Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Индиянын өкмөт башчысы Моди Москвага барды


Моди жана Путин. 2022-жыл.
Моди жана Путин. 2022-жыл.

Москвага эки күндүк расмий сапар менен бүгүн 8-июлда Индиянын өкмөт башчысы, жакында өткөн шайлоодо бул кызматка үчүнчү мөөнөткө киришкен Нарендра Моди барды. Орусия Украинага кол салгандан бери бул өлкөнүн жетекчилиги Москвага биринчи жолу барышы.

Орусиядан кийин Моди Австрияга барарын X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазып, "Бул сапарлар Индиянын убакыт сынагынан өтө алган достугуна ээ бул өлкөлөр менен байланышын тереңдетүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот" деп белгиледи жана аталган мамлекеттердеги индиялык жамаат өкүлдөрү менен да жолугушарын кошумчалады.

Кремль Модинин сапары тууралуу "Орусия-Индия салттуу достук мамилелеринин мындан аркы өнүгүү келечеги, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер" караларын маалымдады.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн эл аралык санкцияларга кабылгандан бери Индия Кытай менен катар аны менен соода өнөктөштүгүн, айрыкча мунай сатып алуусун кеңейткен өлкөлөрдүн бирине айланган.

Батыштагы өнөктөштөрдөн айырмаланып Моди Орусиянын согуш ачышын түздөн-түз айыптоодон жана Москваны сындоодон карманып келди.

Reuters маалымат агенттиги индиялык делегациядагы расмий кызматкерлердин биринин айткандарына таянып жазгандай, Моди Орусия менен соода алакасындагы «дисбалансты» чечүү жолдору менен катар Украинадагы согушка орус тарапта катышкан индиялык жарандарды бошотуу маселесин талкуулайт.

Быйыл март айында Индиянын жети жараны видеокайрылуу жарыялап, аларды Украинадагы согушка Орусия тарапта согушууга мажбурлап жатышканын билдиришкен. Беларуска барганда аларды милиция кармап кетип, орусиялыктарга өткөрүп беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG