Кырым жарым аралындагы жер-суу аталыштары бул аймак падышалык Орусия басып алган соң жана өзгөчө СССРдеги сталиндик доордо кескин өзгөртүүгө учураган. Бирок алардын эски аталыштары эл эсинде сакталып кала берүүдө. Кырым татарларынын жер-суу аталыштарын кайра кайтаруу сунушун жарым аралды баскынчыл путиндик режимден кайра бошотуп алуу үчүн согуш жүргүзүп жаткан эгемен Украинанын бийликтери да колдоого алышууда. Тарыхчынын блогу.
Кыскача тарыхый сереп
Тээ байыркы скифтер дооруна, андан кийинки көөнө грек оторчулугу дооруна токтолуп отурбайлык. Байыркы келгин гректер бул жарым аралды “Таврика” (Ταυρικῆ) деп аташчу. Б.з.ч. VIII–V кылымдардагы грек оторчуларынын көч агымдарына чейин мында “тавр” деп аталган калк жашаган. Алар байыркы скифтер менен жуурулушкан.
(Гректердин айрым өкүлдөрү Кырымда кийин да байырлай беришкен. Маселен, 1982-жылы Талас өрөөнүндөгү ал кездеги Манас районуна караштуу Манас совхозунда тамеки өндүрүшүндө иштеген кырымдык гректердин үй-бүлөсү менен таанышканым эсимде. Алар Кырымдан 1944-жылы Кыргызстанга депортацияланган гректерден болчу).
Кырым жарым аралын кыска убакытка готтор, андан соң Борбордук Европага журт которгон түрк тилдүү гундардын топтору да ээлеген учурлар тарыхта катталган.
Айтор, Кырым аймагы элдердин Евразиядагы улуу көчүнүн таманында болгон чөлкөмдөргө кирет.
Гундардын бир бөлүгү болгон утигурлар Кырымды жердеген. Аймакты VI кылымдын ичинде Византия жана VII кылымдын соңунан Хазар каганаты көзөмөлдөгөн доорлор болгон. VIII–IX кылымдардын чегинде викингдер да жарым аралга кол салган Киевдик Рус мамлекети доорунда жарым аралдын бир өңүрү Тмутаракан бектигине (княздыгына) караган деген жоромол бар. Кыпчакта "Түмөн-Таркан" делген бул бектик айтылуу “Игордун кошууну жөнүндө баянда” да эскерилет.
Монгол чапкынынан кийинки доордо аймак Алтын Ордонун карамагындагы улус болгон. Анын расмий тили кыпчак тили болгон.
Кырымдагы көп этностуу шаарларда жөөт (анын ичинде жөөттөшкөн түрктөр – караимдер), армян, италиялык, чыгыш славян жана башка элдердин айрым өкүлдөрү да ырааттуу байырлашкан.
Көп этностуу Кырым жарым аралынын орто кылымдардан берки бир нече кылымдык тарыхы хазар, кыпчак, булгар, ногой, кырым татар, осмон түрк жана башка түрк тилдүү ж.б. калктардын өкүлдөрү койгон жер-суу аталыштары менен тыгыз жана ырааттуу байланыштуу болгон.
1441-жылы Кырым жарым аралында эгемен Кырым хандыгы негизделген. Кийин, 1475-жылдан тартып ал Осмон султандыгына көз каранды мамлекет болуп калган.
Кырымда кыпчак жана ногойлордун курамында барган кыргыздарга байланыштуу да жер-суу аталыштары арбын катталган.
Тасма. Кырым жарым аралында Баш Кыргыз, Бүйүк Кыргыз (Улуу Кыргыз), Күчүк Кыргыз (Кичи Кыргыз), Кыргыз, Тама Кыргыз, ж.б. топонимдер болгондугу падышалык Орусиянын архивдик маалыматтарында катталган. Express Analysis. 07.7.2017.
1774-жылы Күчүк-Кайнаржы келишимине ылайык Кырымдын Керч жана Йеникале (Жаңы чеп) сыяктуу айрым чептери падышалык Орусияга карап калган. Кырым хандыгы жарым аралдын башка негизги жактарында эгемен мамлекет катары өкүм сүрө баштаган.
1783-жылы Кырым хандыгы биротоло ойрон кылынып, аймак падышалык Орусияга карап калган.
1783-жылы апрелде каныша Екатерина Экинчи Кырымды Орусия империясына кошуп алуу тууралуу манифестке кол койгон. Андан соң орус империясы Кара деңиз флотун түзүүгө киришкен.
1853–1856-жылдардагы Кырым согушунун натыйжасында Орусия Кырым жарым аралындагы ээлигин сактап калган, бирок согуштун айынан келип чыккан каржы каатчылыгын жеңүү үчүн АКШга Алясканы сатууга аргасыз болгон жана Кичи Азиядагы айрым басып алган жерлерин Осмон султандыгына кайтарган.
1917–1920-жылдары кызылдар менен актар Кырымда ит жыгылыш согуш өнөктүгүн жүргүзүшкөн, акыры аймак советтик Орусияга каратылып, 1921-жылы 18-октябрда РСФСРдин курамындагы Кырым Автономдук ССРи түзүлгөн.
1941–1944-жылдары Кырым жарым аралы нацисттик Германиянын жана ага таламдаш Румыния падышалыгынын карамагында калган. 1944-жылдын 12-майына карата Кырым жарым аралы нацисттерден бошотулган.
Ал эми 1944-жылы 18-майда кырым татарларынын дээрлик 200 миңдей өкүлү сталиндик режим тарабынан өз жеринен Борбордук Азияга депортацияланган. Бул күн эгемен Украинада “Крым татарларына каршы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнү” катары белгиленип келет.
1944-жылы 26-июнда жарым аралдагы гректер менен болгарлар да чыгышка депортацияланышкан.
1945-жылы 30-июнда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун жардыгына ылайык Кырым АССРи жоюлуп, анын ордуна Кырым облусу негизделген. Абдан көп жер-суу аталыштары орусча аталышка көчүрүлгөн. (Бул тууралуу төмөндө айтылат).
1954-жылы 19-февралда Кырым облусу РСФСРдин карамагынан Украина ССРинин карамагына өткөрүлүп берилген.
1987-жылдан (“Кайра куруулар” доорунан) тартып гана мурда депортацияланган кырым татарлары өз каражатына кичи мекенине көчүп келе башташкан.
1991-жылы 12-февралда Кырым облусу Украинага караштуу Кырым АССРи болуп кайра түзүлгөн.
1992-жылы Кырым АССРи Кырым Республикасы болуп кайра түзүлгөн. 1994-жылдан тартып ал автономиялык жумурият Украинага караштуу Кырым Автоном Республикасы болуп калган.
2014-жылы путиндик режим Кырым жарым аралын мыйзамсыз каратып алган, бирок бүт дүйнө жүзү жарым аралды Украинага таандык деп гана эсептеп келет.
Алардын арасында расмий Кремл менен дурус өнөктөштөрдөн саналган өлкөлөр да бар.
Тасма. Кырым татарларынын этностук парламенти (Межлиси) бардык кырымдыктарды украин паспортторун сактап калууга чакырды. 20.3.2014.
Кырымдагы түрк тилдүү жер-суу аталыштарынын тарыхынан
Бул чакан блогдо Кырым жарым аралындагы көп катмарлуу, көп тилдүү жер-суу аталыштарынын ичинен түрк тилдүү аталыштарга атайын токтодук.
Кырым сөзүнүн эң эски маанилеринин бири катары “корум” (“атайын корулган жай”, “коргонуу жайы”) сөзү сунушталып келет. Бул тарминди грекче “кремний” (“таш аска”) сөзүнөн чыккан деп жоромол кылгандар да бар.
Ал эми кырым татар тили ортодогу көпүрө болгон кыпчак тили аркылуу кыргыз тилине жакын экенин кырым-татарча жер-суу аталыштары өздөрү эле айгинелеп турат (кашаада топонимдердин кыргызча котормосу берилди):
Ажы-Гөл (Ачуу-Көл), көл аталышы
Азак деңиз (Азак деңизи, орусча Азов), деңиз
Ак-Кая (Ак-Аска), аска
Ак-Месжит (Ак-Мечит), шаар (орусча Симферополь)
Ак-Чора (Ак-Чоро), кыштак
Ак-Яр (Ак-Жар), кыштак
Алма-Кермен (Алма-Коргон), Алма өзөнүндөгү чеп
Алма үзени (Алма өзөнү), өзөн
Ат-Баш (Ат-Башы), тоо аталышы
Аю-Даг (Аюу-Тоо), тоо аталышы
Баккал (Балан-байдыбан дүкөнү), кыштак
Багча-Сарай, Багчасарай (Бакча-Сарай, Бакчасарай, орусча Бахчисарай), шаар
Багча-Эли (Бакча эли, Бакчалуу Жер), кыштак, капчыгай
Беш-Терек (Беш-Терек), өзөн, кыштак
Бешүй (Беш-Үй), жер аты
Бүйүк-Каралез (Улуу Каралез), кыштак (1944-жылдан кийин Красномакск айылдык кеңеши)
Бүйүк-Карасу (Чоң-Кара-Суу), дарыя
Булганак (Булганган, Ылай), өзөн
Бурун-Кая (Мурун-Аска, Мурун-Тумшук), аска
Демиржи (Темирчи), тоо, өзөн
Дерекөй (Өрөөн кыштагы), кыштак, өзөн
Жаңкөй, Жаңыкөй (Жаңы-Кыштак), шаар (орусча Джанкой; картаны караңыз)
Заланкөй (Залал-Кыштак, же Залим-Кыштак; 1948-жылдан Холмовка), кыштак
Илурат (Илур уругунун жери), шаар
Ишүн (Үйсүн), кыштак
Йеңи-Сала (Жаңы Айыл), үңкүр
Йүке-Тепе (Липалуу-Төбө), тоо чокусу
Казантип (Казан-Түбү), жарым арал, тумшук
Казыклы-Үзен (Казыкты-Өзөн), өзөн
Кара-Даг (Кара-Тоо), тоо
Кара-дениз (Кара-Деңиз), деңиз
Карасу-Базар (Кара-Суу-Базар), шаар (аны 1944-жылы Белогорск деп атап салышкан)
Караул-Оба (Кароол-Дөбө, Кароол-Чоку), чоку
Кермен-Кыр (Сепил-Кыр, Коргон-Кыр), сепил
Кыз-Кермен (Кыз-Коргон, Кыз-Сепил), шаар чалдыбары
Кызыл-Коба (Кызыл-Үңкүр), өзөн, үңкүр
Кызыл-Яр (Кызыл-Жар), көл
Кырым (“[Менин] Кырым”; “Коругум”), жарым арал
Кийик-Атлама (Кийик-Аттама), тумшук
Кийик-Коба (Кийик-Үңкүр), үңкүр
Куш-Кая (Куш-Аска), тоо
Кыпчак (Кыпчак), көл аталышы
Кыят (Кыят), көл аталышы
Көкташ (Көк-Таш), кыштак (аны 1944-жылы Синекаменка деп атап салышкан)
Көктебел (Көк-Төбө), чоку
Күл-Оба (Күл-Чоку), дөңсөө, коргон
Күчүк-Карасу (Кичи-Кара-Суу), булак
Күчүк-Үзен (Кичи-Өзөн), кыштак (аны 1944-жылы Малореченское деп атап салышкан)
Кыз-Күле (Кыз-Мунара), мунара
Кыргыз (Къыргъыз), Бүйүк Кыргыз, Күчүк Кыргыз, ж.б. (жогорку жакты караңыз)
Кырк (Кырк), көл
Мелек-Чесме (Периште-Булак),
Мойнак (Мойнок), көл же деңиз мойногу
Мурза-Коба (Мырза-Үңкүр; орусча адабиятта Мурзак-Коба)
Ор-Капу (Ор-Дарбаза), орусча Перекоп аталып калган чеп
Өпүк (Үпүп, Сасык Үпүп), тоо жана көл
Салачык (Кыштакча), Бакча-Сарай шаарынын бир өңүрү
Сары-Кая (Сары-Аска),
Сарылар (Сарылар), кыштак (1948-жылы аны Белобродское деп атап салышкан; азыр ал кыштак жок)
Сары-Су (Сары-Суу), өзөн
Сасык-Сиваш (Сасык-Баткак), көл
Сиваш (Баткак), көл
Судак, Сув-даг (Суулуу Тоо), шаар
Тайган (Тайган), суу сактагыч (“тайган” сөзүнөн)
Таракташ (Тарак-Таш), тоо кыркасы, өзөн
Тарханкут (Тархан-Кут), жарым арал
Таш-Аир (Таш-Айыр), аска аталышы
Тепе-Кермен (Төбө-Коргон), тоо жана сепил
Төбүчүк (Дөбөчө, Төбөчө), көл жана дөңсөө
Тузла, Тузлу (Туздуу), кыштак (1915-жылдан кийин Почётное кыштагы), Керч кысыгындагы аралча
Түп-Абаш (Түп-Абаш), кыштак
Узунжа (Узунча), үңкүр
Узунлар (Узундар), көл
Улу-Үзен (Улуу-Өзөн), дарыя
Учан-Су (Учкан-Суу), шаркыратмалуу өзөн
Үч-Баш (Үч-Баш), тоо
Фатма-Коба (Батма-Үңкүр), үңкүр
Хоба-Тепе (Аска-Чоку), үңкүрдүү чоку
Чамны-Бурун (Кызыл-Карагайлуу-Тумшук), тоо
Чатыр-Даг (Чатыр-Тоо), тоо
Чокурча (Чуңкурчак), үңкүр
Чүрүк-су (Чирик-Суу), өзөн
Шайтан-Коба (Шайтан-Үңкүр), үңкүр
Эски-Кермен (Эски-Коргон, Эски-Сепил), шаар, шаар чалдыбары
Эчки-Даг (Эчкили-Тоо), тоо
Яйла, Йайла (Жайлоо), тоо өрөөнүндөгү жайлоо
Биз мында интернетте ачык жарыяланган айрым гана жер-суу аталыштарын мисал катары сунуштадык.
Жер-суу аталышы – маңкуртчулукка каршы курал
СССРде сталиндик доордо, өзгөчө 1944–1948-жылдары, Кырым жарым аралындагы көптөгөн кырым татарлардын жана айрым немистердин жер-суу аталыштары бийликтер тарабынан орусчаланган.
Маселен, немисче Анненфельд аталган кыштак кийин Анновка, андан соң Межевое болуп калган (аны кырым татарлар менонит немистер көчүп келген 1860-жж. чейин Сырткы Чуча деп аташчу).
Майда топонимдерди эске алганда, миңден ашуун географиялык аталыш советтик орус империячылары тарабынан зомбулук менен өзгөртүлгөн.
Мындай жогортодон таңууланган кайра атоолордун жаңы толкуну 1953-жылга белгиленген, бирок диктатор Иосиф Сталиндин өлүмүнөн соң ал иш-чара аткарылбай калган. Болбосо, маселен, Шайтан-Бурун тоосу Лисицына гора деп, Жүр-Жүр (Шыр-Шыр) шаркыратмасы Шумный водопад деп аталып калмак.
2016-жылы май айында Украинанын Жогорку Радасы Кырым жарым аралындагы жана Севастопол шаарындагы айрым тургун жайларды кайра атоо тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык Кырым жарым аралындагы 75тей конуш жайлар кайрадан кырым татар тилиндеги тарыхый аталыштарына көчүрүлмөкчү.
Эми аны жүзөгө ашыруу үчүн бул жарым аралды путинчил баскынчылардан толук бошотуп чыгуу гана керек.
Жер-суу аталышы – тарыхый эстутумдун бөлүгү.
Кырым татарлары жарым аралдагы автономия үчүн өз күрөшүнүн бир бөлүгү катары тарыхый аталыштарды кайра кайтаруу милдетине да олуттуу маани берип келишет.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.