Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:25

Бишкек мэриясы тургундардан таштандыны кечкисин чыгарууну суранды


Үйүлгөн таштанды. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Үйүлгөн таштанды. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы тургундарга кайрылып, таштандыны кечки саат 7ден түнкү 12ге чейин чыгарууну суранды. Фейсбуктагы расмий баракчасына күндүз жол тыгыны өндүү маселелерден улам “Тазалык” кызматы түнкүсүн иштеп жатканын белгиледи.

“Таштандылар кечки 12ден таңкы саат 6га чейин алынып кетет. Сиздер болсо эртең менен балдарды окууга же бала бакчага жеткиргенде, же өзүңөр жумушка баратканда таштап кетип атасыздар. Мындан улам күндүз кечке таштанды челектер толуп турат. Күндүз жол тыгындардын кесепетинен таштанды чогултуп кетүү абдан оорчулукту жаратат. Келиңиздер, өзүбүзгө өзүбүз жардам берели”, - деп жазылган маалыматта.

Эки апта мурун президент Садыр Жапаров дагы Бишкек менен Ош шаарынын тургундарына кайрылып, мэрлердин таштандыны кечкисин чыгаруу суранычын эске салган. Ал Фейсбуктагы баракчасына таштандыны кечинде түнкү саат 12ге чейин чыгарууга көнүү керектигин билдирген.

Бишкекте айрыкча жай мезгилинде таштанды убагында алынбаганына байланыштуу талаш-талкуу жаралат.

XS
SM
MD
LG