Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Индиядагы шайлоодо премьер-министр Модинин тарапташтары алдыга чыкты


Нарендра Моди.
Нарендра Моди.

Индиядагы парламенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Нарендра Модинин улутчул "Бхаратия Жаната" партиясы үстөмдүк кылган оңчул Улуттук-демократиялык альянс алдыга чыкты. Бул шайлоо участкалары жабылгандан кийин 1-июнь, ишемби күнү жарыяланган экзит-поллдун маалыматында көрсөтүлгөн.

Ар кандай сурамжылоолордо сандар бир аз айырмаланат, бирок алардын баары Модинин тарапташтары жаңы төмөнкү палатада көпчүлүккө, 543 орундун ичинен 355тен 380ге чейин ээ болорун көрсөтүп турат. Азыркы чакырылышта алар 353 орунду ээлеген.

Индира Гандинин небереси Рахул Ганди жетектеген оппозициядагы Индия улуттук конгресси шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык 125тен 165ке чейин орунга ээ болушу ыктымал.

Эксперттер экзитполдун эсеби дайыма эле так чыга бербей турганын белгилешүүдө. Оппозиция азырынча жеңилгенин моюнуна ала элек. Моди шайлоодо жеңгенин жарыялады. Баштапкы сурамжылоо дагы Улуттук-демократиялык альянс жеңишке жетиши ыктымалдыгын көрсөткөн.

Добуштарды саноо 4-июнда жыйынтыкталышы керек, ошондон кийин гана шайлоо комиссиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыя кылат.

Бир миллиардга жакын шайлоочусу бар Индияда добуш берүү бир нече аптадан бери жүрүп жатат. Айрым аймактарда 19-апрелде башталган. Жараян маалында шайлоочуларга ысык өтүп, атүгүл каза болгон учурлар катталганы кабарланды. Индиянын көптөгөн аймактарында абанын температурасы 50 градуска чейин көтөрүлүп, катуу ысыктан жапа чегип жатышат.

Эгер шайлоодо Улуттук-демократиялык альянс жеңишке жетишсе, 73 жаштагы Моди үчүнчү ирет премьер-министр болуп келет. Ал 2014-жылдан бери өкмөттү жетектеп келатат. Оппоненттери аны Индиядагы мусулман азчылыгын куугунтуктоо жана авторитардык тенденциялар үчүн айыпташууда. Моди улутчул экенин жашырбайт, бирок авторитаризм боюнча айыптоолорду четке кагат.

Анын бийлигинин тушунда Индия Батыш өлкөлөрү же Орусия менен конфликтке барбай, ийкемдүү тышкы саясатты жүргүзүүдө. Индия орус мунайынын эң ири керектөөчүлөрүнүн бири. Өлкө Украинадагы согушка бейтарап бойдон калууда, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө чакырып, Орусиянын Украина аймактарын аннексиялоосун расмий тааныбайт. Швейцарияда боло турган Украинадагы абал талкуулана турган саммитке Индия катыша турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG