Буга чейин президент өзү да ушул боюнча мекендештерге кайрылуу жасаган. Чет жакта, анын ичинен Орусияда иштеген кыргыз мигранттары азайып жатат, буга түрдүү жагдайлар себеп болууда.
Мигранттарга кайрылуу жана бош орундар
Чет жакта иштеген мигранттарга кайрылууну президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал өлкөдө жумуш орундары көп болуп жатканын белгилеп, тигүү жана курулуш тармагында иштеген жарандарды Кыргызстанга кайтууга чакырды.
Алагөзов жумуш кайсы компанияларга керек экенин тактаган эмес, бирок тиешелүү байланыш телефондорун да келтирди:
“Орусияда тигүү тармагында иштеп жүргөн эже-карындаштар, курулуш тармагында иштеп жүргөн ага-инилер, сиздерди Ата Мекениңерге – Кыргызстанга келип иштөөгө чакырам. Азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат. Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Орусияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы, Ата Мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер”, – деп жазды президенттин басма сөз катчысы.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы президенттик шайлоого катышып жаткан маалда өлкөдө жумуш орундарын түзүп, чет жактагы мигранттарды кайтарууга убада берген. Кызматка киришүү аземинде анын “миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин” деп айтканы бар.
Бул жөнүндө мамлекет башчы кийин курултайда жана башка платформаларда да кеп кылды. Быйыл май айында Бишкекте чет элдиктер аралашкан мушташ катталган соң, калкка жолдогон кайрылуусунда президент өлкөдө жумушчулар жетишпей, ошол себептүү башка мамлекеттин жарандары тартылып жатканын белгилеген.
Садыр Жапаров 30-майда Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканын кайталап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын жазган. Мамлекет башчы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштаган жумуштарда айлык 20-30 миң сом экенин, иштин көлөмүнө жараша андан көп болорун айткан.
Аталган министрликтин Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова “Азаттыкка” берген интервьюсунда эмгек рыногундагы соңку жагдайды айтып берди:
“Жыл башынан бери иш берүүчүлөрдөн 14 миңден ашуун бош орундар үчүн сунуштар алынган. Биздин аймактагы мекемелер алар менен байланышып, 9 миңден ашуун адамды кесибине жана тажрыйбасына карап жумушка орноштурду. Биз иш берүүчүлөр менен күн сайын иштешип турабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 8009 бош жумуш оруну бар. Бирок биздин кызматкерлер бош орундардын санын тактоо боюнча дагы иштерди улантууда. Себеби, өзүңүздөр билгендей, быйыл Кыргызстанда 100дөн ашуун өнөр жай ишканалары жана социалдык объектилер ачылды. Демек, ал жактарда да кошумча жумуш орундары түзүлдү жана бош орундар такталышы керек. Жыл башында Министрлер кабинети тарабынан 250 миң жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча тапшырмалар берилген. Ал боюнча да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымат берип, биздин аймактык башкармалыктардын кызматкерлери иш алып барышууда. Белгилеп кетчү жагдай, бизде тигүү жана курулуш тармактарынан башка да тармактарда иш орундары көп талап кылына баштады”.
Кайткандардын кайгайы
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров быйыл июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, соңку жылдары чет жактагы мигранттардын саны азайганын белгилеген.
Ал келтирген маалыматтарда айтылгандай, 2022-жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 800 миңден ашык жараны эмгектенип жүрсө, 2024-жылдын биринчи жарымында алардын саны 657 миңге чейин түшкөн. Башкача айтканда, эки жылда эмгек мигранттарынын саны 143 миңге чейин азайыптыр.
Ушуга тушташ эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевадагы жолугушууда сөз кылып жатып, Кыргызстан чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын санын соңку үч жылда дээрлик 300 миңге азайтканын билдирген.
Орусиядагы "Ноокат" коомунун төрагасы, 20 жылдан ашуун убакыттан бери чет жакта жүргөн ишкер Толкунбек Акматов Кыргызстанга кайтып жаткан мекендештер тууралуу буларды айтты:
“Менин тааныштарым, анын ичинен инилерим да Кыргызстанга кайтышты. Анан, барып жумуш таап алгандан кийин “бул жакта деле Орусиядагыдай эле акча табат экенсиң” деп айтышканын уктум. Орусияда жеп-ичкен, батириң жана тиги-буга кеткен чыгашаң менен эсептегенде бирдей эле болуп калат экен дешти. Ошол эле маалда айрымдары эки-үч ай же жарым жылча Кыргызстанда жүрүп “болбоду, кайра Орусияга кетем” деп айтышууда. Аларга ошо Бишкектеги кымбатчылык жана башка жагдайларды себеп болуп жатат экен. Бишкектеги баалар Москванын бааларына теңелип калыптыр. Үйлөрдүн баасы, жашоо, азык-түлүк жана башка нерселер... Ошон үчүн калкты Бишкекке эле топтоп албай, ишкана-заводдорду аймактарга ачып, ошол жактарга басым жасаса болмок. Айталы, айрыкча түштүк облустарыбыздан сыртка миграцияга кеткендер көп, анын ичинен, айталы, биздин Ноокат районунда 350 миңдей калктын 60 миңдейи сыртта. Алар кайтса, Ноокатка барбайт, Бишкекке топтолуп алышат. Себеби аймактарда өндүрүш жок, иш жок. Баткенге, Ошко, Нарынга, Таласка жана башка аймактарга шарт түзсүн. Негизи азыр биздин мигранттардын көбү Кыргызстанда иш ашып-ташып кеткенинен эмес, Орусияда кысым болуп жатканы үчүн кайтып жатышат”.
Ооба, кыргызстандык мигранттар көп иштеген Орусия 2022-жылы февралда коңшусу Украинага кол салып, мына ушундан улам ал жакта мигранттарды текшерүү күчөгөн. Бул кезинде аларды да опуза менен согушка тартуу максаты менен түшүндүрүлүп жаткан. Алгач жарандык албаган мигранттар гана текшерилип турса, кийин жарандык алган чет элдиктерге деле басым боло баштаган.
Быйыл март айындагы "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым дагы жанданды. Буга терактты уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик бардыгынын теги борбор азиялык экени түрткү болгон.
Мына ушундан улам Кыргызстанга кайткан мигранттардын бир бөлүгүн Кыргызстанда жумуш таап, көчүп келип жаткандар түзсө, бир тобун Орусиядагы басымдан улам кайтып жатышкан кыргызстандыктар деп атоого болчудай. Басымга кабылгандар мекенине кайткандардан сырткары Орусиядан башка өлкөлөргө да чыгып кетип жатышканы маалым.
Экономика министринин мурдагы орун басары Дастан Кадыров мындай пикири менен бөлүштү:
“Мигранттардын кайтышына Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал да таасир этип жатат. Мына ушундан улам Орусиядагы мигранттар Европага, АКШга же дагы башка өлкөлөргө да кетип жатат, же Кыргызстанга кайтышууда. Маселен, рублдин курсу түшүп кетпедиби. Мурда 1 рубль 1 сом 47 тыйын турса, азыр 92 тыйын болуп калды. Демек, Орусияда иштеп, акча таап, Кыргызстанга кайтып келгенде ал аз сумма болуп калып жатат. Ошого да кээ бир тармактарда ал жакка караганда Кыргызстанда иштеген ыңгайлуураак болуп калды десек болот. Башка маселе, соңку жылдары Кыргызстандын экономикасы да өсүп жатат. Эки-үч жыл мурда биздин ички дүң продукция 8 млрд доллар болсо, былтыр 13,5 млрд долларга жетти. Буга да кайра эле Украинадагы согуш себеп болууда. Орусиядагы ишкерлер, же башка өлкөдөгү ишкерлер биз аркылуу иш жасап, ал биздин экономиканын кыймылдашына түрткү берди. Экономиканын өсүп жатканынын эң негизги көрсөткүчү бул курулуш тармагы болуп саналат. Ушул күндөрү Кыргызстанда кайда барба курулуш болуп жатканын көрөсүң. Мамлекеттин каржысы менен имараттар, үйлөр жана башка чоң объектилер курулууда, жеке менчик компаниялар өздөрү күргүштөтүп үйлөрдү салышууда. Быйыл өлкөдө цемент тартыш болуп жатканы да буга далил. Мындай шартта бизге көп жумушчу керек болот. Ошону үчүн да Бангладештен, Пакистандан же Өзбекстандан келип бизде иштегендер көп болуп жатат. Демек, Орусиядан кайткан кыргыз мигранттары да так ушул багыттарда иш таап жатышат”.
Сентябрдын башында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарды зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган. Бул аталган өлкөдө кошумча коопсуздук чаралары киргизилип, чек арада көзөмөл күчөтүлүп жатканы менен байланыштырылган.