Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Орус телеканалында Европага ракеталык сокку уруу темасы козголду


Орусиянын бир нече аймагына дрон чабуулу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

Орусиянын бир нече аймагына дрон чабуулу болду

Орусиянын Курск облусундагы заводдордун биринде дрон соккусунан кийин өрт тутанды. Андан тышкары Орусиянын башка бир нече облусу учкучсуз аппараттардын чабуулуна дуушар болду. Ал эми “Россия-1” мамлекеттик телеканалында Европадагы шаарларга ракеталык сокку уруу темасы козголуп, картасы көрсөтүлдү.

Москва АКШ өз ракеталарын Европанын аймагына жайгаштырса, Батышка катуу жооп кайтарарын буга чейин да эскерткен.

Орусиянын аймактары дрон соккуларына кабылды

Курск облусундагы Кореневский заводуна дрон менен чабуул коюлганын жергиликтүү бийлик да ырастады. Губернатор Алексей Смирновдун билдирүүсүнө караганда, өрт цехтердин биринде тутанган, жабыркагандар жок. Бул завод Орусиянын энергетикалык тармагы үчүн төмөн вольттогу аппаратураларды чыгарат.

Ростов облусунун башчысы Василий Голубев 16-июлга караган түнү аймакта тогуз учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Украина менен чектеш жайгашкан Белгород облусунун Шебекино шаары шейшемби күнү таңда аткылоого кабылды. Телеграм-каналдар кабарлагандай, май куюучу жай жана көп кабаттуу үй зыянга учурады. Жергиликтүү бийлик бул тууралуу расмий билдире элек.

Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын аймагы дрондордун чабуулуна кабылып келет. Расмий Москва дрон чабуулдарын Киевден көргөнү менен, украин бийлиги Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.

Украина Батыштын куралын Орусиянын аймагында чектөөсүз колдонууга уруксат сурады

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн жумада Батыштагы өнөктөштөрүнөн Орусиянын аймагына узак аралыкка сокку уруучу ракеталарды чектөөсүз, кең-кесири колдонууга уруксат сураган эле.

Зеленский 15-июлда курган маалымат жыйында бул боюнча Батыштан жакшы белги болуп жатканын айтты.

"Бул абдан адилеттүү кадам экенин баса белгилей кетүү керек. Анткени кайсы бир жерден ракета же башкарыла турган бомба учурулат. Биз ал кайсы жерден учурулганын даана, так билебиз. Бирок эч жооп бере албайбыз. Ошондуктан биз адилеттүү жооп берүүгө укугубуз бар", - деди Зеленский.

Москва бул кадамды кооптуу эскалация деп атады. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга тыкыр көз салып жатышканын билдирген.

Буга чейин АКШ баштаган ондон ашуун мамлекеттер өзүлөрү берген курал менен Орусиянын Украинага чектеш аймагына чектелүү сокку урууга Киевге уруксат берген.

“Россия-1” телеканалында Европадагы шаарларга сокку уруу темасы козголду

Ал арада мамлекеттик “Россия-1” телеканалында Европадагы ири шаарларга ракеталык чабуул коюу пландары тууралуу сөз болду.

"Британия баарынан аярлуу абалда. Негизи үч ракета эле жетиштүү. Анан бул цивилизация жок болот", - деген Мамлекеттик Думанын депутаты жана алып баруучу Евгений Попов эгер Европада америкалык узакка сокку уруучу ракеталар жайгаштырылса, бул аймактагы шаарларга кандай коркунуч жараларын айтууда.

Германияда узак аралыкка сокку уруучу ракеталарды жайгаштыруу пландары тууралуу расмий Вашингтон өткөн аптада жарыялаган.

Маалыматка караганда, ал жакка SM-6 ракеталары, Tomahawk канаттуу ракеталары жана учурда иштелип чыгып жаткан үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракеталар жеткирилет.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус узакка сокку уруучу куралды анын өлкөсүнө жайгаштыруу боюнча макулдашууну кубаттады.

Орусия бул кадамга "аскердик жооп кайтарыларын" эскерткен. Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Москванын жообу "катаал жана адекваттуу" болорун айтты.

"Буга жол берилбейт. Эгер согуштан кийинки документтерди көтөрсөк, ошол кезде кол коюлган макулдашууларга ылайык, Германиянын мындай курал-жабдыкты өз аймагында жайгаштырууга укугу жок", - деди Матвиенко. Ал кайсы документтердин негизинде Германиянын аймагына мындай ракеталарды жайгаштырууга тыюу салынарын тактаган жок. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва бул "жаңы оюнга аскердик жооп иштеп чыгарын" билдирди.

500 чакырымдын алыс аралыкка сокку уруучу ракеталарга 1987-жылкы келишимдин алкагында 2019-жылга чейин тыюу салынган эле. Ал макулдашууга Американын ошол кездеги президенти Рональд Рейган жана советтик лидер Михаил Горбачев кол коюшкан. 2019-жылы АКШ Москва макулдашууну бузуп жатканын айтып, андан чыгып кеткен. Вашингтон буга Орусиянын 9М729 канаттуу ракетасын иштеп чыгып жактанын жүйө келтирген.

XS
SM
MD
LG