Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:09

21-ноябрь: Ташовдун арызын УКМК иликтөөдө, Орусия Украинаны "Орешник" ракетасы менен аткылады


Имамидин Ташов. УКМК тараткан сүрөт.
Имамидин Ташов. УКМК тараткан сүрөт.

21-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Тергөө абагындагы Имамидин Ташовдун арызын УКМК да иликтеп жатат

Башкы прокуратура №31 тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызы Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул фактыга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коопсуздук кызматы да кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Имамидин Ташов буга чейин УКМКнын кызматкерлери аны кыйноого алганын айткан. Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

ТИМ: 72 миңдей кыргызстандык Орусияда мыйзамсыз жүрөт

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 71 949 жараны Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, алар Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, бармак изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө маалыматы жок адамдар. Министрлик Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган жарактуу документи барлар эми бул өлкөнүн Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек экенин кабарлады. ТИМ Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн мигранттардын тизмесин жакын арада https://migrant.kg порталына жайгаштырат.

Сот троллейбус зымдарын алууну токтотуу чечимин чыгарды

Бишкектин Административдик соту борбор калаадагы троллейбус зымдарын алууну токтотуу чечимин кабыл алды. 21-ноябрда аталган сот экологиялык активисттердин Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн карап, аны канааттандырды. Активисттер мэрия шаар кеңешинин чечими менен эле шаардын басымдуу жолдорунда троллейбус зымдары алынып, аларды электр кубаты менен камсыздаган подстанциялар да бузулуп калганын белгилешүүдө. Мэрия калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштыра турганын кабарлаган.

Он айда Кумтөрдөн 9 тонна 316 килограмм алтын казылды

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Кумтөр кенинен 2024-жылдын 10 айында (январь-октябрь) 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрүлгөнүн, негизи 9 тонна 197 килограмм алтын алынат деп план коюлганын билдирди. Бул тууралуу ал 21-ноябрда “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. 4-октябрда “Кумтөр Голд Компани” Кумтөрдөн казылган тоотекте алтындын үлүшү төмөн болгондуктан кенден алтын өндүрүү быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болорун кабарлаган. Ишкана бул тоо-кен өндүрүшүндө кадыресе көрүнүш экени, алтын өндүрүүдөгү мындай өйдө-ылдый абал Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгонун кошумчалаган.

Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну, Галантты жана ХАМАС командирин кармоого ордер чыгарды

Эл аралык кылмыш соту бүгүн 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарды. Бул тууралуу аталган сот мекемесинин 21-ноябрдагы билдирүүсүндө айтылды. Үчөө тең ХАМАСтын былтыркы кол салуусуна жана Израилдин ошондон кийинки аскердик кийлигишүүсүнө байланыштуу адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы үчүн айыпталууда.

Владимир Путин Украинага каршы орто аралыкка атуучу курал колдонулганын айтты

Орусия Украина аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк эмес баллистикалык ракета менен сокку урду. "Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын коргонуу-өнөр жай комплексине караштуу объектилердин бирине куралдын бир нече түрү менен сокку урушту. Күжүрмөн шартта орусиялык орто аралыкка атуучу эң жаңы ракеталык системалардын бири да сыноодон өткөрүлдү, анда өзөктүк эмес, өтө катуу ылдамдыктагы баллистикалык ракета колдонулду", - деди ал. Путин Украинанын Днепропетровск шаарынын аймагындагы эң ири жана Советтер Союзунан бери белгилүү болгон, азыркы кезде ракеталык техника жана башка курал-жарак өндүрүлүп жаткан өнөр жай комплекстеринин бирине сокку урулганын айтты.

Украина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылганын билдирди

Орусия 21-ноябрда Украинанын аймагына жапырт ракеталык чабуул койгонун украин Куралдуу күчтөрү жана аймактык жетекчилер кабарлоодо. Кеминде эки облус бутага алынганы, ракета коркунучу тууралуу эскертүү бир нече саат бою угулуп турганы маалымдалды. Москва континент аралык баллистикалык ракеталар менен Украина Британиядан алган Storm Shadow ракеталары жана АКШнын ATACMS системалары менен Орусиянын аймагындагы аскердик жайларды бутага алганы тууралуу маалымат чыгып жаткан чакта сокку урду. 21-ноябрда орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы маанилүү өнөр жай аймагы Днепропетровск облусуна, анын борбор калаасы Днепрге чабуул койду. Баллистикалык ракетадан тышкары Х-47М2 "Кинжал" ракетасын, ошондой эле Х-101 канаттуу ракеталарынан жетини учурду.

Беларуста дагы 32 саясий туткунга ырайым берилди

Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко камакта жаткан саясий туткундар арасынан дагы 32 кишиге ырайым берүүнү чечкенин "Азаттыктын" беларус кызматы 20-ноябрда жазды. Бирок абакта дагы 1300дөй активист кармалууда. Ырайым алгандар 24 эркек жана сегиз аял, алардын тогузу 50 жаштан ашып калган курактагылар экени кабарланды. Аты-жөнү жарыяланган жок, бирок баары "экстремизм үчүн" деп соттолгондор. Беларус бийлиги адатта мындай айыпты бийликти сындаган жарандарына, оппозиция өкүлдөрүнө, активисттерине тагат. Абактан бошотулгандан кийин алар тийиштүү мекемелердин көзөмөлүндө болот, анткени ырайым берилгени менен соттуулугу жоюлбайт. Ушуну менен Беларуста быйыл жыл башынан бери саясий туткундарга алтынчы жолу ырайым жарыяланып жатат, жалпысынан 178 киши түрмөдөн чыкты.

Румыния менен Болгариянын Шенген аймагына кошулуу жараяны боюнча маалымат берилди

Европа комиссиясынын ички иштер комиссары Илва Йоханссон Румыния менен Болгария Шенген аймагына интеграция жараянын быйылкы жылдын соңуна чейин толук аяктай аларына оптимисттик көз карашта экенин билдирди. "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде ал: "Румыния менен Болгария даяр, Шенген аймагы даяр. Ошондуктан мен эч кандай тоскоолдук жок деп эсептейм. Азыр ички чек ара көзөмөлүн алуу керек", - деди. Еврокомиссардын маеги 21-ноябрда жарыяланат. Быйыл март айында аталган эки өлкө Шенген келишимине жарым-жартылай негизде кошулган. Ортодо учак, кеме менен каттагандарга бири-биринин аймагына визасыз өтүүгө жол ачышкан, ал эми автомашина менен өтүүгө уруксат берише элек. Еврошаркет аталган эки өлкөнү Шенген аймагына кабыл алуу туризм жана соода-сатык алакасын кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG