Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

"Денеси бүт көгала экен". 25 жаштагы Айтургандын табышмактуу өлүмү


Айтурган турмушка чыккан учурда тартылган сүрөт.
Айтурган турмушка чыккан учурда тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча талкууларды кайрадан күн тартибине чыгарды. Маркумдун жакындары бул окуя үчүн анын күйөөсүн айыптап жатышат. Милиция окуя иликтенип жатканын билдирсе, укук коргоочулар зомбулук маселесине көңүл бурууга чакырууда.

Кырчын өмүр, боздогон эне

"Айтурган, 25 жыл багып, бир жылда өлүгүңдү алып келип беришти го. Айтурган..." - деп боздогон Гүлшайыр Сеитова 25 жаштагы кызын жоктоп, кабыргасы сөгүлүп отурат.

Анын кызы Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Суук кабарды келиндин жакындарына күйөө баласы телефондон айтып, Айтурган өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары маалымат келин өлгөндөн соң беш сааттан кийин гана берилгенин айтып, буга ишенбей турат:

"Биз өзүбүз келгенден кийин кызымды майрам сууга алдык. Ошондо көрдүк: денеси бүт көгала экен. Желкеси эки жагынан тигилген, чуңкур жерлери бар экен. Ошондон билип калдык. Ага чейин биз дары ичип алып эле өмүрүнө кол салыптыр деп отурдук эле. Биз майрам сууга алганда билип калып, анан кайра экспертизага алып бардык".

Маркум Айтурган Маматкулова мындан бир жыл мурун, 2023-жылы июль айында өзүнүн классташына турмушка чыккан. Жакындары көп узабай эле ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабыла баштаганын айтууда. Социалдык тармактарга келиндин күйөөсү жана кайындары менен сүйлөшкөн видеолору тарап жатат. Айтурган Маматкулованын кайнатасы экспертизанын жыйынтыгы чыккыча уулуна “адам өлтүрдү” деген айыпты коюу туура эмес экенин билдирди.

"Мен ал жерде башында болбосом кантип берем? Ошто болсом. Балам Бишкекке чыгып кетти. Кечээ сөөктү коюп, бүгүн чыгып кетти. Ошол жерде жүргөнүн көрдүңөр. Бишкектен келген достору бар эле. Булар 1-класстан 10-класска чейин чогуу окушкан. Баары кетишти".

Ооруканага өтө оор абалда түшкөн

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Гүлнура Абдукозуева келин 7-июлдун түнү оор абалда ооруканага түшкөнүн белгиледи:

"Түнкү саат 00:30 мүнөттө өтө оор абалда келип түшкөн. Кан басымы, пульсу жок, өзүн жоготкон абалда реанимацияга түшүптүр. Анан таңкы саат 04:55де каза болгон. Азырынча өлүмдүн себептери аныктала элек. Өз жанын кыйганбы, кандай болгон, ал жөнүндө бизде маалыматтар жок. Экспертизанын жыйынтыгынан билинет, канына, биоматериалдар, органдарынан гистологиялык изилдөөгө материалдар алынган. Азыр гистологиянын жыйынтыгы даяр эмес. Даяр болгондо билинет".

Бул окуя Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Алгачкы экспертизада "Дарыга уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги" деген корутунду берилген.

Токтобогон зомбулук, кыйылган өмүрлөр

Ал ортодо акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул ишти көзөмөлүнө алганын билдирди:

Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун фактылары көбөйгөнүнө байланыштуу 2024-жылы биз кабинеттик изилдөө жүргүздүк. Кыргызстанда 2017-жылы "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Биздин талдообуз көрсөткөндөй, ушул багытта иштей турган 17 субъектинин өз ара иштешүүсүнүн начардыгына, натыйжалуу иштин жоктугуна байланыштуу мыйзам иштебей жатат. Ошол себептүү Акыйкатчы институтунан изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча өкмөт башчыга кат жөнөттүк. Башкы прокуратурага көзөмөлдү күчөтүш керек деген кат даярдап жатабыз. Мыйзам боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого багытталган коргоо ордерлери берилиши керек. 2023-жылы 10222 ордер берилсе, мыйзамда көрсөтүлгөн түзөтүү программасынан 98 гана адам өткөн. Бул мыйзамды сөзсүз иштетиш керек. Ушул багытта иштей турган 17 субъектинин кээ бирлери бул мыйзам жөнүндө түшүнүгү дагы жок экен".

Жаманбаева белгилеген 17 субъектиге Акыйкатчы институту, сот, укук коргоо органдары, адвокаттык контора, жергиликтүү бийликтер кирет.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова зомбулукка кабылган аялдардын баары эле укук коргоо органдарына кайрылат деген пикирден алыс:

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова

"Үй-бүлөдө кыйын кырдаалга кептелген аялдар дайыма эле өз укугун коргоо үчүн аягына чейин соттошо албайт экен. Кылмыш жасалгандан кийин ал ачылбай калса деле болот дегендей мамиле улана берет экен. Биз көп жылдар бою иштеп жүрүп ушуга көңүл бурдук. Сот учурунда үстөлдүн астынан келинчегине жана мага дагы "эч нерсе кыла албайсыз, ушул жерден чыгам" деп муштумун көрсөткөн учурлар болгон. Зомбулукту ар бир адам, сиз, биз, коомчулук кылмыш катары көкүрөккө кыт куйгандай билип, түшүнүшүбүз керек. Үйлөнүп алгандан кийин "эмне кылсам ошо кылам, балдар дагы меники, аялым дагы меники, менин артымдан бас" дебей, аял менчик буюм эместигин түшүнүш керек".

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 6200дөй учур катталган.

Бул өткөн жылдын ушул убактысына карата миңден ашуун учурга же 20% көп. 5,5 миңден ашуун коргоо ордери берилген.

Укук коргоочулар бул жөн гана сан эмес экенин, мунун артында Айтурган сыяктуу ондогон аялдардын тагдырлары болушу мүмкүн экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG