Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

22-август: Зындан көлү жырылган аймакта абал турукташты, Газада дагы 22 палестин каза тапты


Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү, 27-июль, 2024-жыл
Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү, 27-июль, 2024-жыл

22-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Зындан көлү ташыган аймакта абал турукташып, Туура-Суунун тургундары өз үйлөрүнө кайтышты

22-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып келишти. 21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ӨКМдин кызматкерлери дароо Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялай баштаган. 500дөй тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине жайгаштырылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКга сурак берип чыкты

Атайын кызматтан сурактан чыгып баратып журналисттерге учкай комментарий берип, "Ыйман" фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмөлөрдү бергенин билдирди. Ал ошондой эле тергөөнүн купуялуулугун сактоо боюнча кагазга кол койгонун, калган деталдарды айта албай турганын кеп кылды. Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө УКМКнын 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.

Тергөө абагындагы ишкер Имамидин Ташовдун иши сотко өттү

"Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шек саналып кармалган ишкер Имамидин Ташовдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөнүн анын адвокаты Самат Матцаков билдирди. Ташов Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Сот аны атайын кызматтын тергөө абагына камакка алып, бөгөт чарасы узартылып келатат.

Зеленский Курск операциясы башталганы Сумы облусун аткылоо азайганын айтты

Украина Орусиянын чек аралаш Курск облусунда операция баштагандан бери ага чектеш Сумы облусунда орус тараптан аткылоо да, жайкын тургундар арасында жоготуулар да азайганын 22-августта президент Владимир Зеленский билдирди. Ал Сумы облусуна барып, абал менен жеринен таанышканын, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөнүн айтты. «Курск облусунун аймагындагы дагы бир калктуу пункт украиндердин көзөмөлүндө. Биз туткун алмашуу фондун да толуктадык. Чек ара аймагында аскерлер, полиция жана өзгөчө кырдаалдар мекемесинин ортосундагы координация, атап айтканда, Курск облусунун белгиленген аймактарына гуманитардык колонна уюштуруу маселелерине көңүл бурулду», - деди ал. Украин аскерлери Курск аймагына 6-августта кирип барышкан.

Газада дагы 22 палестин тургуну каза болгону кабарланды

Газа секторунун борбордук жана түштүк райондорундагы израил аскерлеринин чабуулдары уланып жатканын, соңку суткада кеминде 22 палестин тургунунун өмүрү кыйылганын анклавдын саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына таянып Reuters агенттиги 22-августта билдирди. Израил аскерлери кечээтен бери Газанын Рафах аймагында ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) 50 согушкери жок кылынганын маалымдашты.

Орусия: Волгоградда аэродром, Пролетарскиде мунай базасы өрттөнүүдө

Орусиянын Волгоград шаарында аба мейкиндигиндеги чектөөлөрдөн улам жергиликтүү аэропорттун учак кабыл алуу жана учуруу иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 22-августта аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров өткөн түнү Калачёв районунда учкучсуз учактардын чабуулунун мизи кайтарылганын, алардын көбү жок кылынганын айтты.

Азербайжанда бийликти сындаган саясат талдоочу Бахруз Самедов камакка алынды

Turan маалымат агенттиги билдиргендей, бул тууралуу 21-августта анын чоң апасы Зибейда Османова айтып берди жана полиция Баку шаарында небересин кармап кеткенден кийин үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн кабарлады. Баку полициясы Самедов маңзатка байланыштуу кылмышка айыпталып жатканын билдирген. Ал эми адвокаттар ал «армяндар менен электрондук кат алмашкан, чыккынчылык кылган» деп шектелип жатканын айтууда.

"Бомба коюлганы" тууралуу кабардан улам Ош мэриясы, облустук бийликтин кызматкерлери эвакуация болду

Укук коргоо органдары имаратта текшерүү иштерин жүргүзүп, эч нерсе табышкан жок. 22-августта түшкө чейин Бишкекте "Манас" эл аралык аэропортунун электрондук почтасына аба майданда жарылуучу зат бар экени тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр тышка эвакуацияланган. Укук коргоо органдары аба майдандын имаратынан жарылуучу зат тапкан жок. Кыска убакыттан соң адамдар кайрадан аэропортко киргизилди.

Бишкекте тергөөчү 550 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн №8 милиция бөлүмчөсүнүн тергөө кызматкери, милициянын капитаны М.Н.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Тергөөдө "аталган кызматкер райондук ички иштер бөлүмүндө каралып жаткан кылмыш иши боюнча арыз ээсинин тууганына коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн көрсөтүлгөн акчаны опузалаганы" такталды. Ал "8 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган, аны сом түрүндө алып жаткан маалда колго түшкөн".

“Айыл банк” “Сбер” тиркемеси аркылуу акча которуулар токтотулганын маалымдады

“Айыл банк” коммерциялык банкы 22-августтан тартып Орусиянын “Сбер” тиркемеси аркылуу банктын кардарларынын эсептерине жана карталарына акча которуулар белгисиз мөөнөткө токтотулганын маалымдады. 17-августта Мбанк ("Кыргызстан" банкы) билдирүү таратып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун жарыялаган. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар. 20-августта “Керемет банк” коммерциялык банкы Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) банктары жана Орусиянын “НСПК” улуттук төлөм системасы оператору аркылуу акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотконун жарыялады.

Орусияда мазактоого кабылган спортчу кыз өз жанын кыйганы кабарланды

Тоолуу Алтай аймагынын 17 жаштагы тургуну, спортчу Ксения Чепонова өзү катышкан самбо спорттук командасындагы башка кыздардын мазактоосу тууралуу Телеграм-каналына пост жарыялап, өз жанын кыюуну чечкенин жазган. Окуя Новосибирск шаарында, спорттук машыгуу жүрүп жаткан күндөрү болгон. Чепонова 17-августта Телеграм-каналына мурда өз улутунан уялбаганын, бирок кийин ар кандай тамаша аралаш мазактоо башталганда көтөрө албай кетип жатканын жазган. "Күнөөм эмнеде? Көзүм бүтүк, өзүм кара-тору болуп төрөлгөнүмдөбү?", – деп жазган Ксениянын сөөгүн машыктыруучулар ошол күнү табышкан.

Билим берүү министрлиги мектептерде 5 баллдык баалоо системасы каларын билдирди

Билим берүү жана илим министрлиги “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында окутуунун 12 жылдык компонентине өтүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталып каларын маалымдады. Тиешелүү маалымат мекеменин Фейсбуктагы баракчасына чыкты. Кыргыз Билим берүү академиясы 19-августта өз сайтына "12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясын" жарыялаган. Анда Кыргызстандын мектептери пландалып жаткан 12 жылдык билим берүү системасынын алкагында мурдагыдай 5 баллдык шкаладагы баалоо системасын эмес, 10 баллдык баалоо системасын колдоно баштай турганы жазылган.

Экинчи дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жалгыз ардагери көз жумду

Касымбай Жолдошев 99 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу 22-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда азыркы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. 1943-жылдын 18-январында Ноокат аскер комиссариаты аны согуш майданына чакырып, 154-аткычтар полкунда эки жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына чейин, 8 жыл аскерде кызмат өтөгөн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 41 ардагери калган.

XS
SM
MD
LG