Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Модинин Москва сапары: согуш шартындагы кызматташтык


Нарендра Моди жана Владимир Путин. 2024-жылдын 9-июлу.
Нарендра Моди жана Владимир Путин. 2024-жылдын 9-июлу.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 8-9-июлда эки күндүк расмий сапар менен Орусияда болду. Акыркы жолу ал Москвага 2019-жылы барган, бул анын Индиянын өкмөт башчысы катары Орусияга алгачкы сапары.

Модинин бул жолку сапары Нью-Делинин Орусия менен байланышын бекемдеп, аны менен катар Батыш менен да мамилесин тереңдетүүгө багытталган саясатынын далили болду.

Эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өзөктүк энергетикадан тартып медицина тармагына чейинки кызматташтыкты бекемдөө боюнча негизги тогуз багыт аныкталды.

Индия да, Орусия да ортодогу эки тараптуу соода-сатык көлөмүн эки эседен көп деңгээлге жогорулатууну жана 2030-жылга карата 100 миллиард долларлык көрсөткүчкө жеткирүүнү көздөп жатканын билдиришти.

Жыл сайын өткөрүлүп келген, быйыл 22-жолу уюштурулган Индия-Орусия саммити эки өлкө ортосундагы мамилени өнүктүрүү максатын көздөй турганы айтылганы менен бул жолугушуулар Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушунан улам геосаясий абал чыңалган шартта өттү.

Путин менен Модинин ортосунда жеке да байланыштар бар экенине карабастан мамлекет аралык мамилелердин калыптанышында айрым проблемалар жаралып турат.

Алардын эң негизгиси – Украинадагы согуш жана андан улам пайда болгон "Кытай жана Батыш менен кызматташтыкты кандай нукта улантуу керек?" деген тариздеги суроо.

9-июлда Москвада эки лидердин жолугушуусу өтүп жаткан учурда Вашингтондо НАТО лидерлеринин саммити башталып, Украина балдар ооруканасына жана башка бир катар объектилерге жасалган, ондогон адамдын өмүрүн алган кезектеги бомбалык чабуулдун кесепети менен алышып жатты.

Моди 9-июлда "күнөөсүз балдар каза болуп жатканын көргөндө жүрөк ооруйт, бул жан чыдаткыс оору" деп комментарий жазган.

Украина президенти Владимир Зеленский социалдык түйүндөр аркылуу "ушундай күнү дүйнөдөгү эң ири демократиянын лидери Москвада дүйнөнүн эң канкор кылмышкерин кучактап жатканын көрүү – өтө чоң көңүл калуу жана тынчтык аракеттерине каршы жасалган кыйратуучу сокку" деп Модини сындады.

8-июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти Индияга анын Орусия менен мамилесине байланыштуу тынчсыздануусун билдиргенин маалымдаган.

Моди: Согуш көйгөйдү чече албайт

Моди Украина маселеси "согуш талаасында чечилиши мүмкүн эмес" экенин айтып, "биз тынчтыкты сүйлөшүү жолу аркылуу табышыбыз керек" деп айтты.

Анын мындай билдирүүсү 2022-жылы сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде айткандарына үндөш, анда ал Орусия башчысына карата барк албагандай түрдө "азыр согуш доору эмес" экенин айткан.

9-июлда Путин Орусия менен Индия ортосунда "узактан берки достук" бар экенин, эми ортодогу мамиле “өзгөчө артыкчылыктуу, стратегиялык өнөктөштүккө” айланып отурганын айтты.

Моди, анын айланасындагы булактардын белгилешинче, Орусиянын Украинага кол салганы боюнча өзүнүн тынчсызданган билдирүүлөрүнө карабастан Путинге ачыктан-ачык каршы чыгышы күмөн. Андан көрө индиялык лидерге Орусия менен кызматташуусун Чыгыш жана Батыш багыттарынын ортосундагы өтө тең салмакталган шартта жүргүзүү артыгыраак көрүнөт жана мунун өзүн Модинин көп кырдуу тышкы саясатынын өзөгү катары бааласа болот.

Индия Орусиянын Украинадагы согушуна карата нейтралдуу позицияны ээлеп, жактабай да, айыптабай да, маселе диалог жана дипломатия жолу менен чечилиши керектигин айтып келет.

Нью-Дели эгер ал Орусияны айыптап, Батыштын Москвага каршы санкцияларына кошула турган болсо Кремлди өзүнөн алыстатып аларынан жана Индиянын Кытай, Пакистан сыяктуу башкы атаандаштары менен жакындашып кетеринен кооптонууда.

Ошол себептүү Индия жакында Украинанын демилгеси менен Швейцарияда уюштурулган тынчтык саммитинде кабыл алынган биргелешкен коммюникеге кол коюудан баш тартты жана бекем, узак мөөнөттүү тынчтыкка жетиш үчүн сүйлөшүүлөргө Орусия да сөзсүз катышуусу зарыл деген пикирин билдирди.

Москвада Путин менен жолугушууда Моди Батыштын Украинанын аймактык бүтүндүгүн баса белгилөө тууралуу чакырыктарына кулак салдыбы же жокпу, азырынча белгисиз.

Орусиянын Украинага толук масштабдуу кол салуусу Индияга да таасирин тийгизди, анткени бул өлкөнүн жарандары да согушка тартылды, алардын айрымдары каза болду.

Моди Москвадагы жолугушууларда орус армиясынын катарында "көмөкчү кызматта" кызмат кылууга макул болгону, Украинага мажбурлап жөнөтүлгөнү жана ошол жакта каза болгону кабарланган индиялык жарандардын маселесин көтөрдү.

Индиянын тышкы иштер министри Винай Мохан Кватра Орусия армияга мажбурлоо жолу менен "алданып" кабыл алынган индиялык жарандарды бошотууну убада кылганын 9-июлда билдирди.

Анын айтымында, кеп болжол менен 35-50 индиялык жаран тууралуу болууда, алардын 10у үйүнө кайтты.

Кытай фактору

Москва менен Нью-Дели ортосундагы өнөктөштүк оорлой баштады, анткен себеби Украинада согуш башталгандан бери эл аралык изоляцияда калган Орусия Кытай менен жакындашууда.

Орусия менен Кытайдын мамилеси бекемделип жатканы Модинин жакында ШКУнун Казакстанда өткөн саммитине катышпай койгонуна себеп болгону айтылууда.

"Москванын Бээжинден көз карандылыгы улам күчөп жатышы жана Си Цзинпиндин тышкы саясаттагы ишенимдүү басымы Кытайды ШКУнун айла-аракеттериндеги негизги таянычка айлантты. Индия буга кылдат мамиле кылууда", - деген оюн билдирди Нью-Делидеги Азия коомунун саясат институтунун мурдагы изилдөөчүсү Вед Шинде.

ШКУ жыйынына барбай койгон Модинин июнь айында Италияда өткөн “Чоң жети” уюмунун көчмө саммитине катышкандыгы карама-каршы жагдай жаратты. Бул анын премьер-министрлик кызматка үчүнчү жолу шайлангандан кийинки биринчи чет өлкөлүк сапары болуп калды.

Мурдагы индиялык дипломат Ажай Бисариянын пикиринде, чек арадагы кытай экспансионизми Индия үчүн өтө олуттуу стратегиялык коркунучтардын бири.

"Ал өзүнүн бардык мамилелерин ошол призма аркылуу карайт. Кытай фактору Индиянын Кытайдын эң күчтүү дүйнөлүк атаандашы АКШ менен гана эмес, анын эң жакын союздашы Орусия менен да алака түзүшү үчүн кошумча өбөлгө болуп саналат", - деп кошумчалады Бисария.

Ошол эле учурда Индия АКШ, Жапония жана Австралия кирген, Инд-Тынч океан аймагында Кытайдын көктүгүнө каршы таяныч катары кызмат кылып жаткан QUAD коопсуздук тобунун мүчөсү.

Орусиянын курал-жарагынан көз карандылык уланууда

Дүйнө жүзүндө курал-жарак импорттоо жагынан эң ири өлкө болуп туруп Индия дагы эле курал үчүн орусиялык технологияларга таянат.

1990-жылдардын башында Советтер Союзу Индия армиясынын курал-жарагынын 70 процентке жакынын, аскердик-аба системаларынын 80 процентин жана аскердик-деңиз платформаларынын 85 процентин камсыз кылып турган.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун маалыматына караганда, ушу тапта Индиянын орусиялык курал-жаракка болгон көз карандылыгы азайды, буга кайсы бир деңгээлде ички коргоо өндүрүшүн колдоо максатында да жүргүзүлгөн диверсификация себеп болду.

Индия башка да булактарды издөөгө аргасыз болууда, анткени Украинадагы согуш Орусиянын курал-жарак жеткирүүсүн азайтты. Анткен менен Индиянын учурда аскердик техникасынын жана системаларынын 60 пайызы Орусиядан алынган.

Индиянын Орусия үчүн негизги соода өнөктөшү катары мааниси 2022-жылдын февралында Украинада согуш башталгандан бери тынымсыз өсүүдө. Кытайдан тышкары Индия да Орусиянын арзандатылган баада сатып жаткан мунайынын негизги кардары болуп калды, бул орус бийлигине Батыштын санкциялары шартында өзүн коргоп калуучу өтө чоң каржылык өбөлгө болуп берүүдө.

Макала англис тилинен которулду

XS
SM
MD
LG