Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:00

"Европага да, Кыргызстанга да салым кошууну көздөйбүз"


Бурмачач Томоева, Айтолгон Боронбаева, Айгерим Урматбекова.
Бурмачач Томоева, Айтолгон Боронбаева, Айгерим Урматбекова.

Италиянын Милан шаарында өткөн Европадагы кыргыз диаспораларынын форумунда Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин ассоциациясын түзүү боюнча декларация кабыл алынды.

Бул бирикме эмне иш алып барат? Кандай максатта түзүлдү? Европадагы кыргыз диаспораларынын башын бириктирүү мүмкүнбү? Биз ушул жана башка суроолорду форумдун уюштуруучулары менен талкууладык.

Талкуубуздун катышуучулары Италиядагы кыргызстандыктардын ассоциациясы - АНКИнин төрайымы Бурмачач Томоева, Польшадагы кыргызстандык кыз-келиндердин башын бириктирген “Данакер” уюмунун негиздөөчүсү Айтолгон Боронбаева жана ушул эле уюмдун мүчөсү Айгерим Урматбекова.

"Азаттык": Бурмачач, сизден баштасак, Миланда өткөн Европадагы кыргыз диаспораларынын форумун уюштуруу, алардын башын бириктирүү демилгеси кайдан, эмнеден улам чыкты? Ушул жыйында кабыл алынган Европадагы кыргыз аялдарынын ассоциациясын түзүү тууралуу декларация жөнүндө да кеңири айта кетесизби?

Бурмачач Томоева: Миландагы иш-чараны уюштуруу демилгеси “Данакер” уюмунун мартта өткөн биринчи форумунда чыккан. “Данакердин” мүчөлөрү бизге "ушундай Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин ассоциациясын түзбөйлүбү" деген сунуш киргизди. Бизге абдан жакты бул долбоор. Өзүбүз да Европа деңгээлинде диаспоралардын башын бириктирүү тууралуу ойлонуп жаттык эле. Эки уюмдун көздөгөнү бир жерден чыгып Италияда ушундай форум өткөрүүнү чечтик. Бул жыйындын башкы максаты Европадагы кыргыз диаспоралары менен таанышуу, миграция темаларын көтөрүү жана айтылгандай эле кыз-келиндер ассоциациясын түзүү боюнча декларацияга кол коюу эле. Жыйынга 10 өлкөдөн келген 18 диаспоранын лидерлери, Италиядагы миграция менен алектенген уюмдардын өкүлдөрү, Милан шаарынын вице-мэри, Кыргызстандын Италиядагы элчиcи, Жогорку Кеңештин спикеринин алдындагы Миграция, чет жактагы мекендештер кеңешинин башчысы да катышты. Ал эми декларация тууралуу Айтолгон айым алдыда дагы кеңири айтып берсе керек. Андан тышкары биз бул жыйынга Италиядагы ар бир аймактагы кыргыз диаспораларынын лидерлерин чакырганбыз. Алар да ушул “Данакердин” данектей кыздарынан тажрыйба алса деген максатыбыз бар эле. Буюрса, баардыгы ишке ашты окшойт.

Айтолгон Боронбаева: “Данакер” уюмунун түптөлгөнүнө туура бир жыл болду. Мен өзүмдүн тажрыйбамдан айтсам, миграция, билим алуу, карьера жасоодо болсун аял катары бир катары тоскоолдуктарга туш болуп келгем. Андан тышкары бул жактан диаспоралар ичинде дагы кыргыз аялдарынын кыйналганын байкап калдым. Алгач 1-2 адамга жардам берип жүрдүм. Кийин бул платформаны кеңейтиш керек экенин түшүндүк. Ошол маалда биз Жогорку Кеңештин алдындагы Миграция кеңеши менен иштеп калдык. Аларга ушундай маселелер бар экенин айтканымда, “силер менен бирге кыргызстандык аялдардын бирикмесин түзөлү” деп сунуштап калышты. Мен Польшада жашаган он кыргызстандык активист кызды топтоп, демилгени ортого салдым. Бир ай өтпөй уюм каттоодон өттү. Ошондо эле Польшада алгачкы жылы “Данакер” деп баштасак, кийин Европанын деңгээлине чыксак деген кыялым бар болчу. Анткени бул миссия абдан маанилүү. Өзүбүзгө окшогон кыргызстандык кыз-келиндерди билим, миграция, карьера-кайсы багытта болбосун колдойлу деген максатта баштаганбыз. Ошентип быйыл 9-мартта Польшада Европадагы кыргызстандык аялдардын алгачкы форумун өткөргөнбүз. Ал форумдан кийин бизге бир канча кыргызстандык диаспорадан сунуштар түштү. Алар буга чейин мындай жыйындарды уюштура электигин айтып, ментордук жардам сурашты. Арасынан биз ANKI ассоциациясы менен иштеп баштадык. Айрыкча биз “Коллективдүү түрдө өнүгүү жолун издейлик” -деген теманы тандап туруп 31-августта расмий жыйын өткөрдүк. Эң башкы өнөктөшүбүз бул Миграция жана адам сатууга каршы кеңеши. Мен бул уюмдун Польшадагы өкүлүмүн дагы. Ошондуктан тыгыз байланыштабыз. “Данакер” түптөлгөндөн бери эле ар кандай миграциялык уюмдар менен иштешебиз. Маселен, БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму, Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор, (The International Centre for Migration Policy Development)” жана башкалар. Алар биздин уюм түзүлгөндөн бери ар кандай кеп-кеңештери менен бөлүшүп келишет. Милан форумун уюштурууда дагы алардын салымы көп.

"Азаттык": Айтолгон айым, Европадагы кыргыз аялдарынын ассоциациясы түзүү декларациясы кабыл алынды. Эми бул бирикме эмне иш, кандай негизде алып барат?

Айтолгон Боронбаева: Бул эми азыр биринчи кадам деп эсептеп жатабыз. Биз ICMPD эл аралык уюмуна ушул декларацияны жөнөтүп туруп, алар аркылуу расмий түрдө түптөлүүнү пландоодобуз. Миландагы форумда деле байкандай, ал жакка катышкан 18 диаспора өкүлдөрүнүн ар кандай жакшы жетишкендиктери, бөлүшө турган тажрыйбасы бар. Биздин максатыбыз альянстын алдына 18 диаспораны бириктирип, билимибиз, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, күчтүү бир платформага айлантуу. Күчүбүздү бириктирсек гана аялдарды коргоодо ийгиликтерге жете алабыз.

Азаттык: Жакшы, Айгерим айым, сиз өзүңүз студент экенсиз. Ошого карабай Европадагы кыргыздардын башын бириктирүү аракетин көрүп жүргөндөрдүн бирисиз. Учурда Европадагы заманбап кыргызстандык мигрантты кандай элестетесиз?

Айгерим Урматбекова: Айтолгон айтып өткөндөй эле баарыбыздын башыбыздан өткөн тажрыйбалардан улам бул уюм жаралды. Мен 2019-жылы келгенде эле кыргыздар бар болгону менен, азыркыдай көп эмес эле. Ошол кезде паспортубузду жоготуп алсак да кимге кайрылууну билчү эмеспиз. Андан тышкары 2-3 жыл мурда эле кыргызстандык студенттер мурда калыптангандай, стереотиптик көз карашта экенин байкачумун. Бирок ошол эле мени менен чогуу окуган Казакстандан, Азербайжандан, Түркиядан келген студенттерди карасам, алар чоң компанияларда иштешчү. Азыр болсо биз башка, жаңы келген студенттерге жакшы компанияларда иштесе болот деп социалдык тармактар аркылуу кеп-кеңештерибизди беребиз. Мен жакында эле “Данакердин” атынан Грузиядагы миграция мектебинде окуп келдим. Ошол жактан мигрант бул чет жакта кара жумушта эле иштеген адам эмес, ошол жакка үч айлык окууга барса да мигрант болуп эсептелерин билдим. Мигранттардын да ар кандай түрлөрү болот. Мен студенттер менен иштегендиктен, азыр кыргызстандык жаштар бул жаткан жогорку окуу жайларын аяктагандан кийин жакшы компанияларда иштешсе, мекенибиздин өнүгүүсүнө салым кошушса, Кыргызстанды даңазалашса деп кыялданам. Мурда биздин студенттер окуу жайдагы маданий иш чарага да катышуудан тартынышчу, азыр Кыргызстандын атынан бир студент болсо да чыкканга аракет кылышат. Мигранттар ушул жактан да туруп Кыргызстанга жакшы таасирибизди тийгизе алсак ошону ийгиликтүү миграция деп атайт элем.

"Азаттык": Бурмачач айым, чет өлкөлөрдөгү диспораларды башын бириктирүүгө эмне себеп/зарылчылык? Ошентүү дегеле мүмкүнбү?

Бурмачач Томоева: Башын бириктирүү сөзсүз керек деп ойлойм. Өзүбүздүн эле ассоциациябызды айта кетсем, ал түптөлгөн кезде мен да студент элем. Жөн гана кыргызстандыктарды анда-мында чогултуу үчүн түзүлгөн уюм болгон. Италияда кыргызстандыктардын саны күн сайын өсүп жатат, ошону менен бирге алар туш болгон көйгөйлөр да көбөйүүдө. Бул жакта да кыргыздардын ар кандай уюмдары түзүлүп жатат, бирок алардын баары баягы эле ички маселелерди чечүү менен чектелип калууда. Алтургай диаспоралар бири-бири менен урушуп, бир аймак экиге бөлүнүп калган учурлар болот. Италияда алардын саны абдан көп. Бирок арасында ынтымак жок жана натыйжа да көрүнбөгөндөй. Биз негизи баарыбыз эле кыргызстандыктарга жардам беребиз, студенттердин адаптация болуп кетишине көмөктөшөбүз. Бирок андан ары өсүп-өнүгүү болбой жаткан. Ошондуктан мен “Данакердин” марттагы форумуна катышканда издегеним табылгандай болду. Дароо кызматташууга дилгирлигимди билдирдим. Европадагы диаспоралардын башын бириктирип, ушундай жыйындарды өткөрүп, тажрыйба алмашып турсак мигранттардын менталитети да өзгөрөт, укуктарын билип, алардын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болот деген ишеничтемин. Менимче биригүү убактысы келди.

"Азаттык": Айтолгон айым, мен билгенден буга чейин да Европадагы кыргыз диаспораларынын башын бириктирүү, кандайдыр бир бирикме түзүү демилгелери буга чейин да жаңырган. Бирок бир жыйындан ары жылыш болгон эмес. Бул жолу да ошондой болуп калат деген коркунуч жокпу жана бул ассоциация түзүү демилгеси канчалык натыйжалуу болот деген ишеничтесиз?

Айтолгон Боронбаева: Мен 2023-жылы Глобалдык диаспоралардын конференциясына катышканда ал жакка катышкан африкалык диаспоралардын ынтымагын көрүп, аябай суктангам. Алардын расмий түрдө да платформалары бар экенин угуп таң калгам. Биз деле алардан үлгү алып, ушинтсек болот экен деген ой жаралган. Башында айтып өткөндөй эле бизге эл аралык уюмдар жол көрсөтүп, көмөктөшүп жатат. Биз кыргызстандыктар өзүбүз менен өзүбүз болбой биз көптөгөн өнөктөштөр менен кызматташуубуз керек. Биринчиден, бул Жогорку Кеңеш менен иш алып баруубуз зарыл. Экинчиден, дүйнөлүк уюмдар менен иштешүү абзел. Мына ошондо гана биз дагы күчтүрөөк болуп, бардык максаттарыбызга жетүү мотивациябыз күч болот деген ойдомун. Бул ассоциация ийгиликтүү болоруна толук ишеничтемин. “Данакерди” жаңы негиздеген кезде коркуу сезими көбүрөөк эле. Колдоону сезгенден кийин ишенимдүүлүк да өсөт экен.

Миландагы Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму. 31-август, 2024-жыл.
Миландагы Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму. 31-август, 2024-жыл.

"Азаттык": Айгерим айым, Польшада кыргызстандык студенттер көппү?

Айгерим Урматбекова: Азыр көп, так санын айта албайм, бирок 3-4 миңдин тегерегинде. Анткени Польшада жогорку окуу жайларга бир жылда эки жолу кабыл алышат. Бул дагы бир себеп болууда. Бирок быйыл бир аз көйгөйлөр көп болуп жатат. Буга виза жана дипломдун нострификациясы деген маселелер түрткү болууда. Ошондуктан быйыл азайып калышы мүмкүн. Дагы бир чоң маселе, бул жакка келген студенттер легалдуу миграциядан легалсыз миграцияга өтүп кетип жатышат.

"Азаттык": Буга эмне себеп болууда? Ушул тууралуу кеңири айта кетесизби?

Айгерим Урматбекова: Жеке пикиримде, бул жактагы студенттерге 40 саат толук кандуу иштөөгө уруксат берилет. Кээ бирөөлөр окуйм деп келип бирок жумушка азгырылып кетип, окууларын таштап коюшат. Башкалары болсо атайылап эле окууга өтүп келүүнү оңой жол көрүп, келгенден кийин дароо ишке өтүп кетишет. Студенттердин көбү менчик фирмалар аркылуу келет. Алар окууңду таштасаң ишке болгон уруксатты да жоготуп аласың деп кеңеш беришпейт. Ошондуктан алар студенттик виза менен окууга барбай иштеп жүрө берем деп ойлошот.

"Азаттык": Айтолгон айым, сиз талкуунун алдында көйгөлөрдү чечүүгө эмес, мүмкүнчүлүк жаратууга көбүрөөк басым жасап жатканыңарды айта кеттиңиз. Ушуга кеңири токтолосузбу?

Айтолгон Боронбаева: Негизи долбоорлордун үстүнөн иштеп жатканда көйгөлөрдү чечүүгө басым жасабайбыз. Биз азыр Европада жашаган кыргызстандык кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кантип ачсак деп ойлонуп жатабыз. Анткени бул жакта билим-илим, карьера, бизнес багытында абдан көп долбоорлор бар. Мигрант болсок да ошолорду колдонуп-пайдаланып билишибиз керек. Көйгөйлөрдү гана чечүү менен алектенсек анда чектелип калабыз. Башында айтып өткөндөй эле кыргызстандык диаспоралардын потенциалы абдан чоң. Бул Европа үчүн да өтө чоң байлык. Анткени аларда бизде бар тажрыйба жок. Мигранттар өнүгүү жолунда жаңы көз караш алып келет. Мигрант деп өзүбүздү экинчи катарга койбой, европалыктар менен тең ата иштешибиз керек. Европага да салым кошуп, ошол эле убакта Кыргызстанга да жакшы долбоорлорду алып барууну көздөп жатабыз.

"Азаттык": Талкууга катышып бергениңерге рахмат!

XS
SM
MD
LG