыгышта жайгашкан Маглиж шаарчасындагы ромалардын мыйзамсыз курулган үйлөрүн экскаватор ойрондоп жатканын капаланып карап турушат. Болгария. 25.9.2012.

Азыркы Болгарияда

Заманбап Болгарияда түрк тектүү саясатчылардын өкүлдөрү парламентте кыйла орундарды ээлеп келишет.

Маселен, “Укуктар жана эркиндиктер үчүн кыймыл” (болгарча: Движение за права и свободи; Dvizhenie za prava i svobodi, ДПС, DPS; түркчө: Hak ve Özgürlükler Hareketi, HÖH) деп аталган чордончул саясий партия негизинен түрктөр жана башка этностук азчылыктар тарабынан колдоого алынат.

Бул уюм 1990-жылы 4-январда негизделген. 2018-жылга карата анын 40 миңдей мүчөсү бардыгы айтылып келет.

Болгариянын президенти Румен Радев (оңдо), Мустафа Карадай (ортодо) жана Йордан Цонев (солдо). София. 21.4.2023.
Болгариянын президенти Румен Радев (оңдо) Улуттук жыйындын 49-чакырылышына шайланган “Укуктар жана эркиндиктер үчүн кыймыл” партиясынын лидери Мустафа Карадай (ортодо) менен бул уюмдун депутаты Йордан Цонев (солдо) мырзаларды кабыл алды. София шаары. 21.4.2023.

2024-жылы июндагы парламенттик эрте шайлоодо бул партия Болгариянын парламентинин 47 орунун жеңип алды. Учурда бул уюмдун 3 өкүлү Европарламентке мүчө болуп шайланды.

Болгарияда башка дагы түрк тектүү саясатчылар негиздеген чакан партиялар бар.

Азыркы Румынияда

Румынияга таандык Түндүк Добружа аймагындагы түрктөрдү румын тилинде “читак” (“çitak”) дешет.

1990-жылдын башында жалпы түрк тектүүлөр үчүн саясий партия түзүү мүдөөсүн көздөгөн осмон түрктөрүнө тийешеси жок түрк тилдүү этностордун (аларды жалпысынан “татар” деп коюшат) саясатчылары “Румыния Мусулман Түрк Демократиялык биримдиги” (Uniunea Democrată Turcă Musulmană din România, UDTMR) деген партияны негиздешкен.

Ал эми осмон түрктөрүнүн өкүлдөрү болсо алардан жиктелип, 1990-жылы 1-февралда “Румыниянын Түрк демократиялык биримдиги” (румынча: Uniunea Democrată Turcă din România, UDTR; түркчө: Romanya Demokrat Türk Birliği, RDTB) деген өз алдынча саясий партияны негиздеп алышты. Бул партия азыркы тапта Румыниянын парламентинин төмөнкү үйүндө бир орунга ээ.

Ошондо, 1990-жылдын 23-июлунда, румыниялык кырым татарларынын жана башка кыпчак тилдүү түрк этносторунун саясатчылары “Румыниянын Мусулман Татар Түрктөрүнүн демократиялык биримдиги” (румынча: Uniunea Democrată a Tătarilor Turco-Musulmani din România; кырым татарча: Romanya Müslüman Tatar Türklerĭ Demokrat Bĭrlĭgĭ; РМТТДБ) деген өз алдынча партияны негиздешти.

Нежат Сали мырза.
Нежат Сали (Negiat Sali) мырза “Румыниянын Мусулман Татар Түрктөрүнүн демократиялык биримдиги” партиясынын атынан Румыниянын парламентине (2000–2004) деепутат болуп шайланган.

1953-жылы туулган экономист жана саясатчы, РМТТДБнын 1997–2000-жылдардагы президенти болгон Нежат Сали (Negiat Sali) деген мырза ушул партиянын атынан Румыниянын парламентине (2000–2004) депутаттыкка шайланган. Ал – кырым татар тегинен. Ал өзүнүн миңдеген тектештери улуттук сурамжылоолор маалында өз тегин “татармын” деп көрсөтпөстөн, улам көбүрөөк учурларда “румынмын” деп жатышкандыгын сындап чыкканы маалым.

Мындагы румындык саясий тажрыйбадагы өзгөчөлүк төмөнкүдөй: эгерде “түрк-мусулман” сөзү колдонулса, анда ал бардык түрк тектүү мусулман этносторду жалпылап көрсөтөт, ал эми жалгыз “түрк” сөзү колдонулса, анда ал өлкөдөгү осмон түрктөрүнүн азыркы урпактарын гана туюнтат.

Севил Шайиде айым, Румыниянын жергиликтүү дубандык өнүгүү жана мамлекеттик башкаруу министри; теги – кырым татары. 21.05.2015.
Севил Шайиде (Sevil Shhaideh) айым, Румыниянын жергиликтүү дубандык өнүгүү жана мамлекеттик башкаруу министри; теги – кырым татары (1964-жылы туулган). 21.05.2015. (Бул мусулман айымдын өкмөт башчылыгына талапкерлиги четке кагылды).

Кыска тыянак

Жалпысынан, азыркы Добружанын кош бөлүгүндө тең түрк тектүү этностор өздөрүнүн улуттук-маданий таламдарын канааттандыруу үчүн мурда болбогондой мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Бирок бул мүмкүнчүлүктөр жарандык күрөш менен жетишилгендигин да эске алуу абзел.

Тиркеме. Добружалык кырым татар акыны Г.Мехмет Уйтундун “Мектебим” деген ыры (Фейсбук).

Мектебим

Г.Мехмут Уйтун

Эртең эрте турарман,

Бетим, қолым жуварман;

Азирлеген шантам ман,

Мектеп жолын куварман.

(Кайырма):

Мектеп бизим үйимиз,

Оны жандан сүйемиз.

Оқымақ ман йазмақны,

Арүв этип қонышмақны,

Сүймеге де жашны қартны,

Биз мектепте үйренемиз.

(Кайырма):

Мектеп бизим үйимиз,

Оны жандан сүйемиз.

Қардашлықның сүйгисин

Йашайышның тап өзин

Файдасын да бирликниң

Биз мектепте үйренемиз.

(Кайырма):

Мектеп бизим үйимиз,

Оны жандан сүйемиз.

(Кырым татарча латын текстинен кирил жазмасына көчүрдүк. – Т.Ч.).

Булак: Uniunea Democrata a Tatarilor Turco-Musulmani din Romania (UDTTMR). 09.09.2024. Фейсбук.

Жогорудагы ырдын өрнөгүнөн айгинеленгендей, орто кылымдык кыпчак-кыргыз тилдеринен жиктелген тилдердин бири болгон добружалык кырым-татар жана ногой тилдеринин тексттерин азыркы алатоолук кыргыздар эч кандай котормочунун ортомчулугусуз эле окуп, жеңил-желпи аңдай алышат.

Румыниялык кырым татарлардын эне тилинин күнү Румыниядагы көрнөк. 05.5.2015.
Румыниялык кырым татарлардын эне тилинин күнү Румыниядагы көрнөк. 2015-жылдын 5-майы.

Азыркы тапта добружалык кырым татарлары, ногойлор жана аларга тектеш этностор өз эне тилин сактап калуу үчүн ырааттуу умтулушууда. Биз, албетте, аларга тилектешпиз.

Тасма. Гагауз ырчысы Натали Деңиз "Ой-ий, шалбаадагы кызыл калина [дарагы]!" деп аталган украин ырын өз эне тилинде - гагаузча аткарууда. Фейсбук. 2022.

Ал эми Добружадагы түркиялык (анатолиялык) түрк тилинде сүйлөгөн боордошторубуз өз эне тилин оңой эле сактай алышат. Алардын аркасында калдайган Түркиянын агартуу системасынын интернеттик ж.б. мүмкүнчүлүктөрү турат.

Добружалык түрк тилдүү ромалардын диалекттик өзгөчөлүктөрү жаатында азырынча маалыматым жокко эсе. Илимпоздордун айтымында, алар, негизинен, анатолиялык түрк тилинде сүйлөшөт көрүнөт.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG