23-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 °, күндүз 25…27° жылуу болот.