Жакында журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” тобу Өзгөндүн Куршаб жергесинде сталиндик жалпы көрүстөндүн орду табылгандыгы жөнүндө сенсациялык кабарды жарыялады. Кыргызстандагы “Эсимде” долбоору дагы сталиндик жазалоолордун тарыхын өлкөдө жана чет мамлекеттерде жүргүзүп келет. Заманбап жарандык демилгелер жана аларга расмий колдоонун зарылдыгы тууралуу тарыхчынын блогу.
“Ата-Бейит” көрүстөнү карапайым жарандын каармандыгы менен ачылган
Совет доорундагы массалык жазалоолордун олуттуу ири далили Кыргызстандын Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү дөбөдө 53 жылдай белгисиз бойдон катылып жаткан.
“Кайра куруулар” дооорунун эң соңку жылдары Кыргызстандын жарандык коомунда олуттуу кыймылдар башталды. 1988-жылы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш “Кош тилдүүлүк” урааны астында жүрдү. Айрым тарыхый инсандарды актоонун кадамдары жасалды.1989-жылы “Ашар” козголушу жана башка үй куруучулар уюмдары, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты сыяктуу бейөкмөт уюмдар, ар кыл айдыңдык жана диаспоралык уюмдар негизделди. Ошол эле жылы 23-сентябрда советтик Кыргызстандын парламентинде кыргыз тилин жалгыз мамлекеттик тил катары жарыялаган мыйзам кабыл алынды.
1990-жылы май айында КДК деген саясий блок негизделди. Ошол жылы июнда Ош окуялары болду, ага байланыштуу Ошто жана Бишкекте убактылуу коменданттык саат киргизилди. Ага карабастан, ошол жылы октябрда КДК Ак Үйдүн жанында саясий ачкачылык жарыялап, бийликтерден бир партиялуу коммунисттик тоталитардык режимден баш тартууну талап кылып чыкты. Кыргызстан Компартиясынын жетекчиси А.Масалиев президенттикке шайлана албай калды...
1990-жылы декабрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өлкөнүн расмий аталышынан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүн алып салып, Кыргызстандын эгемендиги тууралуу алгачкы жана өзгөчө маанилүү декларацияны кабыл алды...
1988–90-жылдардагы дал ушул өзгөрүүлөр башка ар кыл жарандардай эле Бүбүйра Кыдыралиева апага да зор таасир тийгизген.
Ал 1990-жылдын күзүнөн тартып Ата-Бейиттеги сталиндик жашыруун көрүстөн тууралуу өзү гана билген маалыматты башка замандаштарына да айта баштаган. Бул маалыматты ага маркум атасы өлөөр алдында сыр кылып айтып, акыры бул сырды коомчулукка ачыктоосун өтүнүп, керээз кылып айтып кеткен экен.
Аны алгач уккандардын бири, немис тили адиси, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин) доценти Гүлай Байтерекова эже Бүбүйра эжеке менен бир катар журналисттерди да тааныштырган. Гүлай эжеке 1991-жылы бизге да Бүбүйра апаны тааныштырган эле.
СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (КГБнын) Кыргызстандагы бөлүмүндө да жаш офицер Болот Абдырахманов сыяктуу өкүлдөргө бул маалымат жетип, алар дагы бул ишти иликтөө үчүн тергөө тобун түзүшкөн, ага КУУнун ага окутуучусу, археолог Михаил Иванович Москалёв (1942–2013) да чакырылган. Бул иликтөө тобунун кайсы бир өкүлдөрү КГБнын архивиндеги маалыматтарды табышса, ал эми Михаил Москалёв 1991-жылы жайында Ата-Бейиттин ордундагы мурда бышкан кирпич жасап, ташталып салынган жайдагы белгисиз көрүстөндө казуу жүргүзө баштаган.
Мында 137 эркектин сөөгү табылган. Алар 20дай ар кыл этностун өкүлдөрү болгон. Алардын эң көбүн (45ин) кыргыздар түзгөн. 36 уйгур болгон. Башка да этностордун өкүлдөрү болгон. Ал эми 138-сөөк бир аялга таандык болуп чыкты, бирок ал аялдын ысымы эч бир кагазда катталбай белгисиз калган.
Ошентип, Бүбүйра Кыдыралиева өз атасынан уккан сырды жалпы коомчулукка жеткирип, өз мезгилинде жарандык каармандык жасады деп билебиз. Анын сөзүн андан ары терең иликтөөгө чейин жеткирген Болот Абдырахмановго да, орто жолдо данакерлик кылган Гүлай Байтерекова, археолог Михаил Москалёв агайыбыз (бул беларус тегиндеги агай КУУда бизге да археология боюнча семинардык сабак берип калды; өтө момун, мээнеткеч жана кыргыздарды жанындай көргөн асыл инсан болчу, бирок ал “Ата-Бейиттеги” казуу жүргүзүү иши боюнча эч бир маалыматты ачык айтып отурчу эмес, балким, бийликтерге өзгөчө тилкат жазып бергенби) сыяктуу замандаштарыбызга да, бул маалыматтарды Ала-Тоодогу кеңири калайыкка жеткирген медиа өкүлдөрүнө да терең ыраазычылык билдиребиз.
Акыры 1991-жылы 30-августта Аламүдүндөгү Чоң-Таш айылынын төө тарабында атайын “Ата Бейит” көрүстөнү эскерүү комплекси катары негизделди. Кыргызстандын ошол таптагы президенти, парламентинин жетекчилиги, өкмөт курамы да бул көрүстөндү расмий негиздөөгө өз колдоолорун билдиришкенин ыраазылык менен айтуу абзел.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы бул көрүстөндү ачууга катышкан жана “Ата-Бейит” аталышын ал өзү сунуштаган. (Анын атасы Төрөкул Айтматов да ушул көрүстөндө кайра көмүлгөн, маркум жазуучу өзү да ушул көрүстөндө жерге берилди).
Албетте, 1991-жылдын 30-августундагы бул расмий эскерүү жөрөлгөсүнүн алдындагы башка бир олуттуу окуяны – эскичил коммунисттердин 19–21-августтагы Маскөөдөгү майнапсыз кутум аракетин (ГКЧП) айта кетүү абзел.
Эгерде эскичил коммунисттер жана КГБдагы эскичил канат ошондо саясий жеңишке жеткен болчу болсо, анда “Ата Бейит” көрүстөнү деле ошол айда негизделбей калышы ажеп эмес эле (акыры ал негизделмек болчу деп ишенем) жана Кыргызстан 1991-жылы 31-августта мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялабай калышы деле ыктымал болчу (акыры Кыргызстан толук эгемендикке жетмек).
ГКЧП кутумчулары СССРде жеңген чакта, ким билет, репрессиялар кайрадан жанданып, КДКчылар түгүл, Бүбүйра Кыдыралиева, Болот Абдырахманов, Михаил Москалёв ж.б. жарандарыбыз нео-сталинчил куугунтуктоого учурашы деле ыктымал болчу.
Сталиндик жазалоолордун курмандыктарынын сөөктөрүн жапырт мүрзөдөн казып чыгарып, атайын көрүстөндү расмий ачуу иши 1991-жылы Борбордук Азиядагы советтик өлкөлөрдөн бир гана Кыргызстанда жүзөгө ашырылды.
Бирок... XXI кылымдын башында башка бир катар постсоветтик өлкөлөрдө сталиндик репрессиялар тарыхын изилдөө иштери кыйла жанданды. Ал эми Кыргызстанда мурдагы сталиндик атуулардын курмандыктарынын улам башка дубандардагы сөөктөрүн табуу иш-аракети дээрлик токтоп калгансыды.
Куршабда сталинизм доорунда атылгандардын жайы
Совет доорундагы массалык жазалоолордун курмандыктарынын сөөктөрү жашыруун көмүлгөн жайларды аныктоо үчүн дагы Кыргызстандагы мурдагы КГБнын архивдерин толук ачуу чарасы талап кылынат.
Бул чара жүзөгө ашырылбай жаткан чакта, жарандык коом сурамжылоо жолу аркылуу мындай болжолдуу бейит жайды билген кишилердин урпактарынан маалымат издеп келет.
Кыргызстандагы таанымал журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” тобу 2023-жылдын 25-июлунда бул жаатта өтө кызыктуу видео тасма жарыялады.
Бул даректүү тасма “Куугунтук курмандыктарынын ачыла элек бейити” деп аталат жана анда “МедиаХаб” тобунун Али Токтакунов өзү баш болгон журналисттик иликтөө тобу репрессия курмандыктарына арналган атайын долбоордун алкагында Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Куршаб жергесинде болгондугу жана мында сталиндик доордо атууга кетип, тымызын көмүлгөн делген кишилердин сөөктөрү жаткан дөбөнү Арстанбек Болот уулу деген аксакалдын жол көрсөтүүсү менен тапкандыгы чагылдырылган.
Бул окуя тууралуу Али Токтакунов мырза "Фейсбукта" да 25-июлда шардана кылды.
Бул жарыяга өз пикирин жазган Нургазы Мамазулум уулу көрүстөн жайгашкан жер жөнүндө мындайча маалыматы менен бөлүштү:
"Өзгөн району, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү, Куршабка жакын жерде. Мазар жайгашкан жер Кекилик-Учар деп аталат".
Демек, бул дөбөдөгү мүрзөлөр жайгашкан жайды “Фейсбуктагы” окурмандар Кекилик-Учар деп тактап жазып чыгышты. Кекилик-Учар дөбөсү (дөбөчөсү) Өзгөн районунун Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу экенин башка пикирлерден да окудук.
Дөбөдөн алысыраакта Кемпир-Абат суу сактагычы көрүнүп турат экен.
Али Токтакуновдун "Фейсбуктагы" жарыясына публицист Олжобай Шакир мындайча пикирин жазыптыр:
"Бул тема улуттук, мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүшү керек. Жалган тарыхты жадыбалдай жаттап келген эл намысын ойготор маселе бул. Эл да буга кайдыгер карабай, коомдун активдүү бөлүгү сен айткан демилгени колго алсак дейм..."
Бул журналисттик изилдөө – быйылкы зор ийгиликтердин бири болду деп биз дагы санайбыз.
Эми башка дубандардагы көмүскө бейит жайлар тууралуу да айтылбай келген сырларды билгендерге өз маалыматын жалпы коомчулукка шардана кылууга ого бетер жол ачылды.
Ушул эле “МедиаХаб” иликтөө тобу жарандар Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегинде болшевиктер тарабынан өлүм жазасына тартылган учурлардын бири тууралуу кезектеги даректүү тасмасында (29.7.2023) шардана кылды.
Тасмада 1922-жылдын 26-сентябрында чекисттер 8 кишини атып өлтүргөндүгү, мерт тапкандардын арасында Фергана чөлкөмүндөгү болшевиктердин режимине каршы ири каршылык кыймылынын бир тобун жетектеген жана “басмачылардын лидери” аталган кыргыз Мойдунбек Осмонали уулу да болгондугу баяндалат.
Айтмакчы, басмачылар кыймылы Өзбекстанда толугу менен акталды.
Жакында (27-июлда) Өзбекстандын Анжыян мамлекеттик университетинин ЮТюбдагы барагында Борбордук Азиядагы басмачылар кыймылынын тарыхын калыс изилдеген профессор, доктор Баймырза Хайит (1917––2006) тууралуу өзбекче даректүү баян жарыяланды. Совет доорунда бул окумуштуу да “кара тизмеде” болуп келген.
Көрүстөндү андан ары иликтөө – татаал иш
Эми археологдордун, генетиктердин, антропологдордун жана кылмышты медициналык ж.б. илимий ыкмада тергөөгө алчу адистердин көмөгү менен бул жайда атайын казуу жүргүзүү керек. Ал үчүн археолог адистердин казуу жүргүзүүсү үчүн жана башка расмий уруксат алууга жетишүү керек; бир эле учурда мурдагы КГБнын жашыруун архивдик барактарын изилдөө зарыл.
Кекилик-Учардагы ар бир сөөктүн ДНКларын алуу зарыл жана Кыргызстандын УИАсында ал ДНКларды түбөлүк сактоо базасын түзүү керек.
Бул – көп тарамдуу, бир нече илимий тармактарды камтый турган узак мөөнөттүү зор иштин башаты. Ага сабаттуу, заманбап мамиле кылуу зарыл. Анын тажрыйбасы башка кылымдардагы мумияларды (анын ичинде 2017-жылы күзүндө Кыргызстандын улуттук музейиндеги жетекчилик “бакшыларга” алданып же алданымыш этип, Баткенге кайра алып барып көмдүртүп салган байыркы мумиянын калдыгын), ар кыл археологиялык казуулар маалында табылган сөөктөрдү жаңыча иликтөө үчүн дагы пайдалуу болот.
Мисалы, “Ата-Бейит” эскерүү жайына 1991-жылы 30-августта расмий жөрөлгө менен кайрадан коюлган сөөктөрдүн ДНКлары изилденмек тургай, алынган да эмес (ал кезеңде бул сөөктөрдү кайрадан аруулап көмүү мүмкүнчүлүгү болгонуна гана кубанып турган кезибиз эле). Азыркы тапта бийликтердин жана маркумдун жакындарынын уруксаты менен алардын ДНКларын да илим үчүн алуу керек.
Кыргызстанда заманбап ДНК иликтөө лабораториясын курууга учур жетти. Ар бир учур үчүн мухиттин ары жагына каттай бербестен, ошол мухиттин ары жагындагы илимий чөйлөлөр менен жаңыча кызматташтыкка өтүп, Бишкекте жергиликтүү илимий лаборатория түзүүгө жетишүү абзел. Бул болочокку лаборатория жеке менчик мекеменин алдында түзүлбөстөн, улуттук макамдагы мекемеге айланса дурус болмок.
Ал эми Куршабдын Кекилик-Учар жергесиндегидей мурдагы көмүскө бейит жайларды адис археологдор гана казууга тийиш дегенибиз – бул адистер ар бир сантиметрден бери кылдат иликтешет жана анын баяндамасын илимде ачык жарыялашат. Археолог ар бир затты, артефактты, сөөк сыныктарын, кийим келкисин, археологиялык маданият катмарларын ж.б. кылдат жана системалаштырылып чогултат жана табылгандарды тизмелеп музейге ж.б. өткөрүп берет.
Советтик жазалоо курмандыктарынын баш-аламан көмүлгөн сөөктөрү жайгашкан дөбөлүү жердеги терең кыртыш катмарларынан байыркы хун жана сак доорлоруна таандык башка да сөөктөр табылып калышы деле ажеп эмес. Бул сыяктуу табылгалар да илим үчүн маанилүү.
Археологдор Кекилик-Учар жергесинде иштеп жаткан маалда, демек, бир эле учурда, архив таануучулар тобу Кекилик-Учарга коюлган болжолдуу курмандыктардын кимдигин аныктоо үчүн Кыргызстандагы мурдагы КГБнын архивинде иштөөгө кеңири мүмкүндүк алууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев мырза да бул жаатта жетекчи катары бул илимий-коомдук иликтөө иштерине көмөкчү болуп, тарыхта мыкты ат менен калганы оң).
Архив документтерин иликтөө жаатындагы тажрыйбалуу тарыхчылар Болот Абдырахманов, Зайнидин Курманов, Дөөлөт Сапаралиев, Аида Кубатова, Кыяс Молдокасымов, Жумагул Байдилдеев, Гүлзада Абдалиева, Жолдошбек Бөтөнөев, Александр Тузов, Таалайбек Жаркынбаев сыяктуу адистер жаш архив таануучуларга кеңеш бере алышат жана өздөрү дагы салым кошууга даяр деп ойлойбуз. (Бул ысымдарды бекеринен мисал кылып жазган жокпуз; Кыргызстанда да аздыр-көптүр иликтөөлөр жүрүүдө, бирок жалпысынан КГБ архивиндеги кара кулпу дагы эле күчүндө турат, бул архивдеги айрым иш кагаздары адистерге толук берилбейт, деп тарыхчы иликтөөчүлөрдүн бир даары алигиче айтып келишет).
Демек, кыргызстандык бийликтер жана илимпоздор тарабынан атайын "Куршаб Ата-Бейити" комплекстүү иликтөө долбоору түзүлүшү керек (бул аталышты шарттуу гана сунуштап жатабыз).
Фергананы чыгышындагы айрым кыргыз кыштактарынын тургундарынын маалыматтарын коңшу Өзбекстандын архивдеринен салыштырып изилдөө үчүн өзбекстандык кесиптештер менен орток чыгармачыл топторду түзүү да алгылыктуу.
Эгерде мурда илимпоздор өз “чыгармачыл казанындагы ашын өздөрү обочо кайнатып” жүрө беришсе, эми болсо алар медиа өкүлдөрүнө (ошол эле “МехиаХаб” тобуна ж.б.) ар дайым ачык болуусу жана өздөрү деле интернеттеги коомдук тармактарга саамалыктары жана табылгалары жаатында үзбөй шардана кылуусу талап кылынат.
“Эсимде” долбоорунун алгылыктуу иш-аракеттери
Айтмакчы, “МедиаХаб” тобу Кыргызстандагы сталиндик жазалоолор тарыхын жаңыча иликтөө жаатында жалгыз оюнчу эмес. “Азаттык” үналгысы, Би-Би-Си, Клооп, Аки-Пресс, ж.б. маалымат каражаттары дагы бул жаатта өз салымдарын кошуп келишет.
Азыркы тапта тарыхчы жана публицист Элмира Ногойбаева жетектеген “Эсимде” долбоору дагы 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхын, сталиндик доордогу жана жалпы СССРдеги саясий жазалоолордун курмандыктарынын, мурдагы “кулакка” айдалгандардын жана басмачылык кыймылдын катышуучуларынын тарыхын жаңыча изилдөө, өздөрү тапкан жаңы маалыматтарды калың элге коомдук жыйындар жана интернет аркылуу жайылтуу жаатында демилгелүү иш-аракет жүргүзүп келет.
“Эсимде” тобу өз курамына жаңы архивдик маалыматтарды таап жаткан тарыхчыларды, музей таануучуларды, мултимедиа журналисттерин жана башка адистерди кеңири камтып келет. Адистердин айрымдары бул топто туруктуу иштешсе, айрымдары тиешелүү долбоорлорго тартылган.
“Эсимде” тобу тарыхый окуянын күбөсү болгондорду жана алардын урпактарын баарлашуу аркылуу өз маалыматы менен бөлүшүүгө чакырып келет.
Менимче, “Эсимде” тобу деле Куршабдын Кекилик-Учар жергесиндеги сырдуу бейитке кайдыгер мамиледе болуп калбайт деп ишенүүгө болот.
Кыргыз бийликтеринен жана жарандык коомунан да олуттуу салым күтүлөт
Албетте, Кыргызстандагы азыркы жарандык коомдун өкүлдөрүнө ар тараптуу демилгелери үчүн алкыш айтуу абзел.
Бирок алар чагылдырган окуяларды андан ары ийисине жеткирүү үчүн Кыргызстандын бардык мамлекеттик бутактарынын тилектештиги жана чыныгы салымдары аба менен суудай керек.
Балтика боюндагы, Украинадагы жана Грузиядагы өрнөктөрдү айтып отурбайлы, коңшу өлкөлөр – Өзбекстан менен Казакстанда дагы сталиндик жана жалпы эле коммунисттик репрессияларга кабылгандардын, боштондук көтөрүлүшүнө катышкандардын, жадитчилердин, алаш-ордочулардын, түркстан автономиячыларынын, басмачылардын, ар кыл куугунтук көргөндөрдүн азапуу жана айтылбай келген тагдырларын жана өтмүштөгү совет доорунда көз жумду мамилеге кабылган ар кыл коомдук-тарыхый көрүнүштөрдү жаңыча изилдөө иштерине ырааттуу мамлекеттик камкордук көрүлүп жатат.
Бул өлкөлөрдө куугунтукталгандардын жана диссиденттердин тагдырлары жаатында заманбап диссертациялар жакталып, китептер, даректүү тасмалар чыгарылып жатат.
Казакстанда 1917–1918-жылдагы Түркстан автономиясынын демократ лидерлеринин бири Мустапа Чокай тууралуу көркөм тасма тартылып, андагы башкы кейипкердин (Мустапа Чокайдын) ролун кыргыз кино өнөрпозу Азиз Болот уулу Бейшеналиев аткарган.
Ал эми 2007-жылы Казакстандын Акмоло облусундагы Акмол кыштагынын жанында Саясий репрессиялардын жана тоталитаризмдин курмандыктарынын элестерин түбөлүккө калтыруу үчүн “АЛЖИР” аттуу музейлик-эскерүү комплекси ачылгандыгын жамы журт билет (бул АЛЖИР сөзү орусча “Акмолинский лагерь жён изменников Родины” – “Атамекен чыккынчыларынын аялдарынын Акмоло лагери” деген абактык аталыштын шарттуу кыскартылышы болуп саналат).
Ал эми Өзбекстандын борборунда жана бир нече облусунда сталиндик репрессия курмандыктарынын жергиликтүү музейлери 2015-жылдан кийин негизделди.
Биз ошондой музейлердин бири Анжыян шаарында Анжыян мамлекеттик университетинин алдында уюштурулгандыгын, аны негиздөөгө тарыхчы профессор Рустамбек Шамсутдинов зор салым кошкондугун мурда баяндаган элек.
XXI кылымдын 20-жылдарында Кыргызстанда дагы бул жаатта олуттуу ийгиликтер жана саамалыктар жаралат деп үмүттөнөбүз.
Асыресе Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өкмөт, Жогорку Кеңеш жана Жогорку сот да XX кылымдагы оторчул, сталинчил жана башка саясий куугунтуктоолордун тарыхын жаңыча изилдөө жаатында "Мурас" фондуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына, Кыргыз улуттук университети сыяктуу университеттерге жана башка илимий мекемелерге, чыгармачыл бейөкмөт уюмдарга, медиа өкүлдөрүнө, тарыхчыларга жана жалпы жарандык коомго ырааттуу колдоо көрсөтөт деп үмүт байлагыбыз келет.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.