Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

"Эс алууга чыкканда агып кетти". Өмүрдү алган сел


Сел агызып кеткен машине.
Сел агызып кеткен машине.

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел беш кишини агызып кетип, төртөөнүн сөөгү табылды. Бир аял изделип жатат. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Баарынын тең сөөгү табылды.

Ошто 14-июлда кыздары менен селге аккан 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген.

Бул тууралуу маркумду тааныгандар "Азаттыктын" кабарчысына айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, келиндин төрт баласы бар.

Шаардык мэрия келин үч кызы менен шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак деген эс алууда жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Жолдошу жана уулу аман калган.

Алар Оштогу Он-Адыр кичи районунун тургундары:

1981-жылы туулган Низамидинова Дилабза;
2005-жылы туулган Низамидинова Мадинабану;
2014-жылы туулган Низамидинова Махбуба;
2018-жылы туулган Низамидинова Сафия.

Кыздардын апасынын сөөгү 15-июлда түш ченде Ак-Буура дарыясынан - Өзбекстанга жакын жерден табылды. Түштөн кийин 10 жана 19 жаштагы кыздарынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан чыкты.

Бир күн мурда алты жашар кызынын жасаты да кошуна өлкөдөгү Шахрихансай деген каналдан табылып, дүйшөмбүдө Ошто жерге берилди.

"Мен Ак-Бууранын боюнда шишкебек бышырып жаткам. Сел күтүүсүз, катуу келди. Жети метрге чейин көтөрүлүп, ошол жерде эс алып жүргөндөр ага баштады. Даракты кармап калгандар болду качып. Ажал экен, булар качып үлгүрбөй калды", - деди маркумдун жакындарынын бири.

"Көптөн бери Орусияда жүрүшкөн. Жакында эле той кылганы келишкен. Эс алып келели деп, суу жээкке барганда ушул иш болуп кетти. 25 кишидей болчубуз. Мен маркумдун уулу менен машинеде отурганбыз. Келсек, агып жүрүшкөн экен. Куткара албай калдык", - деди сөөк чыккан үй ээсинин жээни.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел агызып кеткен дагы бир аял изделип жатканын маалымдады.

Сел агызып кеткендерди издөөгө 350 адам тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Куткаруучулар төрт топко бөлүнүп, издөө-куткаруу иштерин жүргүздү. Маалыматка караганда, куткаруучулар Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында иштеп жатышат.

Ош шаардык мэриясы билдиргендей, кырсык болгон күнү Озгур айылында селден жарандарды өткөрүп жаткан КАМАЗ жылып кетип, бир жаран тебеленип каза тапкан.

"Товар жарабай калды"

Ошто 14-июлда Ак-Буура дарыясы ташып, жээкке жакын жайгашкан базарды каптады. Бир нече машине сууга агып кетти.

Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады.

Шаарда өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.

"Суу ушул жерге чейин көтөрүлдү", - деди, дүкөндөгү тизеден өйдө текчелерди көргөзгөн Арслан аттуу сатуучу "Азаттыктын" кабарчысына. Сезон келди деп товардын баарын алганбыз. Баары суу болуп жарабай калды".

Базардын дагы бир сатуучусу Дарыгүл Субанова ылай болуп, жарабай калган бут кийимдерди капка салып жатты.

"Кымбат бут кийимдер болчу. Мамлекет эми карап чыгымдарды көтөрүп берер бекен?".

Алмаз аттуу дагы бир сатуучу базарда чөнтөк телефон үчүн аксессуарларды сатат. Ал товарынын жарымы жарабай калганын айтууда.

"Саат түшкү үч жарымда башталган. Беш мүнөттө эле тизеден өйдө көтөрүлүп кетти. Товардын жарымы жарактан чыкты".

"Азаттыктын" кабарчысы соодагерлер базардагы ордун өздөрү калак менен тазалап жатканына күбө болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы үч айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. Тогуз социалдык объект (төрт мектеп, бир бала бакча, эки оорукана, бир музей, бир ФАП) зыян тарткан.

Ош шаары боюнча болжол менен 146 турак үй, беш эс алуучу жай, сегиз өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар дагы такталып жатканын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланып жатканын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче, жалпысынан 120 куткаруучу "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен бирге Ак-Буура дарыясынын жээгинде издөө, куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

14-июлда түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван - Ак-Буура каналына жети автоунааны сел агызып кеткенин, айылдагы эс алуучу жайында жүргөн төрт жарандын дайыны табылбай жатканын билдирди.

"Жалпы 134 үйгө сел кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машине селден жабыркаган", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин селден улам Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Азыр атайын техника иштеп, селдин кесепеттерин жоюу иши уланып жатканы кабарланды.

Кырсыктан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мэрия шаар башчысы сел каптаган борбордук базарда көчмө жыйын өткөргөнүн маалымдады.

"Ош шаарынын мэри, жарандык коргонуунун башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде көчмө жыйын өткөрүп, борбордук базарды толук кыдырып чыкты. Базардын аймагын иретке келтирүү боюнча тиешелүү мекемелер иштеп жатат. Мэр сел жүргөн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө да барды", - деп жазылган маалыматта.

ӨКМ билдиргендей, Озгурдагы Бөрүбай-Ата эс алуу жайынан 500дөн ашык адам коопсуз жайга чыгарылды. Учурда куткаруу иши уланып жатканы кабарланды.

Ош. Сууга агып бараткан автоунаалар. 14-июль, 2024-жыл
Ош. Сууга агып бараткан автоунаалар. 14-июль, 2024-жыл

Министрлик билдиргендей, жекшембиде селдин айынан Ош-Гүлчө-Эркечтам жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки бөлүгү убактылуу жабылды. Тазалоо иши уланууда. Аймакта турак жайлардын короо-сарайларын жана жертөлөлөрүн сел каптаган.

Бул күнү Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы Асан-Чек жана Манас айылдарында да сел жүрүп, үйлөрдү каптады.


Катуу жаандан улам Ош шаарында Ак-Буура дарыясы ташып сел жүргөн. Күбөлөр социалдык тармактарга жүктөгөн видеолордон борбордук базарда буюм-тайым, товарлар сууда калганын, эл кыйсыпырга түшүп коопсуз жайга чыгып жатканын, ошондой эле топон сууда машиналар агып баратканын көрүүгө болот.

ӨКМ Төлөйкөн айылы менен Оштун борбордук базарында куткаруучулар селдин кесепетин жоюу иши менен күчөтүлгөн тартипте алектенип жатканын жарыялады.

Ош облусундагы табият кырсыгынын кесепети, келтирилген чыгым тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды. Алардын онго жакыны - балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Буга чейинки болгон селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG