Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

14-август: Бүбүйра Кыдыралиева дүйнө салды, Курскиде 100дөн ашуун аскер туткунга түштү


Бүбүйра Кыдыралиева
Бүбүйра Кыдыралиева

14-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Тамчыда чакан тактикалык дрон кулады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аэропортунда жаңы типтеги тактикалык чакан дронду сыноодон өткөрүү учурунда ал белгиленген жерге жетпей кулап, күйүп кеткенин кабарлады. Расмий маалымат боюнча, эч ким жабыркаган жок. Чек ара кызматы мындан тышкары мекеменин карамагындагы чалгындоо жана чабуул жасоочу бардык учкучсуз учактар, анын ичинде “Байрактарга” зыян келтирилбегенин кошумчалады. Социалдык тармактарда “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында өрт чыгып, кара түтүн асманга көтөрүлүп жатканы тартылган видео жана сүрөттөр жарыяланды. Кыргызстан буга чейин Түркиядан “Байрактар”, “Аксунгур” жана “Акынжы” дрондорун сатып алган.

ТИМ Курскидеги кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Курск облусунда 199 кыргыз жараны каттоодо турганын “Азаттыкка” кабарлады. Мекеме ушул убакытка чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Курск облусунда кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат түшпөгөнүн, жайкы эса алууга байланыштуу студенттердин көбү аталган аймактан чыгып кеткенин билдирди. Украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган. ТИМ кыргыз жарандарын Орусиянын Курск, Брянск жана Белгород облустарына баруудан убактылуу карманып турууга чакырды.

Базарбеков тергөө органдарына кайрылды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө органдарына кайрылып, соттун чечими чыкканга чейин кылмышка шек саналган адамдардын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырды. Ал тергөө органдары коомчулукта талкуу жараткан кармоолор жана айыптоолор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына шашылыш билдирип, коомчулукка ал адамдын кылмышы далилденгендей кабар берип жатканын жана кармалгандард кылмышкер катары көрсөтүлүп жатканын айтты.

"Ата Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнөдөн кайтты

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы туулган. Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес. "Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген "Ата Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

“Асман аба жолдору” ички аба каттамдарын ачат

Мамлекеттик авиакомпания 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде: Талас, Нарын, Караколго аба каттамдарын ачат. Компаниянын директору Жолдошбек Айдаралиевдин журналисттерге билдиргенине караганда, алгачкы каттам 27-сентябрда Бишкек-Ош багытында болот. Ички каттамдар үчүн үч жаңы учак сатып алган, алардын биринчиси - 80 орундуу Dash 8-400 учагы августта келет. Экинчиси сентябрда келери күтүлүүдө. Ишкана ноябрда дагы бир учак сатып алууну көздөп жатат.

Сырский украин армиясы Курск облусунда 100дөн ашуун аскерди туткунга алганын билдирди

Украин президенти Владимир Зеленский буга чейин "жүздөгөн орус аскерлери украин армиясына колго түшүп бергенин, алардын баарына гумандуу мамиле жасаларын" айткан эле. Сырский ошондой эле Курск облусунда кармаштар уланып жатканын, украин армиясы алдыга баратканын айтты. "Соңку бир суткадан бери аскерлер ар башка багыттарда 1-2 чакырымга алдыга жылды. Сужада душманды издеп, жок кылуу операциясы аяктады", - деди Сырский. Украин армиясы Курск облусуна кирип барган 6-августтан бери канча орусиялык аскер туткунга түшкөнү белгисиз. Алардын арасында армияга жаңы эле чакырылгандар да бар экени кабарланууда.

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Анкарада президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат

Аббастын бул сапары он айдан бери Газа тилкесинде уланып жаткан согушту токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай, Иран жана анын тарапташтарынын Израилге кол салуу коркунучу күчөп турган маалга туш келди. Эрдоган Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерин кескин сындап, өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну "Газанын касапчысы" деп атап келет. Газадагы согуштун тутанышына ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрда Израилге жасалган кол салуусу түрткү болгон. Бул уюмду АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп санаганы менен Эрдоган аны "боштондук кыймылы" деп атайт. Аббас ошондой эле 15-августта түрк парламентинде сөз сүйлөй турганы белгилүү болду.

Түркияга киргендердeн манжа изи алынары кабарланды

Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая жергиликтүү "Сабах" басылмасына айтты. Ал мындай эреже мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жараянынын бир бөлүгү экенин белгиледи. Бирок ал качан ишке кирери так айтылган жок. Ички иштер мекемесинин жетекчисинин айтымында, манжа издери тууралуу талап өлкөдө убактылуу коргоо статусун алгандарга да тиешелүү болот. Йерликая ошондой эле бүгүнкү күндө Түркияда дээрлик төрт жарым миллион чет өлкөлүк расмий катталганын кабарлады. Алардын үч миллиондон ашыгы Сириянын жарандары.

Түркмөнстандагы жалгыз уюлдук оператор сим-карта сатууну токтотту

Түркмөнстандагы "Алтын Асыр" жалгыз уюлдук оператору жаңы сим-карта сатууну токтотту. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды. "Компаниянын кызматкерлери жаңы эле паспорт алып, сим-картага барган 16 жаштагы жарандарга бош номер жоктугун айтып, сатпай жатат", - дейт Ашхабаддын тургундарынын бири. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн катарына кирген Түркмөнстан соңку жылдары жарандарынын маалымат алуусуна көзөмөлдү күчөтүп, өлкөдөгү кабарлардын сыртка чыгып кетүүсүн көзөмөлдөп, расмий бийликти сындаган чет жактагы билдирүүлөрдү блоктоп келет.

XS
SM
MD
LG