Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:47

"Кимге берилгендигиңди көрсөт". Рига латыш тилин билбегендерди өлкөдөн чыгарат


Орус тилдүүлөр үчүн латыш тил курстары. Рига, 2023-жыл, май айы.
Орус тилдүүлөр үчүн латыш тил курстары. Рига, 2023-жыл, май айы.

Латвиянын бийлиги өлкөдө узактан бери жашап, бирок латыш тилинде сүйлөбөгөн орус жарандарын өлкөдөн чыгарууга буйрук бере баштады. Тил билбеген орус тектүүлөрдүн айрымдары депортация болуп, башкалары өздөрү өлкөдөн чыгып кетип жатат.

Латвияда туруктуу жашап, бирок латыш тилинен талап кылынган экзаменден өтпөй калган орус жарандарына 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү эскерткен каттар келе баштады. Ал талапты аткарбагандар “депортацияга мажбур болору” жазылган. Латвиянын миграциялык кызматы жиберген каттар СССР убагында бул республикага келип, өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Латвиянын паспортун албаган, бирок Орусиянын жарандыгын сактап калгандарга (негизинен 60 жаштан жогоркулар) багытталган.

Адатта алар Латвияда туруктуу жашоого уруксат кагазын алып, ага карабай латыш тилин үйрөнгөнгө же Латвиянын маданиятына аралашканга анча деле көңүлдөнбөйт. Алардын басымдуу бөлүгү жаңылыктарды орусиялык маалымат каражаттарынан алып, орусиячыл көз карашта. Латвиянын мыйзамы кош жарандыкка уруксат бербейт.

"Мен курстарга барган жокмун, анткени ага акчам жок", - деди орус тилдүү аял тестирлөө борборунун сыртында туруп "Настоящее время" телеканалынын кабарчысына.

"Ар үч ай сайын 340 евродон пенсия алам. Бул үчүн 70 евро төлөшүм керек деген талап менен Ригадан кагаз келет", - деди ал.

"Мен өтпөй калдым окшойт. Айрым суроолорго гана жооп бердим. Латышча сүйлөшкөнгө эч ким жок", - деди улгайган карыя.

2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан басып киргенден кийин Латвия парламенти миграция мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизген. Эми Балкан өлкөсүндө жашоого уруксатты узартуу үчүн орус паспорту барлар турмуш-тиричиликтин деңгээлинде латыш тилин билгенин далилдеши керек. Бирок бул сынактан Латвияда жашаган орус тектүүлөр толук өтө элек. Алардын айрымдары бул куракта чет тилин үйрөнүү кыйын болуп жатканына нааразы болсо, кээ бири латышча үйрөнүүдөн баш тартып жатат.

Ригада совет заманында тургузулган аскердик эстеликти бузуп жаткан учур. 2022-жыл, август.
Ригада совет заманында тургузулган аскердик эстеликти бузуп жаткан учур. 2022-жыл, август.

Ар кандай маалымат боюнча миңден ашуун орус тектүүлөр тил сынагынан кулап калган. Мыйзам боюнча сынактан өтпөй калган учурда Латвияда жашоого уруксат кагазы жокко чыгарылат жана өлкөдө мыйзамдуу жүрө албайт. Соңку 12 айда Латвиянын жарандык жана миграция иштери боюнча башкармалыгы (PMLP) 63 адамды өлкөдөн чыгып кетсин деген чечим чыгарган.

Дагы тогуз иш боюнча латыш бийлиги депортациялоого чечим чыгарса, тил сынагынан кулаган 632 киши өз ыктыяры менен Орусияга чыгып кетиши керек.

Учурда дагы миңге жакын тил сынагын тапшыра элек чет элдик эртең эмне болору белгисиз.

Латвиянын жарандык жана миграция иштери боюнча башкармалыгы жагдайды мындайча түшүндүрдү:

"Алар ар кандай шылтоо айтышат. Көбү миграция кызматынан кат келген эмес дейт. Бирок, албетте, бизде эскертүү каттары алынганын тастыктаган далилдер бар, - деди мекеменин кызматкери Мадара Пуке. "Дагы бирөөлөр Конституциялык соттун, саясатчылардын сөзүнө ишенишкен. Көбү жаңы эрежелер аларга таасирин тийгизбейт деп ойлоп, шылтоолорду көп айтышат", - деди мекеменин өкүлү.

2024-жылдагы расмий статистикага ылайык, Латвиянын тургундарынын 63% өзүн латыш, 23% орус, 3% украин, 3% беларус, 2% поляк деп санайт. 2022-жылдагы расмий маалыматка ылайык, калктын 62% үйүндө латышча сүйлөшсө, 35% орусча сүйлөйт.

Ал эми Москванын Украинага басып киргени тууралуу көз караштарда ажырым даана көрүнөт. Латвияда акыркы үч жылда жүргүзүлгөн бир катар сурамжылоолорго ылайык, латышча сүйлөгөндөрдүн кеминде 80% Орусияны согуш ачканы үчүн айыптайт. Орус тилдүүлөрдүн арасында бул сан 32-38% чейин болгон.

Бирок Кремль кошуна өлкөлөрдөгү орус тилдүүлөр көпчүлүктүн кысымына калгандай көрсөтүүгө аракет кылганы менен Латвиядагы орус тектүүлөрдүн көбү Кремлдин саясатынан өзүн алыс кармайт.

Орус тилдүүлөрдүн таламын талашкан Латвиянын "Гармония" партиясы бир кезде кремлчил деп саналып, Москвада бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы менен байланышта болгон. Бирок аталган партия Орусиянын Украинага басып киргенин айыптап, анын парламенттеги өкүлдөрүнүн бири Борис Цилевич Би-Би-Сиге:

«[Азыркы Орусия] нацисттик Германиянын саясатына өтө окшош - Орусия согушта жеңилгенде гана аны оң жолго салуу мүмкүнчүлүгү бар», - деп айткан.

Латвиянын жарандык жана миграция иштери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча өлкөдө жашаган орустардын 85% ашыгы тиешелүү документтерди толтуруп, латыш тилинен экзамен тапшырган.

Ригада аскер кийимчен кишилер Жеңиш эстелигине чогулуп, Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганын жана Советтер Союзунун фашисттик Германияны жеңген күнүн белгилөөдө, 2017-жылдын 9-майында тартылган сүрөт.
Ригада аскер кийимчен кишилер Жеңиш эстелигине чогулуп, Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганын жана Советтер Союзунун фашисттик Германияны жеңген күнүн белгилөөдө, 2017-жылдын 9-майында тартылган сүрөт.

Бирок орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары жана пропагандасы сынактан өтпөй калгандарды "депортациялоо менен орус тилдүүлөрдү жапырт басмырлоо" деген темага өтүштү. Бир жылдан ашуун орусиялык басылмалар Латвия "орус тилдүү пенсионерлерди күч менен депортациялап жатат" деген өнүттө материалдарды жарыялады.

Латвия бийлиги өлкөдө орус тилдүүлөрдү дискриминациялоо жок экенин баса белгилейт. Өкмөт бул өлкөдө жашоого уруксат алууну каалаган бардык чет элдиктердин баарына бирдей тилден талап коерун, сынактан өтпөй калганы гана өлкөдөн чыгарыларын түшүндүргөн.

"Латвияда өкмөт жыл сайын миграция саясатында бир катар токтомдорду кабыл алынат. Жалпы бир процедура бар. Бул жерде да өзгөчө мамилени күтпөш керек. Кээ бир адамдар Жарандык жана миграция иштери боюнча мекемеге кайрылбай туруп эле өлкөдөн кетип калган", - деди Латвиянын премьер-министри Эвика Силина.

Ал ошондой эле "орус пропагандасы Латвиядагы жаңылыктарды кантип бурмалоону билерин" да белгилейт.

Латвиядагы миграциялык мыйзамдагы өзгөртүүлөр болжол менен 25 миң кишиге таасир этет. Коомдук талкуулардан улам латыш парламенти 2023-жылдын сентябрында мыйзамга өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, эне тилди үйрөнүү талаптары сакталып, бирок эми тилди үйрөнүүгө жана экзамен тапшырууга көбүрөөк убакыт берилген. Бул эреже 2003-жылдын майынан кийин орус паспортун алган, буга чейин тесттен өтүүгө аракет кылган, бирок андан кулап калган же жүйөлүү себептер менен экзаменге келбеген өлкөнүн тургундарына тиешелүү.

"Миграция мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү керек" деген латвиялык журналист Инга Спринге - Бул мыйзам 65 жашка чейинки курактагыларга тиешелүү. Көбүнчө алардын ден-соолугу жана эс-тутуму начарлап бараткан улгайган адамдар".

"Биз өзүбүз мамлекет катары ушул жагдайга байланып, эмне кыларыбызды билбей калдык. Азыр бизде 10 миң адам бул сынакка такыр катталган эмес. Көптөр кайра тапшыруусу керек. Эми алардын жашаган жеринде уруксат мөөнөтү бүтсө, аларды эч ким депортациялабай турганы анык. Анчалык көп кишини өлкөдөн чыгаруу мүмкүн эмес».

Латвиянын Конституциялык сотуна тил боюнча талаптарга каршы даттануу арызы да берилген, бирок сот орус жарандары тил талабын аткарууга милдеттүү деп тапкан.

"Жарандык - бул олуттуу концепция. Бул адамдын кайсы мамлекетке берилгендигин жана тилектештигин билдирген тандоосун көрсөтөт", - деди Конституциялык соттун башчысы Алдис Лавинс.

"Бул конкреттүү иш Орусия тарапка лоялдуу болууну чечкен Латвиянын мурдагы жарандарына жана жарандыгы жокторго тиешелүү. Биз азыркы геосаясий кырдаалды түшүнүүбүз абзел. Орусия Украинага согуш ачып, Латвияга каршы кастык кадам жасап жатканда мындай талапты киргизүү менен мамлекет бул жерде туруктуу жашаган орус жарандары латыш коомунун коопсуздугуна коркунуч жарапташы үчүн механизмди камсыз кылууда", - деп түшүңдүрдү Лавинс.

Ал арада Орусиянын аймактык бир катар бийлиги Латвиядан депортацияланган орус тилдүүлөрдү кабыл алууга даяр экенин билдирди. Псковдун губернатору Михаил Ведерников буга чейин депортациялангандарга бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө убада берди. «Убактылуу жайгаштыруу борбору иш жүзүндө даяр» деген ал.

Авторлор: Мария Андреева
Которгон: Айгерим Акылбекова
XS
SM
MD
LG