Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Талаштуу WhatsApp тайпа. Журналист камалган иштин чоо-жайы


Адыл Акжол уулу.
Адыл Акжол уулу.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу кайсы иш боюнча кармалганы белгилүү болду. Анын адвокаты журналистке Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жасаган материалына байланыштуу иш козголгонун айтты.

Медиа эксперттер аталган материал бир тараптуу болуп калганын, бирок анда кылмыштын курамы жоктугун белгилешет.

Талаштуу WhatsApp тайпа

УКМК журналист Адыл Акжол уулун 4-августта кармаса, Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-августтагы чечими менен эки айга камады. Ошондон бери атайын кызмат Акжол уулунун кармалышы, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен козголгон иштин чоо-жайы жөнүндө маалымат бере элек.

Шектүүнүн адвокаты Назик Ажымаматова Акжол уулунун кармалышына анын Ютубдагы каналына жарыяланган “Өлүмдүн сыры ачыкталды” деп аталган видео материал себеп болгонун айтты.

“Ал экинчи тараптан (ред.: Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча) алган видеосу бар. Ошол окуя боюнча башка адамдар WhatsApp тайпа ачышыптыр. Ошол жерде массалык башаламандыктар бар деген айып коюулууда. Бирок Адылдын сөзүндө жана аракетинде кылмыштын белгилери жок. Адыл WhatsApp тайпада да болгон эмес. Ал жакта такыр башка адамдар отурган. Аларды тааныбайт жана тиешеси деле жок”, - деди адвокат.

Адвокат айткан WhatsApp тайпа качан ачылганы, канча катталуучу болгону жана андагы талкуунун мазмуну белгисиз.

Быйыл июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө анын күйөөсүн айыптагандар болгон. Ал жубайы өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен иш козголгон. Башкы прокуратура бул ишти өз көзөмөлүнө алганын мекеме 17-июлда билдирген.

Каргашалуу окуядан кийин Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир саат маек алып, өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы сынга кабылган эле.

Адыл Акжол уулунун агасы Алтынбек Багышев инисине эмненин негизинде айып тагылып жатканына түшүнбөй турганын “Азаттыкка” айтты:

"Ошол видеодон кийин 60тай бала WhatsApp тайпа түзүшүптүр. Ал жерде "Айтурганды каралоо болгон. Биз андай кылабыз, мындай кылабыз деген тополоң болду" деп, УКМКнын балдары айтып жатышат. Ал жерде эч кандай тополоң болгон эмес. Анын айынан бир дагы адам зыян тартып, бирөөнүн бир тал чачы түшкөн жок. Анан эле каяктагы массалык башаламандык боюнча айтып жатышкандары түшүнүксүз да".

Коомчулук сындаган видео

Маматкулованын өлүмүнөн кийин тартылып, коомчулуктун сынына кабылган видеону Адыл Акжол уулу 15-июлда “Өлүмдүн сыры ачыкталды” деген ат менен жарыялап, кийин аны өзгөртүп койгон. Ошол маалда укук коргоочулар, журналисттер Адыл Акжол уулу тарткан видеону бир жактуу деп айыпташкан. Журналист экинчи тараптан да маек алууга аракет кылганын айтып жооп берген эле.

Медиа эксперт Асель Сооронбаева да материалда тең салмактуулук, тактык жана бейтараптуулук деген журналистиканын стандарттары бузулган деп эсептейт. Бирок журналистти камакка алууну акылга сыйбаган чечим деп санайт:

Асел Сооронбаева.
Асел Сооронбаева.

"Адыл Акжол уулунун Айтургандын окуясын бир тараптуу чагылдырганы чын. Ошондо журналисттик чөйрөдө нааразылык болуп, журналисттик этика маселеси көтөрүлгөн. Бирок мындай окуялар коом тарабынан уяткаруу менен эле бүтүшү керек. Ал эми массалык башаламандык деген такыр башка нерсе. Анткени журналисттерде, акын-жазуучуларда, блогерлерде бийликти басып алайын деген ой болбойт. Бул акылга сыйбаган көрүнүш да. Адыл Акжол уулунун бир тараптуу чагылдырганы чын. Бирок бул кылмыш иши болбошу керек".

Адыл Акжол уулунун Ютубдагы каналында 800 миңдей катталуучу бар. Анда саясий жана социалдык темалар боюнча материалдар жарыяланат. Мисалы, жакында эле Ош жана Чүй облусундагы жер тилкелердин сатылышы боюнча материал чыгып, анда бир катар аткаминерлердин ысымдары аталган.

Анын кесиптештеринин бири Мээрим Абдилажанова "Азаттыкка" буларды айтты:

Мээрим Абдилажанова.
Мээрим Абдилажанова.

"Таң калыштуусу, ал башаламандыкка качан, кантип, кайсыл ресурс же платформа аркылуу үндөп жүрөт? Кайсыл бир социалдык тармакка пост жазыппы же жасаган материалы аркылуубу? Ким же кимдер арызданган анын үстүнөн? Кыскасы, кызык жана табышмактуу болуп турат азырынча".

Адыл Акжол уулу айыпталып жаткан “Массалык башаламандыктар” беренеси менен буга чейин бир катар журналисттерге, блогерлерге жана саясатчыларга да иш козголгон. Ушундан улам коомчулукта мындай көрүнүштөрдү сөз эркиндигине кысым деп баалагандар да бар.

Адыл Акжол уулу деген ким?

33 жаштагы Адыл Акжол уулу "Ош-Пирим" жана "Ош ТВ" телеканалдарында иштеген. Кийин блогер катары жеке Ютуб каналын иштете баштаган. 2020-жылы даярдаган материалына байланыштуу УКМКга суракка чакыртылган.

2022-жылы апрель айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Бул кызматын 2023-жылы июнь айында тапшырып берген.

Былтыр июлда УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG