Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:04

"УКМКга суракка барган". Тазабек Икрамовдун күтүүсүз чечими


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өз арызы менен мандатынан ажыратылды. Икрамов мындай чечимди кабыл алууга эмне түрткү болгонун айта элек.

Эки күн мурда УКМКга суракка барган

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду өз арызынын негизинде мандатынан ажыратты. Токтомду БШКнын өкүлү Төлөгөн Айтикеев окуду.

"Төмөндөгүдөй токтом долбоору карооңуздарга сунушталып жатат. Жогорку Кеңештин №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Икрамов Тазабек Икрамовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун", - деди Айтикеев.

Тазабек Икрамов 20-июлда Фейсбук баракчасына шайлоочуларына ыраазычылык билдирген пост жазды. Анда ал мандатты тапшыруу "жеке чечими болгонун, өз каалоосу менен депутаттык ишмердүүлүгүн токтотуп" жатканын белгилеген.

Экс-депутат эл үчүн кызмат кылууну улантарын айтып, мындай кадамга баруусунун себептерин түшүндүргөн эмес.

Икрамов 17-июлда ал атайын кызматка суракка чакырылганын айрым басылмалар жазып чыккан.

“Азаттыктын” булагы Икрамов бир нече жолу суракка барганын ырастады. Бирок кайсы ишке байланыштуу чакыртылганы азырынча белгисиз.

Тазабек Икрамов мүчө болгон “Элдик” депутаттык тобунун курамындагы депутат Акбөкөн Таштанбеков мындай деди:

Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

“Мындай нерселер эмне болсо дагы ачыкка чыкпайт окшойт. Мандатын таштай турган жигит эмес эле. Эми бир чети парламентке баратканда бардык “куйруктарды” тазалап келиш керек. Акыркы жолу көргөнүмдө маанайы жок жүргөн”.

Парламенттин бир нече депутаты Икрамовдун мандатын тапшырышы күтүүсүз болгонун бирок себебин билбей турганын айтышты.

Өкмөттү сындап келген

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланган. Ал Жогорку Кеңеште мамлекеттик желектин өзгөртүлүшү, казино сыяктуу маселелерде бийликтин чечимин колдогон эмес.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ал учурдагы бийликти сындаган саналуу эл өкүлдөрүнүн бири катары таанылган.

Оппозиция өкүлдөрүнүн жана журналисттердин камалышы, сөз эркиндиги жөнүндө маселелерди көтөрүп, бийликтин айрым иштерин сындачу.

Саясат талдоочу Адил Турдукулов Икрамовдун мандатынан ажыратылышы саясий себептерге байланыштуу деген пикирде.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Басымдын, куугунтуктун негизинде кетип жатат деген божомолум бар. Фактылар жок, өздөрү дагы жок. Бирок бийликтин аларды көзөмөлдөгөн чаралары, негиздери бар окшойт. Бул кейиштүү, кризистик абал. Бийликтин бир бутагы - парламент ачык болуп, ошол жерде саясий күрөш, талкуу жүрүп турушу керек эле”, - деди Турдукулов.

7-чакырылышта айрымдары өз каалоосу, кээ бирине кылмыш иши козголуп, мандатынан ажыратылган депутаттардын саны жыйырмага чамалады. Айрымдарынын мандатынан баш тарткан себептери ачык айтылган жок. Камактагы мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго жакын делген бир нече депутат мандатынан кол жууду.

Апрель айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. Бирок кимдер экенин айткан эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутаттардын мандат тапшырган жагдайларын ачыктады.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Ачык айтыш керек. Кандайдыр бир сүйлөшүүнүн жыйынтыгы болду. Суракка кирип, анан арыз жазып бергендир. Акыркы жыйналышта сурасам, “мени дагы чукулап жатышат” деген. Тазабекке байланыштуу так айта албайм. Бирок менин айрым мурунку кесиптештеримдин туура эмес ишин көрсөткөндө айла жок кетишкен. Жалпы 17 депутат, анын ичинен он чактысы өз ыктыяры менен кетти. Эртең менен жумушка келип, түштөн кийин мандатын таштап кеткендер болду. Депутаттыкка айрымдар акыл калчап барышы керек. Болбосо акырына чейин күрөшүү керек”, - деди депутат.

50 жаштагы Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Икрамовдун саясатка аралашкан алгачкы жылдары аны криминал менен байланыштыргандар болгон. Бирок ал дооматтарды бир канча жолу четке каккан.

Парламентте спортчу депутаттардын катарын толуктаган Тазабек Икрамов көтөргөн маселелер, айткан сөздөрү талкууга алынып, белгилүү болгон.

Икрамов мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда бийликке жакын депутат болгону маалымат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG