Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Балбандардын ызасы, үмүт жандырган финал


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталды. Алтын үчүн башкы талапкер делген эки кыргыз балбаны финалга өтө алган жок.

Эки балбан чейрек финалда жеңилди

Кыргызстандын атынан барган 10 балбандын ичинен биринчи күнү кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Ал эми грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков коло үчүн күч сынашат. 6-августта балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков чейрек финалда утулду.

Бул жолку Олимпиада оюндарына Кыргызстан дүйнөнүн азыркы үч чемпиону менен барды. Алар: грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмактагы Жоламан Шаршенбеков, 77 кг салмактагы Акжол Махмудов жана кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмактагы Айсулуу Тыныбекова.

Күрөш дүйнөсүнүн жылдызы грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 6-августта алгачкы атаандашы - АКШ балбаны Камал Амеер Бейди 4:1 менен жеңди. Бирок чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 3:1ге утулуп калды.

Өз салмагында дүйнөнүн ушул таптагы чемпиону, Токио Олимпиадасында күмүш тагынган Акжол алтын үчүн таймаша албай калды.

Акжол Махмудов менен Жадраев ушуну менен экинчи жолу беттешти. Буга чейин алар 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, Махмудов 8:6 эсебинде уткан.

Демеу Жадраев жарым финалда азербайжандык Санан Сулейманов менен күрөшөт. Эгер ал финалга чыкса, Акжол Махмудовго коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылат. Бул салмактарда жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

25 жаштагы Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021), Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016, 2017).

Ушул эле күнү Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта чейрек финалда ирандык Мохаммадхави Саравиге 8:0 эсебинде жеңилди. Ал буга чейин 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп алган.

28 жаштагы Үзүр Жусупбеков - Азия чемпиону (2019-ж.). Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Жоламан Кеничиро Фумитага утулду

Кыргыз коомчулугу эле эмес дүйнөдөгү күрөш ышкыбоздору Олимпиаданын алтынын алат деп боолголоп жатышкан Жоламан Шаршенбеков да алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Ал 5-августта килемге чыгып 1\8 финалда алгачкы атаандашы казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде жеңип, чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 9:0 менен утту. Жарым финалда жапониялык Кеничиро Фумита менен күч сынашып, тилекке каршы, 4:3 эсебинде жеӊилип калды.


Буга чейин Жоламан Шаршенбеков менен Кеничиро Фумита эки жолу беттешкен. 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында Кеничиро Фумита Жоламан Шаршенбековду 4:0 менен уткан. 2023-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кез келип, кыргыз балбаны атаандашын 11:6 эсебинде утуп, алтын медал тагынган. Бул күрөш ошол жылдын мыкты таймашы болгон.

Жапон балбаны Олимпиаданын алдында Бириккен күрөш дүйнөсү уюмуна берген маегинде Жоламан менен болгон күрөш аны өзгөрткөнүн, рахаттана таймашууну андан үйрөнгөнүн айткан. “Эски жоо чабышканга жакшы” дегендей, эки балбан теӊ бири-бирин жакшы билишет. Бирок бул жолу Жапониянын өкүлү күчтүү болуп чыкты. Олимпиададагы күрөш эки балбандын үчүнчү беттеши болду.

Ошентип, тилекке каршы, Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасынын финалына бир кадам жетпей калды. Жоламан бул жолу табында эмес экени, кыргызстандыктардын көзү көнүп калгандай күрөшө албаганы айтылып жатат. Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев “Азаттыккка” даярдык жакшы болгонун билдирди:

“Даярдыктар жакшы эле. Бирок эми бул Олимпиада да. Спортто утат, утулат. Эң башкысы, Олимпиадада коло, күмүш медал да алтынга тете деп эсептейм. Себеби канча деген мамлекеттин ичинен медал алган спортчу ийгиликке жеткен болот. Эми Жоламандын келечеги дагы алдыда. Кийинки мелдештерден үмүт кылабыз”.

Мелис Турганбаев айткандай, бул Олимпиада жана анда сенсациялар, эл күтпөгөн жыйынтыктар көп эле болот. Жоламандын финалга чыкпай калганы да күрөш дүйнөсү үчүн күтүүсүз болду. Ал 6-августта коло медал үчүн Мехди Мохсен Нежад менен күч сынышат.

Ал салмак куугундан кыйналып, ушундан улам физикалык жактан Олимпиадага даяр болбой калгандай.

Бул Олимп оюндарынын алдында Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсү уюмуна курган маегинде Олимпиададан кийин салмагын 67 кг көтөрүүнү максат кылып жатканын айткан. Анын сөзү Жоламан салмагын түшүрүү кыйын болуп баратканынын далили болсо керек.

Жоламан Шаршенбеков 25 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токиодогу Олимп оюндарында 7-орунду ээлеген.

Эми 67 кг салмакка чыкса, бул салмакта да бүйүр кызыткан кооз күрөш көрсөтө турганына шек жок.

Алтын алат делген Акжол менен Жоламандын Олимпиададагы бул жолку күрөшү, жалпы эле күрөш боюнча улуттук кураманын маселеси алдыда талкуу болот окшойт.

Мээримдин ийгилиги

Сенсация демекчи, Мээрим Жуманазарова акыркы жылдардагы жарааттарынан кийин чоӊ мелдештерге эл күткөндөн да жакшы кайтып келди. Олимп оюндарына Бишкекте акыркы мүмкүнчүлүгүндө лицензия алган балбан кыз Париж Олимпиадасынын финалына чыкты.

Мээрим кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6 менен жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга жолдомо алды. Ошентип, ал Париж Олимпиадасын багынтат деп үмүт артып жаткан үч фаворитти мелдештен жыдытып, Кыргызстанга тарыхый алтын медал алып келүүгө жакын турат.

Эми финалдык беттеште Мээрим АКШнын балбаны Эмит Элор менен алтын медал үчүн күч сынашат. Финалдык беттеш 7-августка караган түнү болот.

“Кыйын беттештер болду. Аягына чейин күрөшүп, финалга чыкты. Финалда америкалык балбан кыз менен күрөшөт. Чемпион болобуз деп келгенбиз. Көбү Мээримди утулат деп ойлошту. Операция кылыш керек эле, ага карабай келди. Эгер операция болсо, Олимп оюндарына катыша албай калмак”, - деди машыктыруучусу Чынарбек Изабеков.

Мээрим Жуманазарова 25 жашта. Токио Олимпиадасынын коло медалынын ээси (2021). Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021), Азия оюндарында коло (2018) медалын жеңген. Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) медалдарын уткан.

Кыргызстан Париж Олимпиадасына күрөштөн 10 лицензия менен барды. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Айаал Лазарев, Эрназар Акматалиев.

Эми алдыда Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу, Айаал Лазарев, Эрназар Акматалиев күрөшөт.

Мелис Турганбаев: Жоламан менен Акжолдун келечеги кең
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:30 0:00

XS
SM
MD
LG