Эгемендик жарыясы
Бегиш Ааматовдун бул жалганды таштап кетиши аны билгендердин кабыргасын кайыштырды. Аны менен Кыргызстан эгемендигине чындап берилген, өлкөсүнүн туура-жаздым кадамдарына күйүп-бышып, өз алдынчалыкты баарынан бийик койгон романтик саясатчылардын соңку могикандарынын бири кетти.
Бегиш аганын саясий жылдызы горбачевдук "кайра куруу" заманында жанды. Айкындуулук, демократия желаргысы келбесе ал алдыңкы чарба жетекчиси, жогортон келген тапшырманы так аткарган партиялык кызматкер катары кала бериши деле мүмкүн эле.
Келкели келген экен, коммунисттик доордо жаңылык катары кабылданган атаандаштык негизде өткөн шайлоодо жеңип чыгып "легендарлуу парламенттин" трибунасынан улуттук маселелерди тартынбай козгогон саясый ишмер катары таанылды.
Ал Кыргызстан өз алдынча өлкө болорун социализм тушунда эле көтөрүп, көз карандысыз декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөргөн. Демилге Курманжан датканын 180 жылдык мааракесинен кийин чыкканын Бегиш Ааматов мындан үч жыл илгери "Азаттыкка" курган маегинде ырастаган.
"Ошентип мейманканага барып, өз алдымча Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоонун негиздерин жаздым. СССРдин 1936-жылдагы Конституциясы Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болоруна жол берерин башкы аргумент кылдым.
Эртеси 31-августта сессияга кирип келатсам депутаттар Т. Касымбеков, К. Бобулов учурашканда оюмду айтсам, “туура кыласың, колдойбуз” дешти. Ошентип сессия башталганда алиги төрт маселе коюлуп жатканда, бешинчи кылып, “Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоо боюнча" маселени күн тартибине сунуштадым. Үч-төрт кииши каршы чыкканы болбосо, дээрлик бардык депутаттар дуулдап колдошту.
Жыйынтыгында “Кыргызстандын көз каранды эместиги жөнүндө декларациясы” легандарлуу парламенттин күн тартибине №1 пункт менен коюлуп, 1991-жылы 31-августта түшкө чейин кабыл алынып, дүйнөгө тарады. Ошентип Кыргызстан Орто Азияда биринчи болуп, өз эгемендүүлүгүн жар салган".
Бегиш ага "легендарлуу парламенттин" активдүү депутаттарынын бири эле. Ал кезде эл өкүлдөрү тартынбастан өлкөнүн көйгөйлүү маселелерин алдыга жайып, мамлекеттик маанилүү маселелердин баары талкулашчу.
Апыртпай айтканда деле "легендарлуу парламент" козгобогон, талкуулабаган маселе ал кезде жок болчу. Аны ошол кездеги депутат, академик Жамин Акималиев мындайча эскерет:
“Чынын айтканда “Легендарлуу парламенттин” күжүрмөндүгүнө, чечкиндүү кадамдарга барып, элдин кызыкчылыктары үчүн иштешине Бегиштин эмгеги абдан зор. Башкасын айтпаганда да, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн жарыяланышындагы эмгегин кеп кылбасак болбойт. Бул боюнча учурунда парламентте ар кандай талаш-тартыш пикирлер болгон.
Эгемендүүлүктү алгач 1990-жылы да СССР тарай электе бир жолу жарыялаганбыз. Анан союз кулагандан кийин да “жарыялай берелиби же коё туралыбы” деген маселе туруп калды. Ошондо Бегиш ишти баштап, мен анан дагы бир топторубуз коштоп “муну созбой, коңшу өлкөлөрдөн мурун жарыялайлы” дедик. Анан 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүк боюнча декларация кабыл алынды.
Сомдун кабыл алынышы да Акаев же Улуттук банктын эмес, Бегишке окшогон активдүү депутаттардын эмгеги болду. Анткени биз элди үгүттөп кеттик. А.Акаевден сунуш болгондо элдин көбү каршы болгон эле.
Анан туңгуч Конституция кабыл алынганда да депуттатык комиссия түзүлүп Бегиш, мен анан дагы бир топ депутаттар киргенбиз. Анда да жакшы иштер жүрдү. Бегиштин артыкчылыгы көрөгөч эле, талаш-тартыштарда принципиалдуу болчу. Эгемендик жылдары өлкө бийлигинин менчиктештирүү саясатына каршы чыккандардын бири эле. Ошондой эле кыргыз тили мамлекеттик тил болуп калышына да эмгеги өткөн депутаттардын бири болгон”.
Эгемен Кыргызстандын эң алгачкы жаздым кадамы так ошол туңгуч Конституциядан башталган. Эчен электен өткөн маанилүү документ бир жыл иштеп-иштебей референдум аркылуу таптакыр башка түскө ээ болуп чыкты. Президент А.Акаев көксөгөн бийлигине жетти, үй-булөлүк башкарууга кенен жол ачылды. Жаалданган көпчүлүктүн сүрүнөн чочулап А.Акаев карабашын калкалап качып кеткиче өлкөнүн Баш мыйзамы беш ирет өзгөртүлүп, Конституция бийлик алмашар замат сөзсүз жаңыланчу жапма документке айланды.
Бегиш Ааматов көзү өткөнчө 1993-жылкы Конституцияны ордуна коюш керектигин айтуудан тажабады. Анын үстүнө тез-тез өзгөртүлгөн Баш мыйзамдардын бири да 1993-жылкы Конституциядай кенен-кесир талкууланбады. Анын ар бир сүйлөмү, үтүр-чекитине чейин эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөн. Бегиш Ааматовдун ыгы келген-келбеген жердин баарында туңгуч Конституцияны ордуна коюу талабынын кыскача чоо-жайы ушундай.
Ачык дүйнө
Ал өзүнүн пикирин, позициясын жаап-жашырбай ачык айтчу, сөзүндө бекем турчу. Маалымдоо каражаттары аркылуу өлкөнүн көйгөйлүү маселелерин козгочу, чыныгы оюн жашырбай ортого салчу. Дүйнөдө кыргыз көптүгүн анын бир канчасы коңшу өлкөлөрдө жашап жатканын, мунун баарын кенен-чонон иликтөө керектигин эскертчү.
Бир боор эли, анын өткөнү менен бүгүнкүсүнө келгенде Бегиш аганын жүзү жайнап толкундап кетчү. Ичинде кандай ою бардыгы, ушу тапта кандай маселе аны кыйнап жатканын жашырчу эмес. Ошондон маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Бегиш аганы сукбатка көп чакырчу.
“Бегиш Аматов кыргыздын өзүнүн жүзү, стили, ою, өзүнө ылайык бой-келбети бар, башкалар менен эч качан чаташтырып алууга, окшоштуруп алууга мүмкүн болбогон оригиналдуу кишилеринин бири эле. Мындай кишилер сейрек жаралат. Анын саясий ишмердүүлүгүнөн айтсак, ал “Легендарлуу парламентте” сүйлөгөндө кайсы бир топтордун оюна кошулбай, өзүнүн оюндагысын дайыма ачык айтып, айтып эле тим болбой, аны аягына чейин коргоп жүргөн, позициясы бекем киши болгон. Элдин эсинде дал ошондой депутат катары калды. “Легендарлуу парламент” тууралуу кийин да сөз болуп, андагы мыкты депутаттар эстелгенде, Касымбеков, Бобулов, Аматов баш болгон ишмерлердин ысымы сөзсүз айтылат. Аматов мекенчил инсан болгон үчүн ар убак кыргыздын тагдырына байланыштуу маселелерди кеп кылган. Кийинки учурларда тарыхка абдан кызыгып, өзүн ушу тармакка да арнады. Айрыкча Чыңгызхандын таржымалына кызыгып, китеп жазды. Аны бир нече жолу бастырды, тарыхчыларга талкуулатты”, - дейт профессор Сулайман Кайыпов.
Бегиш ага Чыңгызхандын кыргыз экендигин оозеки, жазуу түрүндө жарыялоодон эч эрикпей, жазгандарын башкаларга көрсөтүп, өзү туура деп эсептеген акыйкатын жарыя айтып жүрдү. Кийин анысын китеп кылып чыгарып, илимий жүйө, фактыларга таянган илимий божомолго караганда санжыра түспөлдөнүп кеткен пикирин тиги турган Москвага чейин жибергенин кабарлап жиберди. Кургак жердин кыйла бөлүгүн басып алган монгол баскынчысын кайсы бир улутка ыроолоп ийүү аракети буга чейин деле болгон, мындан кийин деле жаралар. Анын тарыхы илимине канчалык пайда же зыян алып келерин айтыш кыйын, бирок да ушундай талаштуу гипотеза, ой жорумдун болгону дурус. Ортолук талаштан кантсе да тактык жаралышы мүмкүн.
Бегиш аганын тарыхый иликтөөсүнө караганда кыргыз өлкөсүнүн саясый-экономикалык жагдайы тууралуу пикири, ойлору кыйла кызыктуу, жугумдуу болчу. "Легендарлуу пармалентте" депутат кезинде ал Кыргызстандын өз аскери, өзүнүн акчасы болуш керектигин айтканда угуп отургандардын бир тобу күлгөн. Мезгил Бегиш аганын айткандарынын тууралыгын тез эле далилдеди.
Жашырганда не, Кыргызстандын коңшулардан озунуп өз акчасын чыгарганы эгемен өлкөнүн убагында жасаган ийгиликтүү кадамдарынын бири болгон. Ал эми өз аскер тууралуу Бегиш аганын көрөгөчтүгүн мезгил озу ырас табыды. Ал айткан сөзү, сүрөгөн сунушу колдоо таппасын көрүп-билип турса деле өзү айныксыз ишенген акыйкатын жарыя айтчу.
“Идеалдарга берилген, нукура патриот инсан эле. Ал ушул кезге чейин кайда болбосун тунгуч Конституцияга кайтып келүү керек экенин айтып жүрчү. Ага мүмкүн эмес экенин билсе да айтып жүрдү. Себеби, ал өзүнүн саясий көз карашын, принциптерин өзгөрткөн жок.
Өлкөгө, элге көп эле кызмат кылды бирок татыктуу сыйлык алган жок окшойт. Себеби ал дайыма чындыкты, ачуу сөздү айтып, адилеттик үчүн күйчү. Анан ар бир келген бийликти колдогон жерден колдоп, сын айтчу жерден сын айтып жүрдү. Сүйлөшө келсең кыргыздын тарыхын, адабиятын кеңири билген, руханий көрөңгөсү бай инсан болчу.
Чыңгызхан тууралуу китебинде анын кыргыз болгонун жазды. Албетте, буга ишенип же ишенбөө ар бир окурмандын өз эрки. Соңку ирет Бегиш ага менин жумушума бир топ китептерин алып келген экен. Анын менин башка бир жолугушууга шашып жатканымды көрүп, кийинчерээк шашпай сүйлөшөлү деп кетти эле. Азыр өкүнүп турам. Эң негизгиси аны билген адамдардын эсинде ал карапайым, чындыкты сүйгөн, чыныгы тоолук кыргыздын образын жаратып кала берди”, - дейт Каныбек Иманалиев.
Бегиш Ааматов кыргыз тарыхына кызыгып, өткөндүн сабактарын эстей жүрүүнү такай эскертчү. Мамлекет эгемендикке жетиш үчүн ошол өз алдынчалыктын ээси эл өзгөрүүгө өзү даяр болуш керек, жаамы журт жабыла келип өлкөсүн бапестеп сактай алганда гана өлкөдө эгемендик толук орнойт дечү.
Социалисттик чарба адиси, партиялык кызматкердин жаңы доорго туш келген мазмундуу, кызык, карама-каршылыктуу өмүрү аягына чыкты. Бегиш аганы өзү төрөлүп өскөн, өмүрүнүн кыйла жылын арнаган касиеттүү Алайда акыркы сапарга узатышты. Анын артында калган иши, өрнөгү Алай тоолорундай бийик, талааларындай кенен болчу.