Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:13

Орусияда мигранттарды айыптаган бот түзүлгөндөн кийин 32 чет элдик депортацияланды


Мигранттар жашаган батирлерди текшерүү учуру. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Мигранттар жашаган батирлерди текшерүү учуру. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Жаңы Москвада мигранттардын үстүнөн даттануу үчүн "элдик кошуун" боту түзүлгөнүн "Осторожно, новости" Телеграм-каналы билдирди. Маалыматка караганда, боттогу арыздардын негизинде 42 рейд болуп, 100 адамга административдик протокол түзүлгөн, 32 мигрант депортацияланган.

Бот түзүү чечими жергиликтүү бийлик полиция менен бирге миграция маселесин талкуулаган жыйында кабыл алынган. Онлайн аянтчада жарандар мигранттардын үстүнөн ботко даттана алат.

2024-жылдын апрелинде Приморск аймагында да тургундардын анонимдүү чаттагы арыздарынан кийин Өзбекстандын үч жараны айыпка жыгылып, өлкөдөн чыгарылган. “7x7” басылмасы алар Орусияда тиешелүү документтери жок иштеп жүргөнүн жазган.

Августта Владимир шаарынын активисттери ушундай бот түзгөнү белгилүү болгон. Бул "русофобиялык" жана "украинчил" көз караштарга каршы чат деп мүнөздөлгөн.

Августтун ортосунда Украинадагы согушту колдогон "Русская община" коому полиция менен бирге Екатеринбургда жергиликтүү базарда мигранттар текшерүүгө алган.

Сентябрдын башында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды зарыл иши болбосо Орусияга барбай турууга чакырды. Бишкек муну Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши менен түшүндүрүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү соңку тинтүүлөргө байланыштуу "Сахарово" борборундагы абал менен таанышуу мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Былтыр бир жылда 1400дөй кыргызстандык ушул борбордон депортация болсо, быйыл алты айда 2800гө чукул кыргызстандык дал ушул жайдан кайтарылган. Орусия боюнча буга окшогон 76 борбор бар.

Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда. (SE)

XS
SM
MD
LG